Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:02

Экономика

Мурунку аптанын этегиндеги бир нече күндүн ичинде Орусияда жасама алкоголдон уулангандар эсеби миң кишиден арткан. Өлгөндөрдүн саны жүздөн ашкан. Массалуу түрдө уулануу 10дон ашуун аймакта болгон. Абдан оор абал Перм крайында, Амур, Белгород, Волгоград, Иркут жана Псков областтарында дешет. Ишембиде Екатеринбург менен Саратовдо да ондон ашуун кыштактан ичимдиктен уулануу катталган. Ошол себептен кайсы бир аймактарда чукулку кырдаалдар киргизилген. Анализчилер болжолунда мунун артында арак-шарап өнөр жайын мамлекеттештирүү турат.

Ар кайсы булактар дайын кылганга караганда, Орусияда кийинки айда миңдей киши жасама ичимдиктен ууланышкан жана алардын жүздөйү каза болушкан. Ошол себептен Иркут, Псков обулустары жана Перм крайында чукул кырдаалдар киргизилген.

Мисалдарга келсек, маселен, Газета басылмасы жазганга караганда Челябин облусунан кийинки айдын ичинде 1200 киши ууланып алтымышы кайтыш болгон. Кийинки эле үч күн ичинде Иркут обулусунан 800, Кировдон – 247, Перм крайынан – 210 киши ооруканага түшкөн. Владимир, Саратовдон – 140 киши түшүп кырктай киши өлгөн.
Мындай, кулачын жайып барткан уулануну, башкы санитардык доктур Геннадий Онищенко: «өлкөнүн 12 субъектисинде жасалып аткан бул актылар ичимдик соодасын тартипке салуу багытында өкүмөт көргөнү аткан чарага каршы карасанатайлык менен жасалып атат», - деп айыпты кайдагы бир кылмыштуу чөйрөгө такты.

Алдыңкы шаршембиде (25-октябде – ММ) президент Путин болсо чет элдик ичимдиктер базарды каптап кеткендиктен эми (орусиялык – ММ) арактын накта экенин билдирүүчү кагаздар чаптала тургандыгын айткан: «Биздин ичимдик базарыбыздагы аябагандай оор маселе – сапаты начар жасама продукциянын кысым көрсөтүүсү болуп атат», - деген.

Анализчилер айтымында аракты (ошол, белги кагаздарды чаптагыча – ММ) сатуудан алып салганда жарандар колуна урунган кишини мас кылганга жарагыдай суюктуктарды ичүү башталган. Уулануу ошондон улам болуп атат. Дагы бирөөлөр: «Орусиялык өкүмөттүн алкоголго каршы ачкан согушу ушундай жагдайды жаратты», - дешет.

Шейшембиде болсо өлкөдө аракты мамлекеттин колуна өткөрүү керектигин өйдөкү жана ылдыйкы палаталар төрагалары бир ооздон айтып чыгышты. Мамдума башчысы Борис Грызлов ИТАР-ТАССка айткан пикиринде, бул маселе Мамдумада талкууга алынып андан өткөн.

Ырасмий булактар маалыматында 2005 – жылы жасалма ичимдик ичип ууланып өлгөндөр эсеби 30 миңге жеткен. Ал эми үстүдө жылдын тогуз айында андан өлгөндөр 17 миңге жеткен.

Анализчилер болсо бийлик ичимдик өнөржайын өзү башкарганда деле улуттун көндүм адаты жамы масчылыктан арылуу оңой эмес дешет. Баарыдан мурда калкты аш ичүү маданиятына үйрөтүү жок дешет.

Улуттук ичимдиктер бирикмесинин жетекчилеринин бири Вячеслав Албу айтканга караганда, калк арзан арактан каңтарылды дегиче элде колодо тартылган арак кайнатуу күчөйт.

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

Былтыр Орусия Украинага кышында газ бербей койгондо, украиналыктар үшүгөн болсо, быйыл орусиялыктар өздөрү да суукта калышы мүмкүн. Орусияда газ жаатындагы монополист «Газпром» компаниясы быйыл электр энергиясын чыгаруучу компаниялардын баарын жетиштүү деңгээлде газ менен камсыздай албай калышы ыктымал деген кооптонуулар бар. Москвадагы кабарчыбыз Төрөкул Дооровдун айтымында, эгер бул чын болсо, анда кышында жылуулук аз берилет же айрым жерлерде такыр эле берилбей калышы мүмкүн дегенди түшүндүрөт.

Бул өңдүү коркунуч былтыр да болгон. Москва регионун электр энергиясы менен камсыздап турган «Мосэнерго» компаниясы былтыр кышында генераторлорун иштетүү үчүн керектүү көлөмдө газ таппай кыйналган эле. «Газпром» болсо тезинен Москвага жарык бериш үчүн Европага жөнөтүлүүчү газдын агымын кичирейткен.

Орусиядагы Биргелешкен Энергия Системасынын же РАО ЕЭСтин жетекчиси Анатолий Чубайс газ тартыштыгы үчүн «Газпромду» айыптап чыкканы бар. «Газпром» дүйнө боюнча газ запастарынын 25%, ал эми Орусияда табигый газ резервдеринин 94% көзөмөлдөп турат.

Ошол кезде А.Чубайс: ««Газпром» компаниясы өлкөдөгү электр кубатын чыгаруучу компанияларды жетиштүү көлөмдө көгүлтүр отун менен камсыз кыла албай калды же камсыз кылууну каалабай жатат. Анын айынан биз электр чыгаруучу генераторлорубузду иштетүү үчүн дизель отунуна ашыкча көп каражат жумшадык», - деген. Үстүбүздөгү 2006-жылы эле дизелдин баасы 85%га жогорулады.

Былтыр кышында, РАО ЕЭСке газ жетишпей калганда, алар газдын оордуна дизель менен көмүрдү колдоно башташкан. 2006-жылдын сегиз айында дизель 35%, көмүр болсо 9% көп колдонула баштады.

Орусияда бүгүнкү күнү өндүрүлүп жаткан жалпы электроэнергиянын жарымынан көбү жылуулук электр станцияларына таандык. Ал эми 15-17% атомдук жана гидростанцияларда өндүрүлөт. Жылуулук станцияларынын дээрлик көпчүлүгү газ менен иштейт. Орусияда өндүрүлүп жаткан баардык газдын жамырынан көбү Уренгой жана Ямбург кендерине таандык. Бирок соңку жылдары ал жерлерде өндүрүштүн көлөмү бир топ төмөндөп кеткени айтылууда.

Орусиядагы «Антанта-Капитал» инвестициялык компаниясынын аналитиги Александр Блохиндин айтымында, «Газпром» бүгүн айрым жаңы газ кендерин колдоно баштаган күндө да газ баары бир баарына жетчүдөй эмес.

Ал эми «АТОН» инвестициялык тобунун аналитиги Дмитрий Скрябиндин ишениминде, «Бир чети, электр кубатын иштеп чыгаруучу станцияларга газ жетпей жатса, дагы бир жагынан, бул үчүн газдын өзүн туура эмес пайдаланып жатышат».

- Орусия менен Европаны салыштырганда, бир эле көлөмдөгү электр энергиясын өндүрүү үчүн, мисалы, Орусияда, Европадагыга салыштырмалуу, эки эсе көп газ сарпталат. Ошондуктан сөз утуру эле жаңы станцияларды кура берүү жөнүндө эмес, жаңы технологияларды колдонуу жөнүндө болушу керек, - дейт аналитик Дмитрий Скрябин.

Жакында Орусиянын өнөр-жай жана энергетика министри Виктор Христенко 2015-жылга карата өндүрүш компаниялары үчүн көгүлтүр отундун баасы азыркыдан 3-3,5 эсе кымбаттай турганын билдирди. Алар бир миң куб.метр газ үчүн 130-140 доллардан төлөшү керек болот.

Чынында өндүрүш компанияларына газды эки эсе кымбат баада сатууну «Газпромго» Орусиянын башкы энергетиги Анатолий Чубайс өзү быйыл жайында сунуш кылган болчу. Буга энергетиктер таң калышканы белгилүү, анткени Чубайс муну менен «газды мага да кымбат баада саткыла» дегендей өңдөндү. Бирок бүгүн «Газпром» мындай кадамга баруудан оолактап турат.

Мындан бир айча мурдараак, 28-сентябрда, Анатолий Чубайс «Ведомости» басылмасынын суроолоруна жооп берип жатып, ал бул маселе боюнча «Газпромдун» башчысы Алексей Миллер менен сүйлөшкөнүн, бирок Миллер ага «башка отундарды колдууга өтө бергиле» деп айтканын билдирген.

Аналитиктердин айтымында, «Газпром» эгерде Орусиянын ички базарында газдын баасын кымбаттатса, анда РАО ЕЭСке да электр жарыгы үчүн бааны 25-30%га кымбаттатууга туура келет. Мунун арты инфляциянын өсүшү менен бүтөөрү айкын.

Башка бир аналитиктер болсо «Газпром» жергиликтүү керектөөчүлөрдү көгүлтүр отун менен камсыздай албай баратканын соңку мезгилдерде компания жаңы газ кендерин иштетүүгө көңүл бурбай жатканы менен түшүндүрүшөт. Алардын айтымында, мунун оордуна «Газпром» азыр европалык энергетикалык компанияларды сатып алууга ашыкча дилгир болуп жатканы байкалууда.

Иши кылып, мындай кооптуу абалдан чыгуунун бир жолу катары көптөгөн аналитиктертер тезирээк Орусиянын газ базарын либералдаштырууну сунуштап жатышат. Антпесе, Москва менен Петербургдун тургундары ызгаардуу кышта кантип жылынаары белгисиз.

Төрөкул Дооров, Москва

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG