Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:57

Экономика

Баткендин өрүк кагы АКШга экспорттолот
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:07 0:00

Баткенде кургатылган мөмө-жемиштерди экспорттоо жолго коюла баштады. 2017-жылы бул облуста мөмө-жемиштерди таңгактап, кайра иштете турган чакан ишкана ачылган. Учурда анын продукциялары АКШ, Орусия, Түркияга чейин экспорттолуп жатат.

Ош шаарындагы коомдук транспортту дезинфекциялоо иши. 20-март, 2020-жыл.
Ош шаарындагы коомдук транспортту дезинфекциялоо иши. 20-март, 2020-жыл.

Ошто коомдук автоунаалар токтоп, базарлар жабылды. Мэрия муну короновирустун алдын алуу чарасы катары түшүндүрдү. Шаар аймагында буга чейин ачылган ун сатуучу жайлар да убактылуу ишин токтотту. Ош шаарынын жетекчилиги тургундарга унду үйүнө жеткирип берүүнү пландоодо.

Ошто күнүнө маршруттук автоунаалардан тышкары 28 троллейбус, 54 автобус шаар ичинде эл ташыйт. 20-марттан тарта шаардагы коомдук автоунаалар токтотулду.

Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров мекеме эл ташууну токтотконун коронавируска байланыштырды.

Талантбек Капаров
Талантбек Капаров

"Бүгүн, 20-мартта мэриядан тапшырма бергендиктен шаар ичиндеги бардык коомдук автоунаалардын каттамын толук токтоттук. Буга чейин автоунаалардын санын кыскартканбыз. Азыр бардык автобус, троллейбустарды дезинфекциялап, тазалап жатабыз. Эми кырдаалга жараша иш алып барабыз".

Ош шаар мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 20-марттан тарта Оштогу борбордук автоунаа базары, автоунаа тетиктерин саткан базар, борбордук муниципалдык базар жана «Келечек» базары убактылуу жабылды. Ал эми азык-түлүк сатуучу жайлар, дүкөндөр жана дарыканалар иштеп жатат.

"Ноокат району Ош шаары менен чектеш. Буга чейин ар кандай каттамдар, кирип-чыгуулар болуп жаткан. Ноокатта үч учур катталгандан кийин биз бул оорунун алдын алуу, коргонуу максатында бир топ чектөөлөргө бардык. Кафе, ресторандарга да чектөө коюлду. Кээ бири үйгө буюртма менен тамак жеткирүү тартибинде иштешет", - деди Ош шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсатаров.

Ош шаарында 18-мартта унга муктаждык күчөп, «Тулпар» ун чыгаруучу ишканасында кардарлардын узун кезеги пайда болгон. Шаар тургундары "жергиликтүү бийлик элдин талабын жакшы аткара албай жатат" деген пикирин айтышты.

"Мэрия буга чейин эле унду ар бир дүкөнгө жеткирмек. Элди бир жерге топтобой, маселени эрте чечсе болмок", - деди алардын бири.

"Азыр эч жерде ун жок. Таппай жатабыз. Аймактык башкармалыктарга жеткирип беришет экен, шаар тургундары, айрыкча көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар эмне кылабыз? Канчалаган эл эртеден бери ушул жерде турат", - деди унга кезек күтүп тургандардын бири.

Ош мэриясы жарандарга эл көп чогулган жерлерге барбоону сунуштап, шаар тургундарына унду жашаган жерине жеткирип берүүнү пландап жатат.

Ош шаарынын мэриясы
Ош шаарынын мэриясы

"Ош шаарынын жети аймактык башкармалыгына ун жеткирип берүүнү колго алдык. Тургундар башкармалыктын имаратына барып канча кап ун керек болсо айтып жаздырып коюусу керек. Биз айтылган унду жеткирип беребиз", - деди Ош шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсатаров.

Мэриянын басма сөз кызматы Ош шаарында эпидемиологиялык абал туруктуу экенин маалымдады. Бирок жарандарды сак болууга, өздүк гигиенаны сактоого чакырды.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны алты кишиге жетти. Алардын үчөө Ош облусунун Ноокат районунун тургундары. Буга байланыштуу аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG