Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Экономика

Кыргызстан сыртка негизинен чийки зат чыгаруучу өлкө бойдон калууда. Өнөр жай өндүрүшү жакшы өнүкпөй, өлкө өзгөчө үмүт арткан «Кумтөр» алтын кенинин запасы азайып баратат. Энергетика тармагындагы кризис күчөгөндөн күчөп баратат. Өкмөт көмүр казып алууну көбөйтүп, энергетикалык кризистен чыгуунун жолун издөөдө.

Кыргызстандын өнөр жай, соода, туризм министри Алмаз Атамбаев өнөр жайынын абалы жылдан-жылга начарлап, өткөн жылы ал белгиленген чекке жетпей калышын буга чейин өнөр жай саясатынын болбогону менен түшүндүрөт. Быйылкы жылга ички дүң продукт көлөмүн 8% көбөйтүү ириде өнөр жай өндүрүшүнүн эсебинен жетишилмекчи. Иштеп жаткан өнөр жай ишканаларынын ишин жакшыртуу, токтоп тургандарын ишке киргизүү, жаңы заводдорду куруу алдагыдай милдетти ишке ашырууга өбөлгө түзмөкчү.

- Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча, өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөөсү 12% ашуунду түздү. Өнөр жайдын абалынын антип начарлап кетиши эң алды «Кумтөр» алтын кениндеги казып алуу иштеринин азайышына байланыштуу болду. Аны кошпогондо деле жалпы өнөр жайдын абалы 5% жакын төмөндөдү.

Өзгөчө оор абал энергетика тармагында түзүлдү. Өткөн жылы техникалык жоготуулардын көлөмү 21%, коммерциялык жоготуулардын көлөмү 36% жетти. Буга кошумча, Кыргызстандын коңшулары менен экономикалык алака-катышында айныксыз аргумент катары колдонулуп келаткан электр энергиясын жайкысын сатып алышпаса, кышкысын Токтогул суу сактагычынан сууну арбын кое беребиз принциби жакынкы жылдары суу кечпей калганы туру. Өзбекстан керектүү өлчөмдөгү сууну өз аймагында сактап калуунун аракетине киришти. Ошол себептүү эмитен кам көрүп, көмүр казып алуу тармагын өнүктүрүү зарылдыгы Өнөр жай, соода, туризм министрлигинин кенен жыйынында дагы бир ирет козголду. А.Атамбаевдин ырасташынча, он миллиондогон доллар акча коңшу өлкөлөрдөн Бишкек жылуулук борборуна көмүр сатып алууга кетет.

- Бул проблеманы адистердин айтуусунда «Каракече» көмүрү аркылуу гана чечүүгө болот. Мындай кенди Кыргызстандын башка жеринен табыш кыйын, балким андай кен табылбайт да болуш керек. Болгону бул жерде тартип орнотуу гана керек,- дейт Алмаз Атамбаев.

«Каракече» кайгайын өкмөт башчы Феликс Кулов да козгоду.

- Бул өзү сак-саламат организмди каптай баштаган коркунучтуу шишик сымал нерсе. Ал эмне үчүн чыгып калганын жактырбасак да, себеп-жөнүн түшүнүп алган оң,- деп сыпаттады ал азыркы бийлик чече албай жаткан маселеге кайсы бир деңгээлде философиялык өң-түс берип. Кыргызстан тоокенчилер ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев «Каракече» кенин басып алуучулар тууралуу кыйла эле ачык оюн ортого салды.

- Бу маселеде криминалга тиешелүү несенин баары чогулган. Басып алуу, талап-тоноо, кол салуу, депутаттын өмүрүнө кол салуу – баки-жогу жыйналган. Бирөөнүн мүлкүн басып алуу бар, бул мыйзам бузуу, экстремисттик аракет турат.

Орозбек Дүйшеев өкмөттүн токтому аткарылбай, күч кызматы эмдигиче чечкиндүү кадамга баралбай, заарканып отурганына таң калганын жашырган жок.

Толгон-токой проблемалардын төөбастысында калган өнөр жай өндүрүшү өткөн жылы мамлкекет казынасына 6 миллиард сом салык төккөн. Ички дүң продукттун 16% түзгөн тармакка салыктын болгон оорчулугу түшүп жатканы бул ирет да айтылды.

- Салык жыйноочу, бажы чогултуучу органдар өндүрүшчүлөрдөн 2,5 миллиард сом бөлүп калышкан. Аны казыналык менен акча жыйноочулар ээсине кайтарып берише элек. Бул эмне карызбы? Буга чейин ушунча акчаны мамлекет алганын айтсам кооз формачан аткаминерлер шмени шылдыңдап күлүшкөн,- дейт «Дастан» акционердик коомунун жетекчиси Султан Табалдиев мурунку бийлик тушунда өндүрүшчүлөргө кандай мамиле жасалганын мисалга тартып.

Жакындан бери коңулда иштөөдөн пайда чыкпасына көзү жеткен тигүүчүлөр патент системасына өтүүгө макул болушууда. Кийим тигүүчүлөр ассоциациясынын президенти Сапарбек Асановдун маалыматына караганда, жашырын цехтин чеберлери өткөн жылы Орусияга эле 4 миллиард сомдук продукция жөнөтүшкөн. Анын жарыбаган тыйыны казынага түшүп, калганы бажы, салыкчы, ишкерлердин чөнтөгүндө калган.

АКШнын Борбордук Банкынын төрагасы, 79 жаштагы Алан Гриинспин шейшембиде кызматынан кетти. Гриинспинди бул орунга президент Роналд Рейган дайындаган. Андан кийинки мамлекет башчылар да, экономикалык көз караштары бири биринен айырмаланганы менен, башкы банкирди алмаштырбоону эп көрүшкөн. Гриинспиндин 18 жылдык төрагалыгы өлкөнүн экономикалык экспансиясына туш келди.

Гриинспин Борбордук банкты жетектөөгө жаңы дайындалганда, ал экс-төрага Пол Волкердин ийгилигин кайталайт деп эч ким күткөн эмес. Анын үстүнө ал ишине киришкенден көп узабай АКШнын фондулук биржасы кыйрап, акциялар 23 процентке арзандап кеткен.
Бирок Гриинспин Волкердин жолун жолдоого кудуреттүү экенин көргөзүп, кризистен жапа чеккен банктарга жана финансылык институттарга ссуда сунуш эткен.

Бир катар өлкөлөр ири державанын экономикасына багыңкы экени белгилүү. Гриинспин Кошмо Штаттардын экономикасын стабилдүү кармап, дүйнөлүк экономикага да кыйыр түрдө жардам берди.
Маселен,дейт Пенсильвания университетинин профессору Аллан Мелтцер,- анын чечими менен 1998-жылы тарифтер кыскартылган. Муну менен Америка Азия жана Россиядагы валюталык кризистен өзүн гана коргоп калбастан, алардын экономикаларын калыбына келтирүүгө көмөктөштү:

-Төмөн тарифтер Америкада товарларга, анын ичинде импортко болгон талапты көбөйттү. Муну менен дүйнөлүк экономиканы, өзгөчө Азия экономикасын куткарып калууга өбөлгө түзүлдү.

Мындай пикирге Жорж Вашингтон университетинин экономика профессору Жэймс Миллар да кошулат.
Анын айтымында, мурдагы социалисттик өлкөлөр АКШнын Федералдык банкынын саясатынан жакшы пайда көрдү:


-Борбордук жана Чыгыш Европа жалпы Европадагы экономикалык ийгиликтерге көз каранды. Эски континент АКШнын саясатынан киреше таап жатса, анда Чыгыш жана Борбор Европа да утушта болот. Кандайдыр бир деңгээлде Россия да алардын экономикалык өсүшүнөн пайда табууда. Себеби, ал Европага газ менен мунайын сатат.

Кошмо Штаттары Кытайды улуттук валютасы, юандын курсун төмөн кармап, анын рыноктогу кубатын арттырууда деп күнөөлөп келатат.
Мындай сынга карабай, экономисттердин ырастоосунда, Кытай Гриинспиндин саясатынан көп эле киреше алды. Себеби, Банк америкалыктарга Кытайдын продукциясын сатып алууга шарт түзүүдө.

Гриинспиндин Федералдык банкты ушунча жыл башкарганын Миллар дагы бир фактор менен түшүндүрөт:

-Ал шамал кайдан сокконун жакшы сезип турчу. Кызматын сактап калыш үчүн Клинтондун салыктарды көбөйтүү демилгесин, андан кийин Буштун салыктарды кыскартуу кадамын колдогон.

Мелтцер болсо төрага кызматында калууну көздөп же президенттерге жагынайын дегенден алыс болгон деген пикирде.
Гриинспин 1999-жылы Клинтондун тушунда салыктарды көбөйтүүнү колдогондо, ал туура саясат деп эсептеген дейт Мелтцер.

Борбордук банктын жаңы төрагасы болуп Бенжамин Бернанке дайындалды. Ал буга чейин азыркы президенттин экономикалык кеңешчиси болуп эмгектенген. Бернанке өзүн Гриинспиндин шакирти жана жолдоочусу деп атайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG