Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 28-март, 2020 Бишкек убактысы 19:53

Экономика

Доллар баасы: Улуттук банктын убадасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:03 0:00
Иллюстрациялык сүрөт.

«Элди таза суу менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты» болорун президент Сооронбай Жээнбеков Баткенде айтты.

Мамлекеттик «Таза суу» программасы кандай ишке ашууда? 2024-жылга чейин элге толук таза суу жеткирүү реалдуубу? Анын каржылык булактары чечилгенби? Бул долбоордо эл аралык өнөктөштүктүн насыялык салымы канчалык? Ушул ж.б. суроолорго «Арай көз чарай» берүүбүздөн жооп издедик.

Талкууга «Таза суу» департаментинин долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Шамсидин Халов, Коомчулуктарды инвестициялоо жана өнүктүрүү агенттигинин (АРИС) «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун координатору Кубанычбек Бостонбаев жана коомдук ишмер Бакыт Рысбаев катышты.

«Азаттык»: - Шамсидин мырза, мамлекеттик «Таза суу» программасынын мурдагы долбоолору боюнча коомдо бир топ сын айтылып келгени белгилүү. Биздин бүгүнкү кебибиз ал жөнүндө эмес. Азыркы «Таза суу» долбоорунун абалы кандай жана анын аткарылышына канчалык кепилдик бар?

Шамсидин Халов.
Шамсидин Халов.

Шамсидин Халов: - Чындап эле, элди таза суу менен камсыз кылуу – мамлекеттеги өтө орчундуу маселелердин бири. Учурда чоң иштер аткарылып жатат. Бүгүнкү күндө республикада 653 айыл таза сууга муктаж, алардын 390у мурда таза суу болбогон айылдар. Калганы өткөн кылымдын 60-70-жылдары курулуп, азыр эскилиги жетип, кайра курууга муктаж болуп турат. Биздин алдыбызга ушул айылдардын баарын 2024-жылга чейин толук таза суу менен камсыз кылуу милдети жүктөлгөн. Каржылык булагын чечиш үчүн сырттан каражаттарды тартуу боюнча иштер жүрүп жатат. Дүйнөлүк банктан 72 миллиондон ашык доллар инвестиция тартылып, Ош, Ысык-Көл, Чүй облустарынын 91 айылына жумшалып жатат, 25 айылына таза суу чыгып, тапшырылды. Ислам өнүктүрүү банкы бөлгөн 23 миллион доллар акчага Жалал-Абад облусунун 24 айылына суу чыгаруу иштери башталууда. Аталган банктан бөлүнө турган каражаттын экинчи фазасына Баткен, Талас облусунун бир нече айылдарына суу чыгат. Азия өнүктүрүү банкынан бөлүнө турган акчага Нарын облусунун айылдарына таза суу жетет. Сырттан келген каражаттардын, мисалы, Европа өнүктүрүү банкынан келе турган каражаттын 35% насыя, калганы грант түрүндө берилет. Калган банктардан келе турган акчанын 45-50% жакыны насыя болуп жатат. Жалпы «Таза суу» программасын толук ишке ашырыш үчүн 53 миллиард сомдон ашык каражат керек болот, ошонун 33 миллиардынын булагы табылды. Калганы сумманын булактарын табуу боюнча иштер жүрүп жатат. Кыргыз өкмөтү да жалпы керектелүүчү сумманын 10-20% республикалык бюджеттен каржылап жатат. 2020-жылы бул программага 500 миллион сом бөлүндү.

«Азаттык»: - Кубанычбек мырза, АРИС уюмунун сиз координаторлук кылган долбоору менен өкмөт менен өнөктөштүктө түшүнүүчүлүк барбы? «Таза суу» программасын турмушка ашырууда сиздердин агенттиктин орду, үлүшү кандай болууда?

Кубанычбек Бостонбаев.
Кубанычбек Бостонбаев.

Кубанычбек Бостонбаев: - АРИС менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы өнөктөштүк кызматташтыгы жогорку денгээлде десем болот. Өкмөттүн «Таза суу» департаменти бул программаны түздөн-түз аткаруучу орган болсо, АРИС программанын бир бөлүгүн ишке ашырып жатат. Биз департаменттин бекитип берген планы, бюджети боюнча иштейбиз. Жалпысы 200дөн ашык айылдарга суу чыгаруу боюнча иштеп жатабыз.

«Азаттык»: - Бакыт мырза, «Таза суу» долбоору жер-жерлерде ишке ашып жатканы тууралуу маалымат өнөктүгү катуу жүрүп жатканы байкалат. Чындап эле ушундай масштабдуу иштер жүрүп жатабы? Дегеле программанын ишке ашышын кандай баалайсыз?

Бакыт Рысбаев.
Бакыт Рысбаев.

Бакыт Рысбаев: - Таза суу маселеси Кыргызстан эгемен болгон 30 жылдан бери эле ар бир бийлик үчүн олуттуу программа болуп келген, анча-мынча аракеттер болгон. Азыркы президентибиз «Таза сууну» негизги маселе деп шайлоо алдындагы программасына киргизип, ишке ашырууга убада берген. Бүгүнкү күндө айткан сөздү аткарууга жылыштар болуп жатканы байкалууда. Бирок «президенттик мөөнөт бүткөнчө айылдарды толук суу менен камсыз кылабыз» дегени азыркы реалдуулук менен караганда аягына чыгышы бүдөмүк болуп турат. Жылына 25 айылга таза суу жеткирип жатканыбызды эске алып, эсептеп көргөнүбүздө айтылган мөөнөттө жетишүү мүмкүн эмес деп ойлойм. Анткени өтө чоң суммадагы каражат талап кылынууда. Кыргызстанда 2000 жакын айыл болсо, алардын үчтөн биринде таптакыр суу болгон эмес. Жаңы системаларды тартыш үчүн оңой эмес акча керектелет. Ошондуктан биздин өкмөт айыл өкмөттөрүнүн, шаарларынын жергиликтүү бюджеттерин көбөйтүү боюнча чоң иштерди алып барышы керек. Акчасы көбөйгөн жергиликтүү бийлик органдары да таза суу маселесинин чечилишине да өз үлүшүн кошмок. Биз айылдагы мектептерди каржылоо толугу менен Билим берүү министрлигине берилиши керек деп айтып келатабыз. Мектепке берип келген акчаны жергиликтүү бийлик таза сууга жумшап, көп маселелерди өзү эле чечип алмак.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG