Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 21-январь, 2020 Бишкек убактысы 12:29

Экономика

Кыргызстан өкмөтүнүн жаңы жылга чукул кызматын таштап кетүүсү өлкөнүн экономикалык абалына чоң кедергисин тийгизди. Эмдиги жыл бюджети бекилбей, өткөн жылдын негизги экономикалык мыйзамынын кандай аткарылганы эл өкүлдөрүнүн талкуусунан өткөн жок. Буга кошумча, тышкы карыздардын жүгүн жеңилдетүү маселеси саясий талашка айланып чыга келди.

Өкмөт башчынын 1-орунбасарынын милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов эмнеликтен өкмөт кызматын таштап кетиш себебин жаңы Конституциядагы карама-каршылыктарга, мыйзам чыгаруу бийлигинин ачык-тымызын бут тосууларына байланыштуу түшүндүрдү.

- Ал өкмөттүн колу-жолун байлап койду. Мындай шартта өкмөт өз милдетин толук аткара албайт,- деп айтты Д.Үсөнов.

Анын ырасташынча, апыл-тапыл кабыл алынган Башмыйзам өлкөнү туңгуюкка кептелтти. Анын залакасы экономикага да тийип, ушу тапта 47 мыйзам долбоору парламентте каралбай турат.

«Реформалар үчүн» кыймылынын штаб жетекчиси Муратбек Мукашевдин ырасташынча, өкмөттүн кызматтан кетиши алдын-ала макулдашылган, биринчи иретте парламентти таркатууга багытталган аракет.

-Өкмөттүн кызматтан кетиши Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине басым көрсөтүү үчүн жасалган, алдын-ала ойлонулган иш болчу. 2006-жылдын ноябрында элдин талабы менен кабыл алган демократиялуу, прогрессивдүү Конституциянын жеңишин бийлик жокко чыгаргысы келүүдө. Өкмөттүн парламентте ХИПК маселесин талкууга коердо кызматын таштап кетиши жөн жерден болгон жок. Кимдир бирөөлөр өлкөнү дүйнөнү эң жакыр мамлекеттеринин катарына кошулуу жөнүндөгү келишимге кол коюшунан алaксыткысы келет окшойт.

Д.Үсөнов тышкы карыз жүгүн жеңилдетүү милдети азыркы өкмөттүн мойнуна түшкөнүн, маселени же оң, же жок деп чечүү зарылдыгын белгиледи.

Кыргызстан ХИПК программасына кирбесе өлкөнүн ар бир жараны ай сайын 0,5 доллардан акча чыгарып, болбосо Кумтөр алтын кенинин акциясынан түшчү 450 миллион доллар акчаны элге кредитке берип, анын үстөк пайызынын эсебинен карызды жабууга болор эле деген пикирин ортого салды.

Ал эми «Кумтөр» алтын кенинде болсо быйыл өндүрүш төмөндөп, жыл аягына чейин 9 тонна гана алтын казып аларын маалым кылды. Жалгыз кенге байланган экономикалык өсүш быйыл чеке жылытпаганы менен эмдиги, андан кийинки жылдары алдыга кескин өнүгүү болоруна ишенерин Д.Үсөнов жашырган жок.

- Тилекке каршы, Кумтөр бизди быйыл осол абалга койду. Эмдиги жылы бул жагынан биз үчүн жоготуу болбойт.

Өкмөттүн ичара келишпестигинин айынан жылына 1 миллиондон ашуун тонна продукция чыгарчу Кызылкыядагы Түштүк кыргыз цемент заводунун курулушу токтоп калды. Анын жөн-жайын Данияр Үсөнов мындайча сыпаттады.

- Бул суроого жооп жок. Сатыш болбосо бизнес болбойт. Банктар токтотуп салды. Өкмөт бул маселени чечиш керек.

Жаңы жыл алдында кадыресе курчуй түшкөн бийлик бутактарынын ортосундагы саясий тирештин жыйынтыгы кара кийик жылында ачыкка чыгып калышы ыктымал.

Өтүп бараткан жылы Евробримдик менен НАТОнун жыйындарында отун энергия коопсуздугу өтө көп талкууланган темалардан болду. Себеби, 2006-жылдын январында Россия капылеттен Украина менен Молдовага газды берүүнү токтоткондо, Батыш Европанын айрым шаарында газдын басымы азайып, элдин үрөйү учкан эле. Анткен менен, “Вашингтон Пост” гезитинин ырасташынча, Евробримдик жалпы энергетикалык саясатты иштеп чыга алган жок.

Россия жыл башында Украинага көгүлтүр отунду берүүнү токтоткондо, бир катар Европа өлкөлөрүнүн шаабайы сууй түшкөн эле. Анткени, Россиядан Батышка кеткен газ кууру Украина аркылуу өткөндүктөн, Вена, Рим жана Парижде газдын басымы азайып кеткен. Ошондо, европалыктар алардын энергия коопсуздугу Россияга да көз каранды экенине ынанып, отундун альтернативдүү булактарын издөө жөнүндө кызуу сөз кыла башташкан.

Ушундан улам былтыр Варшавада, Хельсинкиде жана Прагада энергетикалык камсыздоо маселесине арналган эларалык жыйындар өттү. Алсак, Прагада өткөн форумда Чехиянын өкмөт башчысы Мирек Топаланек Евробримдикти Россиянын газ жапырыгына каршы чогуу аракеттенүүгө чакырды:

-Россиянын кысымы чоң тынчсызданууларды пайда кылууда. Ошон үчүн Евробримдик энрегиянын мунай жана газдан башка түрлөрүн пайдаланууну токтотпостон туруп, жаңы жолдорду да издеш керек. Андай кылбасак чоң жаңылыштык болот. Мындай катачылыктар жүз жылдыкта бир жолу жасалат. Менин оюмча, бул- тагдыр чечүүчү жаңылыштык болот.

Үстүбүздөгү жылы Россиянын отун энергия секторуна инвестиция салган батыштык айрым компаниялар Кремлдин кысымы астында мунай-газ кендериндеги өз үлүштөрүн орус өкмөтү контролдогон компанияларга өткөрүп берүүгө аргасыз болушту. Алсак, атактуу “Шелл” корпорациясы дүйнөдөгү эң чоң эсептелген Штокман кениндеги акцияларынын теңин “Газпромго” тарттырып ийди.

Бул мисалды бетке тутуп, таасирлүү “Вашингтон Пост” гезити “ 25-декабрдагы санында
“энергетикалык коопсуздук” Евробримдик менен НАТОнун жыйындарындагы сүйүктүү темага айланганы менен, энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жаатында эч нерсе жасалбаганын өкүнүү менен белгилейт.

“Анын актап болбой турган бир себеби- бул Россиянын улам күч алып бараткан агрессивдүүлүгүнө каршы Евробримдиктин орток энергетикалык стратегияны жана саясатты иштеп чыгууга жөндөмсүздүгү болду”, деп тыянак кылат “Вашингтон Пост”.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG