Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Экономика

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Мындан жарым жыл мурда Газпром көгүлтүр отундун баасын жогорулатып жиберген болсо, эми ошол эле монополист бааларды дагы кымбаттатканы жатат. 22-майда Газпромдун башчысынын орун басары Александр Рязанов "Коммерсант Украины" гезитине берген маалыматында биринчи июлдан тарта газ баасы бир миң кубометр үчүн 95 доллардан 120-130 доллардын дэңгээлине чейин көтөрүлө турганын билдирди.

Россия менен Борбор Азия газ бааларынын орто эсебинен түзүлгөн азыркы газ наркына Украина менен Россия январь айында макул болуп, эки өлкөнүн газ боюнча талашы убактылуу болсо да тынчып калган эле. Чатак Газпром газ берүүнү токтотууга бара турган болгондо гана чечилип, Украина газ таңсыктыгынан келе турган чыгашанын алдын ала алган.

Украин экономикасы ансыз деле катаал абалда. Европанын Кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын айтымында, өлкөнүн экономикалык өсүшү былтыркы 2,4проценттен быйыл 1,2 проценттин дэңгээлине түшүп калды. Маалыматтарга караганда, мындай төмөндөө импорттолгон газ баасынын кымбатташына байланыштуу болду.

Эгерде Газпром Украинага берилип жаткан газдын баасын дагы кымбаттатып жиберсе, анда өлкөнүн газ үчүн төлөгөн акчасынын көлөмү июлдан январга чейин 625 миллион доллардан 875 милиондун дэңгээлине чыгат. 31-майда Украин өкмөтү жергиликтүү керектөөөчүлөр бир миң кубометр газ үчүн дээрлик 83 долллардан төлөмөк болушканын эскертип, андан ары баалардын жогорулоосу болжолдонбой турганын билдирди. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында, газ баалары кеминде 19 процентке жогорулаганын эске алганда, көгүлтүр отундун мындан ары кымбаттоосу инфляциянын күч алуусуна түрткү болмокчу. Мындай экономикалык кыйынчылыктар президент Виктор Ющенкону өкмөт башына пророссиялык саясатчыны коюуга мажбур кылышы ыктымал.

Газ баасын кымбаттатпай, же кыйбаттоонун кенемтесин башка жолдор менен өндүрүп алууга Украинын дээрлик мүмкүнчүлүгү жок. Украинанын аймагы аркылуу батышка ташылып жаткан газдын транзиттик баасы үстүбүздөгү жылы алдыдагы 10 жылга бекитилген. Россиянын Кара Деңиз флоту тарабынан ижарага алынган Крым жерлеринин баасын көтөрүүдөн Ющенко Кремлдин каарына калбайын деп, кооптонот. Энергияны сарамжалдуу пайдалануунун үзүрү болсо 10 чакты жылсыз байкалбайт. Бааларды азыркы дэңгээлде сактап калуунун жалгыз жолу- Украинадагы газ куурларын Россияга ижарага өткөрүп берүү. Бирок республикада кескин сынга алынып келаткан Ющенко мындай кадамга бара албайт. Ющенко буга барбай турганын мурдатан эле айтып келатат.

Россия бааларды эмне үчүн дал азыр жогорулатканы жатат? Биринчиден январдагы макулдашуу алты айлык мөөнөткө гана түзүлүп, алты айдын ичинде газ баасы кайрадан бычылмакчы болгон. Бирок украин өкмөтү муну терс түшүнгөн шекилдүү. Анткени Ющенко газдын миң кубометр үчүн баасы азыркы 95 доллардын тегерегинде эң бери дегенде 5 жылга кала бере турганын айтып келди. Эми анын бул убадасына тура албай кала турганынан кооптонгон украин өкмөтү газдын баасын азыркы дэңгээлде сактап калуу үчүн колдон келген мүмкүнчүлүгүн жумшайт.

Россия газ баасын Чоң Сегиз өлкөлөрүнүн июлда өтө турган саммитинин алдында жогорулатканы турат. Муну менен Кремль дүйнө коомчулугуна өзүнүн геосаясий кызыкчылыгын коргоого чечкиндүү экенин көрсөтмөкчү. Экинчиден Россия мындай кысмак менен Украин өкмөт башына Россияга ыктаган саясатчынын келишине өбөлгө түзүүнүн аркетин кылууда.

2005-жылы премьер болуп турганда пробатыштык саясатчы Юлия Тимошенко Борбор Азиядан газ ташууда ортомчулук кылган РосУкрЭнергону украин рыногунан жок кылууну сунуш кылган. Россия Украинанын газга байланышкан маселеси саясатка байланыштуу экенин жашырбайт. 30-майда Россиянын Украинадагы элчиси Виктор Черномырдин бул проблеманын чечилишине Украина менен НАТОнун өз ара алакасы, Россиянын Кара Деңиз флотуна байланыштуу маселе жана Украина, Молдова, Грузия мүчө болгон ГУАМ уюмунун саясаты терс таасир этип жатканын айткан.

Майда эле Бишкекте жана Ысыккөлдө эл аралык туристтик жармаңкелер өтүп, бир катар келишимдер түзүлдү. Бирок өлкөдөгү саясый кырдаалды коңшу мамлекеттердин маалымат каражаттары терс чагылдырып, туристтерди үркүтүп жатышат. Деги быйылкы жайкы эс алуу сезонуна даярдыктар кандай?

Мурдакы бийлик туризм тууралуу көп айтышканы менен алгылыктуу аракеттер көрүлбөгөнүн, маселелер сөз жүзүндө гана калганын учурдагы бийлик өкүлдөрү айтып, бул тармакта иш башталды. Чыныда акыркы жылдары чет өлкөлүк туристтер кыргыз жергесине кызыгып келе баштады. Алар Кыргызстандын кооз жаратылышы, туристтик зор мүмкүнчүлүгү жөнүндө дүйнө коомчулугуна кабарлап, бул аймакта альпинизмди, аңчылык туризмди, экологиялык туризмди, рафтинг мелдештерин уюштурса болоорун белгилеп жүрүшөт.

Айрыкча май айында Бишкекте өткөн туристтик жармаңкеге 11 өлкөдөн 150дөн ашуун журналист келип, Кыргызстан менен жакындан таанышып кетишти. Ошондой эле чет өлкөлүк альпинисттер Кыргыз жергесиндеги бийик чокуларга чыгууга дилгир.

Ысыккөлдө эс алууну каалаган казакстандыктар менен орусиялыктар арбын болгону менен өлкөдөгү тынчтык митинг- жыйындарын туура эмес чагылдырган маалымат каражаттары аларды чочутуп турган учуру. Бул жагдай тууралуу Кыргызстандын өнөр жай, соода жана туризм министринин орун басары Турусбек Мамашев мындайча билдирди:

"Дүйнө коомчулугу Кыргызстан жөнүндө өтө аз билишет. Маалыматтан аксап турабыз. Реклама, маркетинг кызматын колго алууга колдон келишинче аракет кылып жатабыз. Ал үчүн каражат керек экен. Казакстандын айрым маалымат каражаттары “кара пиар” туристтерди үркүтүп жатышат. Мындай маалымат согушуна биз да жооп кылып, бир жума Алматы, Астанада түшүндүрүү иш- аракеттерин жүргүзөбүз. Кыргызстандын туризм тармагына эларалык уюмдардын жардамы, колдоосу керек болуп турат."

Жергиликтүү калк дагы туризмдин маани- маңызын түшүнүп калды. Жайкы эс алуу мезгилинде ысыккөлдүктөр туристтерди кабыл алуу менен киреше таап, үй бүлөсүн багып жатат. Жакында эле Ыссыккөлдө өткөн туристтик жармаңкеде 50 миллион сомдон ашуун каражатка келишимдер түзүлүп, эс алуучу жайлар сезонго даяр экенин билдиришти.

Кыргызстанда туризмдин бардык түрлөрүн өнүктүрүүгө негиз бар, бирок айрым эс алуучу жайлардын шарты начар, баасы кымбат экенин, коңшулар менен тыкыс иштөөнүн зарылдыгын Жогорку кеңештин депутаты Болот Шерниязов белгиледи:

"Туризм- деген чоң бизнес. Биздеги эс алуучу жайлар, турфирмалар кирешелерин жаап жашырып, эки бухгелтериялык эсеп жүргүзүшүп, салыктан качып, өздөрүнүн гана чөнтөгү үчүн иштеп жатышат. Өлкөбүзгө келген туристтердин, альпинисттердин так санын билүү мүмкүн эмес. Анткени, учет жана көзөмөл жок. Чет өлкөлүк туристтер элден мурда экологиялык сертификатты сурап, сервиске өзгөчө көңүл бурушат. Биздин айрым эс алуучу жайлардын шарты менен баасы дал келбейт. Ошондуктан казакстандык журналисттер туура сын айтып жатышат. Аларга терикпей иштөөбүз керек."

Чынында былтыр Ысыккөлдө эс алуучулардын саны кескин азайган. Өткөн жылы чет өлкөлөрдөн 650 миң турист Кыргызстанга келген. Быйыл болсо 1 миллион туристтин келиши күтүлүүдө дешет адисттер. Жайында туристтердин көңүлүн буруу максатында Соңкөлдө эл аралык фольклордун фестиваль өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG