Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Экономика

Эл аралык Валюта Фондунун башкаруучу директору Кристалина Георгиева.
Эл аралык Валюта Фондунун башкаруучу директору Кристалина Георгиева.

Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) коронавирус пандемиясы дүйнөлүк экономиканы күтүлгөндөн көбүрөөк аксата турганын билдирди. Ал арада дүйнөнүн жыйырмадан ашуун өлкөсүндөгү 300дөй мыйзам чыгаруучу фондду жакыр өлкөлөрдүн карызын кечүүгө чакырды.

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) башкаруучу директору Кристалина Георгиева 12-майда "Financial Times" басылмасы уюштурган онлайн конференцияда дүйнөлүк экономиканын абалын түшүндүрүп берди.

Ал коронавирус пандемиясынан улам көп өлкөлөрдүн фондго жолдогон маалыматы "буга чейинки пессимисттик божомолдордон да жаман" экенин айтты.

Мындан улам ЭВФ 2020-жылга сереп салган буга чейинки баяндамасын июнь айында өзгөрткөнү жатат. Георгиева жакшы өзгөрүү болбой турганын, буга COVID-19 илдетине каршы чоң жылыш жасалбаганы себеп экенин белгиледи.

"Тилекке каршы вакцинанын же дарылоо курсунун табылбай жатышы айрым экономикалар жагымсыз жагдайга туш болот дегенди билдирет. Бирок чечкиндүү кадамдар дүйнөлүк экономиканын туруктуулугун камсыз кылганын белгилеп коюшубуз керек. Фискалдык жолдор аркылуу [дүйнөлүк экономикага] ири акча же 8 триллион 700 миллиард доллар салынганын көрдүк", - деди Георгиева.

Кытайдын Шанхай шаарындагы порт.
Кытайдын Шанхай шаарындагы порт.

Январь айында же коронавирус дүйнөгө жайылганга чейин Эл аралык Валюта Фонду дүйнөлүк экономика быйыл 3,3%, кийинки жылы 3,4% өсөт деп болжогон. Бирок фонд Кытайдан чыккан коронавирус дүйнөлүк пандемияга айлангандан кийин бул маалыматын өзгөртүп, быйыл глобалдык экономика тескерисинче 3% төмөндөйт деген бүтүмгө келген.

Уюмдун апрель айындагы баяндамасында 2020-2021-жылдары коронавирустан улам дүйнө 9 триллион доллардай кирешеден кол жууй турганы, бул Германия менен Жапониянын бир жылдык ички дүң өнүмүнүн жалпы суммасынан да көп экени белгиленген.

ЭВФ коронавирус пандемиясынан жаралган кырдаалды 2008-жылдагы финансылык кризистен да эң оор рецессия деп мүнөздөп, аны 1930-жылдардагы "Улуу депрессия" менен салыштырган.

ЭВФтин акыркы баяндамасында Кыргызстан пандемия экономикасына кыйла сокку урган мамлекеттердин катарынан орун алган. Ага ылайык, быйыл өлкөнүн ички дүң жыйымы 4% төмөндөшү мүмкүн. Бул Борбор Азиядагы эң начар көрсөткүч.

Эксперттер талдайт": Экономиканын эртеңи эмне болот?

189 мамлекет мүчө болгон бул фонддун жетекчиси Кристалина Георгиева алдыңкы айларда дүйнө экономикасы канча пайызга азаярын так айткан жок. Ал айрым өлкөлөрдүн тышкы карызы кабатырлануу жаратып жатканын, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн кошумча 2,5 триллион доллар зарыл экенин белгилеп, коронавирустан кандай сабак алуу керектигин мындайча түшүндүрдү.

"Тилекке каршы бардык өлкөлөр эле кырдаал тынч кезде оор учурларга камылга көрүп, күчүн бекемдей алган жок. Эгер бул кризистен так сабак чыгара турган болсок, анда ийкемдүү, тез калыбына келе алган экономиканы түптөш керек. Себеби күч топтоп алсаңар, аны керек учурда колдоно аласыңар", - деди Георгиева.

Коронавируска байланыштуу чектөөлөр авиакомпаниялар да катуу жабыркады.
Коронавируска байланыштуу чектөөлөр авиакомпаниялар да катуу жабыркады.

13-майда дүйнөнүн жыйырмадан ашуун өлкөсүндөгү 300дөй мыйзам чыгаруучу Эл аралык Валюта Фондуна жана Дүйнөлүк банкка кайрылуу жолдоп, пандемия маалында жакыр өлкөлөргө көмөк көрсөтүүгө чакырышты. Эл өкүлдөрүнүн арасында америкалык конгрессмендер Берни Сандерс жана Ильхам Омар да бар. Демократтардын атынан президенттикке ат салышууга аракет кылган сенатор Сандерс эл аралык каржы уюмдары "жакырчылык менен ачарчылыктын алдын-алуу" үчүн жок дегенде жакыр мамлекеттердин карызын кече алышарын айтты.

Апрель айында «Оксфам» эл аралык кайрымдуулук бирикмеси пандемиянын кесепетинен 500 миллион адам жакырчылык сазына батышы ыктымал экенин белгилеп, бакубат өлкөлөрдүн лидерлерин чара көрүүгө үндөгөн. «Глобалдык жакырчылык алгач ирет 1990-жылдагыдан да жогорулашы мүмкүн», - деп билдирген «Оксфам».

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Чиновниктердин байлыгы, коомдун талабы
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:28 0:00

Акыркы күндөрү мыйзамсыз байыган мамлекеттик кызматкерлердин байлыгы жөнүндө билдирүүлөрү талкуу жаратып жатат. Кубанычбек Жумалиевдин байлыгы боюнча айтып чыккан Сыймык Жапыкеевге ИИМ, депутаттын өзүнө болсо Финансы полициясы териштирүү ишин баштады. Акыркы коомчулуктагы маанай жана чакырыктар өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөшкө алымсынбоонун белгисиби? Мындай жараяндардын кесепети эмне менен бүтүшү мүмкүн? Талкууга “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, саясатчы, эл аралык эксперт Таалатбек Масадыков жана юрист Клара Сооронкулова катышты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG