Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:13

Экономика

Быйылкы жылдын экономикалык программасы иштелип чыгып парламентке сунушталды. Алдыда үч жылдык, беш жылдык, жакынкы келечекке багытталган экономикалык программаны иштеп чыгуу милдети турат. Жаңы программанын мурдагылдарынан айырмасы, Кыргызстандын экономика жана каржы министринин ырасташынча, анда белгиленген максат-милдеттердин текши баарынын каржылык негизи көрсөтүлгөн.

Жаңы өкмөттүн айкын экономикалык программасы жоктугу, жалаң саясий талаш-тартыштардын туткунунда калган аткаруу бийлигинин антишке буямасы келбей, 2006-жылга тобокелчилик менен эле кирип баратканы буга чейин көп айтылды. Марттагы бийлик алмашуусунан кийин жаңы өкмөт узак жана кыска мөөнөттүү программаларды иштеп чыгууга киришкен.

Бул иштин башында өкмөттүн экономикалык маселелерине жоопкер биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов турган. Парламент сыноосунан кийин бийликке келгендердин биртобу кызмат ордунан кол жууп, жаңыланган өкмөттүн экономикалык программасы ушу тапта кайра жаңыдан иштелүүдө.

Кыргызстандын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун ырасташынча, быйылкы жылдын экономикалык программасынын өзөгүн ички дүң продукт өсүшүн 8% чыгаруу милдети түзөт.

- Өзүбүздүн программабызды парламентке тапшырдык. Буюрса январь ичи кабыл алынса ошол программа менен иштейбиз. Бул прогрммага президенттин өкмөттүн алдына белгилеген ички дүң продуктту 8% өстүрүш керек деген негизги талабы коюлган. Кайсы тармакта кандай өсүш керек, ошонун баары берилген. Индикаторлордун баары коюлду. Буюрса, эми тынчтык болсо, саясий туруктуулук болсо, анан да четтен келчү инвестицияларыбыз биз ойлогондой деңгээлде келе турган болсо бу жылы 8% чейин өсүшкө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ошол программаны биз иштеп чыгып коюп бердик. Ал эми 3 жылга, 5 жылга эсептелген программанын үстүндө азыр биз иштей баштадык,- дейт Акылбек Жапаров.

Кыргыз улуттук университетинин кафедра башчысы Сагынаалы Сулайманбеков жаңы экономикалык программага жакшы илимий негиздеме жетишпейт деген пикирде:

- Биздин республика кичинекей, модель мурда иштелип чыккан, акыл жетиштүү. Эгер аны жакшы уюштурса республика баалоонун механизмин таап алат болчу. Мына менин колумда бир жума илгери чыгарылган программа турат. Тилекке каршы, бул программа алдын-ала так аныкталган негизи жок түзүлүп калган. Буга чейин эмне жасалган, эми кайда барабыз? Тармактар аралык баланс маалымат негизин түзүп, аналитикалык багыттар боюнча экономиканын бардык тармактарынын так абалын аныктап бермек.

Сагыналы Сулайманбековдин пикиринде кыйла жылдардан бери экономикадагы артыкчылык багыттар деген сөз ооздон түшпөй келатканы менен бийлик тарап анын эмне экенин эмдигиче аңдай элек.

Экономика илим доктору Владимир Кумсковдун ырасташынча, буга чейин көбүнесе эларалык адистердин айткан-дегенин илгиртпей аткарууга көнгөн кыргыз бийлиги баштаган реформаны аягына чыгарышы керек.

- Мамлекет экономикалык реформаны баштаган соң аягына чыгарышы абзел. Конкрет экономиканын үстүндө иштөөсү зарыл.

Өкмөттүн экономикалык программасын иштеп чыгуу үчүн аркыл кесиптеги адистерди чогултуп, алардын пикирин угуу, кеңешип иш кылуу зарылдыгы кыйладан бери айтылып келаткан. Кыргыз түрк «Манас» университетинин доценти Жусуп Пиримбаев буга чейин өз алдынча иш жүргүзүп келаткан экономист адистер Кыргызстандын мындан аркы экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгууга жалпылап колкабыш кылышы зарыл дейт.

- Буга чейинки реформалардын текши баарын кайрадан иргеп, андан эмне тапканыбызды, мындан ары кандай багытта бара турганыбызды тактап беришибиз абзел. Бул чогуу жасай турган ишибиздин башталышы.

2006-жылдын экономикалык программасына улай өкмөт парламенттик каникул аяктагандан кийин Салык кодексин да талкуга койгону турат. Кыргызстан эми саясат талаасынан экономикага бурула баштады.

Чолпон Орозобекова , Бишкек Кыргызстан бир кыйла татаал сүйлөшүүлөрдөн кийин Өзбекстан менен газ боюнча келишимге жетишти. Бирок, Кыргызстан өзбек газын бир топ оор шарттар менен алмак болууда.

Кычыраган кыш күндөрү кирип келгенден кийин гана Кыргызстан өзбек газы боюнча макулдашууга жетишти. Бирок “Кыргызгаз” акционердик коомунун жетекчилиги билдиргенге караганда, Кыргызстан оор шарттарга макул болууга аргасыз болду. Биринчиден, көгүлтүр отундун баасы 30 пайызга кымбаттады, экинчиден ар бир айга акыны алдын ала төлөп турмак болду.
“Кыргызгаздын” жетекчи орун басары Саламат Айтикеев билдиргенге караганда, Кыргызстан эң башкысы өз убагында төлөп турса эле жылы бою газ болот:
- Быйыл 750 миллион кубометр газ келет. Баасы 55 доллардан болот. Бирок алдына ал төлөмөй болот, мындай шарт мурда жок болчу. Товарга алмаштыруу тууралуу сөз жок. “Узтрансгаз” өзүнүн шартын негиздеп берди. Азыр дүйнө жүзүндө газ кымбаттап атат. Эгер бизге газ керек болсо ушул шарттарды аткарышыбыз керек,- дейт Саламат Айтикеев.

Бирок мурдагы вице- премьер министр Базарбай Мамбетов бул шарттар Кыргызстанга оордук кылат деген оюн билдирди:
- Акчалай, болгондо дагы алдын ала эч качан төлөй албайбыз. Мындан 6-7 жыл мурда шыйпыр, жүгөрү өңдүү товарлар менен кутулчу элек. Биздин аткаминерлер Кыргызстандын шартын эске албай эле көнүп берип атышпайбы. Өзбекстан болсо ого бетер эле басынтып алды,- дейт Базарбай Мамбетов.

Анын пикиринде, быйыл кышта Өзбекстан газды бууп койсо Казакстанга агып бараткан ошол эле өзбек газы сактайт. Бирок дал ушундай эле жолдон буруп алган ыкма Россияны Украинага газ берүүгө мажбур кылды деген ойдо:
- Украина жолдон эле газды буруп алды эле Орусиянын чый-пыйы чыгып кетти. Себеби Европа мамлекеттерине уят болот экен. Анан акыр Орусия да украин бийлигинин шартына көнгөнгө мажбур болбодубу,- дейт Базарбай Мамбетов.

Эки жылдан бери пайдаланып келген газ үчүн Кыргызстан Казакстанга 18 миллион доллар карыз. “Кыргызгаздын жетекчилигинин” айтымында, бул карыздын мөөнөтүн жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Айрым байкоочулар Кыргызстан электр энергиясынын эсебинен газ алышы керек болчу деген ойдо. Саясатчы Бегиш Ааматов Орусия менен Украина газ чатагын жакшы чечти деген ойдо. Анын пикиринде, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү коңшу мамлекеттердин мамилесинин нчардыгы газ боюнча сүйлөшүүлөрдө көрүнүп калды. “Түбөлүк достук бизде кагазда гана калган достук” дейт Бегиш Ааматов.

Өзбекстан бааны 42 доллардан 55 долларга көтөргөндөн кийин ички керектөөчүлөр үчүн газ 57 тыйынга кымбаттады. “Кыргызгаз” жетекчилиги айрым техникалык чыгымдарды кыскартуу менен элге бааны 18 пайызга гана көтөрдүк деп билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG