Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:16

Экономика

Экономисттер ХИПИК программасына кирбей туруп Кыргызстан тышкы карыздарынан кутула алат деген көз караштарын айтышууда. Алардын пикиринде эгер бийлик өлкөдөгү табигый ресурстарды туура пайдаланып, натыйжалуу экономикалык реформаларды жүргүзсө, мамлекеттик башкарууну жакшыртса, коррупцияны ооздуктаса жана көмүскө экономиканы легалдаштырса ал максатка жетсе болот дешет.

Жергиликтүү айрым экономисттердин пикиринде Кыргызстанда тышкы карызды төлөө мүмкүнчүлүктөрү бар. Мурдагы айыл-чарба министри, экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев мына ошондой пикирде:

-Тышкы карыздан кутулуш үчүн биз негизинен төрт тармакка таянсак болот. Биринчиден, Кыргызстан энергетика тармагын үнөмдүү жана натыйжалуу пайдаланыш керек. Мисалга алсак, азыр эле - жаңы ГЭСтер салына элек учурда өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиядан 70-80 млн. доллар бюджетке түшүшү керек. Экинчи тармак - туризм тармагы. Эгер стабилдүүлүк болсо туризм индустриясын өндүрүү жолго коюлса бул тармак жылына 60-70 млн. доллар алып келет. Үчүнчү - кен байлыктары. Кыргызстан ресурстарга бай өлкө. Эми Кумтөрдөн биз азыр 150-160 млн. доллар алчу кирешени көрбөй атабыз. Бирок Жерүй, Талдыбулак-Солжээк, дагы башка алтын кендерди туура пайдалансак, алар да бизге жылына 60-70 млн. доллар алып келмек. Төртүнчү тармак - бул айыл чарбасы. Бул тармакка өкмөт тиешелүү көңүл бурса андан да жылына 60-70 млн доллар пайда алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан, биз ХИПИК программасына кирбей эле, тышкы карыздан кутулсак болот.

Каржы жана экономика министрлигинин тышкы карыздар боюнча башкармалыгынын кызматкери Эрнис Сабиров дагы мындай пикирди негизинен колдойт:

- Кыргызстанда чындыгында эле тышкы карыздарды төлөө мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга болот. Ал үчүн өлкөдөгү бардык субъектилер салык төлөмдөрүн мыйзам чегинде жана өз учурунда төлөшү керек. Анткени, бүгүнкү күндө салыктарды төлөбөй иштеп жаткан фирма, ишканалардын саны жүздөп саналат. Ошондой эле, тышкы карызды төлөө мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, мамлекеттик чыгымдарды үнөмдөө, мамлекеттик башкаруу системасын рационалдаштыруу маселелерин да чечүү зарыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболовдун көз карашында 2 млрд. доллар мамлекет үчүн анча деле чоң өлчөмдөгү карыз эмес. Ошондуктан ХИПИК программасына кирүүнүн зарылдыгы деле анчалык жок эле:

- Биринчиден, биз көмүскө экономикадагы акча каражаттарын ачыкка алып чыгышыбыз керек. Айрым маалыматтар боюнча азыр көмүскө экономикада 20 млрд. долларга чейин каражат бар. Кээбир маалыматтарга караганда андан да көп. Экинчиден, биз чиновниктерге өтө көп акча жумшап жатабыз. Алардын санын кыскартып, бирок ошол эле учурда мамлекеттик кызматты жакшыртышыбыз керек. Эң башкысы – экономикалык реформаларды алдыга жылдыруу зарыл. Дагы бир маселе – биз алкаларыбыз тыгыз болгон айрым мамлекеттер менен карызыдарыбызды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүү жүргүзүшүбүз керек. Мисалга алсак, Россия менен. Эгерде биз жок дегенде ушул багыттарда иштесек, ага саясий эркибиз жетсе, ХИПИКке кирбей туруп тышкы карыздардан кутулабыз. 2 млрд доллар – чындыгында арзыбаган эле акча .

Бир катар серепчилер кыргыз бийлиги акыркы жылдары көптөгөн өлкөлөр колдонуп келаткан карыздарды конверсиялоо механизмин да колдонсо болот эле деп эсептешет. Мындай ыкма учурунда туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрөнү коргоо долбоорлорун аткаруунун алдыга чыгып, тышкы карыздарды жоюу каралат.

Бүгүнкү күндө мындай механизмди дүйнөдөгү 45 өлкө пайдаланууда. Мисалга алсак, Польша ушул жол менен 571 млн. доллар өлчөмүндөгү тышкы карызын жойгон. Мындай ыкманы учурда Грузия да пайдаланып жатат.

Экономисттер Кыргызстандан таза сууну экспорттоо, фармацевтика тармагын өнүктүрүү сыяктуу бир катар жолдорду да айтышууда.

Бирок ошону менен бирге эле адистер эгерде Кыргызстан өз алдынча тышкы карызын жоюуга барса, социалдык сектор бир топ кыйынчылыктарга дуушар болоорун да эскертип жатышат. Анткени, бюджетке бөлүнө турган каражаттардын негизги бөлүгү тышкы карыздан кутулууга жумшала баштайт. Каражатты мындай бөлүштүрүү өз кезегинде социалдык тармактагы тартыштыкка да алып келиши ыктымал.

Азиза Турдуева, Бишкек шаары

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG