Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Экономика

Быйылкы жылы түштүктө пахта жылдагыдан аз айдалары маалым болду. Буга эң биринчиден акбула баасынын --> http://azattyk.kg/rubrics/economics/ky/2008/04/1F691054-49EF-4E34-87DD-1ED4925AC368.asp өтө арзан болуп, дыйкандардын жумшаган мээнети акталбай калып жаткандыгы себеп болууда. “Адам жана базар” экономикалык түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышы мына ушул маселеге арналды.

Кыргызстанда буудайдан кийинки эле айдоо аянттарын пахта ээлейт. Быйылкы жылы пахта 36,9 миң гектар жерге айдалмакчы. Бул өткөн жылга салыштырмалуу бир аз көбүрөөк болгону менен мурдагы жылдарга караганда өтө аз. Адистердин айтуусунда, пахта айдоонун азайып кетүүсүнө акбула баасынын төмөндөп кеткени себеп. Алар пахтанын сорттуулугу менен катар эле түшүмдүүлүгү да ылдыйлап кеткендигин белгилешет. Ал эми дыйкандар пахта айдоодо эң негизги: баягы эле үрөн, күйүүчү май, минералдык жер семирткичтер жана сугат суу маселе болуп жаткандыгын айтышат.

Пахтанын сорттуулугу менен түшүмдүүлүгү да төмөндөдү деген пикирлерге дыйкандар да кошулушат. Союз мезгилиндеги пахтанын үрөнүн жыл сайын жакшыртып, чыгарып туруучу үрөнчүлүк чарбалары биринин артынан бири жок болгон. Ошондуктан, пахтакерлер да башка дыйкандардай эле өздөрү айдаган пахтанын чигитин чыгарып алып, үрөнгө пайдалануудан башка айласы жок. Бул албетте түшүмгө терс таасирин тийгизбей койбойт.

Ушул тапта дыйкандар пахта себилүүчү айдоо аянттарын айдатып, малалатып тегиздеп, эгин эгүүгө даярдап атышат. Жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн өкмөт тарабынан бөлүнүп берилген 1600 тонна күйүүчү май түштүктүн айрым жерлерине эчак жеткирилсе да, ал дыйкандардын баарына жетпей, кошумча көйгөй жаратууда.

Баягы эле үрөн, күйүүчү май, техника...

Жалпы Кыргызстан боюнча Жалалабат облусу пахтанын кени деп эсептелет. Жалалабат облусунун көпчүлүк райондорунда пахта айдалат. Облуста пахта эгүү иши жер жылыганда же эмки айда башталат. Ушу тапта пахта өстүрүлүүчү талааларга суу баруучу канал-арыктар тазаланып, жазгы талаа жумуштары эрте башталуучу Кызылжар жана Бүргөндү өрөөндөрүндө жер аянттары тегизделип, өткөн күздө үлгүрбөй калган дыйкандар жерин айдатып жатат.

Кыргыз өкмөтү тарабынан облустун дыйкандарына быйыл 1600 тонна күйүүчү май бөлүндү. Анын литринин баасы 20 сом 50 тыйындан же күйүүчү май саткан жайларга караганда баасы 1-2 сомго арзан. Облус боюнча өткөн жылдагыга караганда 1600 гектар аянтка пахтаны коп эгүү жагы болжолдонгон. Бул тууралуу облустук бийликтин агрардык жактан өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Жээналиев айтып берди:

-Пахта өстүрүүгө 2042 тонна үрөн керектеле турган болсо, бүгүнкү күнгө анын 100 тоннадайы жетпей турат. Бирок жетишсиз болгон чигитти ишкерлер аркылуу коншу өлкөдөн сатып алуу ишеними бар. Чигит экчү техникалар даяр. Былтыр пахтанын килограммы 20 сомдон 23 сомго дейре сатылган.

Бирок дыйкандардын пикири боюнча кымбатчылык улам күчөгөн сайын пахта өндүрүүгө жасалган мээнет өзүн актабай калууда. Каражаттын тартыштыгынан, жер үлүштүү үйбүлөлөр жер тегиздөөдөн тартып, пахтаны терип, аны сатканга дейре иштерди болочок түшүмдүн эсебинен бирөөдөн алган карыз акчасына иштетишет.

Сузак районундагы Ташбулак айыл өкмөтүнүн тургуну Арстан Жакыповдун үйбүлөсүнө бир жарым гектар жер тийген. Жер иштетүүгө адам күчүнүн жетишсиздиги менен суунун тартыш болуп, үрөн жана күйүүчү май, минералдык жер семирткич, уу химикаттар бааларынын кымбаттыгынан улам анын жери соңку эки жылдан бери иштетилбей келатат:

-Быйыл да пахта экпейбиз. Анткени анын баасы жыл этегине дейре арзан болуп, аны өстүргөнгө кеткен чыгымды актабайт.

Республиканын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер Акыбай Сооронбаев Ноокен районундагы “Кенч” акционердик коомун башкарат. Ал коомуна караган 170 гектар аянттын 20 гектарына гана пахта өстүрүүнү көздөп жатат. Ун-дан азыктары да кымбаттап бараткандыктан чарба элин нан менен камсыз кылуу максатында калган аянттарга буудай өстүрүлөт.

20 гектар аянтка голландиялык-швейцариялык “Биопахта” долбооруна ылайык экологияга зыян келтирбей турган, баасы кымбат пахта өстүрүлөт. Акыбай Сооронбаевдин айтымында, былтыр чарба өстүргөн пахта баасы 30 сомго жеткен. Башка чарбадагылар бир гектар пахтаны өстүрүүгө 16-17 миң сомдон каражат жумшаса, анын коому гектарына 7 миң сомдон гана чыгым кетирген. Бөлөк дыйкандардын пахтадан зыян тарткан себебин Акыбай Сооронбаев өлкөдө агрардык туруктуу саясаттын жоктугунан жана дыйкандардын корголбой калгандыгынан көрөт. Учурда жеке дыйкандар үчүн акча, үрөн, жер семирткич табуу маселеси оор болууда.

Пахта айдоо жагынан Жалалабаттан кийинки орунда Ош облусу турат. Оштун Араван, Карасуу райондорунун дыйкандары учурда пахта айдоого кам уруп жатышат. Быйылкы жылы Ошто 12 миң гектардан ашуун жерге пахта айдалары күтүлүүдө. Кыргыз өкмөтү быйылкы жылы дыйкандарга бардык жагынан жардам берип, жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн күйүүчү май, үрөн, минералдык жер семирткич жагынан көмөктөшүүгө аракет кылууда. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министринин орун басары Ахматжан Махамаджановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча пахтакерлерди колдоого да көп аракеттер болуп жатат.

Сапаттуу үрөн болбосо жакшы пахта кайдан...?

Союз мезгилинде Кыргызстан пахтанын эсебинен көп киреше алчу, түштүктөгү пахта айдаган райондордун баары бай болчу, деп белгилеген адис, айыл чарба илимдеринин доктору, академик Жамин Акималиев пахтанын сорттуулугун жана түшүмдүүлүгүн көтөрүү үчүн үрөнчүлүк чарбаларды колго алууга тийишпиз, дейт:

-Бизде жакшы үрөн бар, бирок баасы кымбат. Аны сатып алууга бардык эле дыйкандардын күчү жете бербейт. Ошондуктан, өкмөт жардам берип, күзгү түшүмдүн эсебиненби же башка жолдор мененби, дыйкандарга сапаттуу үрөн сатып алууга көмөктөшүүсү зарыл. Үрөнчүлүк чарбаны, сорт чыгарууну жана аны багуу, сатуу жагын жолго салмайынча, сөзсүз биздин дыйкандар алдыга жыла албайт.

Албетте ашып барса 100 миң тоннага чукул пахта алган Кыргызстан Кытай, АКШ, Индия жана Өзбекстан сыяктуу ири пахта державаларына тең келише албайт. Ушундан улам дүйнөлүк базардагы акбула баасынын өзгөрүшүнө Кыргызстандын пахтасы да таасирин тийгизе албайт. Ошондуктан жыл өткөн сайын пахта айдоонун азайып баратышы – мыйзам ченемдүү көрүнүш, дешет адистер.

Учурда өлкөдө жазгы талаачылык иштери кызуу жүрүп жаткан учур. Айыл жана суу чарба министрлигинин маалыматына караганда бүгүнкү күнгө чейин түштүк аймагында жаздык дан эгиндин 95 пайызы себилди. Кыргыз өкмөтү жазгы айдоо --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/E0C9360C-895E-4289-90D4-185E4C836EA0.asp иштерин жүргүзүүгө дыйкандарга күйүүчү майды арзан баада берүүгө аракет кылышаарын билдирген. Ал эми ысыккөлдүк, нарындык жана таластык дыйкандар болсо убада кылынган күйүүчү майды алигиче алалбай жаткандыгына нааразы.

Өткөн жылкы буудай таңсыктыгынан кийин кыргыз өкмөтү дан эгиндерин айдап-себүүгө өзгөчө көңүл бурууга ниет кылган. Мамлекет башчы Курманбек Бакиев да күздүк, жаздык айдоого негизги көңүлдү бурууну тиешелүү жетекчилерге тапшырып, жазгы талаа иштерин жүргүзүүдө дыйкандарга колдоо көрсөтүү үчүн “Айыл банктан” 100 миллион сом насыя бөлүүнү милдеттендирген.

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министринин бөлүм башчысы Аскарбек Сагынбаевдин “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражатка үрөн, күйүүчү май жана минералдык жер семирткичтер сатылып алынып, облустарга жеткирилип жатат:

-Бүгүнкү күнгө 940 тонна үрөн мамлекеттик өнүктүрүү фонду менен келишим түзүлүп камсыздалды. Мындан тышкары 10 миң куб күйүүчү майды сатуу боюнча тендер өткөрүлүп, 20 сом 50 тыйындан жер-жерлерге жеткирилип берилип жатат. Бирок бул жагдайда иш аксаңкы жүрүп жатат, 31-мартка чейин болгону 11,5% гана күйүүчү май алынды.

Бирок биздин жер-жерлердеги угармандардан алынган маалымат боюнча азырынча дыйкандар өкмөттүн колдоосун жакшылап сезише элек. Дан эгиндери эң көп айдоо максат кылынып жаткан Ысыккөл облусунда аба-ырайына жараша жазгы талаа жумуштары жаны гана башталды. Айыл чарба техникалары ремонттолуп даяр болгону менен өкмөт убада кылган көк майдын бир литрин да алыша электигин Аксуу районунун Керегеташ айылындагы фермер Канат Карыбаев “Азаттыктын” кабарчысына телефон аркылуу билдирди. Ал түгүл 1 литрин 20 сом 50 тыйындан эмес 22 сомдон айыл өкмөтүнө эбак төлөп коюшканын Канат Карыбаев кошумчалады.

Эгин айдоого киришип жаткан Ысыккөлдүк дыйкандар күйүүчү май жетишсиз болуп жаткандыгын белгилешет. Облуска өкмөттөн убада кылынган 1600 тонна күйүүчү май кечигип аткандыгын айтышкан дыйкандар нааразы.

Аба ырайынын катаалдыгына байланыштуу Нарын облусунда да дан эгиндери кечирээк айдалат. Бирок Нарында да күйүүчү майдын кымбаттыгы фермерлердин кабыргасын кайыштырууда. Нарын районундагы Четнура айлынын тургуну Кенжебай Кыдыров литрлеп көкмай чогултуп жатканын билдирди:

-Акыбал оор эле, былтыр кургакчылык болуп түшүм жакшы болбой калган. Үрөн менен май маселе болуп атат. Акимдер келгенде жардам сурасак, “жок” деп алакан жайышат. Мамлекеттик резервде да жок дешет. Жалдырап турабыз анан. Колдо бар тыйынга бир-эки литрден чогултуп атам.

Күйүүчү май маселеси Таласта да курч. Дыйкандар өкмөт убада кылган 20 сом 50 тыйындык күйүүчү майды күтүп отурушат. Карабууралык дыйкан Анарбай Корчубеков өкмөттүн убадасы быйыл дагы сөз жүзүндө калып кетпесе экен деп кабатыр болот:

-Эл менен эч кимдин иши жок. Салык, суу акысын, жер акысын төлөө учуру келгенде эле чуркап келишет “келе, акча” деп. Баягүнү губернатор келип айтып кеткен “жолдо келатат, 5-апрелге чейин келет. 20 сом 50 тыйындан беребиз” , -деп. Көрөбүз, күтүп атабыз ошону.

Ал эми түштүк облустарында дээрлик жаздык эгиндер айдалып бүтүп калганын айыл, суу чарба министрлигинен маалымдашты. Учурда түштүктө дыйкандар пахта жана башка жашылчаларды себээп жаткан учур. Түштүктүк дыйкандардын да кендирин кескен маселе: ошол эле күйүүчү май, минералдык жер семирткичтер жана айыл чарба шаймандары.

Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетов ушул тапта күйүүчү майдын таңсыктыгы тууралуу сөз болуусу мүмкүн эмес, деп эсептейт. Анын айтуусунда жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн даярдалган күйүүчү майдын литри 20 сом 50 тыйындан дыйкандарга четинен таратылып берилүүдө. Мындай жеңилдиктер үчүн өкмөт атайын тендер жарыялап, аны “Орусхимнефть” компаниясы утуп, көкмай менен камсыз кылууда. Бирок аны дыйкандарга түз жеткирүү механизми, шарты иштелбей, ортодо айыл өкмөтү, район акимчиликтери ортомчу болуп, литрине дагы 1-2 сомдон кошуп жатышат, деп түшүндүрдү Базарбай Мамбетов.

Быйыл өлкө жалпы боюнча 1150 миң гектардан ашуун жер четинен айдалып, иштетилип жатат. Анын ичинен 56 пайызы дан эгиндери, 6,4 пайызы картошка, 3,2 пайызы пахта айдалмакчы.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG