Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Экономика

Кыргызстанда дале коррупция маселеси оор бойдон калууда. Эл аралык уюмдардын колдоосу менен мамлекеттик органдарда паракорлукка каршы иштер жүрүп жатканы менен азырынча андан майнап чыга элек.

Дүйнөдө Финляндия, Дания, Жаңы Зеландия мемлекеттири коррупция жок делген өлкөлөрдүн топ башында турат. Бул тизмектин аяк ченинде Кыргызстан орун алган. Алсак 2005-жылы Кыргызстан 163 өлкөнүн ичинен 142-орунда турса, 2008-жылы 180 мамлекеттин ичинен 160-орунга түшкөн. Бул көрсөткүч Кыргызстанда коррупция мурдагы бойдон бир калыпта эле тургандыгынан кабар берет. Мындай мисалды эске алган Европадагы кызматташтык жана коопсуздук уюму коррупцияга каршы күрөшүүдө мамлекеттик органдарды колдоо максатын көздөп, 2008-жылдан бири иш жүргүзүп келет. Бул долбоорду Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши көзөмөлдөп жатат.

“Коррупциясыз жаңы бийлик” деген ураан астында бул кеңешме чек ара жана бажы бөлүмдөрүндө иш жүргүзүп келет.

- Ишеним телефондорубузга чалып кайрылгандарга кеп-кеңешибизди берип жатабыз. Ал эми паракорчулук боюнча келип түшкөн арыздарды тиешелүү органдарга жиберип, териштирүү багытында да иштеп жатабыз. Эгер бажы же чек ара жаатында паракорчулук боюнча фактылар катталса жетекчилигине түз кайрылып, коррупцияга каршы күрөшүүдө эриш-аркак иштеп жатабыз, - деди Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова.

Бул уюмга кайрылуулар же кеңештер негизинен ишеним телефону аркылуу жүрөт. Келген арыздар багытына жараша башкы прокуратура, каржы полициясы же болсо министрликтерге жөнөтүлүп, текшерүүгө алынат.

Корупцияга каршы күрөшүүдө Ишкерлер кеңеши чек ара жана бажы бөлүмдөрү менен кызматташып келет. Алсак мамлекеттик бажы кызматы үстүбүздөгү жылдын беш айында коррупцияга каршы күрөшүүдө 74 кызматтык иликтөө жүргүзгөн. Натыйжада беш адам жумуштан айдалып, үчөөнө кылмыш иши козголгон.

Кыргызстандын чек ара кызматынын курамында 37 өткөрүү бөлүмдөрү орун алган. Алардын баардыгында коррупцияга каршы иш-чаралар жүрүп жаткандыгына аталган кызмат башчысынын орун басары Чолпонбек Турусбеков мындайча токтолду:

- Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча биз атайын жобо иштеп чыкканбыз. Чек арадагы өткөрүү пункттарында паспортторду текшерчү атайын жай бар. Ошол жерлерге ишеним телефондорун илгенбиз. Эгер тоскоолдуктар болуп, мыйзамсыз иштер байкалса бизге кайрылышса болот. Биз тез арада маселени чечкенге даярбыз.

Кыргызстанда паракорлукка бөгөт коюу максатында “Коррупцияга каршы күрөш жөнүндө" мыйзамдын алкагында бир катар иштер жүрүп келет. Ошондой эле коррупциянын алдын алуу максатында Улуттук агенттик да түзүлгөн. Бирок алар паракорлукка каршы алгылыктуу иштей албай жаткандыктанбы айтор азырынча Кыргызстан эң коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарында турат.

Жаш саясатчы Чынгыз Амантур уулу болсо үч багытта иш жүргүзүү менен коррупцияны тизгиндесе болот деген пикирде:

- Биринчиден, биздин мамлекетте бардыгы үчүн баалуу болуп эсептелген идеология болушу керек. Ошондо адамдар аны сактоого, таза тутууга умтулат. Бул кадам коррупциянын азайышына алып келет. Экинчиден, мамлекттик башкарууда иштеген жеке адамдардын инсандык сапаты да чоң таасир тийгизет. Үчүнчүдөн, паракорлук айлык акынын абалына да көз каранды. Маяна азыркы кездегидей төмөн болуп турганда коррупция менен күрөшүү майнапсыз боло берет.

Май айы үчүн Орусиядан алып жаккан газ акысын Беларус төлөгөнүн “Газпром” компаниясы тастыктап, бирок Минск май айына чейинки 192 миллион доллар карыздан кутула электигин белгиледи. Орусиянын монополисти “Газпром” Беларуска жөнөтүлгөн көгүлтүр оттун өлчөмүн 60 пайызга дейре азайтты.

Мунун алдында президент Александр Лукашенко Беларустун аймагы аркылуу Европага өтүүчү газдын көлөмүн 30 пайызга аз өткөрүү буйругун берген. Анын себебин Минск “Газпром” 200 миллион доллар карыз деп түшүндүрүүдө.

22-июнда “Газпром” 200 млн. доллар өлчөмдөгү аласасын Минскиден өндүрүү максатта көгүлтүр оттун көлөмүн үч эсеге азайткан. Беларус тарап “Газпромду” айыптап, ижара акы үчүн 250 млн. доллар карыз деп чыккан.

“Газпромдун” жетекчиси Алексей Миллер Беларуска жөнөтүлчү көгүлтүр отун 60 пайызга дейре азайтылганын билдирди:

- Орусия коюп аткан газга акы төлөө багытында Беларус тарап кенедей да аракет жасабады.

22-июнда А.Лукашенко Орусиянын тышкы иштер министри С.Лавровду кабыл алып, Европага карай өтүп аткан орусиялык газды тосуп салуу тапшырмасын бергенин айтты. Эртеси Миллер Европага берилчү көгүлтүр оттун өлчөм-чени азайбаган түрдө жана өз маалында жеткирилерин билдирди. Европарламенттин жетекчиси Ежи Бузектин маалымдашынча, Литва менен Чыгыш Германияда газ тартыштыгы пайда болду.

Беларус жерин айланып өтчү башка куур аркылуу Европага газ жеткирүү кебин “Газпром” жетекчилиги айткан. Украин өкмөт башчысы Николай Азаров “Батышка өтүп аткан көгүлтүр отун өлчөмүн көбөйтүүгө техникалык жактан эч кандай кыйынчылык болбойт” деп айтты.

Александр Лукашенко талапты кабыргасынан койгон маселе дагы эле ижара акысы болууда:

- Бизге “Газпром” май айын кошуп эсептегенде бүгүнкү күндө 260 млн. доллар карыз.

Германияда чыкчу “Der Tagesepigel” гезити “көгүлтүр отун кармашы – саясий тирешүү. Беларустун каршы болгонунан улам Бажы биримдиги Казакстан менен Орусия ортосунда уюшулганы менен, бирок түзүлбөгөн бойдон калды. Андан сырткары Москва Кыргызстандын Убактылуу өкүмөт жетекчиси Роза Отунбаеваны колдоого алып атканда Лукашенко тактан ыргытылган Курманбек Бакиевди канатынын алдына калкалап атат. Ушунун баары Беларусту Орусиядан алыстатып, ал эми Украинаны кайра жакындатууда” деп жазат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG