Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 27-январь, 2020 Бишкек убактысы 16:08

Экономика

Бажы союзу күчүнө киргенден бери чек арадан товар өткөрүү кыйын болуп калды.

Быйыл Бажы союзу коюп жаткан бөгөттөр Кыргызстандын түндүгүндөгү атактуу "Дордой" базарында, ал эми Өзбекстан менен чек аранын жабылышы түштүктөгү ири "Кара-Суу" базарындагы дүң сооданын көлөмүн кыйла төмөндөттү.

Борбор Азия өлкөлөрүндө базарлар аркылуу жүргөн дүң жана чекене сооданын жылдык көлөмү болжол менен 10 миллиард долларга жетери жөнүндө Дүйнөлүк Банктын докладында айтылат. Маселен, “2008-жылы базарлардын түйүнү аркылуу өткөн импорттун көрсөткүчү аймактын төрт өлкөсү: Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстандын жалпы импортунун кеминде бештен бир бөлүгүн түзгөн. Борбор Азиянын базарлары артта калган жыйырма жыл ичинде өнүгүү жараянынан өттү жана рынок экономикасынын ажырагыс бөлүгү болуп калды”, - деп белгиленет Дүйнөлүк Банктын “Жибек жана түгөнгүс базарлардын түймөгү: Базарлар жана ЦАРЕС өлкөлөрүндөгү соода интеграциясы" деген баяндамасында.

“Дордой” менен “Кара-Сууда” айланган акча

Бул интеграцияда акыркы жылдары кытай товарларын Борбор Азия өлкөлөрүнө жана Орусияга реэкспорттоочу аймактык борборго айланган Кыргызстандын “Дордой жана “Кара-Суу” базарларынын орду жогору экендигин эксперттер танбайт. Ошол эле Дүйнөлүк Банктын изилдөөсү 2008 –жылы Кыргызстандын Кытайдан алган импортунун 75% кайра коңшу өлкөлөргө жана Орусияга реэкспорттолорун көргөзгөн. Эки базардагы дүң сооданын ошол жылкы көлөмүн Дүйнөлүк Банк 2,7 миллиард долларга баалаган.

Мындан сырткары банктын эскперттеринин эсебинде “Дордой” менен “Кара-Сууда” коротулган каражат Кыргызстандын улуттук дүң өндүрүшүнүн болжол менен 33 пайыздайын түзгөн. Мындай цифралар АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги - ЮСАИДдин колдоосу менен адистердин тобу Бажы союзунун Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасири боюнча даярдаган отчетто айтылат. Ал эми Казакстандын экономикасы үчүн адистешкен “Силк Роуд интеллидженсер” интернет сайты келтирген маалыматтарга караганда, 40 миңден ашуун соода түйүнү же контейнер турган “Дордойдо” бир айлык сооданын көлөмү 330 миллион долларга жеткен учурлар болгон. Салыштыруу үчүн айта кетели, “Дордойдун” негизги атаандашы катары эсептелген Алматынын барахолкасында 15 миңден ашуун эле соода түйүнү же контейнер бар. Анткен менен эми кырдаал өзгөрүп жаткандай.

Соодагерлердин арыз–муңу

“Азаттык” радиосунун кабарчылары абалды билүү үчүн “Дордой” менен “Кара-Суунун” айрым соодагерлерине кайрылды.

Элизавета Аманбаева: Бизде Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстандан келип такай алган кардарларыбыз бар болчу. Алардын келиши абдан азайды. Азыр “Дордой” оор эле абалда турабыз. Бирок соодабыз азайганы менен салыкты мурдагыдай эле төлөп атабыз. Менин соодам, маселен 30-40 пайызга төмөндөп кетти.

Чынберди Шамшиев: Сырттан ишкерлер аз келип жатат. Соода 70 пайызга төмөндөп кетти десек да жаңылышпайбыз.

"Кара-Суу" базарында контейнерлер мурдагыдан эрте жабылат.
Анара Ахматуллаева: Апрелден баштан бажыканалар жабылган. Өзбекстандан мурда келип жүргөндөрдүн 5-10 % келсе да, милицияда иштеп жаткан адамдар, алардын ортомчулары чек арадан кармап алып, акчасын ошол жерден ала турган болушкан. Сатып алуучулардан бир, эки, үч киши жүрөт.

Дамира Турдалиева: Мурдагыдай көлөмдөгү соода жок. Азыр 10-20 миңге (доллар) да товарды коркуу менен алып келип жатабыз.

Халида: Ташкент, Бухара, Кокон, Анжиядагы соодагерлер менен сүйлөшсөк, беш-алты адам биригип алып, өздөрү Кытайга барып жатыптыр. Мурун "Кара-Суу" базарынан алып кетет эле. Биздин наркыбыз арзан болчу. Менимче, Кытайга чыгып үйрөнүп кетишкенден кийин биздин “Кара-Суу” базарыбыздын аларга кереги жок болот.

Реэкспорт кыскара берет

“Келечектин долбоору” корунун жетекчиси, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов Бажы союзунун Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасири боюнча иликтөө жүргүзгөн үч адистин бири:

- Бизде азыр Кытайдын бир килограмм товарына 20 цент бажы пошлинасы коюлат. Ошол эле учурда Казакстанда төрт доллар. Андыктан бизге кытай товары арзан кирип, тигүү цехтерин эске албаганда, биз салымыбызды кошпостон эле Казакстан менен Орусияга жөнөтчүбүз. Ага эми бөгөт коюлуп жатат. Кыскаруу мындан ары да күчөйт. Кытай товарлары Кыргызстан аркылуу эбегейсиз өлчөмдө өткөн учур бүтүп бара жатат. Андыктан биз да ойлонуп, экономикабыздын структурасын өзгөртүп, чечкиндүү кадамга барбасак, мындан ары биздин экономикалык өсүш эмес, жашоо туруктуулугу бүдөмүк болуп жатат.

Аскар Бешимов “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, алар Кытай товарлары менен дүң сооданын Кыргызстан ичиндеги көлөмү азайарын алгачкы иликтөөсүндө эле белгилешкен:

-Иликтөөдө ачык эле айттык. Айрыкча “Дордойдо” реэкспорт менен иштеген, дүңүнөн соода кылуучулар кыскарат. Бирок Бажы союзунун “Кара-Суу” базарына анча таасири тийбейт. Анткени “Кара-Суу” базары товарды көбүнчө Тажикстан менен Өзбекстанга сатат. Орусияга жөнөтүлгөн көлөм 5 пайызга жетпейт. Тажикстан менен Өзбекстан болсо Бажы союзуна кирбейт. Андыктан Өзбекстан чек арасын ачып же көзөмөлдү бир аз жумшартса, “Кара-Суу” базары мурдагы абалына жетет деп ойлойбуз. “Дордойдогу” соода болсо жылдан-жылга азаят.

Кыргызстандын Бажы кызматынын басма сөз катчысы Абдылда Малдыбаев "Азаттык" радиосуна берген маалыматына караганда, быйылкы жылдын алты айында былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард 366 миллион сом бажы төлөмү аз түшкөн. Бул былтыркыдан 32 пайызга аз дегендик.

Ошентип ири базарларда сооданын төмөндөшү эмгек рыногуна да терс таасирин тийгизип, жумушсуздардын санын көбөйтчүдөй жана бул жараян азыр жүрүп жатса керек.

Контрабанда жана көмүскө салым

Бажы союзунун Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасири боюнча ЮСАИДдин көмөгү менен даярдалган иликтөөдө келтирилген маалыматка караганда, Кыргызстандын эки ири базарында түздөн-түз иштегендердин саны 70 миңдей, ал эми буга кыйыр тиешеси барлар балким мындан беш эсе көп. Бул соода эң гүлдөгөн 2008 –жылды чагылдырат. Бул жылы Кыргызстандын маалыматы боюнча Кытайдан 770 миллион долларга товар импорттолсо, Кытайдын статистикасы боюнча алардын Кыргызстанга экспорту 9, 2 миллиард долларды түзгөн. Демек ортодо 12 эсе айрыма болуп олтурат.

Былтыр болсо эки тараптын статистикасындагы айырма 4-5 эсени түзгөн. ЮСАИДдин көмөгү астында жүргүзүлгөн иликтөөнүн авторлорунун бири Аскар Бешимовдун айтымында, кандай иликтөө болбосун расмий статистикага гана таянса чыныгы кырдаалды чагылдырбай калат. Андыктан Бажы союзунун Кыргызстандын реэкспортуна тийгизген кесепетин баалаганда, мына ушул жагдайды эске алуу керек:

-Иликтөөнүн бир негизги жыйынтыгы кандай гана иликтөө өткөрбөйлү, эгер официалдуу статистикага таянсак туура жыйынтыкка келбестгибиз. Анткени сооданын расмий көлөмү турмушка таптакыр дал келбейт экен.

Экономист, Келечектүү изилдөөлөр боюнча Бишкектеги борбордун директору Чыңгыз Шамшиевдин пикиринде, кыргызстандыктарга бир топ киреше берген реэкспорт көбүнесе контрабанданын эсебинен ишке ашырылып келгени жашыруун эмес. Андыктан мурда Кыргызстан аркылуу өткөн товар арзандыгы менен кызыктырса, эми башка жолдорду издөө керек:

-Маселе Бажы союзунун жаңы пошлиналарында эмес, контрабанда көзөмөлгө алынгандыгында. Мен түшүнгөндөн казак чек арасында эми буга жол берилбейт. Бирок контрабанда болгону менен биздин Улуттук дүң өндүрүш, анын көмүскө бөлүгү, биздин жарандардын кирешеси эле да. Эми кеч болсо реэкспорттук мүмкүнчүлүгүбүздү кантип сактап калабыз, ойлонушубуз керек. Соодагерлер кайсыл жакка умтулат? Жагымдуу шарт –жагдай бар жерге да. “Дордой” эмне менен кызыктырат. Мурда контрабанданын эсебинен арзан сатып алуу үчүн келишчү. Эми бул мүмкүн болбосо, башка нерсе менен кызыктыруу керек.

Эмне кылуу керек ?

Чыңгыз Шамшиевдин пикиринде, Кыргызстандын реэкспорттук мүмкүнчүлүгүн сактап калышы эки нерсеге көз каранды:

-Мениче бул жерде эң башкысы Кыргызстан үчүн атайын режим түзүү боюнча Бажы союзуна мүчө өлкөлөр менен сүйлөшүү жүргүзүү. Экинчиси, соода инфраструктурасын модернизациялоо. “Дордой” базарын караңыз, порттук кампага окшош, унаа токтото турган жери да жок. Мында жана түштүктөгү “Кара-Суу” базарында эбегейсиз акча табылганы менен инфраструктураны модернизациялоо үчүн дээрлик эч нерсе жасалган эмес. Көп убакыт өткөрүлүп жиберди. Эгер ушул багытта иш жүрсө реэкспорт боюнча кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөрдү сактап калууга болот. Көп нерсе Кыргызстан Казакстан, Орусия менен Кыргызстан жана Бажы союзу өлкөлөрү ортосундагы соода боюнча өткөөл же өзгөчө режим түзүүнү макулдаша алар-алалбасына көз каранды. Себеби биз дароо эле Бажы союзуна кире албайбыз, убакыт керек болот.

Чыңгыз Шамшиев кошумчалагандай, реэкспорт менен алектенген өлкөдөн, өндүрүүчү жана экспорттоочу өлкөгө да дароо эле айланып кетүү да мүмкүн эмес. Тышкы соодасында экспорт эмес, импорт басымдуулук кылгандыктан Кыргызстан Бажы союзуна кирүүгө азырынча даяр эместигин жакында Экономикалык жөнгө салуу министрлиги да билдирди. Маселе Казакстан менен Орусия Кыргызстан мүчө болгон Дүйнөлүк Соода Уюмуна киргенде барып чечилүүсү мүмкүн. Бажы союзунун таасири боюнча иликтөө жүргүзгөн Аскар Бешимовдун айтымында, өлкөнүн бул бирикмеге дароо кириши импорттолуп жаткан товарлардын баасы эки эсе кымбаттайт дегенди билдирет. Анткени Кыргызстандын бажы тарифтеринин орточо өлчөмү 5 % болсо, Бажы союзунуку 10,6 %. Ал эми импорттун кыскарышы бюджет кирешеси калат дегенди туюндурат. Реэкспорт төмөндөп жаткан кырдаалга ылайыкташууунун бир –эки жолу катары Кыргызстан, Аскар Бешимовдун пикиринде, эки негизги тармакты стимулдаштыруусу керек:

-Экономиканын кайсыл тармактарынын өнүгүүгө мүмкүнчүлүгү бар, ошолорду көтөрүүбүз керек. Ал биринчи иретте - айыл чарба, кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу. Абдан жакшы өнүгүп жаткан тармак – тигүү тармагы. Аларга жардам берип, протекционисттик чараларды колдонушубуз керек. Өндүрүшкө керектүү кездеме –жиптерге бажы төлөмүн нөлгө түшүрүүбүз абзел.

Аскар Бешимовдун айтымында, тигүү тармагы 2008-жылы 110 миллион, былтыр 90 миллион, быйылкы жыл ичи экспортко 80 миллион доллардык товар чыгарууга жетишти.

Экономикадагы кыйчалыш кырдаалдан улам өкмөт кайтарымсыз жардам издөө менен катар эл аралык каржы уюмдарынан бюджет таңкыстыгын жабуу үчүн жаңы насыяларды алууга аргасыз болуп жатат. Ал акчанын эсебинен учурдун маселелери чечилгени менен мамлекеттик тышкы карыздын өсүүсү өлкөнүн келечеги үчүн коркунучтуу эмеспи?

Кыргызстан эгемендигинин алгачкы он жылында бир бөлүгүн адегенде күнүмдүк турмуш-тиричиликти каржылоо, бир бөлүгүн айрым инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, балким бир бөлүгүн бийлик башындагылардын жөн эле тажрыйбасыздыгынан улам топтоп алган тышкы карызды азайтуунун аргасын көрүп келе жатканы менен ал тынымсыз өсүү үстүндө бара жатат. Каржы министрлиги тараткан соңку маалыматка караганда, пессимисттик божомол боюнча ушул жылдын соңуна карата тышкы мамлекеттик карыз Улуттук дүң өндүрштүн 68%на, оптимисттик божомол боюнча 63%на барабар болот. Бул көрсөткүчтүн азайышы же көбөйүшү эл аралык донорлор Кыргызстанга бөлүүгө убада кылган каражаттын насыя же кайтарымсыз жардам – грант түрүндө келишине көз каранды. Ушу тапта болсо тышкы карыз Улуттук дүң өндүрүштүн 56%ын түзүп турат. Ал эми Улуттук дүң өндүрүштүн көлөмү азырынча эң жогорку деп эсептелген 2008 –жылы 5 миллиард доллардан ашкан.

Аргасыздык жана тобокелчилик

Франциядагы Гренобль университетинин бүтүрүүчүсү, Перспективалык изилдөөлөр боюнча Бишкектеги борбордун директору Чыңгыз Шамшиевдин пикиринде, экономикадагы азыркы оор шарттарды, бюджетке түшүүчү төлөмдөр азайары күтүлүп, ошол эле учурда чыгаша өскөндүгүн эске алганда, тыштан карыз алуудан башка арга жоктой. Бирок өлкөдө ал рационалдуу пайдаланылбашына өбөлгө берген жагдайлар али сакталууда:

-Өлкөдө кырдаал жөнөкөй эместигин, саясий талаа өзгөргөндүгүн, институционалдык трансформация орун алганын эске алганда бул таң калыштуу эмес. Бирок өлкө акчаны ушундай шартта алып жатканын эске алганда, бул акчанын белгилүү бир, балким басымдуу бөлүгү рационалдуу эмес пайдаланылуу тобокелчилиги жогору. Бирок экинчи жагынан мындан башка арга жок экендигин да унутпоо керек.



Акыркы ирет мамлекет кепилдиги менен ири өлчөмдөгү карыз Орусиядан алынган. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги 300 миллион доллар өлчөмүндөгү ал акча өнүгүү долбоорлору үчүн гана жумшаларын убада кылган. 300 миллион доллардын 100 миллиону Камбар Ата -2 ГЭСинин курулушу үчүн ажыратылган болчу. Калганы Кыргызстандын Өнүгүү корунун карамагына берилген эле. Эми каржы министринин орун басары Самат Кылжыевдин өткөн аптадагы жарыясына караганда, ошол орусиялык насыянын калган 186 миллион доллары бюджеттин таңкыстыгын жабуу үчүн жумшалат. Башкача айтканда өнүгүү үчүн эмес, учурдагы муктаждык үчүн сарпталат

Алгачкы президент Аскар Акаевдин бийлигинен мураска калган 2,2 миллиард доллар өлчөмүндөгү тышкы карыз ошол орусиялык 300 миллион доллардын эсебинен көбөйгөн эле. Ушул жылдын экинчи чейрегинин жыйынтыгы боюнча тышкы карыздын жалпы өлчөмү, каржы министрлигинин интернет сайтындагы маалыматка караганда, 2 миллиард 700 миллион доллардан ашуун. Эгер анын ишке жарамдуу делген 2 миллион адамдын жанбашына бөлсөк 1350 доллардан, ал эми кары –жашына карабай 5 миллион адамдын жан башына бөлсөк 540 доллардан тиет дегенди билдирет.

Жаңы насыялар

Ушул айда Эл аралык валюта корунун Аткаруу кеңеши Кыргызстанга 33,7 миллион доллар насыя ажыратуу чечимин жактырды. Кордун жарыясына караганда, насыя үстөк пайысыз берилет. Бул аптада болсо Азия өнүгүү банкы менен андан 100 миллион доллардык чукул жардам алууну караган келишимге кол коюлду. Аталган банктын жарыясына караганда, бул акчаны 51,5 миллиону кайтарымсыз грант, 48,5 миллиону насыя түрүндө берилет. Каражаттын 40 миллион доллары бюджетти колдоо, 28 миллиону Түштүктөгү турак –жай курулушуна, 27 миллиону инфраструктуралык долбоорлорго жумшалат. Өкмөт эми Дүйнөлүк банктан да насыя жана грант күтүүдө.

Опуртал чек бар, бирок ….

Казакстандык экономист Канат Берентаевдин айтымында, эл аралык практикада тышкы карыз деңгээлинин Улуттук дүң өндүрүшкө эсептегенде 60%га чыгып кетүүсү өтө коркунучтуу чек деп эсептелет:

-Эгер эл аралык практика боюнча карасак, 60% эле коркунучтуу чек деп эсептелет, өлкө дефолт болуп калышы, өзүн дефолт деп жарыялоосу мүмкүн. Бул улуттук коопсуздук үчүн коркунуч туудурат. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн бир канчасында кездешкендей, улам кийинки карыздар өнүгүү үчүн эмес, мурдагы карыздарды, алардын негизги суммасын жана үстөк пайыздарын төлөө үчүн алынган. Кыргызстан мына ушундай кырдаалга да кабылышы мүмкүн.

Тышкы карыздын коопсуз деңгээли боюнча белгилүү бир критерийлер бардыгын Перспективалык изилдөөлөр боюнча Бишкектеги борбордун директору Чыңгыз Шамшиев да белгилейт. Бирок анын пикиринде, муну универсалдуу жобо эмес, ар бир өлкөнүн өзгөчөлүгүнө жараша кароо керек. Мындагы негизги маселе алынган акчанын кандай пайдаланышында:

-Ар бир өлкөнү жекече кароо керек. Мен 60%ды Кыргызстан үчүн опурталдуу чек деп эсептебейм. Мында өлкө туш болгон конкреттүү кырдаалды эске алуу керек. Эгер өндүрүштүн, сооданын деңгээли төмөндөп жатса, мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүн мурдагы көлөмдө кармоо керек болсо бюджеттин таңкыстыгы менен катар ички жана биринчи кезекте тышкы карыз да өсөт. Кыргызстандын азыркы экономикалык шартында муну жасоо зарыл жана андан качуу да мүмкүн эмес. Бирок кайра эле ошол акчалар кандайча жумшалат деген суроону коюу керек. Ал каражат бизнестин өнүгүшүнө, кредиттөөнүн өлчөмү көбөйүшүнө, инфраструктуралык долбоорлорго жумшалуусу абзел. Азыр мына түштүктөгү облустарды калыбына келтирүү жүрүп жатат. Маселен ушул жерде акчаны жергиликтүү өндүрүүчүлөргө артыкчылык бергидей планда жумшалуусун камсыздоо зарыл. Мен тышкы карыздын Улуттук дүң өндүрүшкө карата көрсөткүчүнүн өсүшүнөн олуттуу коркунучту көрбөйм. Мейли 80% болсун, эгер ошол карыздын негизин түзгөн акчалар экономикалык өнүгүү үчүн жумшалса. Эгер ал акча кайрадан эле уурдалса, белгилүү бир чиновниктердин четтеги банк эсептерине түшүп калса, албетте биздин өлкө үчүн чоң проблема болот.

Жон Эндрю (John Andrew) - Британиядагы “Economist Intelligence Unit” иликтөө уюмунун Кыргызстан боюнча талдоочусу. Ал “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде белгилегендей, Улуттук дүң өндүрүшкө эсептегенде Кыргызстандын тышкы карызынын көрсөткүчү жогору экендиги талашсыз. Бирок бир артыкчылыгы ал карыздын эл аралык каржы базарынан жана коммерциялык структуралардан эмес, көп тараптуу агенттиктерден алынгандыгында:

-Эл аралык деңгээлде салыштырганда жогору экендиги чын. Бир жакшы жери тышкы карыздын басымдуу бөлүгү, балким 60%дайы көп тараптуу агенттиктерден жеңилдетилген шарт менен алынгандыгында. Үстөк пайызы, кайра кайтаруу шарттары тышкы карызы көп, бирок ал баалуу кагаз чыгаруу формасы аркылуу же эл аралык капитал базарынан, чет элдик банктардан алынган өлкөлөрдүкү менен салыштырганда Кыргызстандын туруму жакшыраак. Себеби ал карызды Азия өнүгүү банкынан, Дүйнөлүк банктан, Эл аралык валюта корунан алган. Төлөнүүчү үстөк пайызы салыштырмалуу арзан.

Айтканга оңой, ишке ашуусу кыйын демилге


Британдык “Economist Intelligence Unit” уюмунун Кыргызстан боюнча талдоочусу Жон Эндрюнун пикиринде, президент Роза Отунбаеванын тышкы карызды экологияны коргоого алмашуу механизми аркылуу жоюу боюнча өткөн аптада Улуттар уюмунда жасаган өтүнүчү Кыргызстандын учурдагы жагдайын эске алганда реалдуу эле маселе. Бирок кантип ишке ашырыларын айтуу азырынча кыйын. Ал эми Бишкектеги Перспективалык изилдөөлөр борборунун директору Чыңгыз Шамшиевдин айтымында, ал “кызыктуу идея” Улуттар уюмунун алкагында көптөн бери эле көтөрүлүп келе жатат. Бирок сүйлөшүүлөр узакка созулушу мүмкүн:

-Бул чоң жана узак сүйлөшүүлөр болот. Биздин карыздын көбү Азия өнүгүү банкы, Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта кору өңдүү көп тараптуу уюмдардан алынган да, эки тараптуулары азыраак. Андай уюмдар менен сүйлөшүү жүргүзүү татаалыраак. Алардын карыздарды жоюу боюнча өз механизмдери бар.


Жакынкы тарыхка кайрылсак, алгачкы президент Аскар Акаевдин өкмөтү тышкы карызды жоюу боюнча Париж клубуна кирген өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү баштап, бирок 2005-жылкы ыңкылаптан улам аягына чыга албай калган. Экинчи президент Курманбек Бакиевдин тушунда премьер-министр Феликс Кулов өтө жакыр өлкөлөрдүн карызы кечилүүчү ХИПК программасына кирүү ниетин билдиргенде, адегенде буга коомчулук каршы чыгып, акырында өкмөттө ал программаны четке каккан чечим кабыл алынган болчу.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG