Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 27-январь, 2020 Бишкек убактысы 12:56

Экономика

Кыргызстанда иштеп жаткан Кумтөр Оперейтинг компани ишканасы тараткан маалыматка караганда, Кумтөр кенинин аймагынан 43,5 тонна алтын кени табылды. Бул кенди иштетүүнүн камылгалары үчүн ишкана 36 миллион доллар каражат ажыратты. Жергиликтүү саясатчылардын баамында Кумтөрдө алтын запасы ачыкталгандан алда канча арбын. Бирок, чет өлкөлүк ишкана менен кызматташтыкты түп-тамырынан өзгөртмөйүнчө Кумтөр алтын кени Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн толук кандуу кызмат кылууга кудуретсиз деп эсептешет.

«Кумтөр Оперейтинг компани» жана «Центерра Голд Инк» ишканаларынын маалыматына караганда, алтындын жаңы запасын 2006-жылкы геологиялык чалгындоолор аныктады. «Центерранын» президенти Лен Хоменюктун айтымында, 1,4 миллион унцийге тете алтын кенин иштетүүгө келерки жылы киришет. Бул тууралуу ишканын байланыш бөлүмүнүн башчысы Сергей Дедюхин билдирди:

- Алтын кенине жетүү үчүн курула турган 1,9 чакырым жолдун курулушу 2007-жылы башталат. «Центерранын» президенти кенди иштетүү 2010-жылы башталарын болжолдоду.

Бул канадалык ишкана акыркы жылдары тапкан алгачкы табылга эмес. Былтыркы геологиялык чалгындоолор учурунда 70 тонна алтын табылгандыгы маалымдалган. Бирок, кенди Башкы макулдашуунун чегинде 1992-жылдан бери иштетип келаткан канадалык ишкананын чынчылдыгына жергиликтүү адистер жана саясатчылар ишенишпейт. Бул үчүн Аскар Акаев баштаган ошол кездеги бийлик төбөлдөрүнө элдин байлыгын алдатты деген айып коюлуп келатат. Биринчи вице-премьер министр Данияр Үсөнов «Кумтөр» макулдашуусун кыргыз элинин абийирине көө жапкан жорук деп баалады:

- Бүгүнкү күнү 170 тонна алтынды казып алып кетишкен Кумтөрдөн. Ал 2 миллиард долларды түзөт. Кыргызстан анын эсебинен 150 миллион эле доллар алган, жарым процент болот. Кумтөр 2005-жылы толугу менен биздин мүлккө өтүш керек эле. Анын ордуна 2004-жылы революциянын алдында Танаев менен Акаев «Центерра» кылып коюшкан. Андан 33 % акция калды эле, анын 16% 85 миллион долларга сатып жиберген. Эми «Центеррада» биздин 17 % биз гана бар. Ошентип Кумтөрдөн да айрылдык.

Даняр Үсөновдун айтымында, Кыргыз өкмөтү Кумтөргө байланыштуу он жылдан ашык убакыттан бери чырмалышып келаткан алтын маселесин түп-тамырынан бери кайра карап, парламент менен биргелешип Кыргызстандын кызыкчылыгында чечүүгө өкмөттүн ниети бар.

Анткен менен, тоо-кенчилер ассоциациясы бул маселеге маани бербей жатканы үчүн мурдагы бийликти да, азыркы бийликти да сындап келатат. Ассоциация төрагасы Орозбек Дүйшеевдин айтымында, кыргыз бийлиги элдин байлыгын канадалык компанияга ар тараптан алдатты. Акыркы ирет «Центерра» деп кайра түзүү учурунда канадалык ишкана өз карамагына алтындын жаңы запастары бар деп болжолдонгон жети чакырым жерди кошуп алган. Мындай макулдашуудан кийин укуктук жактан доомат коюу өтө татаалдашып кетти. Анын айынан жаңы табылгалар деле Кыргызстанга жарытылуу пайда бербейт дейт адис:

- Мына азыркы өкмөт дагы ишке киргизбей атат. Ошонун айынан миллондогон, миллиарддаган доллар жоготуп атабыз. Түшкөн киреше бардыгы Центеррага кетип калат. Алар биздин эсебибизден Монголияда эки кен куруп атат. Алардын бири ишке кирди, бири кире элек. Американын Невада штатында чоң иш жасап жатышат. Ошентип, биздин эсептен булар ишканасын кеңейтип атат.

Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шерниязовдун айтымында, парламент Кумтөр алтын кенине байланышкан маселени келерки жылдын башында кароого камданууда. Совет мезгилиндеги чалгындоо тыянактарына таянган маалыматтарда Кумтөрдө 700 тоннадан 900 тоннага чейинки алтын запасы бар экендиги айтылып жүрөт.

ХИПИК программасына кирүүдөн баш тартуу боюнча жарандык коом тарабынан уюштурулуп жаткан иш-чаралар уланууда. Кечээ, 13 – декабрда Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар ХИПИКке байланыштуу эл аралык жана жергиликтүү эксперттердин, коомдук ишмерлердин катышуусунда тегерек үстөл өткөрүштү. Кыргызстанды ХИПИК программасына киргизүү шарттары боюнча Дүйнөлүк банктын миссиясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр өткөн жумада аяктаган.

“ХИПИКке каршыбыз” демилге тобу уюштурган тегерек үстөлгө Дүйнөлүк банктын, Эл аралык валюта фондунун, Улуттук банктын жана кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү чакырылганы менен келишкен жок. Ал эми тегерек үстөлдүн катышуучулары он беш жыл ичинде Кыргызстандын мойнуна илинген карыз өлкөнүн экономикасына эч кандай пайда алып келбегендигин белгилеп жатышты. Мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов Кыргызстандын акыбалы чынында начар, бирок ХИПИКке кирбей эле бул акыбалдан чыгууга болот деп эсептейт:

-Эл ХИПИК тууралуу маалыматтын жоктугунан ага каршы болуп жатат деген ойлор туура эмес. Эл он беш жыл ичинде Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банктын Кыргызстанга берген “жардамы” иш жүзүндө кандай болгонун өз жон териси менен сезип, түшүнгөн. Ошондуктан, булар Кыргызстанга бир дагы жакшылык кылбай тургандыгын түшүнгөн эл ХИПИКке түшүнүп эле каршы болуп жатат.

Тегерек үстөлдүн катышуучулары өлкөнү бул акыбалга элге ачык айтпай, баарын жең ичинен бүтүрүп келген бийлик апкелди деген пикирлерди айтып жатышты. Адам укугун коргоо боюнча бюро жетекчиси Наталья Аблова кыргыз өкмөтү бүгүнкү күндө дагы ХИПИКке кирүүнүн шарттарын жашырып жаткандыгын белгилеп, элге таттуу калптан көрө өз учурунда ачуу чындыкты айткан жакшы экендигин белгиледи:

- Биздин өкмөт бүгүнкү абал тууралуу баарын ачык айтышы керек. Кандай ачуу болбосун, эл чындыкты билиши керек. Болбосо өкмөт коомчулуктун ишеничинен чыгып калат.

Ал эми көз карандысыз эксперттердин бири Улан Рыскелдиев ХИПИК тууралуу маалыматтардын ачык айтылбай жаткандыгы коомчулуктун дүрбөлөңүнө алып келип жатат дейт. Анын сөзү боюнча ХИПИК болгону тышкы карызды жоюунун бир жолу гана:

-Бардык эле тышкы карызы бар өлкөлөр кредиторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул кадимки эле процесс. Мына ушул процесстин бири—ХИПИК. Ал тышкы карыздын көп бөлүгүн жоюуга мүмкүнчүлүк бергени менен артык. Ал эми ХИПИКти минтип саясатташтыруу өкмөт тарабынан ХИПИК тууралуу маалыматтын кенен берилбегендигинен улам келип чыгууда.

Кыргызстанды ХИПИК программасына киргизүү боюнча кыргыз өкмөтү менен эл аралык валюта фондунун жана дүйнөлүк банктын ортосундагы сүйлөшүүлөр өткөн жумада аягына чыккан. Каржы жана экономика министри Акылбек Жапаровдун “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, бул программага кириши үчүн Кыргызстанга коюлуп жаткан талаптардын арасында энергетика тармагындагы жоготууларды азайтуу, электр кубатына бааны көтөрүү сыяктуу шарттар да бар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG