Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Экономика

Амирбек Усманов, Прага Байдөөлөт өлкөлөрдүн мунай менен газга болгон талабы ылдам өсүп, өндүрүшчүлөр алардын керектөөсүн канааттандырууга үлгүрбөй жатат. Мунай жана газ өндүрүүнү көбөйтүү үчүн АКШ өкмөтү табигый ресурстарга бай өлкөлөрдү экономикасын тышкы капиталга кенен ачууга жана саясый реформаларды жүргүзүүгө түртүүдө. АКШнын Мамкатчысынын орун басары Энтони Уэйн дүйшөмбү күнү Брюсселде болгон жыйында Борбор Азиялык жана Каспий алкагындагы мунай жана газ өндүрүүчү өлкөлөр Вашингтон үчүн баалуу стратегиялык өнөктөр экенин баса белгиледи.

Мунай-газга болгон талап дүйнөнүн бакубат өлкөлөрүн жана экономикасы кубаттанып бараткан Кытай менен Индия ортосундагы отун энергия булагы, анын ичинде Каспий боюндагы кендер үчүн болгон күрөштү күчөтүүдө.

Бул маселе 22-майда Брюсселде дипломаттардын, Евробримдиктин жетекчилеринин жана журналисттердин катышуусу менен өткөн семинарда талкууланды. Дүйнөнүн эң ири керектөөчүсү АКШнын Мамкатчысы Энтони Уэйн отун энергиясына болгон тартыштыкты жана Каспий тарабындагы Борбор Азия өлкөлөрү жана Азербайжандын жардамы менен канааттандыруу мүмкүн экенине көңүл буруп, алар менен үзүрлүү иштешүү керек деди:

- Биз, ошондой эле, Евробиримдик дүйнөнүн мунай-газга бай бир катар өлкөлөрү менен, анын ичинде Борбор Азияда жана Каспий алкагында иштеп жатабыз. Биз Азербайжан менен отун энергиясы боюнча сүйлөшүүдөбүз жана реформанын жолдору, айлана чөйрөнү коргоо жана технологиялык маселелерди, инвестициялык жагдайды, энергияны коромжусу аз пайдаланууну талкууладык.

Энтони Уэйн- Мамкатчысынын экономика жана бизнес боюнча орун басары. Ал АКШ үчүн Латын Америкасынын да стратегиялык мааниси өтө зор экенин да белгиледи.

АКШ жана Батыш өлкөлөрү мурда Россияны мунай-газын саясый буроо катары колдонот, энергия булактарына Батыштык компаниялардын кирүүсүн чектейт деп сындашкан. Брюсселде мындай сындоолор Москванын ысмына айтылган жок. Уэйн, тескерисинче, Россия - чоң сегиздин учурдагы төрагасы катары глобалдык энергетикалык коопсуздукка астейдил көңүл буруп, өлкөнүн дүйнөлүк энергия рыногуна кошуулуусун жактаганын билдирди:

-Биз Россиянын глобалдык отун энергия базарына эркин экономиканын негиздеринде интеграция болуусун жактайбыз.

АКШнын Мамкатчысынын орун басары Россиянын коңшу өлкөлөргө отун энергиясын эл аралык базар баасында сатуу аракетин колдоп, базар баасына өтүү “чектелүү энергия булактарын сарамжалдуу пайдаланууга” шарт түзө турганын да айтты. Энтони Уэйн ошол эле учурда Кытай жана башка өлкөлөрдө жергиликтүү отун энергиясы атайылап ылдый баада кармалганын “административдик кийлигишүү” деп сынга алды.

Эларалык каржы уюмдарынын Кыргызстандын экономикалык стратегиясын аныктап алууга көмөк көрсөтүүсүнө арналган эки күндүк жыйын ишембиде соңуна чыкты. Он беш жылдык экономикалык реформалардын натыйжасы Кыргызстанды дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кошту. Эларалык каржылык колдоону арбын алган өлкө эми кандай саясат жүргүзүшү керек?

Кыргызстанда ушу тапта “ХИПК” демилгесине кирүү же кирбөө тууралуу жаалы катуу талаш жүрүп атыры. Өлкөнүн экономикалык негизги багытын аныктап алууга арналган эки күндүк жыйында мына ушул тема басымдуу орунду ээледи. Айрым парламент мүчөлөрү өкмөттүн буга чейин, азыр деле тыңгылыктуу программасы жок, ошондон сырттан келген карыз акчанын пайдасы аз болду деген пикирде. Депутат Болотбек Марипов:

- Өкмөт маанилүү чечимдерди шашып баратып эле кабыл алып келди. Анын көз алдында ашып барса эки жыл гана турду. Анын колунда республиканын экономикасынын өнүгүшүнүн биртоп жолдорун белгилеген документ болгон жок.

Бирок да мындай кескин пикирге азыркы өкмөттүн Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров макул эмес.

- Азыр ошол стратегияны бүтүрүп жатабыз. “Күчтүү аймак, күчтүү өлкө” деген аталышта программа иштеп жатабыз. Буюрса өлкөнүн 2010-жылга чейин өнүгүү стратегиясын күзгө чейин бекитип такташып алсак, андан кийин ушул жылдын аягына чейин болобу же эмдиги жылдын жайына чейин 2020-жылга чейинки өзүбүздүн стратегиябызды иштеп чыгабыз.

Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Марат Алапаев буга чейин эларалык каржы уюмдарынан алынып келген карыз акчалар натыйжалуу пайдаланылган жок, анын себеби биздеги адистердин тажрыйбасыздыгынан, мурда-кийин мындай ишке аралашпагандыгынан улам болду дейт.

- Менин оюмча, көп деле ыктуу пайдалана албай калдык окшойт. Анткени бардык проблемалар чечилген жок. Өзүңөр билесиңер, биртоп кредиттер убагында туура эмес пайдаланылып калынган. Бирок ал убакта биздин мамлекет, биздин адистердин жакшы түшүнүгү жок болгон окшойт, ошондон туура эмес пайдаланылып калды окшойт. Баарын эле жаман деп айтканга да болбойт.

Парламент спикери Марат Султановдун ырасташынча, азырынча өкмөттүн Кыргызстандын экономикалык стратегиясын так аныктаган программасы иштелип чыга элек.

- Өкмөттүн так иштелген программасын көрө элекпиз. Мисалы, 5 жылдан кийин кандай болот, 10 жылдан кийинкини көргүбүз келет. Бизде ошондой максат жок болуп жатат да. Мамлекеттин алдында кандайдыр бир так максаты болуш керек.

Эларалык каржы уюмдары менен кыргызстандык адистердин экономикалык жагдайды эки башкача кабыл алып, ачакей түшүнүп келатышканын Жогоку Кеңештин эксперти Мурат Шайымкулов айтты.

- Мамлекеттик экономикалык саясатты туура эле жүргүзүп келаткандайбыз. Либералдаштыруу, жеке менчикке өткөрүү, турукташтыруу, инфляцияны 4 пайыз деңгээлинен жогорку көтөрбөй кармап жаткандайбыз. Бирок да негизги экономикалык көрсөткүч - өнөр жай өндүрүшү жагынан эң арттабыз. Менимче, биз экономикалык саясатты өзгөртүшүбүз керек.

Эларалык каржы уюмдарынын өкүлдөрү Кыргызстан келишим шарттарын аткаруу жагынан дүйнөдөгү эң арттагы орунду ээлей тургандыгын, менчиктин корголушу жагынан да толгон-токой проблемалардын төөбастысында калып келатканын белгилешти. Мындан ары Кыргызстан кандай экономикалык саясат жүргүзөт? Көздөгөн максаты не? Бул суроолор азырынча жоопсуз турат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG