Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Экономика

Бизнес чөйрөсүндө байыгандар - көбүнчө жашоону жеңилдеткен бир нерсени ойлоп тапкандар экендигин байкоого болот. Ошондуктан, машина чыгаруучулар парковкага өздөрү токтогон машиналарды рекламалап жаткандыгы таң калыштуу эмес.

Жапондордун Тойота чыгаруучу ишканасы жакында токтотуучу жайга өзү барып турган жаңы машинаны чыгара баштады. Ишкананын ырастоосунда, машина өзү оңго, солго бурулуп, артка кетип, же алга жылып, көчөдөгү тар жерге өзү барып токтойт экен. Бирок айдоочу чалкалап эле отуруп кала турган бул машинанын жаңы технологиясы 8 миң доллар турат, анан калса ал 60 миң доллардык Тойотанын эң кымбат Лексуз ЛС 60 маркасына гана орнотулат.

Деген менен бул жаңылык толугу менен автоматташкан, же башкача айтканда толугу менен өзү жүргөн машина багытындагы мерчемдүү кадам экени айныксыз.

Пол ВандерВерп - Кошмо Штаттарында чыгуугу Машина жана "Айдоочу" журналынын редактору.

Анын айтымында, өтө жакындап келгенде алдыда бараткан машинаны сезип, тормозду өзү баскан машиналар көбөйүп баратат, ошондуктан машиналардын автоматташуусу улам күч алып жаткандыгы айныксыз.

АКШдагы эң ири бизнес журналы болгон "Форбстун" божомолунда, 10 жылга жетпеген убакта айдоочулар бара турган жерин компютерде программалап койсо эле жетиштүү болот, машина бараар жериңизге өзү жеткирип барат.

Азырынча эң автоматташкан машиналар да адам баласынан көп жардамга муктаж. Ошол эле өзү парковкалаган машинаны айдоочу алдыда жана артта эмне бар экендигин компютерге салып, программалашы керек, ошондон кийин гана авто-парковка функциясы ишке кирет. Арийне,"сиз тийиштүү маалыматты программалап бүткөнчөктү, ордуңузга башка бирөө машинасын коюп алышы ажеп эмес" деп эскертет ВандерВерп.
ТАМЕКИ ТАРТУУГА ТЫЮУЛАР КҮЧӨДҮ

Такыр бөлөк темага – Европада ишке алыныш үчүн тамекини таштоого туура келген кырдаалга кайрылсак. Тамеки тартканга зыян, бирок тамекинин түтүнү айланасындагыларга да андан кем эмес зыян. Ушундан улам эски континентте Ирландиядан тартып Италияга чейинки өлкөлөрдө тамекиге тыюу күндөн күнгө күчөөдө.

2007-жылдын февралынан тартып Батыш Европада эң көп тамеки чегилген Францияда бардык коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салынат, ал турган эң атактуу тамеки чегилген Париж кафесине да артыкчылык берилбейт.

Фирмалар да өз кеңселеринде тамеки тартууга толук тыюу салып, ишке алганда тамеки чеккендер убара болбой эле койсун деп айта башташты. Минтип отурса, Кошмо Штаттарында да, Европада да, тамекини үйдө гана чегүүгө болуп калат окшойт.

Нарын АЙЫП, Прага 24-октябрда Киев шаарында Украина менен Орусия ортосундагы экономикалык кызматташуу боюнча комитеттин жыйыны болуп өттү. Украина премьер-министри Виктор Янукович жыйындан кийин билдиргенге караганда, эмдиги жылы Киев Орусиядан 55 миллиард куб метр газ сатып алмай болду жана анын ар бир миң куб метри 130 доллар турат.

Үстүбүздөгү жылдын 6-октябрында Украинанын кубат министри Юрий Бойко атайын билдирүү жасап, эмдиги жылы Украина Орусиядан бир да куб метр газ албайт деп жарыялаган. Анын айтымында, өлкө бардыгы болуп жылына 73 миллиард куб метр газ керектейт, 2007-жыл үчүн болсо Киев Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандан 62 миллиард куб алууга макулдашкан. Жетишпеген 11 миллиард кубду Украина Орусиядан алыш керек болчу, бирок өлкө жетекчилиги бардыгын санап чыгып, газ керектөөнү үнөмдөсө, Орусиядан эч газ албастан кыштан чыкса болот деген жыйынтыкка келген.

Анткен менен Борбор Азиядан алынган газ Украинага баары бир куурлар аркылуу Орусия аркылуу өтөт, ошондуктан Маскөө менен сүйлөшүү өткөрүүгө Киев мажбур болчу жана андай сүйлөшүүнүн кезектеги айлампасы 24-октябрда Маскөөдө өттү. Ошол эле күнү Киевде эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташуу боюнча комитеттин жыйыны да болду жана ал аяктагандан кийин Украина премьер-министри Виктор Янукович билдирүү жасап, Маскөөдөн кабар келгени жөнүндө жарыялады:

"Биз Маскөөдөн телефон аркылуу кабар алдык, Украинага Орусиядан эмдиги жылы газ жиберүү боюнча келишим түзүү аяктап жатат. Бардыгы болуп биз эмдиги жылы 55 миллиард куб метрден кем эмес газ алабыз жана бир миң куб метрдин баасы 130 доллардан ашпайт", - деп билдирди Янукович.

Буга чейин Маскөө 210-250 доллар төлөөнү талап кылып келген, үстүбүздөгү жылы болсо Киев ар бир миң куб метр үчүн 95 доллар төлөп жатат. Өлкөнүн мурдагы премьер-министри жана азыр оппозиция жетекчилеринин бири Юлия Тимошенко келишимди сындап чыкты:

"Бүгүнкү күндө 130, 210 же 95 доллар жөнүндө сөз кылуу өзү шылдың. Мурда 2010-жылга чейин түзүлгөн келишимде жазылган бааны тараптар унутуп калышты. Ошондуктан 95, 130 же 210 доллар деген баанын баары кылмыш", - дейт Тимошенко.

Миң куб метр газдын баасы 55 доллар болот деген ал келишим Украинадагы революцияга чейин түзүлгөн жана өлкөдөгү бийлик алмашылгандан кийин Маскөө бааны былтыр 250 долларга чейин, же 450 пайызга көбөйтүүнү талап кылган. Киев ага макул болбогондуктан, үстүбүздөгү жылдын 1-январында Украинага газ берүүнү Орусия токтоткон, бирок Украина менен Европанын башка мамлекеттерине кеткен газ бир куур аркылуу аккандыктан, айрым европалык өлкөлөр газсыз калган жана эл аралык басым алдында Орусия бир күндөн кийин газ берүүнү калыбына келтирүүгө аргасыз болгон. Натыйжада эки тарап 95 доллар деген баага токтолгон, бирок айрым Батыш саясатчылары андан бери Орусияны кээде жоопкерсиз мамлекет деп атап келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG