Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек Шаршемби күнү Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тикелей инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Анатолий Макаров маалымат жыйынын өткөрүп, менчиктештирүүнүн 3 жылдык программасы ийгиликтүү аткарылганын билдирди.

Анатолий Макаровдун айтымында, комитет өткөн жылы 75 мамлекеттик обьектти жеке менчикке өткөрүп берген. Андан тышкары 46 ишкананын акциялары сатыкка чыгарылып, 36 ишкананын акциясы сатылган. Өткөн жыл жөн жыл эмес, Жогорку Кеңеш бекиткен менчиктештирүүнүн 3 жылдык программасынын акыркы жылы болчу:

- Биз 2001-2003-жылдарга эсептелген 3 жылдык программаны бардык негизги көрсөткүчтөр боюнча аткардык деп айта алабыз. Менчиктештирүүдөн 600 млн. сом түшөт деп пландаштырылган болчу. Биз аны да ашыгы менен аткардык.

Анын айтымында, өткөн жыл курорттук-рекреациялык обьектилерди менчиктештирүү жылы болду. 2003- жылы 16 эс алуучу жай сатылып, бул сектор иш жүзүндө мечиктештирилип бүттү десе болот.

Өткөн жылы ири стратегиялык ишканалардын ичинен «Кыргызтелекомдун» 51% акциясын сатуу боюнча да тендер өткөрүлгөн. Азырынча, Анатолий Макаровдун айтуусу боюнча, тендерде биринчи орунду жеңип алган «Шведтел» менен келишимге кол коюла элек:

- Азыр мындай болуп жатат: Биз тендердин биринчи этабынын жеңүүчүсү менен оор жана татаал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

Анатолий Макаровдун маалыматы боюнча, 3 жылдык программанын аткарылышы менен азыр өлкөнүн ишканаларынын 70% менчиктештирилип бүттү. Мамлекеттин колунда негизинен 146 ири ишкана гана калды. Анын токсон экисинин акцияларынын көбүрөөгү Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин колунда жана ал аларга толук кожоюндук кылат. Калгандары болсо анча-мынча акциясы сатыла элек ишканалар.

Коомдо «менчиктештирүү күткөндөй натыйжа берген жок” деген пикир кеңири тараган. Адистер ишканалар жеке менчикке берилгени менен, алардын басымдуу көпчүлүгү иштебей токтоп турганын айтышат. Бул тууралуу Эл өкүлдөр жыйынынын Бюджет жана экономикалык саясат комитетинин төрагасы Жеңишбек Эшенкулов мындай дейт:

- Фрунзе заводун алалы. Убагында анда канча миңдеген адамдар иштечү эле. Миллиондогон салык төлөчү. Менчиктиштирилгенден кийин канча адам иштебей калды. Продукция чыгарбайт. Салык да төлөбөйт .

Менчиктештирилген ишканалар арзан сатылгандыктан, аларды алуучулар, аны иштетпей эле, сатып пайда табуу үчүн алып жатышкандыктарын айтышат. Эл өкүлдөр жыйынынын Өнөр жайынын стратегиялык өнүгүшү жана ишкерлик боюнча комитетинин төрагасы Жаныш Рүстенбеков мындай дейт:

- Канча станоктор, жабдыктар Кытайга сатылып, кетип жатат. Мындай мүлктү кийин чогулта албайбыз. Ал Советтер союзу учурунда жыйналган мүлк болчу. Азыр канча аракет кылсак да мынча мүлк чогулта албайбыз.

Ал эми депутат Жолдошбек Турдумамбетов болсо арзыбаган акча үчүн бүтүлүү буюмдарды талкалап жатышкандарына ичи ачышат:

- Токтогулда нефтебаза бар эле. Ал Ош-Бишкек стратегиялык жолунун ортосунда жайгашкан. Сатылгандан кийин 100-500 тонналык цистерналардын баарын кесип, металлалом кылып, ташып кетишти.

Сапар Орозбаков, Бишкек Айрым массалык маалымат каражаттары, чет өлкөлүк адистерге шилтеме берип, быйыл электр энергиясына тариф көтөрүлө тургандыгын айтып жатышат. Бул тууралуу кабарчыбыздын берген суроосуна Энергетика боюнча агенттиктин директору Уларбек Матеев «мен аны билбейм» деп, ачык жооп берүүдөн баш тартты.

Электр энергиясынын баасы көтөрүлөр-көтөрүлбөсү тууралуу биздин суроого Энергетика боюнча агенттиктин директору Уларбек Матеев так жооп берүүдөн качып, ар түрдүү түшүнсө боло тургандай минтти:

- Мен аны билбейм. Биз тарифти көтөрүү маселесин караган эмеспиз.

Уларбек Матеевдин минтип ачык жооп бербей жатканына караганда өкмөт бул маселе боюнча бир бүтүмгө келе элек болсо керек деп болжолдоого болот. Эгерде тариф көтөрүлбөй турганы анык болсо, ал көтөрүлбөйт деп эле айтып коймок. Мурдагы тариф көтөрүлбөй турган жылдары алар ачык эле айтып келишкен. Мисалы, өткөн жылы агенттиктин директору да, өкмөт башчы да тариф көтөрүлбөй тургандыгын жыл башында эле билдиришкен болчу. Айтылгандай эле өткөн жылы тариф көтөрүлгөн жок.

Азыр энергетика боюнча карыздар көбүрөөк өндүрүлө баштаган менен тармактын абалы дагы эле оор бойдон калып жатканы айтылууда. Электр энергиясы үчүн төлөнгөн акчалар натыйжалуу пайдаланылбай жаткандыгы шейшемби күнү Мыйзам чыгаруу жыйынынын Отун-энергетика комитетинин отурумунда да айтылды. Анда премьер-министрдин 102 миң доллар кредити тууралуу көп сөз болду. Депутаттар кредит берген «Улуттук электр тармактары» акционердик коомунун баш директору Бакирдин Сартказиевди «эмне үчүн тармактын финансылык абалы оор дейсиңер да, башкаларга үстөксүз насыя акча бересиңер» деп жарга такашты. Бакирдин Сартказиевдин айтымында, ал акча «Улуттук электр тармактары» кирешелүү иштеп турган 2001-жылдын эсебинен берилген. Ал жылы компания 600 млн. сом таза киреше алган:

- Булак 2001-жылдан. Ал эми акчалар болсо, албетте, 2003-жылдын эсебинен берилген, – деди Бакирдин Сартказиев.

Бул маселе боюнча Мыйзам чыгаруу жыйынынын Отун-энергетика комитетинин чыгарган чечими тууралуу бул комитеттин төрагасы Тайырбек Сарпашев мындай деди:

- “Улуттук электр тармактарынан” өкмөт башчы директорлор кеңешинин төрагасы болуп турганда 102 миң доллар кредит алган экен. Бир жылдын ичинде аны кайрып берген. Депутаттар анын мыйзамдуулугун карашты. Баш прокурордун орун басары Рустам Исаев “бул иштин аягына чыга элекпиз” деди. Алар аягына чыккандан кийин бүтүмүн комитетке бере турган болушту.

Комитеттин отурумунда тармакта иштегендер аты-жыты жок эле адамдарга электр энергиясын жакты деп жазышып, акчасын жеп коюп жатканы тууралуу да сөз болду. Анын суммасы - 600 млн. сомго жакын экен. Бул иш боюнча айрым кылмыш иштери козголуп, бирок алар кийин жабылып калган. Тайырбек Сарпашевдин айтуусу боюнча, бир да кылмыш иши аягына чыккан эмес. «Ошэлектро» бөлүштүрүү компаниясынын баш директорунун орун басары Анарбек Аттокуровдун айтымында, эч кандай уурдоо жок:

-Мунун чыгышынын себеби – операторлордун, компьютерлердин, счетчиктердин катасы. Контролерлор да тез алмашып, так эсеп жүргүзүүгө мүмкүн эмес болгон. Ошондон айырма чыгып жатат.

Анарбек Аттокуровдун ою боюнча, бул изи жок акчалар компаниялардын эсебинен чыгышталышы керек.

Бирок депутаттардын жана комитетке чакырылган керектөөчүлөрдүн өкүлдөрүнун айтымында аларды акыры барып керектөөчүлөр төлөшөт. Мисалы, Хайдаркен сымап комбинатынын директору Токтобек Сартбаев ушундай ойдо:

- Бирөөлөргө 102 миң доллар кредит берүүгө мүмкүнчүлүгү бар адамдар бар экен. 600 млн. сом пайда тапкан адам бар экен. Пайданы кайдан алышат? Бизден алышат. Эмне үчүн? Анткени тариф саясаты азыр туура эмес аныкталат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG