Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 21-январь, 2020 Бишкек убактысы 12:41

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек Өкмөт башчы өзүнүн дүйшөмбү күнү өткөргөн маалымат жыйынында «Кумтөралтын» долбоорун реструктуризациялоо боюнча өкмөттүн чыгарган чечими Кыргызстан үчүн пайдалуу» деп баалады. Бирок, көз карандысыз эксперттер анын күмөн санаткан жактары бар экендигин, толук маалымат болбосо бир жыйынтык чыгарууга мүмкүн эмес экендигин айтып жатышат. Ал эми өкмөт менен «Кыргызалтын» ишканасынын өкүлдөрү бул жөнүндө толук маалымат бербей келишет.

Дүйшөмбү күнү өкмөт башчы Николай Танаев «Азаттыктын» кабарчысынын «Кумтөралтын» долбоорун реструктуризациялоо тууралуу берген суроосуна:

- Бул келишим биз үчүн пайдалуу экенин айтып коюшум керек. Мени ким мажбурлабасын мен, премьер-министр катары биздин өлкөгө пайдасыз келишимге эч качан кол коймок эмесмин, – деп жооп берди.

Ал эми адистер Кумтөр кени кошулуп «Центерра» компаниясы түзүлгөндөн кийин акциялардын үчтөн биринин гана Кыргызстанга берилишин адилетсиз деп баалап жатышат. Алардын бири Орозбек Дүйшеев:

- Тигилердин алтын кендеринде 30-40 тоннадан гана алтын бар. Анын үстүнө ал ишканалар али курула элек. Аларды ишке киргизүү үчүн канча акча сарпташ керек! Биздин Кумтөр болсо иштеп жаткан ишкана. Айырма асман менен жердей. Алар бизди алдоого аракет кылып жатышат, – дейт.

Адистердин айрымдары «Камеко» тараткан маалыматтарга гана таянып, өкмөттүн чечими Кыргызстан үчүн жакшы же жаман деп биротоло бир бүтүмгө келүү мүмкүн эместигин белгилеп жатышат. Алардын пикирине караганда, бир беткей бүтүм чыгаруу үчүн толук маалымат зарыл. Андай маалыматтарды болсо өкмөт менен «Кыргызалтын» бербей жатыптыр. Ал тууралуу:


-Кумтөр жөнүндө угаарыбыз менен эле «Чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттарында бул тууралуу эмне үчүн сөз болуп жатат? Бизге толук маалымат бериңиз» деп премьер-министрдин өзүнө кат жазганбыз. Бирок, алиге чейин жооп келе элек, – дейт депутат Орозбек Дүйшеев.


Ушундай эле кат менен «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилова да «Кумтөр оперейтинг компаниге» кайрылган:

- «Кумтөр оперейтинг компани» биздин кайрылуубузга жооп бербей жатат. Кумтөр алтын кенин иштетүү 1990-жылдардан баштап жашыруун маалыматтардын негизинде жүргүзүлүп келет, - дейт Төлөйкан Исмаилова.

«Кумтөр» алтын кен долбоорун реструктуризациялоо тууралуу алгачкы маалымат январь айынын башында пайда болоор менен эле биз дагы «Кыргызалтын» ишканасынын жетекчилигине кайрылган элек. Ишкана кызматкерлери «расмий кат жөнөткүлө» деп талап кылышкандыктан, андай кат да жөнөтүлгөн. Ага «Жакында бардык массалык маалымат каражаттары үчүн пресс-конференция өткөрөбүз, ошону күткүлө» деген жооп узатышты. Катка жооп берилгенден бери 19 күн өтүп кетти, бирок, пресс-конференция өткөрүлө элек.

Анын себебин «Кыргызалтындын» президентинин кеңешчиси Асек Балабеков төмөнкүчө жообу менен түшүндүрдү:


- Же Танаев болбой, же биздин президент (ордунда) болбой калып жатат. Абал ушундай болуп жатат.

Ал эми «Кыргызалтындан» алынган маалыматтарга караганда, ишемби күнү Бишкекке «Камеко» корпорациясынын президенти, анын эң жогорку кызмат адамы Жерри Гренди келип, кечээ (жекшемби күнү) кайра кайтып кеткен. Ал Бишкекке кандай максат менен келип кеткендиги белгисиз. «Камеко голд» эл аралык корпорациясынын аны менен кошо келген президенти Лен Хоменюк болсо азыр Кыргызстанда жүрөт.

Бишкек шаары Кыргызстандын жылдык ички дүң продуктусунун төрттөн бир бөлүгүн өндүрөт. Быйылкы жылы бул көрсөткүчтү дагы 5 миллиард сомго жогорулатуу милдети коюлду. 2008-жылы башкалаа өндүрчү ички дүң продукттун өлчөмүн 40 миллиард сомго жеткирүү болжолдонууда. Кийинки жылдары шаар келбети өзгөрүлүүдө, азыркы заман талабына шайкеш ири соода үйлөрү ачылды, биртоп көчөлөр оңдолду, жайма базарларды иретке келтирүү аракеттери жасалууда. Ошентсе да борбор калааны айланта жайгашкан жаңы турак-жай конуштарынын толгон-токой социалдык маселелери бар.

Бишкек шаар башчысы Медетбек Керимкуловдун ырасташынча, шаардын экономикалык өнүгүшүн дагы жогорулатууга толук мүмкүнчүлүктөр бар.

- 2003-жылы шаардын ички дүң продуктусу 20 миллиард сомго жетти. Бул өлкөнүн ички дүң продуктусунун 24,3 пайызын түзөт. Жалпысынан шаардын экономикалык көрсөткүчтөрү момундай: өнөр жай продукциясын өндүрүү 8,8 миллиард сомду түздү. Бул 2002-жылкы көрсөткүчкө салыштырганда 9 пайыз өсүш болгонун көрсөтөт. Шаардагы орто жана чакан бизнес 3,7 миллиард сомдук товар өндүргөн. 2002-жылга салыштырганда өсүш 115 пайызга жетти. Шаардын экспортко чыгарган товарынын көлөмү 380 миллион долларды түзүп, мурдагы жылга салыштырганда 2,8 пайызга өстү. Чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү 16 миллиард сомго жетип, 18,8 пайызга жогорулады.

Шаар башчысынын маалыматына караганда, өткөн жылы башкалаанын экономикасын өнүктүрүүгө 80 миллионго жакын тике инвестиция тартылган. 31 миңден ашуун жаңы жумушчу орундар ачылган. Жыл сайын башкалаанын жамаачыланган чоң жолдорунун 43 чакырымдан ашуунуна асфальт жаткырылган.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы, ага тушталып өткөн дүйнө кыргыздарынын экинчи курултайынын шарапаты менен Бишкектин бир катар тарыхый-маданий жайлары оңдолду. Медетбек Керимкуловдун айтымында, быйылкы жылы ички дүң продукт 25 миллиард сомго жетип, 2008-жылы анын өлчөмү 40 миллиард сомго чыгары болжолдонууда.

- Быйыл борбор калаанын экономикалык өсүшүн 8,9 пайызга жеткирүү милдети турат. Ички дүң продукт 25 миллиард сомго жетиш керек. Өткөн жылы ал 20 миллиард сомду түзсө, быйыл биз аны дагы 5 миллиард сомго көбөйтүүнү көздөп жатабыз. Бул милдет эмнелердин эсебинен жетишилет?. Өнөр жай продукциясын өндүрүү 10,5 миллиард сомго жетет.

Шаар башчысынын болжолунда, өнөр жай өндүрүшүн жандантуу, чакан жана орто ишкерликти көбөйтүү, өндүрүлгөн товарды сыртка арбын ташып чыгуу экономиканы ыкчам өнүктүрүүнүн өбөлгөсү болот. Мындан сырткары башкалаага 90 миллион доллардан кем эмес тикелей инвестиция тартуу жана 33 миңден ашуун жумуш орундарын түзүү милдети коюлууда.

Кийинки жылдары жаңы конуштардын курч социалдык проблемаларын чечүү аракети көрүлүүдө. Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Бейшен Абдыразаковдун маалымдашынча:

Бишкек шаарынын айланасында 24 жаңы конуш бар, анда 150 миң киши жашайт.

1990-жылдан бери жаңы конуштарга 12 мектеп, ошондой эле сандагы медициналык тейлөө мекемелери салынган. 600 чакырымга жетчү электр зымы тартылып, 250 дөн ашуун ток бөлүштүргүч коюлуп, 1200дөн ашуун атуул телефон байланышы менен камсыз болгон.

Жаңы конуштарга 200 чакырымдан ашуун жол салынып, анын 20 чакырымы гана асфальтталган. Бишкек шаары үчүн өзгөчө оор көйгөйгө айланган жаңы конуштардын социалдык маселелерин чечүү дагы кыйла жылга созулчудай.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG