Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Экономика

Өзбекстан көгүлтүр отун үчүн Кыргызстандан электр кубатын арзан баада жана сугат сууну үзгүлтүксүз берүүнү талап кылууда. “Электр станциялары” акционердик коому бул талап аткарыла турган болсо Бишкек ТЭЦин мазут жана көмүр менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк болбой тургандыгын эскертти. Буга чейин эки тарап көгүлтүр отундун баасы боюнча бир келишимге келе алышкан эмес.

Көгүлтүр отундун акысы тууралуу азырынча Кыргызстан менен Өзбекстан тарап бир келишимге келе албай жатышат. Буга эң негизги себеп - газдын баасы жаңы жылдан тарта дээрлик эки эсеге көтөрүлүшү болууда. Салыштыра келсек, өткөн жылы Кыргызстан көгүлтүр отундун бир кубометрине 42 доллардан төлөп келген болсо, 2005-жылдын башынан тарта бул баа 55 долларга көтөрүлгөн. Эми жаңы жылдан тарта өзбек тарап бир кубометр газдын баасын 100 долларга жогорулатты.

Кыргызстандагы “Электр станциялары” АКнын билдирүүсү боюнча өзбек тарап мындан башка дагы бир катар талаптарды коюуда.

-Алар бул жылкы баадан да төмөн баага сурап жатышат. Кийинки жылы электр энергиясынын наркы дагы кымбатташы күтүлүүдө. Ошондуктан, мындай баа менен келишим түзүү бизге экономикалык жактан пайдасыз. Анткени биз экспорттон түшкөн каражатка Бишкек ТЭЦи үчүн көмүр менен мазут ала албай калабыз. Мындай болгон учурда “Электр станциялары” АК бул каражатты башка жактан издөөгө аргасыз болот, мүмкүн Өзбекстанга энергетика экспорттоодон баш тартып, бир топ жогору баада сатып алып жаткан Казакстанга көбүрөөк ыктоого туура келет. Бирок бул маселе кыргыз өкмөтү тарабынан гана чечилет,- деди “Электр станциялары” акционердик коомунун маалымат катчысы Наталья Орлова.

Ал эми кыргыз өкмөтү Өзбекстанга электр энергиясын Кыргызстан үчүн пайдалуу боло турган гана баада сатууну көздөйт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов өткөн бейшемби күнү өкмөттүк жыйында билдирген.

Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы жылуулук-энергетика комплекси бөлүм башчысынын орун басары Эрнест Карыбеков болсо Өзбекстан тараптан мындай маанидеги шарттар коюлбагандыгын айтып, жалпы газ жана энергетика тармагы боюнча сүйлөшүү өкмөттүк дэңгээлде коңшулар менен чогуу болорун билдирди:

-Өзбек тарап же башка кайсы тарап болбосун, бизге минтип шарт кое албайт. Газ маселеси учурда биздин өкмөттө каралып жатат. Ал эми электр энергиясын сатуу маселеси боюнча жакынкы он күндүн ичинде Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү баштайбыз.

Өлкөнү көгүлтүр от менен камсыз кылуу үчүн Кыргызстандын газ адистери буга чейин Өзбекстан тарап менен бир нече жолу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишти. Ошентсе да бүгүнкү күнгө чейин эки тараптын ортосунда 2007-жыл үчүн газ менен камсыз кылуу тууралуу келишим түзүлө элек. “Кыргызгаз” ишканасынын билдирүүсү боюнча буга эки тараптын баа боюнча келише албаганы себеп болгон.

"Кыргызгаздын" жетекчисинин орун басары Саламат Айтикеевдин маалыматы боюнча 2007-жыл үчүн 850 млн кубометр газ менен камсыз кылуу тууралуу Өзбекстан менен келишим түзүлүп, бул маселе чечилген. Ал эми декабрь айынын башында болуучу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө көгүлтүр оттун баасы биротоло бычылмакчы.


Замира Кожобаева, Бишкек

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG