Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-май, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Экономика

Баткенде жаз алды менен 48 миң гектар жерге кылкандуу дан эгиндерин айдоо пландалган. Учурда айдап-себүү иштеринин 95 пайызы аткарылды.

Ош шаары.

Март айында Ош шаарынын казынасына пландагыдан 39 миллион сомго аз акча топтолду.

Шаардын жетекчилиги «карантин бүтсө, бөксөргөн казынаны толтурабыз» деп ынандырууда. Ага улай мэрия күтүлүп жаткан каржы каатчылыгына карата антикризистик план иштеп чыкканын жарыя кылды. Бирок анын мазмунун ачыкка чыгара элек.

10 күндүк карантинде 39 млн. сом түшпөй калды

Өзгөчө кырдаал башка аймактардай эле Ош шаарына да 25-мартта кирген. Бирок шаар бийлиги күн мурунтан эле коомдук транспортту токтотуп, калаадагы ири базарларды, кафе-ресторандарды жапкан. Мындай аракеттерин жергиликтүү бийлик Ноокаттын шаарга жакын жайгашканы менен түшүндүргөн. Коронавирус жугузгандар Сузактан кийин эле 20-мартта Ноокатта катталып, ошол эле күнү райондо өзгөчө кырдаал жарыяланган.

22-апрелде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов онлайн брифингде «Азаттык» радиосунун узаткан суроосуна жооп берип жатып, март айында шаар казынасына 39 млн. сом түшпөй калганын айтты:

Таалайбек Сарыбашов.
Таалайбек Сарыбашов.

«Ош шаарында бүгүнкү күндө 28 062 жеке менчик субъектилер болсо, ошонун 27 000ден ашыгы, мындайча айтканда 72 000 жумуш кыскартылды. Күнүмдүк салык төлөөчүлөр да өзүңүздөр көрүп жаткандай иштебей жатат. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө март айынын планы боюнча 66,6 % аткарылды».

Марттын 20сына чейин шаарда кадимкидей кыймыл болуп, орто жана чакан ишканалар салыштырмалуу тоскоолдуксуз иштегенин эске алганда 39 млн. сом салыктын түшпөй калышы айдын акыркы 10 күнүнүн эле таасири катары санаса болот.

Ал эми апрель айында пландалган сумманын канча пайызы түшөрү азырынча белгисиз. 24-мартта орозо башталды. Бул Оштогу тейлөө тармагындагы жумуштун басымдуу бөлүгүн токтотуп, соода-саттыкка таасир этери буга чейин маалым.

Жергиликтүү экономикалык эксперттер март айынын жыйынтыгын алдыда болуучу чоң соккунун коңгуроосу катары баалашууда. Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) болсо быйыл Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 4% азая турганын болжолдогон. Мындай көрсөткүч Кыргызстанда акыркы 25 жылдан бери алгач ирет кездешкен отурат.

Ага карабай мэриянын экономикалык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери «шаар карантинден чыкса жылдык бюджетти толтурабыз» деп белсенишүүдө.

Антикризистик план

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 18-апрелде бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптимизациялоо жана оңдоо боюнча кеңешме өткөрүп, «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга карата республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга карата болжолу жөнүндө» мыйзамды чукул иштеп чыгууну талкуулаган.

Ош шаарынын мэри өкмөттүн тапшырмасы менен антикризистик план түзүлгөнүн маалымдады. Бирок мэриянын экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Талант Кайымов анын майда-баратын ачыкка чыгаргысы келген жок. Ал 32 пункттан турган программа жөнүндө үстүртөн гана айтып өттү:

«Ал жерде бюджет да каралган. Өнөр жайын кантип иштетебиз - ал да каралган. Социалдык бардык тармактар каралган. Антикризистик программаны байкайбыз. Ишкерликке жеңилдиктер сыяктуу нерселерди өкмөт чечет. Өкмөттүн чечимдерин ишке ашырабыз. Биз өзүбүз эч нерсе кыла албайбыз. Бирок 41 ишкананы тактап, аларды иштетүү боюнча комендатурага сунуш кылып, алар бекитип берди. Ал ишканалар азыр иштеп жатат».

Экономика боюнча эксперт Эркин Абдразаковдун баамында, шаар жетекчилиги үчүн бүгүн пандемиянын толкунунда түзүлгөн кырдаал - чыныгы сыноо, кескин чараларды кабыл алуучу учур болуп турат.

Пандемия, коронавирус деп, өздөрүнүн кетирген кемчиликтеринин баарын ошого шылтоолошот.

«Пандемия, коронавирус деп, өздөрүнүн кетирген кемчиликтеринин баарын ошого шылтоолошот, - деп божомолдоду ал. - Жарым жылдыкка чейин кызуу сезон эмес. Бирок баары бир 39 млн. сомдун бюджеттен сыртта калып калганы - бул белги. Эртең эле кылычын алып кыш келет. Шаардын өзүндө же айдап койгон эгини болбосо, багып койгон малы болбосо, элди багыш үчүн гумжардам күтүп же республикалык казынаны карап жалдырап отура бериштин кереги жок. Жергиликтүү бийлик да өз алдынча аракет кылышы керек».

Мэрия кургак статистикадан сырткары, кризистик план жөнүндө, кандай кадамдарга барары туурасында ооз ача элек. Мамлекеттик маалымат каражаттарынан жардам баштыктарын таратканы байма-бай көрсөтүлүп жатат.

Карыз алуудан башка кандай жолдор бар?

«Бюджетти толтуруучу башка жол дээрлик жок, бирок ишкерлерге жеңилдик берүү менен жумуш орундарын сактап, өндүрүш чынжырчасын сактоо мүмкүн. Кереги жок кызматтардан, долбоорлордон баш тартуу зарыл. Алдыда оптимизациялоо, ашыкча чыгымдарды үнөмдөө маселеси турат. Бул боюнча өкмөт да тапшырма берген», - дейт мэриянын кызматкери Талант Кайымов. Ал оптимизациялоо иштери болгонун, учурда мэриянын алдындагы ар бир кызмат зарыл жумуш аткарганын айтты.

Ал эми экономикалык эксперт Эркин Абдразаковдун пикиринде, биринин кызматын бири кайталаган же өтө зарыл эмес бир нече мекемелер бар.

Эркин Абдразаков.
Эркин Абдразаков.

«Алардын сап башында Ош шаардык муниципалдык ипотекалык ишканасы турат. Мындан сырткары спорт комитети, жаштар комитети сыяктуу массалык иш-чараларды уюштуруу менен гана алектенген мекемелер бар. Аларды ирилештирип, бөлүнгөн каражаттарды зарыл болгон багыттарга жумшаш керек», - дейт экономист.

Мындан сырткары ал Ак-Бууранын жээгин тазалап, көрктөндүрүп, тротуар, веложолдорду жана эс алуучу жайларды куруу сыяктуу долбоорлорду токтото туруу зарыл деп эсептейт. Мэрия бул долбоорду токтото туруу жөнүндө азырынча ойлоно элек.

Ири долбоорлордон башка да көрктөндүрүү, шаар ичинде жолдорду оңдоо сыяктуу иштерге жумшалчу каражаттардан мүмкүн болушунча үнөмдөө зарылдыгы турат. Бул багытка шаардык бюджеттен эң көп бөлүгү, тагыраагы 32% бөлүнгөн.

Ишкерлер биринчи кезекте өндүрүшчүлөрдү чийкизат менен камсыз кылып, карантиндин шартында дагы иштөөгө шарт түзүп бериши керек деп санашат.

Ош шаары.
Ош шаары.


Ош шаарындагы кичи бизнес ээлери карантиндин алгачкы күндөрү эле айласы куруп, пайда таппаса да бизнесин сактап калууга жан далбастап жаткандарын айтышкан эле. Алардын басымдуу бөлүгү муниципалдык жерлерди ижарага алып иштетишет. Айрым ишкерлердин айтымында, мэрия жок дегенде ижара акысынан 4-5 айга кечсе ишкерлер үчүн чоң жардам болмок.

«Мэриянын колунан келе турган иштердин бири - бул муниципалдык мүлктүн ижара акыларынан бошотуу. Азыр карантин учурунда доолабашы да мүмкүн. Бирок мындан ары да 5-6 айга ижара акысынан кечсе да болот. Анткени шаардагы дүкөндөрдүн басымдуу бөлүгү ижарада отурушат. Бул чоң көмөк болот эле. Мындан сырткары Ошто ипотекага мамлекеттик кызматкерлерге үйлөр берилген. Анын келишимин да кайрадан карап, 3-4 айга төлөөнү жылдырып турса, үй алган кишилерге чоң жардам болмок. Калган салыктардан мэрия бошото албайт», - деди аты-жөнүн ачыкка чыгарууну каалабаган ишкер.


Ош шаары Европа өнүктүрүү банкынан автобус, троллейбустарды насыяга алган сыяктуу шаардык казынаны толуктоого же кризистин таасирин азайтуу чараларына өз алдынча карыз алса болот. Буга мыйзамдар жол берет. Серепчилер болсо азыркы мэрия насыя алууга барарынан күмөн санап турушат.

Ош шаарынын 2020-жылдагы бюджети 1 млрд. 325 млн. сом болуп бекитилген. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу көбүрөөк. Бирок ал киреше салыгы эми жергиликтүү казынага да бөлүнө баштаганынан улам болуп жатат. 2017-жылдан баштап калаанын бюджети көбөйүп жатканы байкалган.

«Бул жерде кесипкөйлүк, чарбакерлик, тажрыйба деген нерсе чоң роль ойнойт. Жөн убакта лента кесип, кооз сүйлөп коюп жүрө бериш оңой. Мындай элдин башына кыйын күн түшкөндө кимдин ким экени, жетекчинин кандай экени билинет», - деди Эркин Абдразаков.

Ошол эле учурда Ош шаарындагы калктын саны менен баш калаа Бишкекти салыштырганда эки эсе, ал эми казынасы 10 эсе аз. Ошондуктан оптимизациялоо жана аны кайрадан карап чыгуу өтө кыйынчылыкты жаратпайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG