Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 27-январь, 2020 Бишкек убактысы 19:10

Экономика

Кыргыз-казак чек арасындагы автоунаалар. (Архивдик сүрөт).

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев казак тараптын чек арада транзиттик жүктөрдү кошумча текшерүү жүргүзгөнүн сындады.

Аны өкмөт башчысы Евразиялык экономикалык биримдиктин жобосуна сыйбаган эреже катары баалап, казак тарапты товарларды эркин өткөрүү боюнча кабыл алынган милдеттенмелерди так аткарууга чакырды.

Мындай билдирүүнү өкмөт башчы кыргыз-казак чек арасынын “Ак-Тилек-автожол” өткөрмө бекетиндеги жүк ташуучу автоунаалардын тыгынына байланыштуу жасады.

Казакстандын өкмөтүнүн Кирешелер боюнча мамлекеттик комитети аткезчиликти жана каттоого алынбаган товарларды чектөө үчүн транзит менен өткөн оор жүк ташуучу автоунааларга электрондук пломбалар коюлуп жатканын ырастады.

Өкмөт башчысынын чукул билдирүүсү

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-казак чек арасынын “Ак-Тилек автожол” өткөрмө бекетинде кезек күткөн жүк ташуучу автоунаалардын тыгынына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Билдирүүдө өкмөт башчы казак тараптын чек ара аркылуу жүктөрдү алып өтүүдөгү кошумча текшерүүлөрдү киргизгени Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) ченемдерине каршы келерин эскерткен.

Премьер-министрдин маалымат катчысы Адилет Султаналиев кыргыз өкмөтү казак тарапты биримдиктин алкагында товарлардын эркин жүгүртүлүшүн камсыздоо милдеттенмесин так аткарууга чакыра турганын билдирди:

- Казак тараптын Кыргыз Республикасы менен Казак Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана жүктөрдү алып өтүүдөгү кошумча текшерүүлөрдү киргизгени Евразиялык экономикалык бирликтин нормаларына каршы келет. Казак тараптын бир тараптуу кабыл алган чечиминен улам Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Ак-Тилек автожол» өткөрүү пунктунун жанында оор жүк ташуучу автомобилдер топтолууда. Бул жагдайга байланыштуу Кыргыз Республикасынын өкмөтү тынчсыздануусун билдирип, Казакстанды интеграциялык бирликтин алкагында товарларды эркин өткөрүү боюнча кабыл алынган милдеттенмелерди аткарууга чакырды.

Кыргыз өкмөтү казак тараптын бир жактуу чечиминен улам «Ак-Тилек автожол» чек ара өткөрмөсүндө кезек күткөн оор жүк ташуучу автоунаалар топтолуп калганын билдирген.

Анын себеби жүк ташуучу автоунааларга электрондук пломба басууга байланыштуу экени айтылган. Жүк ташуучулардын кызыкчылыгында Казакстан аркылуу товарларды тоскоолдуксуз ташуу үчүн навигациялык пломбалар менен жүктөрдү текшерүү мурда макулдашылган.

"Бирок товарларды көзөмөлдөөнүн бул эки тараптуу чаралары тараптар аны колдонуу механизмдерин так сактаган мезгилде гана мааниге ээ”, - деп айтылат кыргыз өкмөтүнүн аталган билдирүүсүндө.

Казак тараптын жообу

Ал эми Казакстандын Кирешелер боюнча мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү Олжас Отар басылган пломбалары бузулбаган жана документтери туура жүк ташуучулар чек арадан тоскоолдуксуз эле өтүп жатканын белгиледи.

Ал казак өкмөтү өткөн жылдан тарта экспорттук көзөмөл чарасын киргизип, анын натыйжасында товарларды Казакстандын аймагына мыйзамсыз алып кирген учурлар катталганын билдирди.

Ошондуктан Олжас Отар Казакстандын аймагы аркылуу өткөн транзиттик жүктөрдү көзөмөлдөө аркылуу казак өкмөтү өз кызыкчылыгын коргоп жатканын бышыктады:

Мисалы, соңку үч айдын ичинде 601 мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Алардын документтеринде жүктү Казакстан аркылуу Орусияга ташып жеткирүү жагы көрсөтүлгөн. Бирок аталган товарлар Казакстандын аймагында сатылган.
Олжас Отар.


- Мисалы, соңку үч айдын ичинде 601 мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Алардын документтеринде жүктү Казакстан аркылуу Орусияга ташып жеткирүү жагы көрсөтүлгөн. Бирок аталган товарлар Казакстандын аймагында сатылган. Жалпы баасы 5 млрд. теңгеге барабар бул соода жүгүртүүдөн 600 млн. теңгеге чукул салык алынышы керек эле. Мына ушундай көрүнүштөргө жол бербөө максатында бизде транзит менен өтүп бараткан оор жүк ташуучу автоунааларга электрондук пломбалар коюлуп жатат. Анткени жол документтери боюнча Орусияга жүк тартып баратканы көрсөтүлгөн жүктөрдүн көпчүлүгү Казакстандын шаарларында калып, ал жактагы базарларда сатылып жаткан учурлар катталган. Мына ошол электрондук пломбалар аркылуу спутниктен жүк ташуучу автоунаалардын каякка баратканы байкоого алынып, алардын товарлары Казакстандын аймагында калганы аныкталганда тиешелүү чаралар көрүлүп, жүк артка кайтарылат. Ошондуктан коюлган пломбалар аркылуу транзиттик жүктөрдүн каерде баратканы бизге көрүнүп турат.

Кыргыз-казак чек арасынын "Ак-Тилек - Кара-Суу" автожол өткөрмө бекетинде кезекте турган оор жүк ташуучу автунаалардын тыгыны пайда болуп, Кыргызстан тарабындагы айдоочулардын алды үч аптадан бери Казакстандын аймагына кире албай турушканын айтып, даттанышкан. Айдоочулар казак тарап жүктү текшерип, электрондук пломбаларды бастырууну талап кылып жатканын айтышкан.

Казакстандын Кирешелер боюнча мамлекеттик комитети өткөн жылдын 10-декабрынан тарта транзиттик жүктөрдү текшерүүнү күчөткөнү айтылган.

Экспорттук көзөмөл - ЕАЭБ эрежесине каршы

Муну Казакстан өкмөтүнүн Кирешелер боюнча мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү Олжас Отар дагы ырастап, экспорттук көзөмөл былтыр февраль айынан баштап киргизилгенин жана ал аткезчиликтин агымын ооздуктоого байланыштуу экенин "Азаттыктын" казак кызматына билдирген.

Ошол эле кезде кыргыз өкмөтүнүн ЕАЭБ иштери боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков экспорттук көзөмөл биримдиктин жобосуна каршы келерин айтып, бул жагдайды жөнгө салуу өтүнүчү менен Евразиялык экономикалык комиссияга билдирүү жиберилгенин белгиледи:

Алмаз Сазбаков.
Алмаз Сазбаков.

- Экспорттук көзөмөлдү киргизүү ЕАЭБ алкагында кабыл алынган келишимге каршы аракет, товарларды эркин жүгүртүүгө тоскоолдук катары эсептейбиз. Биз буга толугу менен каршыбыз. Ошондуктан биз бул жагдайды жөнгө салуу өтүнүчү менен Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында бир нече ирет билдирүүлөрдү жасаганбыз. Анткени бул жерде ЕАЭБ келишиминин эң негизги принциби - товарларды эркин алып өтүү эрежелери бузулуп жатат. Экспорттук көзөмөл деген негизде товарларды текшерүүлөр бүгүн эле пайда боло калган жок. Чек арада товарларды текшерип, фискалдык кароо жүргүзүү туура эмес. Бул ЕАЭБнын жоболоруна каршы келет.

Казакстандын мурдагы премьер-министри Бахытжан Сагинтаев 2017-жылы Кыргызстанды чек арадагы чабал бажы көзөмөлү үчүн сындап, аткезчилик тыйылбай жатканын жүйө келтирген.

Буга байланыштуу 2017-жылы жайында кыргыз-казак чек арасы бир нече күнгө жабылып, кыргыз ишкерлери зыян тарткан. Кыргызстан аны экономикалык басым көрсөтүү катары кабыл алып, кандайдыр бир доомат болсо, чек араларда үч тараптуу бажы көзөмөлүн киргизүүнү сунуштаган. ЕАЭБ келишими капиталды, товарларды жана жумушчу күчүн эркин жүгүртүү принцибине таянып, түзүлгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Элис Уэллс, Дүйшөмбү. 2019-жыл.

Тажикстанда эки күндүк иш сапары менен болгон АКШнын дипломаты Элис Уэллс Борбор Азия өлкөлөрүн өз ара кызматташтыкка үндөп, Вашингтон мындай алакага кызыкчылыгы бар экенин белгиледи.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Элис Уэллс Дүйшөмбүдөгү иш сапарында Вашингтон чөлкөмдөгү коопсуздукту бекемдөөгө, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү өрчүтүүгө кызыкчылыгы бар экенин айтты.

Мындан бир ай мурда АКШнын мамлекеттик департаменти Вашингтон Борбор Азиядагы өлкөлөр менен дипломатиялык алака-катнашын кеңейтип жатканын билдирген.

«Азаттык» радиосунун тажик кызматына курган маегинде дипломат Элис Уэллс мындай кызматташтык үчүн «көбүрөөк мүмкүнчүлүк» түзүлгөнүн белгилеген.

Биз кээ бир мамлекет же уюмдардын Тажикстандын эл аралык коомчулук менен кызматташуусуна тоскоолдуктарды жаратышына тынчсызданып турабыз. Биз түшүнүксүз экономикалык долбоорлор менен айлана-чөйрөнү коргоону эске албаган долбоорлорго каршыбыз.
Элис Уэллс.


- C5+1 форматында аймактык кызматташтык үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүктөр бар деп ойлойм. Борбор Азиядагы өз ара жана АКШ менен кызматташтык тууралуу айтып жатам. Бир эле мисал, Өзбекстандын башына Шавкат Мирзиёев келип, чек аралар ачылып, аймактагы мамлекеттердин интеграциясына мүмкүнчүлүк түзүлдү. C5+1 форматында биз экономикалык долбоорлорду да талкуулап жатабыз. Терроризм менен күрөшкө байланыштуу маселелер, анын ичинде мурдагы согушкерлерди мекенге кайтаруу маселеси каралып жатат. Тажикстан C5+1 форматында коопсуздук боюнча жумушчу топту жетектеп турат. Биз Ооганстандагы кырдаалды да карай алабыз. Борбор Азия өлкөлөрүн «же ал жакка, же бул жакка» деген тандоого такабайбыз. Кошмо Штаттары мамлекеттердин башка эл аралык жана аймактык биримдик же союздарга катышуусуна каршы эмес. Бирок биз кээ бир мамлекет же уюмдардын Тажикстандын эл аралык коомчулук менен кызматташуусуна тоскоолдуктарды жаратышына тынчсызданып турабыз. Биз түшүнүксүз экономикалык долбоорлор менен айлана-чөйрөнү коргоону эске албаган долбоорлорго каршыбыз. АКШ Тажикстанга ишенимдүү, кирешелүү узак мөөнөттүү долбоорлорду сунуш кыла алат деп эсептейбиз.

Вашингтондун өкүлү Борбор Азия өлкөлөрү Жакынкы Чыгышта согушкан жарандарын артка кайтарып жаткан кезде «терроризмге каршы күрөш» сыяктуу орток көйгөйлөр турганына токтолуп, Вашингтон коопсуздук маселесинде көмөк көрсөтө берерин кошумчалаган.

- Биз Ооганстандагы терроризмге каршы күрөшө беребиз. Ооганстанды Тажикстанга же АКШга, же өнөктөштөрүбүзгө каршы терроризмдин айдыңы катары колдонууга каршыбыз, - деди Уэллс.

Мындан тышкары америкалык дипломат Кошмо Штаттары Борбор Азиядагы коңшулардын энергетика тармагындагы байланыштарын кеңейтип, электр энергиясын башка өлкөлөргө экспорттоо демилгелерин колдой турганын, жалпы чөлкөмдүн өнүгүшүнө таасир эте турган CASA-1000 сыяктуу долбоолордун ишке ашырылышына кызыкчылыгы бар экенин кошумчалай кеткен.

Вашингтондун мындай аракеттери Кытай аймактагы саясий жана экономикалык таасирин күчөтүп жаткан кезде жүрүп жатат.

Буга чейин Дональд Трамптын администрациясы Бээжиндин бул өлкөлөрдүн өкмөттөрүн Шинжаңдан качып, башпаанек сураган жарандарын чыгарып берүүгө көндүрүп жатканына тынчсыздануусун билдирген.

Мындан тышкары Тажикстанда «Озоди» радиосунун журналисттери аккредитация ала албай жатканына байланыштуу Элис Уэллс бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр болгонун айтып, бул маселенин жакын арада чечилишине үмүт артты.

- Көз каранды эмес маалымат каражаттары өлкөлөрдүн өнүгүшүндө маанилүү роль ойнойт. АКШ алардын ролун жогору баалайт. Быйыл парламенттик жана президенттик шайлоо өтө турган Тажикстанда ачык жана эркин талкуулар сөзсүз болушу керек, - деп кошумчалады Уэллс.

Былтыр октябрда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматынын 11 журналистинин ичинен жетөөнүн гана аккредитациясын үч айдан алты айга чейин узарткан.

Өлкөдөгү мыйзамдарга ылайык уруксат кагазынын жоктугунан улам радионун башка журналисттерине иштөөгө тыюу салынган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG