Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Экономика

Курулуш жаатында коррупцияга каршы кандай күрөш жүрүп жатат, ага өбөлгө түзчү жагдайлар жоюлдубу? Архитектура жана курулуш агенттигинин өкмөт жыйынындагы отчетунда мына ушул талылуу маселе талкууланды.



Агенттиктин жетекчиси Ишенбай Кадырбековдун ырасташынча, тармактын коррупцияланышына мамлекеттик курулуш кызматынын экиге бөлүнүп калышы өбөлгө түзгөн.

- Эки мамлекеттик курулуш, бир көрнөктүн алдында, бирине-бири баш ийбеген эки структура иштеп келди. Бул биртоп адашууларга алып келди. Билесиздер, ылайланган суудан балыкты кармоо оңой.

Архитектура жана мамлекеттик курулуш тармагында иштегендердин айлык маянасы аз. Ошол себептүү адистердин көбү ишин таштап, кесибин алмаштырып кеткен учурлары аз эмес. И.Кадырбеков коррупция иш көзүн билбеген, чала-моңол кызматкерлердин катарынан арбын чыгат деп эсептейт.

Жарыбаган маянанын көзүн караган адистерди кармап турган «майталкан» - уруксат берүү кагаздарын тейлеп-тескөө укугунун берилиши. Ошондон өкмөт башчы курулуш иштерин тейлөө кызматын жеке колго берүү демилгесин жактырат. Анын айтуусунда, андай жаңылык бара-бара мамлекеттик автоинспекциянын айдоочулук күбөлүк, техникалык паспорт берүү кызматтарына да жайылышы ыктымал.

- Долбоорчулар жеке колго өтүшкөн. Эмне үчүн биз уруксат берүүнү жеке колго өткөрүп, силерге көзөмөл кылуу кызматын гана калтырбайбыз?

Феликс Кулов курулуш баштоого уруксат берүү түйшүгүн жеке колго өткөрүп берүү коррупциянын тизгинин тыяр эле деп эсептейт. Курулушчу уруксат кагазын бири-бирине атаандаш жеке колдон алып, ортодогу мамлекет чөнтөгүнө түшпөй өтүп аткан акчалардын кыйласы салык катары казынага чегерилмек.

Курулуш тармагынын жетекчилеринин көңүлүн өйүгөн дагы бир маселе ушу тапта көп кабаттуу үйлөрдү салууга жетиштүү даярдыгы жок чала-моңол адистердин кабат-кабат үйлөрдү тартынбай салып жатышы.

- Курулуш, бош жер көрсө эле уруксат берип куруп жатышат, даяр үйгө улап кургандар көбөйүүдө. Айрым бир соода борборлору, байлар үчүн салынган үйлөр болбосо жаңы курулуш деле жок дээрлик,- дейт Феликс Кулов.

Коррупциянын тизгинин тартыш үчүн ириде курулушка уруксат берүүчү кызматкердин айлык маянасын азыркы 700 менен 1500 сомдун тегерегиндеги акча менен чектебей көбөйтүү керек. «Бишкеккурулуш» фирмасынын жетекчиси Аскар Молдобаевдин айтуусунда, ансыз коррупцияны азайтыш кыйын.

- Уруксат кагазын берчү киши экономикалык жактан эч кимге көз каранды болбошу зарыл. Бул албетте, аксиома. Бирок да 700 сом алган киши уруксат кагазына кол коюп жатып акча албай коет деш кыйын.

Архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчи орунбасары Төлөбай Кеңешов базар экономикасы жаңыдан башбагып жаткан чакта жеке ишкердикке жол ачуу үчүн эски үйлөрдү ыңгайлаштырууга көп жол берилип кеткендигин ырастады.

- Ал эми өткөн этап болуп калат го. Турган үйлөр тура берет.

Биртоп убактан бери өкмөт министрликтер менен ведомстуктарда коррупцияга каршы кандай иш-аракеттер жүрүп жатканын талкуулап келатат. Чоң жыйындардын баарында бийлик башында тургандардын коррупцияга малынбаганы, алдым-жуттумдук бийлик тепкичинин төмөнкү катмарында жолугары айтылат. Парламент депутаты К.Байболов коррупция тууралуу алдагыдай арадай жерге чарадай сөз кылып отурбай, тизгинин тартып коюштун жөнөкөй жолу бар дейт. «Өзүң алба, өзгөлөрдү да алдырба!»

Экономика Фергана ру сайтынын тараткан маалыматына караганда, Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматы мамлекет жарандарына сырткы мамлекеттерден которулуп жаткан акчаларды тыкыр көзөмөлгө алууда. Мисалы, Вестерн Юнион акча которуу кызматынын кардарларды күттүрүп коюп аткан жайгдайларына жергиликтүү укук коргоочулар, айрым маалымат каражаттары шектенүү менен карашууда.

Банк кызматынан пайдаланган кардарлардын ысымдары, ага байланышкан маалыматтар жашыруун сыр деп эсептелинет. Башка өлкөлөрдөгүдөй эле Өзбекстанда да банк сырларын атайын кызматтардан бөлөк тараптарга берүүгө тыюу салынган.

“Бирок, банк сырларын ачуу Өзбекстанда кадимки эле адатка айланып баратат окшойт”-деп боолголойт Фергана Ру сайты. Аталган сайт “Вестерн Юнион” кызматы өлкөнүн коопсуздук кызматы менен алака түзгөндөн бери, бул банктын кызматынан пайдаланып жаткан кардарлар жөнөтүлгөн акчаларды өз маалында ала албай жатканын маалымдайт.

“Азаттык” радиосу бул жагдайдын чоо-жайын тактоо максатында “Вестерн Юнион” кызматынын Өзбекстандагы өнөктөшү “Камкорбанктын” Анжыяндагы бөлүмдөрүнүн бирине телефон чалганда, бөлүмдөгү өз атын атабаган өкүлү айтылып жаткан сөздөрдүн эч негизи жок экендигин билдирди.

Банк өкүлү : “ Жок. Андай болушу мүмкүн эмес. Адамдар келет, өздөрүнө жиберилген акчаларды алып кетет. Болгону, акыркы убакта акча жөнөткөндөрдүн саны көбөйө баштагандыктан, адамдар кезекке туруп калып жатышат. А бирок, коопсуздук кызматтары банктын бул багыттагы ишмердигин текшерүүгө акылуу”, –дейт банктын өкүлү.

Чет өлкөдөн банк аркылуу акча алып жаткандардын абалы туурасында маек куруп, буга чейин Өзбекстандагы адам укуктарын коргоо уюмунун өкүлдөрүнүн бири Умида Ниязова “Азаттыкка” ушул өңүттөгү кырдаалга өзү да туш болгонун төмөнкүдөй баяндаган болчу:

Умида Ниязова :"Ушул жылдын башында “Вестерн Юнион” банкы аркылуу акча алганым үчүн салык инспекциясына чакыртышты. Ал акча үчүн декларация толтуруп, анан салык төлөшүм керектигин айтышты. Мындан тышкары ал жерде мен сыяктуу бир нече укук коргоочулардын, журналисттердин ысымдары жазылган тизмени да көрдүм. “Бул тизмедеги маалыматтар кимден, кантип алынды?-деп сурасам, аердегилер “жогору жактан жиберилди”деп айтышты,- деп айткан эле укук коргоочу Умида Ниязова мындан мурда Азаттык радиосуна.

Өзбекстандын Коопсуздук кызматынын Анжыян облусундагы бөлүмүндө иштеген, өз ысмын ачык атагысы коопсуздук кызматкер Фергана ру сайтындагы жарыяланган маалыматтарды төгүндөдү:

“Биз мындай иштер менен шугулданбайбыз. Бул маалыматты сиздерге ким берсе да далили жок маалыматтар. Эгер ошончолук эле ишенбөөчүлүк болсо, чет өлкөдө туруп алып биздин өлкөдөгү ар кандай диний уюмдарды акча менен камсыздап турган шектүү байланыштар текшерилиши мүмкүн. Мына Англияда жүрүшпөйбү, өлкөбүздү сатып, өзүнчө төңкөрүш кылууну каалаган жүзү жок адамдар. Бу жакта иштин баарын жайлап коюп, эми чет өлкөдө туруп алышып ар кандай банктар аркылуу акча жөнөтүп жатышат”- деди коопсуздук кызматынын өкүлү.

Ал эми коңшу Кыргызстанда чет өлкөдөн акча которуу сыяктуу иш чаралар базар экономикасынын шартында жашаган Батыш өлкөлөрүндөгүдөй эле ээн-эркин жүргүзүлүүдө. Маселен сиз Орусиядан же Европадан “Вестерн Юнион” сыяктуу фирмалар аркылуу акча которсоңуз, 20 мүнөттөн жарым саатка чейинки кыска аралыкта тиешелүү кардар жиберген акчаны Кыргызстандагы акча алмаштыруу жайынан же банктан ала аласыз. Кыргызстандагы кардарлар коншу Өзбекстандагыдай кысымга жана тоскоолго кезиккен, кодуланган учурлар буга чейин болгон эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG