Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-июнь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Экономика

Ош шаарына көп кабаттуу турак жайлардын курулуп башташы жаштарды жумуш менен камсыз кылууга шарт түзмөкчү. Бул тууралуу жергиликтуу бийлик өкүлдөрү билдиришүүдө. Алардын айтымында, учурда башталган көп кабаттуу 2 турак жайдын курулушуна жумушчулар алына баштады. Ал эми курулушчулар салына турган жалпы 10 турак жайдын курулушунда жүздөгөн жаштар жумуш менен камсыз болушу мүмкүн деп кабарлашууда.

Таалайбек Атаханов айылда жумушсуз калып, эки баласын багуу ал үчүн кыйынчылык жарата баштаган. Эми мынтип Ошто көп кабаттуу үйдүн курулушу башталары менен биринчи үйдүн тендерин утуп алган «Аль-манар» курулуш компаниясына ишке кирди. “Бул жерде иштеп эми 15 миң сомдун тегерегинде акча таап, үй-бүлөмдү жакшылап бакмакчымын” дейт Таалайбек “Азаттык” менен болгон маегинде:

-Азыр арматурага каркас байлап жатабыз. Бул жерде иш жакшы. Шаардагы жумушсуз жарандарга жакшы болду. Эми иштегенибизге жараша 15-20-миң сом айлык алабыз. Азыр айылда такыр иш жок. Эки балам бар, эми куда кааласа тапканым үй-бүлөмө түзүк эле жетип жатат.

Учурда Таалайбек жана анын кесиптештери жер төлөсү казылган көп кабаттуу үйдүн, жер пайын түптөө менен алек болушууда. Алар алгач арматураларды зым менен байлашып, андан кийин гана цементти кую иштерин башташмакчы. Коогалаңдан кийинки Ош шаарындагы алгачкы кабаттуу үйдүн курулушун алып барып жаткан «Аль-манар» компаниясынын прорабы Абдыкайым Маматовдун айтымында, алар курулушка 100дөн ашуун жумушчу алышы керек. «Курулушка мыкты жумушчуларды алып, тынбай иштесек кабаттуу үйдү декабрдын башына бүтүрүп калабыз», дейт Маматов:

- 75 батирлүү 5 кабаттуу үй куруп жатабыз. Азыр жер төлөөсүн казып бүттүк. Эртеңден баштап бетондорун куюп баштайбыз. Учурда бизде 21 адам иштеп жатат. Эми дагы 100дөн ашык жумушчу алышыбыз керек. Кудай буйруса, катырып иштеп жиберсек декабрдын башынан бүтүп калышыбыз мүмкүн.

Муну менен бирге башкы прораб курулуш иштери башталары менен аларга жумуш издеп кайрылгандардын саны көп болуп жаткандыгын билдирди. Алардын көпчүлүк бөлүгүн жаштар түзүүдө, дейт Абдыкайым Маматов. Биз курулуштан кабар алганы барган кезде да жумуш издеп кайрылгандарды кезиктирдик.

Мирлан Саматов: - Мен өзүмдүн адистигим плиточник. Буга чейин «Алим Курулушта» арматура-бетон куюп иштегем. Тажрыйбам түзүк эле.

Прораб: - Жакшы. Биздин бригадир башка жакта иштер менен жүрдү эле, ошол келгенде байланышсаңар.

Деген менен учурда иштеп жаткандардын дээрлик көпчүлүгү жаштар экендигин да байкоо кыйын эмес. Алардын арасында атайын адистиги бар жаштар да, окуусуна акча иштеп табууну каалаган студенттер да бар.

Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү алдыңкы күндөрү дагы бир топ көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталарын кабарлоодо. Ош шаарынын биринчи вице-мэри Таалайбек Сабиров шаардын генпланы боюнча “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Шаардын жаңы генпланы бекитилген. Азыр 5 кабаттуу 75 батирлүү 2 үйдүн курулушу башталды. Андан сырткары дагы 4 участкабыз даяр болуп калды. Жалпысынан Ош шаарында көп кабаттуу 10 үй курулат.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлү пландалган көп кабаттуу 10 үйдүн курулушунда жүздөгөн шаар тургундары, анын ичинде жаштар жумуш менен камсыз болоору күтүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Июндагы коогалаңдан кийин түштүктөгү айыл жаштарынын спортко кызыгуусу солгундап кеткендиги айтылууда. Анткен менен серепчилер буга чейин деле айыл жергесинде жаштарды спортко тартуу жакшы деңгээлде жүргүзүлбөгөндүгүн айтып келишкен.

Ошол эле мезгилде мамлекеттин эле көзүн карап олтура бербей, айыл эли демилге көтөрүп, өлкө сыртында иштеп жүргөн мигранттар акча чогултуп, айылда спорттук залдарды ачып, жаштарды спортко тартууга аракет кылышууда.

14 жаштагы Акбар «Кыргызстандын желегин желбиреткен дүйнө чемпиону болом» деп алдына максат коюп алган. Максатына жетүү үчүн жаш спортчу учурда күнү-түнү тынбай машыгууда. Акбар Иминжан уулу эркин күрөш менен машыгат:

- Спорт сарайыбызда машыгуубуз жакшы. Балдар жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатышат. Күнүгө чуркап, күрөшүп, тынбай машыгып жатабыз. Мен ден соолугумду чыңдап, Кыргызстандын желегин желбиретип, дүйнө чемпиону болгум келет.

Акбар машыгып жаткан Арстан Рахматов атындагы спорт сарай Кара-Кулжа районунун Тоготой айылында орун алган.

Аталган айылдын тургундары мамлекеттин көзүн карап отурбай, өздөрү демилге көтөрүп, эски союздан калган имаратты оңдоп, сыртта жүргөн мигранттардын жардамы менен спорт сарайын ачып алышкан. 800 миң сом жумшалып, курулган спорт сарай учурда жаштарга татыктуу кызмат кылууда.

Чет өлкөдө иштеп жүргөн айыл жаштары мындан ары да жардам беребиз деп убада беришкендигин айтат сарайдын машыктыруучусу Чыныбек Жээналиев:

- Тоготой айылынын бүт тургундары, сыртта жүргөндөр өзгөчө 75 жылкы агаларыбыз акча чогултушуп ушул залды куруп беришти. Азыр эми анча-мынча спорттук эмеректерибиз жетишсиз. Бирок сыртта жүргөн мигрант агалар алып беребиз деп убада беришкен.

Бирок айылда машыктыруучу болбогонунан сарайда 47 бала эркин күрөш боюнча гана машыгат. Ага карабай кара күчкө толгон элеттин жаштары облустук жана республикалык мелдештерде жеңиштерге жетише баштады. Спорт сарайдын машыктыруучусу Чыныбек Жээналиев буларды айтат:

- Спорттук сарайыбыздын ачылганына 1 жыл болсо да биздин балдар облуста, республикада жакшы орундарды ала башташты. Райондон болсо биринчиликти такыр бербейбиз.

Деген менен облустагы ар бир айылда эле мындай спорт сарайлар салынган эмес. Кээ бир айылдарда спорттун жеңил түрү боюнча да спорттук аянтчалар жок.

Ал эми бийлик өкүлдөрү элет жаштарын спортко тартуунун начардыгын, айылдарга атайын республикалык казынадан акча каралбагандыгы менен байланыштырышууда.

Ош облусунун жаштар иштери боюнча адиси Бакыт Султаналиев Убактылуу өкмөт айыл жаштарын өнүктүрүү боюнча программа кабыл алгандыгын жана ал программа ишке кирсе, элеттик жаштарга спорт жагынан жакшы шарттар түзүлөрүн билдирүүдө:

- Спортту өнүктүрүү үчүн жакында эле бизге өкмөт тарабынан 2010-2015-жылдарга атайын план келген. Ошону иштеп чыкса, эми бир топ иштер жасалат. Бирок Ош облустук спорт комитети мурун эле жоюлуп кеткен. Ошон үчүн бизге мамлекет бюджетинен акча каралбайт.

Ошондой эле Бакыт Султаналиев элет жаштарына спорттук жактан шарт түзүп берүү район акимдери жана айыл өкмөттөрүнүн милдеттери экендигин туюндурду. «Анткени жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жаштарды өнүктүрүү үчүн атайын акча каражаты каралган» дейт Ош облустук жаштар боюнча адис.

Бийлик өкүлдөрү минтип жоопкерчиликти бири-бирине оодарып жаткан мезгилде айыл жаштарынын спортко болгон кызыгуусу солгундап кеткенин адистер эскертүүдө.

«Өлкөдө саясий туруктуулуктун жоктугунан, мамлекет спортко көңүл бурууну унутуп калды»,-дейт жергиликтүү спорт серепчиси Шайлообек Атазов:

- Акыркы жылдары мамлекет спортко кичине көңүл бура баштады. Бирок мына соңку окуялардан кийин спортко болгон мамиле солгундап кетти. Айрыкча биздин Ош, Жалал-Абад жергесинде. Элет жерин элеттин өзүнөн барып өнүктүрүшүбүз керек.

Шайлообек Атазов айыл жаштарын спортко тартуу үчүн мыкты спортчуларды айыл жергесине алып барып иштетүү керек деп эсептейт:

-Айыл жерлерине шаардан, ЖОЖдордон машыктыруучуларды келишим түзүп, алып барып иштетсек, жаштар кумир тутуп жүргөн спорт жылдыздары менен тез-тез жолугуштуруп турса, ошондой эле белгилүү спорт чеберлер жөнүндө, алардын машыккандары тууралуу сыналгыдан көп-көп берип турса жаштардын спортко болгон кызыгуусу артат.

Анткен менен айыл жаштары учурда спорттон алыс калганын аймак серепчилери белгилешүүдө.

Мунун айынан сыртка чыгып кеткен жаштар да көп болууда дешет алар. Бирок кээ бир спортту сүйгөн жаштар чемпион болом деп атайын шаарга баса берген учурлар да кездешүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG