Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Экономика

Париждеги аэропорт.
Париждеги аэропорт.

Коронавирус күчөп бараткандыктан Европаны “Жаңы Кытай” деп атай башташты. АКШ Европага эшигин жапты. Лидерлер 2008-жылдагыдан да оор кризис келгенин моюнга алып жатышат. Алдыда үч өлкөнүн мисалын көрсөтүп берели.

Италия

“Бардык жолдор Римге алып барат” деген эски учкул сөз бар. Азыр ал жолдор жабык. Колизей амфитеатры баштаган күн сайын он миңдеген турист келип турган жайлар аңгырап бош. Көчөлөр ээн.

Италия коронавирус статистикасы боюнча Кытайдан кийинки орунда. Ооруну жугузгандар 15 миңден ашты, миңден көп адам көз жумду.

10-марттан тарта бүтүндөй аймагына карантин жарыялаганда сырт дүйнө менен катташуу да токтогон.

11-мартта өлкөнүн премьер-министри Жузеппе Конте азык-түлүк дүкөндөрү менен дарыканадан башкасынын баарын жабууну буйруган.

Ошентип 60 миллиондон ашуун киши үйдөн чыга албай калды.

Расмий эмес маалымат боюнча, Италияда баш-аягы беш миңдей кыргызстандык бар. Алар негизинен тейлөө жагында иштешет. Улгайган адамдарга кам көргөндөр да көп.

"Азаттыктын" кабарчысына Сардиния аралынын Кальяри шаарында иштеген Азиз аттуу кыргызстандык жигит Неаполь, Казерта шаарларында базар-ишканалар жабылып, балдар бош, үйдө отурушат. Улгайган адамдарды баккандардын иши жүрүп атат. Айылда иштегендер шаарга чыга албай калды. Алар чыгышы үчүн жанында жумушу толтуруп берген кагаз болушу керек экен. Эмне себеп менен жол жүргөнүнө мотив болушу керек. Себепсиз басмай жок”, - деп "Вотсаптан" кат жазды.

Ал эми Неаполдо эмгектенген Чолпонбек: "Айлана-тегерек тынч. Үйдөн чыга элекпиз. Эшикте полиция текшерип, кайтарып жүрөт. Беткапсыз, колкапсыз чыккандарды кармап, суракка алып жатыптыр. Эшикке чыкканга деле көңүл жок", - деп жазды.

Чехия

Италия эле эмес дүйнөнүн дээрлик бардык аймагында дүрбөлөң түшө дүкөнгө чуркап, азык-түлүктөн тарта башка эң зарыл товарларды сатып алгандар болууда.

Чехияда да ошондой көрүнүш орун алганда премьер-министр Андрей Бабиш элин тынчтанууга чакырды.

Бүтүндөй Чех Республикасында карантин жарыяланган күндө да бизде дайыма азык-түлүк болот. Тамак-ашты сатып ала бербегиле, антүүгө себеп жок”,- деди ал.

Чех өкмөтү башка жактан чектөөлөрдү ыкчамыраак кабыл алып, бейшембиде өлкө аймагына “чукул кырдаал” жарыялады. Жума күнгө карай COVID-19 вирусун жуктургандар 117 кишиге жетти, алардын баары дарыланууда.

Коронавирустун тарашынын алдын алуу максатында Чехия келаткан дүйшөмбүдөн тарта бардык чек арасын жапмай болду. Чех жарандары чет өлкөлөргө чыгарылбайт. Туруктуу же убактылуу жашоого уруксаты бар чет өлкөлүктөрдөн башкасы Чехияга киргизилбейт.

Ал эми өлкө ичинде бир иш-чарада отуз адамдан ашык чогулууга тыюу салынды. Андан тышкары окуу жайлар, коомдук жайлар жабылды.

"2020-жылдын 13-мартынан тарта театр, кино жана башка маданий программалар, спорттук, маданий, диний, бий, салттуу жана ошого окшогон иш-чаралар жабылат", – деп бекемдеди чех премьер-министри.

Ал ошондой эле кечки 8ден таңкы 6га чейин ресторан, барлар да жабылышы керектигин эскертти. Чехтер пивону сүйгөн эл, дүйнөгө пивосу менен таанымал. Ошондуктан “У Лелинку” пабынын бармени Богумил Кундрт буга нааразы болуп жатат:

"Экономикалык жагынан караганда, бул бизге катуу сокку. Баарыбыз жардын кырында турабыз. Азыр го дурус, бирок кардар келбесе, көргүлүктү көрөбүз".

Богумил минтип айтып алып кайра өзүн жубатты:

"Мындан өлбөйбүз (экономикалык маанисинде), бирок оголе жаман болот го. Башкысы аягы жакшы бүтсө болду".

Германия

Германиянын федералдык аймактарынын баарында COVID-19 жайылды. 13-марттын таңында жаңы вирусту жуктургандар 2745 адамга жетти. Жети адам көз жумду.

Буга чейин канцлер Ангела Меркел эксперттерге таянып, вакцина менен тийиштүү дарылоонун жоктугунан коронавирус жуктургандар "калктын 60-70% түзүшү мүмкүн" деп билдирген.

Аны болтурбоо үчүн колдон келген бардык аракеттерди көрүүгө убада берип жатат. Ошондой эле немис бийлиги пандемиядан жабыркаган ишкерлерге өзгөчө көңүл бурууда.

Буга чейинки адистердин тынчсызданууларын ырастап, Меркел кырдаал 2008-жылы адеп банк секторун буттан чалган каржы-экономикалык кризисинен да оор деп жатат:

"Биз бардык маанисинен алганда өзгөчө кырдаалда турабыз. Ал банк кризисинен да экстраординардуу дээр элем. Анткени биз азырынча илимпоздор да, врачтар да жообун таба албай жаткан саламаттык көйгөйүнө туш болдук. Биздин милдет азыр мүмкүн болушунча өмүрлөрдү сактап калуу. Экинчиден, экономиканы сүйөп туруу. Бул эки оор тапшырманы тең аткарышыбыз керек".

Удаа эле экономика жана энергетика министри Петер Альтмайер 13-мартта ишкерлерге масштабдуу колдоо болорун маалымдады.

Германия өнүктүрүү банкы ири ишканаларды колдоо үчүн азырынча 500 млрд. тегерегинде евро камдап турганы жарыяланды.

Министр Альтмайер стратегиялык маанилүү ишканалар убактылуу улутташтырылышы мүмкүн экенин четке какпады. Ошондой эле “компанияларга салык жеңилдиктери менен жардам беребиз. Салыктарды төлөөнү жылдырса болот, ал үчүн эч бир процент талап кылынбайт”, - деп кошумчалады.

АКШ Европадан обочолонду

Коронавирус эки зор өнөктөш АКШ менен Евробиримдиктин мамилесине да сокку урууда.

Кошмо Штаттардын Ооруларды көзөмөлдөө борборунун өкүлү Роберт Редфилд Европаны «Жаңы Кытай» деп атап жиберди.

АКШ президенти Дональд Трамп жума күндөн тарта Шенген аймагындагы европалык 26 өлкөгө (Британиядан башкасына) 30 күнгө эшигин жапты.

“Биз федералдык өкмөт менен жеке сектордун бүт кубатын Америка элин коргоого багыттайбыз”, - деди Трамп шаршембинин кечиндеги кайрылуусунда.

Евробиримдик бул чечимди "бир тараптуу, кеңешпестен кабыл алынды" деп сындады.

Трамптын чечиминен кийинки күн фондулук биржалар үчүн абдан оор болду. Европа менен АКШнын биржаларындагы көрсөткүч бейшембиде 9-16% кулап, жума күнү кайра азыраак көтөрүлдү. Эксперттер мындай абал 1987-жылдан бери болбогонун айтышууда.

Вашингтон Европадан келгендерди чектейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:06 0:00

Негизи эле коронавирус кесепетинен улам тамак-аш, дарыдан башка нерсенин сатылышы, саякат тык токтоп, сатылбай калган товарлардын, туристтик, транспорттук компаниялардын фондулук базарлардагы акциялары кунун жоготууда.

Алгач ирет биржалардагы кескин "тарыхый" чөгүү өткөн аптанын аягынан башталган. Дүйшөмбүдө мунай 30% баасын жоготуп, кайра оңолду. Анын артынан биржадагы башка акциялар арзандаган.

Өзгөчө авиакомпаниялар жабыр тартууда. Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) Александр де Юниак "кризис дагы эки же үч айга уланса, авиация тармагы коллапска учурайт" деген билдирүү жасады. Анын болжолунда кирешени жоготуудан авиация тармагы “63 миллиарддан 113 миллиардга чейин чыгым болушу” мүмкүн.

Чукул жардамдар жана кризис болжолу

Буга чейин АКШ президенти ириде кеме жана аба транспортундагы ишкерлерин колдорун билдирген.

Кошмо Штаттарында азырынча жабыркаган компанияларга аз пайыз менен насыя берүү үчүн 8,3 млрд. доллар бөлүнмөй болду. Убагында төлөнбөгөн салыктар үчүн процент кошулбайт жана айыппул алынбайт деп чечилди. Федералдык резерв системасы 2008-жылкы кризистен бери алгач ирет пайыздык ченди түшүрүп, банктык насыялардын үстөгүнүн азайышына шарт түздү.

Кытай жаңы вирустан жабыркаган аймактарын колдоо үчүн 16 млрд. долларга жакын каражат бөлдү.

Евробиримдик колунда бар ресурстарды колдонуп, жабыркаган тармактарга жардам берүү максатында 25 млрд. долларлык инвестициялык фонд түзмөй болду.

Коронавирус: капчык жукарды, казына бөксөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:01 0:00

Бирок бул чаралар канчалык жетиштүү экенин азырынча эч ким так болжой албай турат. Анткени коронавирус дагы канча жайылары белгисиз. Ага каршы вакцина табыла элек.

Ошондон улам адистер пандемиянын дүйнөлүк экономикага зыянын түрдүүчө болжолдоп жатышат. Маселен, финансы-экономикалык маалымат таратууга ылайыкташкан "Блумберг" агенттигинин талдоочулары коронавирустун экономикалык кесепетинин төрт сценарийин божомолдошкон.

Эгер Кытай жаңы вирусту ооздуктап, апрелден тарта кесепеттерин жоё алса, анда анын терс таасири дүйнө үчүн сезилерлик болбойт дешет.

Бирок Кытай ооздуктай албай, жаңы вирус Түштүк Корея, Жапония, Германия, Италия жана Францияда күчөй берсе, анда 2020-жылкы жалпы дүйнөлүк өсүш 3,1% эмес 2,3% гана жетиши мүмкүн.

Эгер мартта коронавирус катталган өлкөлөрдө кеңири тараса анда дүйнөлүк өсүш 1,2% араң жетип, Европа менен Жапония терең кризиске кабылат, АКШда жумушсуздук күчөйт деп эскертишет.

Төртүнчү вариант, Эгер COVID-19 глобалдык пандемияга айланса, дүйнөлүк экономика 2,7 триллион доллар жоготуп, рецессияга Кошмо Штаттары да кабыла турганы айтылды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Ишкерлердин ишин аксаткан илдет
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:24 0:00

Кыргызстанда товар экспорттоодо жеңил өнөр жайы жолго салынган тармактардын катарында. Бирок кийим-кече тигүүгө чийки заттын 80-90% жана фурнитуранын бир топ бөлүгү Кытайдан ташылып келет. Жалаң эле жеңил өнөр жайы эмес, бир топ товарлардан импортко көз каранды Кыргызстанда Кытай менен чек аранын жабык турганы ишкерлерди санаага салды. Ал эми өкмөт жакында абал жөнгө салынат деп ишенип турат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG