Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 30-январь, 2020 Бишкек убактысы 00:40

Экономика

29-ноябрдан бери Бишкекте Кыргызстандын ХИПИК программасына киришине каршы жарандык уюмдардын каршылык акциялары өтүп жатат. 6-декабрда Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн алдына чогулган эки жүздөй улан-кыздар Эл аралык валюта корунун башчысы Родриго де Ратонун сөлөкөтүн сүрөтү менен кошуп өрттөштү. Дүйнөлүк Банктын өкүлчүлүгүнүн имаратын көздөй жумурткаларды ыргытышты. Жарандык уюмдардын нааразылык акциялары буга чейин Кыргызстандын Каржы министрлигинин алдында да болуп өткөн. Дүйнөлүк банктын Миссиясы ХИПИК программасына кирүү шарттары жөнүндө Кыргызстандын өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.







Бишкекте 29-ноябрдан бери «ХИПИК» программасына каршы нааразылык акция өтүүдө. Акцияга катышып жаткан «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова «Азаттыкка» маек куруп берген. Маекти Мээрим Султангазы кызы уюштурду.

“ХИПИКке” каршы нааразылык акция бүгүн уланат. Ага канча адам катышаары болжолдонууда жана кайсы уюмдардын өкүлдөрү катышат?

- 29-ноябрдан бери улантылып келе жаткан митингде “ХИПИК” программасына каршы болгон бир нече бейөкмөт уюмдар бар. Алардын арасында саясий партиялар жана бизнес сектордун өкүлдөрү бар. Алардын саны элүү менен жүздүн аралыгында болуп турат. Ал эми бүгүнкү нааразылык “Жаштар форуму” уюштуруп жатат. Алар саат бирде чыгышат. Ал эми күнүгө катышып жаткан бейөкмөт уюмдардын жана саясий партиялардын өкүлдөрүн биз бүгүн колдойбуз. Алардын акциясына барып, колдоп, алардын акциясын бирге өткөрөбүз.

- Эгерде “ХИПИККе” кошулуу чечими кабыл алынып калса, сиздердин мындан аркы кадамыңыздар кандай болот?

- “ХИПИКке” кошулуудан мурун ошол программага кирүүгө мажбурлаган Кыргызстандын карызы каяктан пайда болуп калды деген ой пайда болуп калды. Биз алдын ала изилдеп чыгып жатабыз. 1 миллиард 944 миллион доллардын 1 миллиардынан ашыгы максатсыз жумшалган акчалар болуп жатат. ХИПИК программасына чейин сырттан келген акчаларды иштетүү ушунчалык баш аламан жүргүзүлгөн экен. Бүгүн эч кайсы бир структура керектүү, так документтерди бере албай жатышат. Улуттук банк “Банктар жөнүндө” мыйзамды кабыл алган экен. Ал мыйзам коммерциялык банктарга тиешелүү. Ошол мыйзамга таянып туруп эч кандай маалымат бербей жатат. Ал эми Каржы министрлиги болсо ал программалар иш жүзүнө ашырылганда көбүнчө англис тилинде жүргүзүлгөн дейт. Ошолордун баары англис тилинде жүргүзүлгөн деген жоопторду беришкен экен. Ал эми Кыргызстанда расмий тил кыргыз тил болуп, ал эми официалдуу тил орус тили иштетилгендиктен эң болбоду дегенде орус тилинде жүргүзүлүшү керек эле. Ушундай баш аламандык көп.

Эгерде Кыргызстан “ХИПИК” программасына кирип кеткен убакта да жарандык коомдун өкүлдөрү ар бир сырттан келген акчалардын ар бир тыйыны кайсыл жакка жумшалган, эмне себептен карыз болуп калганын, кандай максатка жумшалганын изилдеп чыгып, карыздар боюнча өкмөттү дагы, донорлорду дагы көзөмөлгө албагандыгы үчүн сотко бергенге чейин Кыргызстандын жарандарынын укуктары бар.

- Сиздер жарандык коомдун өкүлдөрү, укук коргоочулар “ХИПИКке” каршы чыгып жатасыздар. Бул программа теориялык жактан Кыргызстандын тышкы карызын жеңилдетет деп айтылып жатат. Сиздердин каршы чыгып жатканыңыздардын себеби эмнеде жана ал программанын шарттары менен тааныштыңыздарбы?

-“ХИПИККЕ” кирүүнүн эки тараптуу шарты менен тааныштык. Биринчиси, Дүйнөлүк банктын Кыргызстанга коюп жаткан шарты. Ал эми Каржы министрлиги алган шарт жети бөлүктөн турат. Биринчиси, Кыргызстандын мамлекеттик башкаруусу программага коюлуп жатат. Кыргызстанды өзүбүздүн бийлик башкара албайбы? Андай кантип түшүнсө болот. Экинчиси, мамлекеттик каржылык башкаруу деп айтылат. Каржы башкаруунун ичине өкмөттөн бюджеттен акча алгандардын маянасы, пенсиялары, жөлөк пул башкача айтканда, каржылык тарабы кирип жатат. Үчүнчүсү, Кыргызстандын энергетикасы, төртүнчүсү тоо кен, суу байлыктары кирип жатат. Энергетика атайын бөлүнүп жазылган экен. Тарифти көтөрүү анын ичине шарт катары коюлуптур.

-Сиздер айтып жатасыздар шарттар менен тааныштык деп. Балким өзүңүздөрдүн бир сунушуңуздар бардыр тышкы карызды жеңилдетүү боюнча?

-Биздин сунуш эң биринчи улуттук идеология. Ар бир адамда патриоттук сезим болуш керек. Аны мамлекеттик башкаруучулар көтөрүп чыгыш керек. Экинчиси, Түштүк Кореянын жолун сунуштап жатабыз. Ички займдарды чыгаруу. Он жылдык, жыйырма жылдык, отуз жылдык ички зайымдарды чыгарыш керек. Эл бербей, ишенбей жаткан акчаларын ички займдарга коюууга шарт түзүп беришибиз керек. Андан башка Япония, Орусия сыяктанган кредит эмес, карызга, акча эмес, грант түрүндө колдоо көрсөтүп жаткан мамлекеттерден кол үзүп кетпешибиз керек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG