Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 28-март, 2020 Бишкек убактысы 21:02

Экономика

Ош шаарындагы соода жайларынын бири.

Коронавирустун айынан ишкер чөйрө жана жарандар коммерциялык банктардан насыялык каникулдарды жарыялап, жеңилдиктерди берүүнү суранышууда.

Коронавирус илдетинин жайылуу коркунучу насыя менен иштеген ишкерлерге жана ипотекага турак жай сатып алган жарандарга өзгөчө сезиле баштады.

Айрыкча насыяларды АКШ доллары менен алган ишкерлер коммерциялык банктар менен насыя алуунун шарттарын кайрадан кароо үчүн арыз жазууга аргасыз болушууда. Буга, биринчиден, АКШ долларынын курсу көтөрүлүп, сомдун куну кескин түшүп кеткени себеп болгон.

Ошондой эле карантинге байланыштуу ишканалардын жабылышынан улам алардын кожоюндары салык жагынан жана насыяларды төлөөдө жеңилдик берүүнү талап кыла баштады.

«Сузуки» автотейлөө борборунун кожоюну Алишер Үркүнбаев коопсуздук чараларына байланыштуу жабылууга дуушар болгон шартта буга чейин алынган насыяларды төлөөдө маселе пайда болгонун белгиледи.​

Алишер Үркүнбаев АКШ доллары менен насыя алынган коммерциялык банк менен аны сомго өткөрүү жана насыяны төлөөгө каникул берүү маселеси боюнча кайрылып, учурда банктын башкармалыгынан жооп күтүп жатканын билдирди:

«Насыясы бар ишкерлерге аябай эле кыйын болуп калды. Анткени карантинге байланыштуу ишкананы жаап, азыр үйдө эле отуруп калдык. Насыяны ай сайын төлөп турушубуз керек. Банк «кааласаңар насыянын пайыздарын төлөөнү үч айдан кийинкиге жылдырып берели» деди. Бирок бул чара абалдан чыгууга жардам бербейт. Анткени насыяны доллар менен алганбыз. Доллардын курсу көтөрүлүп, сомдун куну түштү. Бул да бизге кошумча түйшүк болду. Ал эми биздин кирешебиз сом менен болчу. Банктан келип «арыз жазып көргүлө» деп айтышты. Майга чейин ушундай шарттар сунуштала турганы белгилүү болду. Бирок эми банкка барганда ал жактан кандай конкреттүү жардам болорун билебиз».​

Антикризистик чаралар

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов өткөн жуманын соңунда Кыргызстандагы коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушуп, ишкерлер менен банктардан карыз алган жарандардын насыяларын төлөөдө өз ара колдоо көрсөтүүнүн шарттарын талкуулаган.

Ишкердикти колдоо менен өлкөнүн финансы жана банк системасынын туруктуулугун камсыз кылуу маселеси каралып, коронавирус илдетинин жайылуу коркунучунун экономикага тийгизген кесепеттерин жөнгө салуу максатында бир катар чараларды көрүү боюнча чечим кабыл алынды. Ага ылайык, насыя келишимдеринин шарттарын кайра кароо жана аларды төлөө кечеңдеген шартта акчалай айыптарды жана комиссияларын алууга тыюу салынат.

Биринчи вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бул чараларды өкмөт менен Улуттук банктын ортосундагы антикризистик план катары сыпаттады:

«​Бул шартта өзгөчө антикризистик план иштелип жатат. Биз ишкер чөйрөдөн келип түшкөн сунуштарды эске алабыз. Биз ага эркин эксперттерди да тартып жатабыз. Улуттук банк коммерциялык банктардын насыялар боюнча айып пулдарды алышына тыюу салды. Биз коммерциялык банктарга насыяларды жана алардын пайыздарын төлөөнү эң эле аз дегенде үч айга чейин артка жылдырып туруу боюнча сунуштарды киргиздик. Ошондой эле ишкерлер үчүн салык отчётторун жана салык декларациясын тапшыруу мөөнөтүн узарттык».

Ошол эле кезде коронавирус илдетинин жайылуу коркунучунун айынан келип чыккан экономикалык кесепеттерди жөнгө салууда ишкер чөйрө, өкмөт, Улуттук банк жана коммерциялык банктар өз ара бир пикирге келиши маанилүү экени белгиленди. Ошондуктан Улуттук банк менен өкмөттүн эскертүүсү сунуш иретинде гана экени айтылды.

Коммерциялык банктар биримдигинин төрагасы Анвар Абдраев мындай учурда кырдаалдан өз ара түшүнүшүү аркылуу чыгууга аракет кылуу маанилүү экенин айтты:

«Биз өз ара келише турган чечимге келебиз. Мындай оор кырдаалдарды мурда да баштан кечиргенбиз. 2005-жылдагы окуялар кезинде, 2008-жылдагы каржылык капсалаңда, 2010-жылдагы июнь коогасы учурунда буга окшогон татаал мезгилди өткөргөнбүз. Бирок, албетте, дүйнөлүк деңгээлде кризис биринчи жолу болуп жатат. Ишкерлерди да түшүнүп турабыз. Бирин-экин эле ишкер мындай учурда пайда көрбөсө, көпчүлүгү зыянга учурап, азыр кандай абалга түшкөнүн билип турабыз. Ошондуктан банк тутуму ишкер чөйрөгө жана жарандарга колунан келишинче жардам берет. Банктар өзүнө алган милдеттенмелерди 100% аткарат. Ошондуктан дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Мындай жагдайда бири-бирибизди колдоп, тынч иштегенге аракет кылыш керек»​.

Насыя төлөгөн мигранттардын көйгөйү

Ошол эле кезде бул жагдайдан Кыргызстандагы коммерциялык банктардан насыя алып, автоунаа сатып алып, Орусиянын шаарларында такси кызматын көрсөткөн жеке ишкерлер көбүрөөк жабыркап жатканы белгилүү болду. Анткени орус рублинин куну түшүп, анысын Кыргызстанга салып сомго же долларга алмаштырган учурда курстун айырмачылыгынан эле олуттуу зыянга учурап жаткан эмгек мигранттары насыяларды жана анын пайыздарын төлөөнүн биринчи айында эле кыйынчылыктарга дуушар боло баштаганына даттанып чыгышты.

Москвада такси айдаган Чыңгыз Ысманов таксиде кирешенин көлөмү азайганын айтып берди:

«Мигранттардын 20% жумушунан кыскарды же иштеп тапкан кирешеси азайды. Ал тургай азыр айрым ишканалар Орусиянын жарандарынын жумушчу сааттарын кыскартып жатат. Ошондуктан мигранттардын Кыргызстанга которгон акчасы азайды. Кыргызстандын банктарынан насыя алып, ага машине алып, Орусиянын шаарларында такси кызматында иштеген биздин жүздөгөн мигранттар ошону менен тиричилик кылышчу. Алдыдагы эки-үч айда Кыргызстандан алган насыяларды төлөөдө кыйынчылыктар пайда болот го деп чочулап турабыз. Бирок биздин банктар жеңилдиктерди берет го деген үмүт бар».

Жеке ишкерлерден сырткары Орусияда, Түштүк Кореяда, Түркияда же Европада иштеп, Бишкектен ипотекага турак жай сатып алып, ай сайын насыя төлөп жаткан жарандар да кыйынчылыктан кантип чыгуунун үстүндө баш катыра баштаганы дайын болду. Анткени ал өлкөлөрдө жалданып иштеген кыргыз мигранттарынын арасында акыркы айларда коронавирус илдетинин жайылуу коркунучунан улам алардын айрымдары жумуштан кеткен же айрымдарынын жумуш убактысы кыскарып, анын натыйжасында маянасы азайган абалга дуушар болгон учурлар катталган.

Коронавируска байланыштуу көп мамлекеттерде карантин киргизилип, ишканалар өз жумушчуларынын санын кыскартып же акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө жиберип жатат. Мындан улам чет жактарда иштеген кыргызстандыктар да жабыркашууда.

Орусияда миңдеген журтташтардын иш сааттары кыскарып, рублдун наркы түшүп кеткенине байланыштуу тапкандары да кескин азайды. Бириккен Араб Эмираттарында дагы жүздөгөн мекендештер ишсиз калганын ал жактагы активист Бекмурат Ымамназаров айтып берди.

«Кыргызстандыктардын көбү тейлөө кызматтарында, чоң соода түйүндөрүндө иштеп келген. Мен социалдык тармактарда Эмираттардагы кыргызстандыктардын жашоосун чагылдырган kyrgyzclub.uae деген баракчаны жүргүзөм. Ошол жакка да жумуштан кыскаргандар көп кайрылып жатышат. Алардын арасында ишке жаңы орношуп, сыноо мөөнөтүнөн өтүп жаткандар да, эки-үч жылдан бери иштеп келгендер да бар. Менин эсебимде эле эки миңдей киши ишсиз калды окшойт».

Чет жакта ишсиз калгандардын арасында Түндүк Кипрдеги элүүдөн ашуун мекендешибиз бар. Жакында эле ал жактагы кыргызстандыктар иштеген ондон ашуун мейманкана жабылып калган. Кипр аралынын түрк тарабында жайгашкан Гирне жана Никосия шаарларында 1,5 миңге жакын кыргызстандык жаран билим алып жана мейманканаларда эмгектенип келишкен.

Банктар жеңилдик берүүгө макул

Коммерциялык банктар биримдигинин төрагасы Анвар Абдраев насыя каникулун жарыялоо банктар үчүн оңойго турбасын, бирок алар кырдаалдан чыгыш үчүн ага барууга макул болуп жатканын белгиледи:

«Банктар негизинен жарандардан депозитке алган каражаттарды насыя портфели катары пайдаланып, насыя берип иштеп жатышпайбы. Ошондуктан банктар да кардарларга депозитке алган каражаттардын пайыздарын ай сайын төлөп турууга тийиш. Аны биз жокко чыгара албайбыз. Мен бул боюнча банктардын жетекчилери менен да сүйлөштүм. Алар «бир аз кыйынчылыктар болот, бирок биз ал маселени жөнгө салып, абалдан чыгып кете алабыз» деп айтышты. Эң башкысы - салым салуучулар дүрбөлөңгө алдырбай, алар да бизди түшүнүп, тынч иш алып барса деген ойлорун айтышты».

Экономист Мирлан Жусупов чет өлкөлөрдө иштеген мигранттардын акча которуусу, анын ичинде ипотека үчүн которгон төлөмдөрү улуттук кирешенин негизги бөлүгүн түзүп турган шартта анын төлөө жөндөмдүүлүгүнүн азыркы учурдагыдай абалы олуттуу түрдө тынчсызданууга негиз берерин эске салды:

«Мигранттардын абалынын начарлашы өлкөбүз үчүн кыйын болуп калышы мүмкүн. Себеби, сырттан кире турган кирешенин көбүн биздин мигранттар алып келет. Абал оңолгонго чейин мамлекет алардын насыя төлөө шарттарын жеңилдетүүгө көмөктөшүп турганы оң болот. Рублдин да куну түшүп, доллар менен алынган ипотекалык насыяларды төлөө көп адамды ойлондурган учур. Банктар насыяларды төлөөгө үч айлык каникул берсе, анда мамлекет да банктарды үч айга салыктардан бошотуп, жеңилдик бериши зарыл. Ошондо жалпы система натыйжалуу иштеп, кырдаалдан азыраак жоготуулар менен чыгууга шарт түзүлөт. Жалаң эле банктарды жеңилдик берүүгө мажбурлай берсек, алар да кыйналып калышы мүмкүн. Ошондуктан бул жерде өз ара түшүнүшүү менен саясат жүрүшү керек».

Биринчи вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавирус илдетинин жайылуу коркунучунан улам жабылган ишкердик субъектилери жалпы бизнестин кайсы бир бөлүгүн түзөрүн айтты. Калгандары кризистин шартында кадимкидей эле иштей берүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.

Эркин Асрандиев коммерциялык банктардын насыяларды төлөө жеңилдиктери бардык эле ишкерлерге тиешелүү болбой турганын эскертти:

«Өзгөчө кырдаал убагында азык-түлүк дүкөндөрү, базарлар, дарыканалар, банктар, май куюучу жайлар сыяктуу күнүмдүк керектелүүчү товарлар жана тейлөө менен иштеген ишкердиктин түрлөрү ишин үзгүлтүккө учуратпайт. Ошондой эле курулуш объектилери, энергетика, газ жана коммуналдык чарба кызматтары толук иштейт. Ошол ишкердик жайларында санитардык ченемдер сакталып, байма-бай дезинфекциялоо иштери жүрүп турууга тийиш. Мал базарлары, чоң соода борборлору, кафе-ресторандар, мончолор жана көңүл ачуучу жайлар жабылды».

Юстиция министрлигинин базасында 2019-жылдын август айына карата Кыргызстанда 247 миң салык төлөөчү катталган. Анын 2145ин ири, 2323үн орто жана 242 миңин чакан ишкердик түзөт.

Ири компаниялар мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн 78% толтурат.

Кыргызстанда соңку ирет 2010-жылдагы июнь коогалаңынан кийин ишкерлерге бир жылдык салык жана насыя каникулу жарыяланган. Анткени ишкерлердин көбү ошол окуялар учурунда жабыркаган болчу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Бишкектин айланасына блокпосттор орнотулду
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:38 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG