Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 25-февраль, 2020 Бишкек убактысы 14:47

Экономика

Кумтөрдүн алтыны.

Алтынга дүйнөлүк талап жогорулаганы менен, кенди казуу көлөмү кыскарды. Кээ бир талдоочулар алтындын баасы 1000 доллардан төмөн түшөт деп божомолдошууда.

Анткен алтындын, чийки мунайдын баасы жана "Центерранын" акциялары бир аз кымбаттады. Бишкек биржасында 2013-жылы жалпы сооданын көлөмү жарым миллион сомго өстү.

Кыргызстандын экономикасына эң көп киреше алып келген алтынга дүйнөлүк суроо-талап менен сунуш дал келбей, глобалдык базарларда алтындын баасы туруксуз бойдон кала берүүдө. Андай болгону менен Дүйнөлүк алтын кеңеши (World Gold Council) өзүнүн акыркы билдирүүсүндө алтынга болгон талап өстү деп кабарлады. Аталган кеңеш дүйнө боюнча алтынды казуу көлөмү өткөн жылдын үчүнчү кварталында 3% азайганын белгиледи. Буга карабай, ошол эле убакытта алтынга болгон талап өсүп жатат.

Дүйнө боюнча үчүнчү кварталда алтынга талаптын көлөмү 868.5 тоннага жетип, 37 миллиард долларга барабар болду. Анын ичинен зергерлердин талабы 5% өсүп, 486.7 тонна алтындан асем буюмдарын даярдашты. Алтындын куймасын (слиток) жана алтын тыйындарды жасоого 304.2 тонна алтын сарпталып, талап 6% жогорулады. Технология жаатына 102.8 тонна, ал эми улуттук банктар 93.4 тонна алтын сатып алышкан. Дүйнөлүк алтын кеңеши белгилегендей, Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн алтынга талап башкалардан жогору. Кыргызстан да ошондой алтынды көп керектеген өлкөлөрдүн тизмесине кирет.

Ал эми кээ бир инвесторлордун аманат катары колдонуп жүргөн алтындан баш тарта баштаганы, глобалдык базарда кооптонуу жаратты. Алтын дагы кыйла арзандайт деген чочулоолор буга себеп. Америкадагы "Навин" активдерди башкаруу компаниясынын башкы стратеги Роберт Долл алтындын баасы тууралуу өз оюн "Брейкаут" телеберүүсүнө мындайча билдирди:

Алтындын баасы 12 жыл бою өсүп отурду. Мынчалык кымбаттаган башка бир да активди таппайсыз. Алтын быйыл 1000 доллардан ылдый түшпөсө да, келерки жылдарда 1000 доллардан арзандашы толугу менен ыктымал. Башка чийки заттар кымбаттап, базар баалары оолугуп жатканда, экинчи бир нерсеге баа кайра эле түшүп кетмей адат бар. Алтын базарында дагы ошондой болушу мүмкүн.

"Кыргыз Алтындагы" ишенемдүү булак болсо алтындын баасын болжолдоого болбойт деп эсептейт. Анын айтымында, эгер алтын баасы 1000 доллардан төмөндөсө, дүйнөдө кен казуу жана иштетүү токтойт. Себеби, алтынды иштетүүнүн өздүк наркы өтө кымбат жана алтындын куну 1000 доллардан арзандаса, салык төлөмдөрү азаят жана бул кадыресе рыноктук көрүнүш. Белгилей кетчү жагдай, Кыргызстанда өндүрүлгөн алтын дүйнөлүк биржаларда сатылат жана ишенимдүү булак алтынга ар дайым талап болоруна ынандырды.

Алтындын учурдагы баасына кайрылсак, быйылкы жылды ал 1220 доллар көрсөткүчүндө ачты, ал эми учурда алтындын жүз унциясы 1247 доллардан сатылып жатат. Кыргызстандагы Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голддун" акциялары акыркы жума ичи 24 центке көтөрүлүп, учурда 4 канада доллары 86 центтен сатылууда. Азыркы тапта Торонто биржасында "Центерранын" 607 миңден ашык акциясы соодаланды. Кошумчалай кетейин, алтын өндүрүшү Кыргызстан экономикасынын 15% түзөт жана экспорттун жарымынан көбү – алтын.

Чийки мунайдын баррели 2014-жылы 90 долларга бааланды. Азыркы тапта бир баррел 92 долларга көтөрүлдү.

Дүйнөлүк базарлардан Кыргызстандагы фондулук биржага келсек, Бишкектеги баалуу кагаздар рыногундагы сооданын көлөмү 2013-жылы 1 миллиард 648 миллион сомго барабар болду. Бул сан мурдагы жылга салыштырмалуу 479 миллион сомго көп. Ал эми 2014-жылдын биринчи соода аптасында 664 миң сомдук 62 миңден ашуун баалуу кагаздар сатылды. Быйыл бир да облигация сатыла элек, ал эми сатылган үлүш кагаздарынын соода көлөмү боюнча, Бишкектин чыгышындагы Бургулоочу аспаптар заводунун акциялары 599 миң сом менен биринчиликке озуп чыкты.

Алтын миң доллардан арзандашы мүмкүн
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:30 0:00
Түз линк

Улуттук статистикалык комитет 2013-жылдагы Кыргызстандын экономикасынын көрсөткүчтөрүн жарыялады. Ага ылайык былтыр ички дүң өнүм 110.5% өскөн.

Өкмөт муну болуп көрбөгөн өсүш катары баалоодо. Ал эми көз карандысыз экономисттер Кумтөрдү эске албаганда, абал кадимкидей эле экенин айтууда.

Болуп көрбөгөндөй өсүш болдубу?

Кумтөрдү кошпогондо Кыргызстандын экономикасы өткөн жылы 105.8% өскөн. Ал эми Кумтөр менен 110.5% жеткен. Дал ушул санды эске алган биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстанда болуп көрбөгөндөй өсүш болгонун жарыялады.

Көз карандысыз экономист Сапар Орозбаков Кумтөрдү кошпогондо Кыргызстан экономикасы мурда болуп келгендей эле 6% тегерегинде өскөнүн, ал эми Кумтөрдүн көрсөткүчтөрүнүн кескин өсүшүн 2012-жылы кендин жакшы иштебеши менен байланыштырды.

Экономиканын башка тармактарын карай турган болсок, курулуш тармагы 112.4%, соода-тейлөө тармагы да 7% ашуунга, айыл чарбасы 102.9% өскөн.
Кумтөрдү кошпогондо өнөр жайы 103.5% өскөн.

Бирок экономиканын бир топ маанилүү тармактарында төмөндөө орун алган. Маселен, Кумтөрсүз тоо-кен тармагы -4.6%, энергетика -1.7%, ылдыйлаган. Андан сырткары текстиль жана тигүү тармагы төмөндөгөн. Бул тармактагы экспорттун деңгээли дээрлик 30% ашуунга кыскарган. Өкмөттөгү адистер текстиль тармагындагы кыскарууларды Орусияда суроо-талаптын азайышы жана Бажы биримдигинде шарттын катаалдашы менен байланыштырууда.

Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев экономикадагы жогорку өсүш Кумтөргө байланыштуу болгонун моюндап, 2014-жылы бул өсүштү камсыздоо кыйын болорун айтты:

- Эгерде ушул базанын негизинде кала турган болсок 5% жакын өсүш болот. Андан ашышыбыз кыйын. Жакшыраак өсүш үчүн структуралык реформаларды жүргүзүшүбүз керек. Инвестиция тартышыбыз керек. Мына ошондо акча көбөйөт, көрсөткүчтөр оңолот.

Сырткы факторго көз карандылык

Көз карандысыз экономист Сапар Орозбаков 2013-жылы Кумтөрсүз кадимки кездердегидей эле өсүш болгонун атап, Кыргызстан экономикасынын быйылкы жылдагы өсүшү сырткы факторго көз каранды экенин эске салды:

- Биздин өнүгүүбүз Орусия менен Казакстандын өнүгүүсүнө байланыштуу. Алардыкы болсо дүйнөлүк тенденцияга байланыштуу. Дүйнөлүк тенденцияда өндүрүштүн төмөндөөсү болуп, кризистен чыгалбай жатышпайбы. Натыйжада Кыргызстанга акча которуулар азаят. Анын мультипликативдик натыйжасы азаят. Ошентип быйыл чоң деле өсүш болбойт. 7% болоруна ишенбеймин. 5% тегерегинде болот.

Кыргыз өкмөтү быйылкы жылдын бюджетинде экономикада 6.5-7% өсүш болоорун болжогон.

Акча которуулар демекчи, 2013-жылдын 11 айында кыргызстандык эмгек мигранттар 2млрд. 60 млн. доллар которушкан. Бул банктар аркылуу гана өткөн сумма экенин Насирдин Шамшиев белгиледи. Бул акча которуулар Кыргызстандын экономикасын кыймылдаткан негизги күчтөрдүн бири экени маалым. Анын үстүнө тышкы соодадагы эбегейсиз тескери сальдо мына ушул акчалар менен теңделүүдө.

11 айда импорт 5 млрд. 424 млн. доллар болсо, экспорт 1.5 млрд. доллардан ашкан. Тескери сальдо үч эсеге жакындап барган.

Эмгек мигранттарына болсо Орусияда шарт катаалдап баратат. 1-январдан тарта күчүнө кирген орус мыйзамына ылайык, эмгек мигранты 90 күндүн ичинде жумуш таап, турган жерин мыйзамдыштыра албаса, анда Орусиядан чыгарылат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG