Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Экономика

"Дордой" базары.
"Дордой" базары.

“Алкан” базарынын айрым сатуучулары күркөлөрдүн ижара акысы 100 долларга кымбаттарын угуп, нааразылык акциясына чыгышты.

Аталган базардагы эки өтмөк толугу менен Вера Лебедева аттуу ишкердин жеке менчиги болуп саналат. Ал ижара акысын ушул айдан баштап 400 доллардан 500 долларга көтөрмөй болгон. Нааразы соодагерлердин бири Зухра ансыз да соода болбой жатканда ижара акынын кымбатташы кош сокку болорун айтты:

- Башында биз болгону 100 доллар гана ижара акы төлөчүбүз. Улам 50 доллардан кымбаттатып отуруп 400 долларга чыккан. Эми дагы 100 долларга көтөрөбүз деп жатышат. Сатуучулар соода болбой ижара акысын араң чыгарууда. Баарыбыздын моюнубузда насыя бар, аны да төлөш керек да. Биздин кожейке болсо соодагерлерди уккусу жок. Ижара акыны негизсиз эле кымбаттатып жатат. Буга баарыбыз каршыбыз.

"Алкан" базарынын жетекчилиги базар жаңы ачылганда соодагерлерди Алматыдан бери чакырып, ижара акысы арзан деп жарнама кылган экен. Бир жыл мурда Алматыдан келип соодасын баштаган Токтомуш Нааматов ижара кымбаттаса ал товарга да таасирин тийгизерин, андан кайра эле карапайым эл жабыр тартарын айтты:

- Мындан 3 жыл мурун бизди ижара акы болгону 2 миң сом деп Алматыдан чакырышкан. Тим эле жалдырап атып алып келишкен. Эми кардарлар көбөйө баштаганда ижара акыны асмандын башына чыгарышты. Төлөй албасаңар чыгып кеткиле, башкаларга беребиз деп бет тырмалык кылып жатышат.
"Дордой" базары.
"Дордой" базары.

Ал эми эки өтмөктөгү контейнерлердин баарын сатып алган ишкер Вера Лебедева ижара баасы базарга кеткен чыгымдардын, салыктын өлчөмү өскөндүктөн көтөрүлгөнүн айтууда. Ал азыркы соодагерлер иштебесе башкасын эртең эле таап алам деген ишенимде.

- Мен бул контейнерлерди сатып алгам. Булар менин жеке менчигим жана бизнесим. Алар менден ижарага алып иштетишет. Бүгүн алар, эртең башка адамдар иштеши мүмкүн. Же мен, же менин жээндерим өздөрү иштетиши мүмкүн да. Буга менин толук укугум бар. Кааласам ижара акыны көтөрөм. Булар аны түшүнбөй жатышпайбы.

Бирок көп өтпөй эле "Алкан" базарынын башчысынын орунбасары Таалайбек Борчубаев ижара акысы бир жылга чейин 400 доллар боюнча каларын, бул үчүн контейнерлердин ээси Лебедева тил кат жазып бергенин кабарлады.

- Контейнердин кожоюну менен сүйлөшүп, маселени чечтик. Ижара акысы ордунда эле калат. Лебедевага кырдаал курч болуп турат, ижара акыны көтөрбөйлү деп макулдаштык. Ансыз да четтен кардарлар келбей соодагерлер кыйналып жатышат. Болгону ортодо түшүнбөстүктөр орун алган.

Сөз болуп жаткан базар өлкөдөгү ири ишкерлердин бири Райкан Алкановдун жеке ээлиги экени белгилүү.
Өмүралиев: “Пегасус” демпинг саясатын жүргүзгөн жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:41 0:00

“Пегасус Азия” авиакомпаниясы жергиликтүүлөрдү базардан сүрүп чыгаруу, тактап айтканда демпинг саясатын жүргүзгөн жок. Бул тууралуу аталган компаниянын башкы деректиринин кеңешчиси Эрмек Өмүралиев “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Ошондой эле “Пегасуска” Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун тиешеси бар деген сөздөргө түшүндүрмө берди. Аталган компанияны Кыргызстанга алып келүү эмнеге мурдагы бийликтин тушунда ишке ашпай калганынын себебин түшүндүрдү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG