Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:13

Экономика

Ош, Жалал-Абаддагы тополоң учурунда миңден ашык имараттар өрттөлүп, талкаланганы айтылууда.
Ош, Жалал-Абаддагы тополоң учурунда миңден ашык имараттар өрттөлүп, талкаланганы айтылууда.

Түштүк жергесиндеги каргашалуу окуянын кесепеттерин аныктоочу комиссия ишке киришти. Калабадан айрыкча Ош шаары катуу жапа чеккени айтылууда. Үй-жайсыз калгандар мамлекет жетиштүү камкордук көрбөгөнүнө нааразы.

Чыгымдарды аныктоочу комиссия ишке киришкенин бул комиссиянын жетекчиси, өзгөчө кырдаал министринин милдетин аткаруучу Дүйшөн Чотонов билдирди. Анын ырасташынча, кагылышуу күндөрүндө Ош жана Жалал-Абат аймактарында азырынча 1094 менчик турак жай, 12 мамлекеттик ишкана, 4 окуу жайы жана 226 чоң-кичине соода борборлору өрттөлүп кеткендиги маалымдалууда. Бирок талкаланып, таланып-тонолгон обьектилердин саны мындан дагы көп болушу ыктымал:

- Район-шаарлардан түшкөн билдирүүлөр анчалык ишенчиликтүү эмес. Мисалы, Ош облусунда 744 үй өрттөлгөн деп маалымдашууда. Көрсөткүчтөр күн сайын өзгөрүлүп, өсүп баратат. Ошондуктан, жергиликтүү комиссиялар бардыгын такташтырып, жакшылап карап чыкпаса, күмөн туудурган жагдайлар көп. Маселен, бир эле үйдө төрт кожолук жашап жатат деген фактылар бар, - дейт өзгөчө кырдаал министринин милдетин аткаруучу.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Дүйшөн Чотонов район-шаарлардагы комиссиялар жапа чеккендер жана коомчулук менен калыс жана ачык-айкын иштешпесе, кенебестиктин акыры чатакка айланаарын эскертти:

- Бул өтө маанилүү, ошол эле убакта абдан чуулгандуу маселе. Себеп дегенде азыртадан эле адамдар нааразычылыгын айтууда. Ошентип, эмитен проблемалар түзүлүп атат. Мен ойлойм, мунун айынан эртең болбосо дагы бир жумадан кийин митингдер толкуну башталышы ыктымал. Анан ал жүрүп-жүрүп саясий маселеге алйланаары бышык.

Массалык башаламандыктан Кыргызстандын түштүк башкалаасы айрыкча жабыр тартты. Муну баса белгилеген Ош шаарынын биринчи вице-мэри Таалайбек Сабиров буларга токтолду:

- Бүгүнкү күнгө карата өрттөлгөн үйлөрдүн эсеп-кысабы үч жүздөн ашты. Объектилер эки жүз токсон бешти чамалады. Анын ичинде соода түйүндөрү жана башка имараттар бар. Кагылышуудан жабыркагандар арыз менен кайрылганда, аларга чатыр таратып жатабыз.

Таалайбек Сабиров материалдык чыгымдар туруктуулук кичине орногондон бери эсептелип жаткандыгын, мындан ары жергиликтүү комиссия күчөтүлгөн тартипте иштей тургандыгын кошумчалады.

Кепке кошулган Ош облустук каржы полициясынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Жыргал Байчаканов окуяга байланыштуу жүздөн ашуун кылмыш иши козголгондугун маалымдады:

- Мында ар бир үйдүү баалоо керек. Чынында, муну биз жасоого үлгүрбөй жатабыз. Бул жараянга мамлекеттик каттоо жана архитектура кызматкерлерин көбүрөөк тартпасак, кыйынчылык кекиртектеп турган чак. Мындан тышкары өрткө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү абадай керек болуп жатат. Анткени, кээ бир жабыркагандардын турак жайларынын үстү өрттөнүп, а ичи аман калган. Ал жерлерде адам жашаса болобу же мүмкүн эмеспи, ошону аныктоо баарынан зарып болуп турат.

Жыргал Байчакановдун баамында, бардык мамлекеттик органдар тыгыз кызматташпаса, маселенин чечилиши чындап кыйындайт.

Ошол эле учурда үй-жайынан ажырагандар мамлекет тарабынан аларга жетишээрлик камкордук көрүлбөй жаткандыгын белгилешүүдө:

- Алты үйдү көз алдыбызда өрттөп тынышты. Ичтери бүтүндөй талкаланган. Документтерибизди таптакыр жок кылышты. А түгүл эшигибизде турган машиналарабызды минип кетишкен. Ушул күндөрү жаш балдарыбызды, неберелерибизди ээрчитип ар кимдин эшигинде тентип жүрөбүз. Бизди сураган пенде жок. Төрт жүздөй адамыбыз дайынсыз. Ким каякта экендиги белгисиз бойдон калууда, - деген Ош шаарынын Жогорку Увам көчөсүнүн тургуну Айзада Исакова калаа бийлиги жабыркагандардан эмдигиче кабар албаганына нааразы.

Мындай пикирди түштүк борборунун дагы бир жашоочусу, башкалкасыз калган укук коргоочу Равшан Гапиров дагы кубаттады:

- Убактылуу өкмөт телеканалдардан бакылдап атат, бардыгы жакшы деп. Эч кандай жакшы эмес. 11-12-13-14-июнда жапа чеккендер кыйналып оокат кылып атышат. Алардын катарында үй-жайынан ажыраган биз дагы гумжардам келет экен деп күндө күйгөн үйүбүзгө келип, кабар алып атабыз. Эч кандай көмөктүн жыты жок. Ошол себептүү ар жерде түнөп жүрөбүз.

Равшан Гапиров жапа чеккендерге чатырлар таратылууда деген кабарды ырастаган жок.

Үй-жайынан ажырап көзүн жаштаган оштук аял Матлюбахан Умарова айласын таппай жүргөндө учурадык.

- Кожоюнум өтүп кеткен. Ушул балдарга баш-көз болуп жашап аткан элем. Азыр 27 киши там-ташсыз калдык. Бардыгын жалын жалмап кетти. Өкмөттөн эмне жардам болуп атканын билгенге дарманыбыз калбады. Коркунучтуу күндөрү мен он жети неберемди ээрчите качып, Сүрөө-Таштагы чек арада бүтпөгөн үйдүн жертөлөсүндө он бир күн жашадык. Кайтканыбызга үч күнгө айланды. Финполицияга кайрылгыла дешкенинен барсам, эч ылаажы жок, - деди Матлюбахан Умарова.

Россия Белоруска газды толук өлчөмдө бере баштады жана Минск газ үчүн карызын толук төлөгөнүн маалымдады. “Газпром” компаниясы да Белорус тарапка газ транзити үчүн акысын төлөп, чатак жөндөлгөнүн билдирди.

Москва-Минск арасындагы “газ согушу” ушуну менен токтодубу? Же болочокто дагы кайталанышы мүмкүнбү?

24-июнда Россиянын “Газпром” компаниясы Белорус газ үчүн 187 миллион доллар борчун төлөгөнүн тастыктады. Компаниянын өкүлү Сергей Куприянов өз кезегинде Белоруска газдын транзити үчүн 228 миллион доллар которулганын билдирди:

Ямал-Европа газ кууру. Белорустун Незвиж шаарындагы компрессордук станция.

- Ошондой эле газды (Белорус аркылуу) өткөргөнү үчүн “Белтрансгазга” акысы төлөндү. Бул акча - келишимде каралгандай - 1, 45 доллардан төлөндү.

Ошентип “Газпром” 1 000 куб метр газдын 100 чакырымга ташылганы үчүн Белоруска 1,45 доллардан төлөгөн.

Белорустун энергия министри Александр Озерецтин айтымында, береги акча Россиянын карызынын 87 процентин гана түзөт. Минск газ транзити үчүн 260 миллион доллар талап кылып жаткан.

Мурдарак “Газпромдун” башчысы Алексей Миллер Минск келишимден тыш сумманы талап кылып жаткандыктан, ал сураган акчанын баарын албасын эскерткен эле.

Премьер-министр Владимир Путин Новокузнецк шаарында сүйлөп, газ талашы мынчалык ырбап кеткенине өкүнгөнүн айтты:

- Кырдаал мындай болуп кеткени өкүндүрөт. Себеби чатак Россия менен өзгөчө мамиледеги өлкө менен болду.

Премьер-министр Владимир Путин Новокузнецк шаарындагы кездешүүдө сүйлөп жатат. 24-июнь 2010

Газ чатагы жөндөлгөнү менен Минск-Москва арасындагы мамилеге залакасы тийди. Белорус президенти Александр Лукашенка 22-июнда Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алып жатып, Москваны “досчулугун көрсөтө албады” деп күнөөлөгөн:

-Мен акчаны бүгүн досторубуздан карызга алдым. Бул акча силерге чукул арада жөнөтүлөт. Өкүнүчтүүсү, бул акчаны чоочун адамдар берди. Россия эки жума күткөнгө чыдабады.

Владимир Путин келечекте эки арада газ боюнча буга окшош эч нерсе кайталанбайт деген үмүттүн айтуу менен Белорус көгүлтүр отунду башка кардарларга салыштырганда бир кыйла арзан сатып алганына көңүл бурду:

- Ошол эле мезгилде биздин Белорус өнөктөштөрүбүз газды Россиядан өтө арзан сатып алып жатканына көңүлүңүздөрдү бура кетким келет. Биздин эч бир кардарыбыз газды Россиядан мындай арзан баада сатып албайт.

Путиндин айтымында, 100 долларга арзандатылгандан кийин деле Украина газды 234 доллардан сатып алса, Белорус 1000 куб метр газ үчүн 184 доллардан төлөйт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG