Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:50

Экономика

Өкмөт эмдиги жыл бюджет долбоорун айыл өкмөтү жана республика деңгээлинде, эки баскычтан турган экономикалык документ катары парламентке киргизген. Бирок да айыл өкмөттөрүндө бул жаңылык кандай кабылданарынан чочулаган өкмөт быйылча мурдагыдай эле район, облустарды кошуп төрт баскычтуу бюджетке өтүүнү сунуштоодо. Парламент мүчөлөрүнүн кыйласы буга каршы.

Бюджет тууралуу мыйзам талабын аткарууга кыргыз өкмөтүнүн мойну жар бербей, эки жыл бою мурдагысындай эле төрт баскычтан турган бюджет менен иштөө сунушун депутаттар жактырышкан жок. Өткөн жылы революциячыл өкмөттүн ишке жаңы киришип атканы эсепке алынып, быйылкы жыл бюджети эски калыбында эле кабыл алынган. 2007-жылкы бюджет долбоору жергиликтүү, борбордук бийлик деңгээлинде түзүлүп, парламентке сентябрда эле сунушталган. Өкмөт башчы Феликс Кулов облус, райондорду жоюп, бюджетти жергиликтүү бийликтин колуна берип коюу азырынча эрте, ортодон оголе чоң башаламандык чыгат деген пикирде.

- Эки деңгээлдеги бюджетти кабыл алып, аны менен бирге эле административдик-аймактык реформаны баштоо керек дешкен. Мыйзам кабыл алынган, реформа болсо жүрбөй жатат. Конституция боюнча аймактык-административдик реформаны ким жасаш керек? Туура, парламент. Анан өкмөткө кандай доо коюп жатасыңар?

Ф.Кулов облус борборлору ириде маданий ордо жай экенин отургандардын эсине салып, ал жердеги театр, ооруканаларды кимге дайындарды ойлонуш керектигин айтты. Райондорго келгенде, айталы, райондук милиция кызматкерлерин «ар бир айыл өкмөттөрүнө бөлүштүрүп иелиби?» суроосун койду.

Кыргызстандын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров облус менен райондордогу башкаруу аппаратын кармап турууга баш-аягы миллиард сомго жакын мамлекеттик акча сарпталарын айтты:

- Облус, райондук структуралардын баарына тең 900 миллионго жакын сом каралган. Бул район менен облустук структураларга.

Парламенттин каржы жана бюджет комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков ортодогу чиновниктерди кармоого 1 миллиард ашуун сом акча каралат дейт:

- Өткөндө болжолдуу эсептеп чыккам. 1 миллиард 200 миллион сомго чейин.

Депутат Асамидин Мариповдун ырасташынча, артыкбаш башкарууга жумшалчу акча мектептердин курулушуна, социалдык объектилердин тургузулушуна жумшалса дурус болмок.

- Ушу мектептерди бүтүрөлү, бүтүрөлү! Мына, ырахмат, бир мектеп бүттү. Кудай буюрса, дагы болуп калар. Мына 1 миллиард сом үйүн сел алып кеткен адамдарга бериш керек.

Анткен менен анын кесиптеши Аскарбек Шадиев облусту жоюп ийүүнүн зыяндан башка пайдасы жок деген пикирде.

Парламент мүчөсү Бектемир Мурзубраимов да эки баскычтуу бюджетке шашылбай, аны 2008-жылга жылдыруу сунушун колдойт.

Анткен менен депутаттардын көпчүлүгү эмдиги жыл бюджети айыл өкмөтү менен республикалык башкаруу деңгээлде эле түзүлүшүн жактырышат, улам артка жылдырылып келаткан административдик-аймактык реформанын ыкчам ишке ашырылышын туура көрүшөт. Ошондон Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети өкмөттүн эмдиги жыл бюджетин мурдагы жылдардагыдай кылып облус, райондорду кошуп өткөрө берүүнү, жаңыча иштөөгө 2008-жылы өтүү сунушун колдогон жок.

Бекташ Шамшиев, Бишкек

Келишимдеги 100 миллион юандык 1205 кытай тракторунун баарысы келип бүттү. Биринчи агымда келген 30 миллион юандык тракторлор өз ээлерин таап, азыр экинчи агымда келген 70 миллион юандык тракторлорду бөлүштүрүү башталды. Президент Курманбек Бакиев тракторлор өз ээлерине ыкчам жетпей жаткандыгына камтама. Муктаждардын бир тобу кытай тракторун кымбат деп баш тартып да жатышыптыр.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы Нурланбек Шакиев тракторлорду дыйкандардын колуна мурдагыдай өтө эле создуктурбай, ыкчам жеткирүү милдетин Президент Курманбек Бакиев Өкмөт башчысына, Президенттик администрация жетекчисине катуу милдеттендиргендигин айтты.

Кыргыз өкмөтүнүн токтому менен, жалпысы, Баткен облусуна 79, Жалалабад облусуна 240, Ысыккөл облусуна 145, Нарын облусуна 93, Ош облусуна 225, Чүй облусуна 330 даана трактор бөлүнүптүр.
Бөлүнгөн тракторлорду дыйкандарына тендердик негизде жеткирүү облустук бийликтердин милдети. Айыл чарба министрлигинин агрардык саясат жана инвестиция башкармасынын төрагасы Сапарбек Тынаев тендер өткөрүү системасы кечеги иштерде толук жолго коюлгандыктан бул 70 миллион юандык экинчи агымдагы тракторлорду өз ээлерине жеткирүү кыйла ыкчам жүрөт деген ойдо. Ал ошондой эле жаңы келген тракторлор мурдагыдан айырмалуу экендигине да токтолду:

-Жаңы келген тракторлордун баасы мына бүгүн – 22-ноябрда келди Кытайдан. Эми жер-жерлерге жиберебиз. Биздин сунуштарыбыз боюнча кытайлыктар бул тракторлорго анча-мынча өзгөртүүлөрдү да киргизиптир. Тракторлордун артына илине турган шаймандары башкачараак. 50 ат күчүнөн ылдыйкы тракторлорго да кабина жасаган. Ошого байланыштуу баалары да анча-мынча кымбатыраак.

Өзгөн районундагы “Дөңбулак” айыл өкмөтүнүн башчысы Адамбек Түркбаев муктаж дыйкандардын айрымдары мурда келген тракторлорду кымбат көрүштү эле, эми кандай болор экен деп шыпшынды.

25 миңден ашык жаңы трактор талап кылынып жаткан Кыргызстанда, албетте, бул миңден ашык трактор өтпөй калбайт. Өз ээсин табат. Анын үстүнө алар кыргызстандыктарга көнүк Орусиянын техникаларына да окшош. Айыл чарба министрлигинин агрардык саясат жана инвестиция башкармасынын төрагасы Сапарбек Тынаев бул багытта кызык маалымат айтты:

-Ушу тракторлор чыккан заводду кытайлар 50 жылдай мурда СССРдин жардамы, үлгүсү менен курушкан экен.

Ал эми кытай тракторлоруна Ноокат районунун “Төөлөс” айыл өкмөтүнүн тургуну Мухтар Бостонбаев оң баа берүү менен, тракторлорго чиркелген чалгысы өзүнчө, телешкасы өзүнчө болсо мындан да жакшы болмок, келечекте ошолорду эске алышсын деген оюн айтты.

Кыргызстан Орусиянын да айыл чарба техникаларын сатып алууга 236 миллион сом жумшаганы тургандыгы маалымдалууда.

Кожогелди Култегин, Бишкек

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG