Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 28-март, 2020 Бишкек убактысы 20:36

Экономика

Кыргызстандык энергетиктер.

Кыргызстандагы ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга Орусия менен Иран кызыгып жатканы белгилүү болду.

2008-жылы «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууну өзүнө алып, бирок долбоорду ишке ашырууну кечеңдеткени үчүн кыргыз тарап макулдашууну жокко чыгарган орусиялык «Интер РАО» компаниясы ишти кайрадан калыбына келтирүүнү каалап жатканын билдирген.

Ал эми дагы бир орусиялык компания «РусГидро» баштап, бирок аягына чыкпай калган Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына Ирандын компаниясы кызыгып, анын техникалык-экономикалык негиздемесин сураганы белгилүү болду.

Айрым талдоочулар бул долбоорлор геосаясий кызыкчылыктарга көбүрөөк байланганын айтып, мындай шартта Кыргызстан аны өз алдынча курууга киришкени туура деп эсептешет. Бирок андай кадамга мүмкүнчүлүк жок экенин айткандар да бар.

Орусиянын «ойгонгон» кызыкчылыгы

Орусиялык «Интер РАО» компаниясынын өкүлү Дмитрий Волков «Каспий менен Борбор Азиядагы гидроэнергетика» деген эл аралык конгресстин жыйынында «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу боюнча макулдашууну Орусия тарап дагы эле жокко чыгара элек экенин айткан. Ал бул тармакка инвестиция салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырууга Москванын кызыкчылыгы бар экенин билдирген.

Орусия 2008-жылы бул долбоорду ишке ашырууга 2 млрд. долларга чейин инвестиция салганы жатканын билдирип, Кыргызстан менен макулдашууга кол койгон болчу.

Бирок 2009-жылы ошол кездеги Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Ташкентте болгон расмий сапарында бул долбоорду ишке ашырууда Өзбекстандын кызыкчылыгы эске алынарын айтып, кийин ГЭС курулбай калган.

2016-жылы кыргыз өкмөтү Орусия берген убадасын аткарбай, долбоорду ишке ашырууну кечеңдеткени үчүн келишимди жокко чыгарган. Эл аралык мамилелер боюнча айрым адистер Кыргызстандын бул долбоорун Орусия Өзбекстанга басым көрсөтүү каражаты катары гана колдонорун айтып, аны чынында ишке ашырууга кызыкчылыгы жок деген жыйынтыкка келишкен.

«Улуттук энергохолдингдин» жетекчиси Айтмамат Назаров орусиялык «Интер РАО» компаниясы сүйлөшүүлөрдү кайра жандандырууну сунуш кылганын ырастады:

«Азыркы күнгө карата «Интер РАО» компаниясы менен аласа-бересебиз жок. Бирок алар дагы эле кызыкчылыгы бар экенин билгизип жүрүшөт. Былтыр мен Москвага барып, Орусиянын Энергетика министрлигинде болгонумда ГЭСти курууга кызыкчылыгы бар экенин айтышкан. Кечээ жакында болгон жыйында да алар бул долбоорго инвестиция салууга кызыгарын улам кайталап жатышты. Биз ал жак менен дагы эле сүйлөшкөнгө даярбыз. Бирок Орусия тарап сунуш кылган баа менен ГЭСтен өндүрүлө турган электр энергиясын сатып ала албайбыз. Алар «өндүрүлгөн 1 кВт электр энергиясын 8 сомдон кем эмес баада сатып аласыңар» деген пикирин айтып жатышат. Биз буга макул эмеспиз».

Мындан сырткары жакында эле Ирандын «Water & Power Resources Development Co» компаниясы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга кызыгарын билдирген. Бирок азырынча салына турган инвестициянын көлөмү жана долбоорду аткаруунун шарттары боюнча Иран тараптын пландары белгисиз.

Буга чейин Орусиянын «РусГидро» компаниясы аталган долбоорду ишке ашыруу милдетин өзүнө алып, ага 270 млн. доллар каражат салууга макулдашкан. Бирок компания ишти баштап барып, аягына чыкпай калгандыктан кыргыз тарап келишимди жокко чыгарган. «РусГидро» курулуштун башында эле 37 млн. доллар чыгым жумшалганын айтып, аны төлөп берүүнү талап кылган. Кийин ал жаңы инвестордун эсебинен чыгымды өндүрүүгө макул болгон.

Кыргызстан ГЭСтерин өзү курса болбойбу?

Энергетика боюнча эксперт Сапар Аргымбаев ири энергетикалык долбоорлорго карата чоң мамлекеттердин кызыкчылыгы геосаясатка байланган деп эсептейт. Ошондуктан ал мындай долбоорлорду Кыргызстан банктардан насыя алып болсо да, өзү ишке ашырууга аракет кылышы керек деген оюн ортого салды:

Орусия "темир жолду курдурбайбыз, өзүбүз курабыз" дегендей биздеги бардык стратегиялык маанидеги долбоорлорду ишке ашырууну кармап, атайын эле убакытты созуп жатат окшойт.
Сапар Аргымбаев.

«Иран тараптын биздин энергетика тармагыбызга инвестиция салуу боюнча ниети ушул жол менен эл аралык санкциялардан буйтап өтө алабызбы деген алардын планына байланышкан кандайдыр бир чоң геосаясий оюн да болушу мүмкүн. Ал эми Орусия «темир жолду салдырбайбыз, өзүбүз салабыз» дегендей биздеги бардык стратегиялык маанидеги долбоорлорду ишке ашырууну кармап, атайын эле убакытты созуп жатат окшойт. Жогорку Нарын каскадына Орусия тарап «37 млн. доллар чыгымдап салганбыз, төлөгүлө» деп доомат коюп, анан кыргыз тарап чын эле ошондой чыгымдар болгонун аныкташ үчүн «эл аралык экспертизага берели» десе баш тартып коюшпадыбы. Эң эле жакшы вариант - биздин мамлекет ири долбоорлорду өз күчү менен курууга багыт алса жакшы болмок. Себеби, «ГЭС куруп беребиз» деген чет элдик компаниялар ири банктардан насыя алып, анан ал карыз төлөнгөн соң кирешеге үлүшкө отуруу шарты менен долбоорго кирүүнү сунуш кылып жатышат. Андан көрө биздин мамлекет насыяны өзү эле алып, өзүнүн күчү менен эле ГЭСтерди куруп, бүтүрүп алса аябай чоң иш болмок. Ага ээлик кылуу, башкаруу укугу да өзүбүздө калат эле».

Ирандан түшкөн ири сунуш

Иран толугу менен, Орусия болсо жарым-жартылай эл аралык экономикалык санкцияларга дуушар болгону белгилүү. Ошондуктан адистер аталган эки мамлекеттин энергетикалык компаниялары Кыргызстанда ГЭС сала баштаса, анда аларга карата эл аралык санкциялар кандайча таасир этиши мүмкүн деген суроону коюшту.

Айтмамат Назаров Иран тарап менен сүйлөшүүлөрдө бул маселе эске алынганын айтып, кызматташуу тууралуу сөз азырынча быша элек экенин эске салды:

«Азыркы убакта Ирандын компаниясы бизге кайра-кайра келип эле, Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскадынын техника-экономикалык негиздемесин сурап жатат. «Ошону көрүп чыгып, анан оюбузду айтабыз» деп жатышат. Биз аларга анын көчүрмөсүн да бере албай турганыбызды, алар бул жактан гана таанышып чыкса болорун айтып, жооп бердик. Биз ал компания менен иштешкенге даярбыз. Бирок ал жактан конкреттүү сунуш түшө элек. Анан санкцияларды да эске алышыбыз абзел. «РусГидро» койгон 37 миллион долларды Иран төлөөгө милдеттенме алса эле бул долбоордун маселеси чечилбейт. Биздин мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынган шарттагы макулдашууга жетишкен учурда гана биз бул долбоорду ишке ашырышыбыз мүмкүн. Андай болбосо, анда бул бекер сөз».

Чектелген мүмкүнчүлүк, ченемсиз саясат

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандын энергетикалык жана темир жол долбоорлорунда ири державалардын геосаясий кызыкчылыгы бар экенин айтып, аны өлкөнүн улуттук кызыкчылыгына карата пайдалануу маселесин козгоду.

Алмамбет Шыкмаматов чет элдик инвестицияны тартып, аны туура пайдалануу саясаты жок болуп жатканын белгиледи:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

«Энергетикалык ресурстарды, эл аралык жол каттамдарын көзөмөлдөөгө келгенде, албетте, ири державалардын кызыкчылыгы болот. Бул табигый көрүнүш. Маселе бул жерде бизге окшогон өлкөлөр ошону өзүнүн улуттук кызыкчылыгына карата буруп алып, инвестицияларды натыйжалуу пайдаланып кеткенинде. Биздин өкмөт менен Орусиянын өкмөтүнүн ортосундагы энергетикалык келишимдер чарбалык талаштардын айынан эле үзгүлтүккө учураган. Бул жерде чоң геосаясий оюндар болуп кетип, анан кесепетинен ошондой болду дегенге кошулбайм. Биз инвестицияны туура пайдаланганды үйрөнүшүбүз керек. Анан биз Кытайдан, Орусиядан же дагы башка жактардан инвестиция келсе эле, алардын баарына каршы чыгып отура бергенибиз да туура эмес. Биз мындай ири долбоорлорду ишке ашырууну Орусия, Иран, Жапония, Европа өлкөлөрү сыяктуу ири мамлекеттердин компанияларына беришибиз зарыл. Чынын айтканда, миң айткан менен мындай иштер өзүбүздүн колубуздан келбейт».

Кыргызстан энергетикалык ресурстарга бай өлкө катары таанылган. Советтик илимпоздор Кыргызстандагы Нарын дарыясы баш болгон ири суу бассейндеринин алабына 60тан ашуун ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүгү бар экенин изилдеп чыгышканы белгилүү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

«Кыргызмунайгаздын» жумушчулары бургулоо иштерин алып барууда.

Коронавирустун жайылышына байланыштуу Кытай менен чек аранын жабылышы «Кыргызмунайгаздын» ишине да таасирин тийгизди. Ишкананын жетекчилиги мунай өндүрүүдө колдонулчу техникалардын тетиктери Кытайдан келбей калганын айтууда.

Кочкор-Ата шаарында жайгашкан «Кыргызмунайгаз» ишканасы өлкө аймагында мунай өндүргөн жалгыз ишкана. Мекеме бургулоо иштерине керектүү тетиктерди сатып алууга өткөн жылы тендер жарыялап, аны кытайлык компаниялар утуп алган.

Ишкананын жетекчиси Рашид Бостонов коронавирустун жайылышына байланыштуу кыргыз-кытай чек арасынын жабык турганы ишкананын ишине терс таасирин тийгизгенин айтты.

Рашид Бостонов.
Рашид Бостонов.

«Бургулоо иштери канчалык көп болсо, кийинки жылы мунай өндүрүүнүн көлөмү ошончолук көбөйөт. Бургулоо иштерине колдонула турган тетиктерди сатып алууга жарыяланган тендерди бир топ кытайлык компаниялар утуп алган. Алар бардык техникаларды Кытайдан алып келмек. Учурда компаниянын жетекчилигине кат жолдоп, келишимде каралган иштерди өз убагында аткарууну эскерттик. Эгерде жагдай өзгөрбөсө, өндүрүштү үзгүлтүккө учуратпоо максатында Орусиядан техникалык жабдыктарды сатып алууга туура келет».

Ишкана учурда бургулоо жана мунай өндүрүү иштерин токтоткон жок. «Кыргызмунайгаздын» башкы инженери Абдилла Жусупов аба ырайына карабастан иш уланып жатканын айтты.

Абдилла Жусупов.
Абдилла Жусупов.

«Биз иштеп жаткан жер «Майлуу-Суу-939» бургулоочу участогу. Учурда 900 метр тереңдикке жетип калдык. Долбоордо 1890 метр деп каралган. Быйыл биз 39 миң метрге жакын бургулоо иштерин жүргүзүшүбүз керек. Жыл башынан бери 4800 метрден ашык бургулоо жумуштарын аткардык. Бизде иш суткасына 24 саат бою тынымсыз жүрөт. Мында бир бригадада 40 адам нөөмөт менен иштеп жатат».

"Кыргызмунайгаздын" жумушчусу. 20-февраль, 2020-жыл.
"Кыргызмунайгаздын" жумушчусу. 20-февраль, 2020-жыл.

2 миңден ашык адам иштеген «Кыргызмунайгаз» ААК былтыр 140 миң тонна мунай өндүргөн. Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 30 миң тоннага көп кара май өндүрүү планы коюлган. Ишкананын жетекчиси Рашид Бостонов учурда кытайлык компанияларга билдирүү берилгенин кошумчалайт.

«Бургулоого колдонулуучу түпкүрдөгү суу кыймылдаткыч, нефти кудуктарынын капталдарын бекемдөө түтүгү сыяктуу бир топ керек жабдыктарды ар кыл компаниялар тендерден утуп алган. Биз менен иштешкен кытайлык 13 компаниянын ичинен үч компаниянын гана адистери келишти, калгандары келе элек. Алар быйыл өз иштерин 70% аткара албай калышы мүмкүн. Ошондуктан орусиялык компаниялар менен иштешүүгө басым жасап жатабыз. Жакындан бери Орусиянын техникаларын сатып ала баштадык. Кытайга караганда сапаттуу, анын үстүнө тетиктери да оңой табылат. Мурда Кытайдан алган техникаларыбызды бир жылдан кийин жаңылоого туура келчү».

Кыргыз-кытай чек арасы Кытайдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 24-январдан бери ачыла элек. Соодагерлер чек арага байланыштуу товарлардын баасы өсүп жатканын айтышууда.

Экономика министрлигинин аймак аралык башкы башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев өкмөт кырдаалдан чыкса болорун белгиледи.

«Учурда эки тараптан тең товар кирген да, чыккан да жок. Биз 15-январга чейин мурда товар алып келүүгө Кытайга кирген жарандарыбыздын баарын чыгарып алганбыз. Азыр авиация менен келе турган товарлар да токтогон, авиакаттамдар толугу менен жабылган. Учурда товарды поезд менен гана ташууга уруксат бар. Коронавирус Кыргызстанга гана эмес, бардык мамлекеттерге тиешелүү кырсык болуп турат. Кытайдын негизги өндүрүшү жабык турат, карантинге алынган. "Кытайдан товар келбей калса, алардын ордун кантип толтурабыз?" деген суроого жооп издейбиз. Учурда эл керектөөчү товарларды Орусиядан, Түркиядан, Казакстандан тапсак болот, Кыргызстандын ички базарынын дараметин көтөрүшүбүз керек».

Жергиликтүү талдоочу Узакбай Маматкулов коронавируска байланыштуу жагдай атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо керектигин тастыктады дейт.

Узакбай Маматкулов.
Узакбай Маматкулов.

«Кытай менен чек аранын жабылганы биздин ички экономикабызга таасир берип жатат. Анткени көпчүлүк азык-түлүк, эмеректерге керектелүүчү материалдар, техникалык жабдыктар ошол жактан ташылчу. Алардан баарын биздеги ишканалардан тапсак болот, бирок соодагерлер баасына карап Кытайдын товарларын колдонушчу. «Дордой» базарында товарлардын баасы көтөрүлүп жатыптыр. «Кыргызмунайгазга» сыяктуу атамекендик мунай өндүрүүчү компанияларга да мамлекеттик деңгээлде колдоо зарыл жана продукцияларын жайылтууга шарт болушу керек. Ошондуктан биз импортту кыскартып, экспортту көбөйтүү жагын ойлошубуз керек. Кыргыз өкмөтү атамекендик продукцияларды брендге айландыруу үчүн соода дүкөндөрүндө Кыргызстанда чыгарылган товарларга өзүнчө текче бөлүп берүү талабын койгону да жакшы болду. Эми текченин үстүнө «Кыргызстанда жасалган» деген өзүнчө бурчтар пайда болот экен. Кыргызстандыктар баасына карабай өзүбүздүн өндүрүшчүлөрдү колдойт».

«Кыргызмунайгаз» ишканасы учурда жаңы Исбаскент-Алаш мунай кенин ачуу алдында турат. Бул «Кыргызмунайгаз» ишканасынын тарыхында 60 жылдан кийин ачылган жаңы кен аймагы болуп калат.

«Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коому Кыргызстандын Кочкор-Ата, Майлуу-Суу жана Ноокен аймактарында чалгындалган 11,3 млн. тонна мунай жана 4,7 млрд. метр куб газ запасына ээ. Жалпысынан анын карамагында Жалал-Абад облусундагы 35 майда мунай жана газ кендери бар. Жалал-Абад, Кочкор-Ата жана Майлуу-Суу шаарларынын калкын да аймакта өндүрүлгөн көгүлтүр от менен камсыз кылат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG