Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-май, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Экономика

Бишкектеги Ош базары.

Кыргызстандагы азык-түлүк баасы ЕАЭБге мүчө башка өлкөлөргө караганда тез өсүп жатат.

2020-жылдын төрт айында азык-түлүк Кыргызстанда 10,1% кымбаттады. Бул ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичиндеги эң бийик көрсөткүч.

Ошол эле маалда кызмат көрсөтүүнүн баасы көтөрүлгөн жок, өнөр жай товарларынын баасы азыноолак арзандады. Жалпысынан инфляция апрелде өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 5% түздү.

Салыштырып көрөлү – былтыр бир жыл ичинде азык-түлүк баасы 5,7% гана көтөрүлүп, инфляциянын жалпы көлөмү 3,1% түзгөн.

Улуттук банктын максаты - инфляцияны 5-7% ашырбай кармап туруу, ошого жараша башкы банк өлкөнүн акча-кредит саясатын жүргүзөт.

Учурда өкмөт 2020-жылдын аягында инфляция 10,8% деңгээлинде калышына кызыкдар, бирок жугуштуу апаат башталганга чейин инфляция 3,7% ашпайт деп болжолдоп отурган. Айрым азыктардын баасы мындан да жогору болушу мүмкүн. Анын себеби – жергиликтүү базардын импортко көз карандылыгы, каржы базарынын кескин жогорулап-төмөндөп турушу, азык-түлүк товарларына баанын өзгөрүшү ушундай жагдайды жаратат.

Тамак-ашка баа быйыл өнөр жай товарлары менен кызмат көрсөтүүнүн баасына караганда кыйла өсөрү күтүлүп жатат. Анын үстүнө Кыргызстанда азык-түлүк баасы ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө караганда тезирээк кымбаттап жатат.

Жыл башынан бери негизги азык-түлүк продуктуларына баалар кыйла кымбаттады. Айрыкча эт менен картошка баасы.

Азык-түлүктүн баасы өлкө оор экономикалык кризиске капталган чакта кымбаттады. Азырынча апрелге карата маалыматтар чыга элек, анткен менен экономисттер бул айда элдин кирешеси кыйла төмөндөй турганын азыртан эле болжолдоп отурушат, карантин маалында жумушсуздук жетер жерине жетпедиби.

Жагдайды доллар курсунун көтөрүлүшү менен мигранттардан келчү акчанын азайышы ансайын татаалдаштырууда. Мигранттар жөнөтчү акчанын таасири өтө олуттуу – ага расмий экономикалык көрсөткүчтөр эле көз каранды болбостон, калктын турмуш деңгээли да күбө. Негизи эле калктын кирешесинин азайып, товардын баасынын кымбатташы барып-келип кыргызстандыктардын жашоо-турмушунун оорлошуна, кедейчиликтин өсүшүнө алып келет.

Бул тууралуу кененирээк орус тилиндеги макалабыздан окусаңыз болот.

13-мартта өкмөт социалдык маанилүү товарларга утурумдук бааны мамлекет тарабынан көзөмөлдөөнү киргизген, анын баары жугуштуу апаат тушунда элге жетиштүү болсун деген максатта жасалган. Монополияга каршы көзөмөл мамлекеттик агенттиги бир катар товарларга жогорку деген бааларды коюп берген, ошол баалар такай өзгөртүлүп турат. Алар кайсы товарлар:

  • буудай уну, кара буудай;
  • нан (бөлкө нан);
  • тартылган сүт, майлуулугу 2,5 жана 3,2 %;
  • өсүмдүк майы (күнкарама жана пахта майы);
  • каймак май;
  • эт (уй, кой, чочко, канаттуу);
  • кумшекер;
  • күрүч;
  • камыр тамактар;
  • тооктун жумурткасы;
  • картошка.

Ошондой эле күйүүчү, майлоо майлар, көмүр, суюлтулган газга баалар жөндөлүп турат.

Үлкөн проблема

Жер үстүн ээлеген калктын баары 2020-жылдын аягына чейин азык-түлүк тартыштыгы деген оорчулукка кептелгени туру, андай оорчулук 265 миллион калктын мойнуна түшүшү мүмкүн, бул сан өткөн жылы ачкалыктын азабын тарткан адамдардан эки эсе көп.

Мындай маалымат Азык-түлүк жетишсиздигине каршы туруу глобалдык тармагынын баяндамасында келтирилген. Аталган уюмга 15 ири эл аралык өнөктөштөр кирет, алардын арасында ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАТП) да бар.

Конголук тестиер төгүлүп калган унду чогултууда. Архивдик сүрөт.
Конголук тестиер төгүлүп калган унду чогултууда. Архивдик сүрөт.

Азык-түлүктүн жетишсиздиги адатта канабайрам уруштардын айынан болчу, андан кийинки орунда климаттын өзгөрүп жатканы, үчүнчү орунда экономикалык кризис турат.

"Адамзаттын башына дагы бир коркунуч түштү– таажы вирус инфекциясы жайылууда. «COVID-19 миллиондогон адамдарга арты кайгылуу апааттарды алып келиши мүмкүн, ансыз деле алардын жашоо-турмушун жакшы деп айтыш кыйын эле. Ал адамдар бир күндүк жумуш чыгып, иштеген акысына курсагын тойгузганга гана канаат кылгандар, - дейт Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жетектөөчү экономисти Ариф Хуссейн. – Чектөөлөрдү коюп, аларды сыртка чыгарбай коюу жана эконмикалык артка кетүү калктын мына ушул бөлүгүн оор абалга алып барып койду. Мындай жаамы дүйнөлүк апааттын азабын көп кишилер тартпашы үчүн биз колдон келген аракеттерди жасашыбыз абзел".

Кеп бул жерде азык-түлүк жетишсиздиги, ачкалыктан боо түшуп кырылчу адамдар, тоё тамак жебеген кедейлер жайында болууда, чала тоют жүргөндөр аман калышы мүмкүн, лекин тамак таппай, ачарчылыкка кабылгандарды кантип сактап калуу маселеси адамзатты ойлонтушу керек.

Макаланын түп нускасы орус тилинде жазылган. Аны бул жерден окусаңыз болот.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак жол» өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.

Евразия Экономикалык Биримдигине кирген мамлекеттердин башчыларынын жогорку кеңешмесинде уюмду өнүктүрүү стратегиясынын долбоору кабыл алынган жок.

Биримдиктин дарегине айтылган сындын төркүнү кайда? Келишимдер эмне үчүн аткарылбайт? Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) Орусиянын геосаясий долбоору экендиги аныкталуудабы? Дегеле уюмдун келечеги барбы? Ушул ж.б. суроолорго «Арай көз чарай» берүүбүздөн жооп издедик.

Талкууга Кыргыз Республикасынын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Аскар Бешимов жана эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов катышты.

«Азаттык»: - Аскар мырза, ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн башчыларынын акыркы онлайн конференциясында уюмду өнүктүрүүнүн стратегиясы кабыл алынбай калды. Демейде мындай маанилүү документтер алдын-ала макулдашылат эмеспи. Бул жолу кеңешменин өзүндө четке кагылып калышынын себебин сиз эмнеден көрөсүз?

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

Аскар Бешимов: - ЕАЭБди 2025-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясынын долбоору 2018-жылдан бери талкууланып келатат. Бул маселеде мамлекеттердин ортосунда суроолор бар. Алардын бири – бул газдын тарифи. Беларус Республикасы бул боюнча көп маселелерди коюп келатат. Газдын тарифи боюнча айтканда Орусия монополия кылып алган. Мындан сырткары дүйнөлүк базарда мунай, газ арзандап жатканына карабай Орусия ЕАЭБдеги өнөктөштөрүнө газдын баасын төмөндөтүүгө көнбөй келатат. Акыркы саммитте Путин «бирдиктүү тариф саясаты болушу үчүн бирдиктүү бюджет жана бирдиктүү салык саясаты болушу керек» деп ачык эле айтты. Биз ушул убакка чейин «ЕАЭБ - экономикалык бирикме» деп келгенибиз менен, акыркы кеңешмеде бул саясат экендиги далилденди. Орусия бардык аракетин саясий нукка бурууда. Мурда Орусиянын аракеттерин Беларустун президенти сындап келсе, кечээгиде казак президенти да бир топ маселелерди ачык эле койду.

«Азаттык»: - Эдил мырза, казак президенти Касым-Жоомарт Токаев ал стратегияда айрым маанилүү жагдайлар каралбай калгандыктан кийинки кеңешмеде кабыл алууну сунуш кылды. Документте бардык тараптардын мамлекеттик кызыкчылыктары эске алынбай, бир тараптуу жазылып калгандыгынан ушундай болду деген пикирлер бар. Сиздин оюңуз кандай?

Эдил Осмонбетов: - ЕАЭБ мурдатан эле Орусиянын геосаясий долбоору экендиги белгилүү болчу. Уюмдун негизги стратегиясы - экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү. Бирок мунайдын, газдын арзандашы, бүгүнкү пандемия шартындагы кырдаал ага кирген бардык мамлекеттердин экономикасын оор акыбалга алып келди. Уюмга кирген өлкөлөр ортосунда бажы төлөмдөрү, алымдар боюнча маселелер келип чыгууда. Ошонун баары ар бир өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп бербей калып жатат. Казак президенти ушуга байланыштуу маселелерди койду. Уюмдун курамындагы өлкөлөрдүн ортосунда экономикалык кызматташтыкка тоскоолдуктар болбошу керек эле. Тилекке каршы, көп кыйынчылыктар жаралууда. Пандемия шартында ар бир мамлекет чек араларын жаап алып, ар бири өз кызыкчылыгын гана көздөп жатат, ЕАЭБдин максаттарын эстеген киши жок. Биргелешип күрөшүү, бирдиктүү фонд түзүү деген аракеттер да болгон жок. Ошондуктан бүгүнкү кырдаал бардык мамлекеттер үчүн сыноо болуп турат. Карагылачы, Европа Биримдигин: Франция менен Германия шаркеттеги башка бардык мамлекеттерге 550 миллиард евро акчаны жардам катары берүүдө. Насыя эмес, грант түрүндө бөлүп жатышат. Уюмдун кызыкчылыгы, жалпы аймактын кызыкчылыгы дегенде ушундай мамиле, ушундай саясат болуш керек эле.

Эдил Осмонбетов.
Эдил Осмонбетов.

ЕАЭБдин жоболорунда кандай гана маселе болбосун, мамлекеттер чоң, кичине экенине карабай теңата болушу керек эле. Бирок бардык маселелерди кароодо, чечүүдө Орусиянын үстөмдүгү сезилүүдө. Ошондуктан башкалар мамлекеттик кызыкчылыктарына жооп бербей жатат деп маселе коюп жатышат.

«Азаттык»: - Аскар мырза, ЕАЭБдин негизги максаты - өлкөлөрдүн экономикалык интеграциясын өнүктүрүү эле. Арадан беш жыл өттү, ошол максаттар орундалып жатабы? Интеграциялык кызматташтыкта анча-мынча жылыш барбы?

Аскар Бешимов: - ЕАЭБди түзүп жатканда төрт принцип болот деп айтылган: товарлардын, капиталдын эркин өтүшү, адам ресурстарынын, тейлөө-кызмат көрсөтүүнүн эркин жүрүшү. Иш жүзүндө андай болбой жатпайбы, товарлар эркин өтө албай калды. Ар кимиси өз экономикасын коргош үчүн башкалардын товарларын киргизбей, ар кандай тоскооолдуктар менен чыгарбай жатат. Казакстан эле Кыргызстанга канчалаган кыйынчылык жаратып келатат. Азыркы пандемия шарты бул уюмдун натыйжасыз иштеп жатканын көргөзүп койду. Ушул убакка чейин илдетке каршы турууда бирдиктүү кадам коё алышкан жок да. Ага карабай, ЕАЭБдин негизги максаты - экономикалык алакаларды өркүндөтүү экенине карабай, Орусия уюмдун ишине гуманитардык багыттарды: илим-билим, маданият ж.б. тармактарды кошууну сунуш кылууда. Бул накта саясий максат көздөгөнүн көрсөтүп жатат. Беларус, Казакстан, Армения саясатташкан кызыкчылык бар экенин ачык эле айтып келатышат. Кыргызстандын бул уюмга кошулгандагы жетишкендиги - Орусияда иштеп жүргөн биздин мекендештерибизге бир топ жеңилдиктер болду. Калган көп позициялар боюнча Кыргызстан уттуруп эле келатат. Уюмда өз кызыкчылыгын коргой албаган эң бечара өлкө Кыргызстан болуп калды. Жалпылап айтканда ЕАЭБ өткөн беш жылда өз алдына койгон максаттарына жетүүгө аракетин толук көргөзө алган жок...

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG