Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 27-январь, 2020 Бишкек убактысы 12:57

Экономика

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Түркмөнстандын президенти Сапармурад Ниязовдун капилетен өлүшү дүйнөлүк коомчулукта ар кыл пикрилерди жаратууда. Алардын бири анын диктатордук жол менен өлкөсүн башкарууга арналса, экинчиси – ал көзү тирүү кезинде жалгыз соодалашып келген түркмөн газынын келечегине арналууда. Анализчилер болжолунда Орусия сатып алып аткан Ашгабаддык көгүлтүр отундун наркы эми кескин кымбаттайт. Бирок жагдайдын ага жетпеши үчүн Москванын Ашгабад менен тил табууга болгон аракети да артат дешет.

Баарыга маалым, Түркмөнстан азыркы тушта, жеринде жаткан газ такоолунун көлөмү боюнча дүйнөдө бешинчи орунду ээлейт. Ушул мисалдан көрүнүп тургандай, көгүлтүр отунга таңкыс өлкөлөр Ашгабад менен мындан ары жакшы болууга тырышат дешет.
Ошол эле учурда табиятынын байлыгына жангыз ээлик кылган Сапармурад өлгөндөн кийин эми Түркмөнстанга жаңы жетекчилик орун үчүн кармаш да курчуйт дешет.

Financial Times жазганга караганда, ал аймакта абал кыйындайт: «саясий жактан алганда ырк (өлкөдө - ММ) такыр кетет, анын акыры келип түркмөн көгүлтүр отунун Орусия аркылуу Украинага коюу үчүн коркунуч туулат. Газдын үзгүлтүккө учурашынын залакасын кийин бүтүндөй Европа тартат», - деп жазат.

КМШ өлкөлөрү институтунун жетекчиси Владимир Жирихин айтканга караганда, мурда Орусия үчүн Түркмөнбашы менен тил табышуу оңой болгон. Эмне дегенде ал ар маселени жангыз өзү чечип келген:
«Деспот эмнеси мен айырмаланат? Ал макул деп, же жок деп бир убада берсе, кийин ал айтканынан кайтпайт», - дейт.

Ал эми Украинанын дүйнөлүк стратегиялык институтунун анализчиси Вадим Карасев «Азаттыка» берген маегинде: «Ниязовдун өлүмү, Борбордук Азияны кошпогон күндө да, мурдагы советтик жеринин чегинде газ боюнча геосаясатты бузуп, анын тең салмактуулугун өзгөртүп ийиши ыктымал», - дейт.

Ошондон улам азыр Киевде өтчү Владимир Путин менен Виктор Ющенконун ортосундагы талкуунун бири ушул болушу да ыктымал дейт. Андай болгондо Маскөөгө чындап эле оор учур келерин FT макаласында жазат: «Газпром» өздөрүн көгүлтүр отун менен камсыз кылууну тапшырмасын арткан чет өлкөлүк газ жагуучулар алдында милдетин аткара келгенде («Газпром» - ММ) Түркмөнстандын арзан газынын ордун толтура албай, ага (Ашгабадга – ММ) көз карандылыгы барган сайын артып олтурат», - деп жазат.

Мындай ойду орусиялык саясий чөйрөдө пикирлер да ырастап тургандай: «Түркмөнстандын ички саясатында кандай гана абал болбосун, Орусия үчүн, Түркмөнстан менен биздин мамилебиз өнөктөш болуп кала бериши өтө маанилүү», - дейт белгилүү саясатчы Михаил Маргелов.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG