Ат-Башыда курулушу пландалган логистикалык борбордун долбоору токтотулду. Буга жергиликтүү тургундардын каршылыгы себеп болду. Элдин каарынан улам буга чейин да бир нече долбоор токтогон. Бийлик инвестиция тартууну канчалык убада кылса да иш илгерилебей жатат. Буга эмне себеп?
Экономика
шаршемби 19 Февраль 2020
Кыргызстандан Кытайдын товары кездешпеген базарды элестетүү кыйын. Кийим-кече, буюм-тайымдан баштап Кытайдан ташылат. Кытайдын Ухань шаарында чыккан жугуштуу эпидемияга байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы жабылганына бир айга жакын убакыт болду. Буга байланыштуу базарда айрым товарлардын тартыштыгы сезиле баштады.