Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Экономика

«Facebook», «Amazon», «Google» жана «Apple» корпорацияларынын эн белгилери.
«Facebook», «Amazon», «Google» жана «Apple» корпорацияларынын эн белгилери.

Дүйнөдө коронавирус кризиси өкүм сүрүп жатканда, эң ири технологиялык компаниялардын кирешеси көбөйгөнү аныкталды.

Бейшембиде «Facebook», «Amazon», «Google» жана «Apple» компанияларынын жетекчилери Конгресс өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

Жыйындын башында демократ Дэвид Сисилин «бул корпорациялар биздин пандемияга чейин эле бай болчу. Эми COVID-19 апаатынан кийин буга чейин болуп көрбөгөндөй кубаттуу жана күчтүү болуп калышы мүмкүн» деген пикири менен бөлүштү.

Айткандай эле «Amazon» компаниясынын сатыгы март, апрель жана май айларында 40% өсүп, 88,9 миллиард долларга жеткен. Бул соңку жылдардагы эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.

Компаниянын кварталдык кирешеси былтыр ушул маалдагы көрсөткүчтөн эки эсе көбөйүп, 5,2 миллиард долларды түзгөн.

«Фейсбук» компаниясынын кирешеси үч айда 5,2 миллиард долларга чамалаган. Ошондой эле бул компанияга караштуу «Facebook», «WhatsApp» жана «Instagram» социалдык тармактарынын колдонуучулары пандемия башталган март айынан июнга чейин 15% көбөйгөн.

«Apple» корпорациясынын кварталдык кирешеси 11,25 миллиард долларга жогорулаган. Былтыр бул көрсөткүч 10 миллиард долларга барабар эле. Компаниянын уюк байланыш телефондору жана башка жабдыктары да үч ай ичинде жакшы сатылган.

Ал эми «Google» жана «YouTube» компанияларына ээлик кылган «Alphabet» компаниясы бир кварталда 38,3 миллиард доллар тапкан. Бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 2% аз. Буга компаниялардын жарнама бербегени себеп болгон.

IT корпорациялардын жетекчилери Конгресс өкүлдөрүнүн суроолоруна видеобайланыш аркылуу жооп беришти. 29-июль, 2020-жыл.
IT корпорациялардын жетекчилери Конгресс өкүлдөрүнүн суроолоруна видеобайланыш аркылуу жооп беришти. 29-июль, 2020-жыл.

Конгресстин сынына кабылган IT корпорациялар

Кирешеси көбөйүп жаткан маалда, сөз болуп жаткан корпорациялар Конгресстин кескин сынына кабылды.

29-июлда «Apple» компаниясынын башчысы Тим Кук, «Facebook» компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг, «Google» компаниясына ээлик кылган «Alphabet Inc» компаниясынын аткаруучу директору Сундар Пичаи жана «Amazon» ишканасынын түптөөчүсү Жефф Безос видео байланыш аркылуу Конгресс өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

Мыйзам чыгаруучулар бул ири компаниялар өз таасиринен кыянаттык менен пайдаланып, жаңы түптөлгөн чакан компаниялардын өнүгүшүнө жол бербей, атаандаштыкты бууп жатышат деп күмөн санашат.

Буга жооп кылып, Сундар Пичаи «Google» тескерисинче бир жарым миллиондой чакан компанияга колдоо көрсөтүп келатканын айтты.

Ал эми Марк Цукерберг Конгресс өкүлдөрүн анын компаниясына караштуу социалдык тармактар алдыда эмес экенин айтып, ынандырууга аракет кылды.

«Биз атаандаштарыбыздан көп тармактарда арттабыз. АКШда эң популярдуу мессенжер деп "iMessage" эсептелет, ал эми тез өнүгүп жаткан тиркеме - бул "TikTok"», - деди Цукерберг.

Ошондой эле Цукерберг атаандашууну жок кылуу максатында «Инстаграм» социалдык тармагын сатып алганы үчүн сынга кабылды. «Фейсбуктун» негиздөөчүсү бул жаңылыш ой экенин белгилеп, «Инстаграм» ири инвестиция салынбаса, мынчалык жетишкендик болмок эмес" деген оюн кошумчалады. «Фейсбук» «Инстаграмды» 2012-жылы сатып алган.

Демократ Жерри Надлер Цукерберг 2012-жылга чейин «Instagramды» «бизге зыян тийгизе турган тиркеме» деп айтканын эске салды.

«Амазондун» түптөөчүсү, дүйнөдөгү эң бай адам Жефф Безос.
«Амазондун» түптөөчүсү, дүйнөдөгү эң бай адам Жефф Безос.

«Amazonдун» түптөөчүсү Жефф Безос эки фракциянын тең өкүлдөрүнүн сынына кабылды. Бул компания дүйнөдөгү эң ири интернет-дүкөндү иштетет.

Мыйзам чыгаруучулар «"Amazon" дүкөнгө коюлган өндүрүмдүн маалыматтарын текшерип, эркин сатуучуларга басым жасайт, кийин өзү ошого окшош товарларды чыгарып, кардарларга сунуш кылат» деген маалыматтар боюнча тынчсыздануусун билдиришти.

Дүйнөдөгү эң бай адам болуп саналган Жефф Безос кызматкерлерине «Аmаzon» аркылуу өз өндүрүмүн саткандардын маалыматын кароого тыюу салганын билдирип, бул багытта дагы көзөмөлдү күчөтөрүн кошумчалады.

«Форбстун» маалыматына караганда, анын байлыгы 2020-жылдын июль айына карата 171,6 миллиардды түздү.

Тим Кук Кытай менен кызматташканы үчүн сын укту. Ошондой эле Конгресс өкүлдөрү «Apple» тиркеме ээлерине "Appstoreдо" бирдей шарт түзбөй жатканын айтышты. Стив Жобстун мураскери буга макул болгон жок.

Беш саатка созулган жыйын убагында корпорация жетекчилери мыйзам чыгаруучулардын айрым сынын эске алууга убада беришти.

Демократ Дэвид Сисилин башында турган Монополияга каршы комитет бир жылдан бул корпорацияларга байланыштуу атайын иликтөө жүргүзүп келет. Анын алкагында аталган компаниялардын миллиондон ашуун ички документтери талдоодон өткөрүлгөн. Иликтөөнүн жыйынтыгы жакында жарыяланары кабарланды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Кумтөрдүн алтыны.
Кумтөрдүн алтыны.

Дүйнөдө алтындын баасы тарыхый максимумга чыкты. Натыйжада Кумтөрдөн алтын казган «Центерра Голд» («Centerra Gold») компаниясынын, анын ичинде Кыргызстандын да акциялары кымбаттады.

Адистер наркы көтөрүлгөн кезде ишканадагы үлүштү сатып, экономиканы колдоого жумшоо керектигин эскертип жатышат. Өкмөттүн позициясы так эмес.

Алтын чапчыган рекорддор

Эл аралык «Yahoo! Finance» финансылык маалымат провайдериндеги анализ көрсөткөндөй, 29-июлга карата алтындын бир унцийинин наркы Нью-Йорктогу COMEX биржасында 1 950-1 955 АКШ долларынын тегерегинде кармалып турду.

27-июлда 1 969 долларга чейин жетип, 28-июлда кайра 1 950 доллардын тегерегине түштү. Муну менен алтындын наркы буга чейинки эң жогорку көрсөткүч болгон 2011-жылкы 1920 долларлык чекти басып өттү.

Натыйжада бул жагдай кен казган компаниялардын акцияларынын баасына да кыйла таасир этти. Кыргызстанда жана Монголияда алтын өндүргөн канадалык «Центерра Голд» («Centerra Gold») компаниясынын акциялары да сезилерлик көтөрүлдү.

Ошол эле «Yahoo! Finance» сайтындагы маалыматка ылайык, 29-июлда «Центерранын» бир акциясы Торонто фондулук биржасында 16,20 Канада долларына бааланып турду. Ал 12,13 АКШ долларына барабар. Январда 8-9 АКШ долларына, мартта 5-6 АКШ долларына тете болуп турган акция пандемия маалында эки эсе өстү десе да болот.

Демек, «Центерра Голддун» акциялар пакетинин үчтөн бирин кармап турган Кыргызстандын үлүшү да кымбаттады.

Ал үлүшкө Бишкектин атынан ээлик кылган «Кыргызалтын» акционердик коомунун өкүлү Толкун Камчыбекова Кыргызстандын акциялары канча суммага өскөнү тууралуу мындайча маалымат берди.

«Чындыгында 2019-жылдын ортосунан баштап алтындын баасы туруктуулукту камсыз кылууда жана өсүп жатат. Эгер бир жыл мурда алтындын унцийи үчүн баа 1400 долларды түзсө, азыркы учурда 1900 доллардан ашып, 2000 долларга жакындады. Ошого жараша фондулук рынокто алтын казган компаниялардын, анын ичинде Кыргызстандын үлүшү бар «Центерранын» да акциялары өстү. Учурда бир акциянын наркы 12 доллардан саналууда жана «Кыргызалтындын» акциялар пакети 920 млн. долларга жетти», - деди ал.

Мекеме өкүлү ошондой эле акциялардын кымбатташы алтындын кымбатташы менен чогуу кыргыз өкмөтү менен «Центерра Голд» компаниясынын ортосунда 2017-жылы түзүлгөн Стратегиялык макулдашуулар да себеп болгонун билдирет.

Анын алкагында канадалык компания Кыргызстанда түзүлгөн үч фондго (Жаратылышты өнүктүрүү, Онкологиялык кызматты колдоо жана Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонддору) 70 млн. АКШ долларын салууга милдеттенме алган.

Ошол эле кезде бул келишимдин алкагында «Центерра» 2012-жылдан берип токтоп калган чалгындоо иштерин жанданткан.

«Кыргызалтын» ишканасы алтындын кымбатташынан сырткары мына ушул башка факторлор да Кыргызстандын акциялар пакетинин наркын 2019-жылдын башындагы 340 млн. доллардан 2020-жылдын июлуна 920 млн. долларга, башкача айтканда үч эсе көтөрдү деп эсептейт.

Ооба, Кыргызстандын акцияларынын баасы реалдуу деңгээлде өскөнүн аңдагандай болдук. Жана бул өкмөт быйыл коронавирус менен күрөшүүгө, бюджеттин дефицитин жабууга жана экономиканы колдоого сырттан алып жаткан 700-800 млн. долларлык жардам менен тең экени да көрүнө түштү.

Ушундан улам да айрым эксперттер жыл башында кыргыз өкмөтүн «Центеррадагы» үлүштү сатып, кризистен чыгууга чакырышкан. Алардын бири экс-премьер-министр Темир Сариев акциялар кымбаттаган кезде сатып жиберип, аны ишкерлерди колдоого жумшоо зарыл дейт.

Темир Сариев.
Темир Сариев.

«Алтындын баасы дагы кымбаттайт. Анткени, АКШнын федералдык банкы эсептик коюмду (учетная ставка) ылдый түшүрүп койбодубу. Ошо менен рынокко 3 трлн. чыгарган, азыр дагы 1,7 трлн. чыгарабыз деп жатат. Евробиримдик 750 млрд. еврону нөлдүк коюм менен бизнеске берип жатышат. Ушунун баары акчанын арзандашына алып келет, акча арзандаганда көп инвесторлор алтынга кача баштайт. Натыйжада алтындын наркы көтөрүлөт. Ушундай убакта алтын казган компаниялардын акциялары кымбаттайт. Бирок ал кийин түшүп кетиши мүмкүн. Мындай нерсе 2011-2012-жылдары да болуп, алтындын бир унцийи 1920-1950 долларга чейин жетип, кайра 1000-1200гө түшүп калган. Анда акциялар кайра артка кетет. Анүстүнө Кумтөрдө запас азайып жатат. Ошондуктан «Центеррадагы» Кыргызстандын акциясынын кайсы бир бөлүгүн сатсак болот. Бул жерде көпчүлүк акцияны сатсак эле, Кумтөрдү сатып жибергендей түшүнүп жатат. Жок. Кумтөр иштей берет, алар салыгын төлөй берет. Акция биздин актив. Активди да башкарганды билиш керек. Биз анын акчасын антикризистик фонд түзүп, ишкерлерге узак мөөнөттүү насыя катары берсек болот. Техникага, ипотекага элге берсек болот, ал кайра кайрылып келет. Бул жакта актив турат, өзүбүз сырттан ар кимден кайыр сурап жатабыз. Быйыл сырттан 700-800 млн. акча алабыз деп жатышат, анын да 86 млн. доллары эле грант экен, калганы баары карыз», - деди Темир Сариев.

«Акцияны сатпай, алтындын жарымын алыш керек...»

«Центерра Голд» компаниясындагы активди сатуу-сатпоо маселесин пандемия башталгандан бери өкмөт деле бир сыйра талдап чыккандай. Бирок азырынча бир жактуу чечимге келе элек экен.

Экономика министри Санжар Муканбетов бул боюнча өкмөт жетекчилигине сунуш киргизилгенин билдирди.

Санжар Муканбетов.
Санжар Муканбетов.

«Пандемия шартында көбү кадимки валютадан качып, алтын алып жатат, мамлекеттер алтын запасын көбөйтүп жатышат. Ошон үчүн акциялар да өскөнү чын. Бул боюнча биз сунуш катары бергенбиз. Бирок карала элек, азырынча күн тартибинде жок», - деди министр.

Канадалык «Центерра Голд» компаниясы Кыргызстандагы туунду ишканасы - «Кумтөр Голд» аркылуу Кумтөр кенинде 1997-жылдан бери алтын казат. Алгачкы жылдары Кумтөрдүн үчтөн эки үлүшү же башкача айтканда 67% Кыргызстанга карап турган. 2003-жылы ал 33%, анан 15% чейин түшүп, 2009-жылдагы келишимдерге ылайык кайра 33% жеткен.

Учурда Бишкектин үлүшү айрым маалыматтарда 28,8%, кээ бир кабарларда 26,4% түзөт деп кабарланат. Сан жагынан алганда «Центерра Голддо» Кыргызстандын 77 401 766 акциясы бар.

Бишкек бул акциялары үчүн 2016-жылдан бери алгачкы жолу быйыл 2,2 млн. доллар дивиденд алган. Адистер дивиденддин аздыгын да эске алуу менен акцияларды сатууну сунуштап келишет. Ошол эле кезде бул демилгеге каршы чыккандар бар.

Талдоочу Айданбек Акмат уулу пандемиядан пайдаланып Кумтөр жана башка алтын кендердин жарым кирешесин мамлекетке алуу керек деп эсептейт.

Айданбек Акмат уулу.
Айданбек Акмат уулу.

«Менин оюмча, акцияларды сатуу азыркы кезде тарыхый жактан катачылык болуп калат. Муну эл кабыл албайт.

Балким кийин Кумтөрдө алтын түгөнсө акциялар эч нерсеге жарабаган кагаз болуп калат же дивиденддерди азыраак төлөп жатат деген логика коюлуп жатышы мүмкүн. Бирок биз акцияларды сатып жиберсек, даяр нерсени сатып жиберип, оозун аңырайтып олтуруп калгандай эле болуп калабыз. Ошондуктан бул жерде башка нерсе керек.

Биз тескерисинче, форс-мажор кырдаал деп, бир эле Кумтөр эмес казылып жаткан алтын кендеринин кеминде 50% үлүшүн Кыргызстанга алышыбыз керек. Ошону менен биз азыркы мезгилде мамлекет өтө муктаж болуп жаткан 600-700 млн. долларды таба алабыз. Калк тумоого кабылып, мамлекеттик бюджет эңшерилип жаткан кырдаалда форс-мажор боюнча чечим кабыл алуу үчүн парламент менен президенттин саясий эрки керек. Өлкөдө казылган алтындын жарымын алабыз деген чечим чыкса, эң туура чечим болот. Анткени Кыргызстанда казылган алтындын бардыгы кыргыз элинин байлыгы болуп эсептелет».

Алтындын бир унцийи (тройская унция) 31,1035 граммга барабар. Бир килограммда 32,1507 унций, бир тоннада 32150,7 унций бар.

«Кумтөр Голд» компаниясы 2019-жылы 18 тонна 636 кг, же 600 миң унций алтын казып алган. Ишкана 2020-жылы 16,17-17,42 тонна же 520-560 миӊдей унций алтын өндүрүүнү мерчемдеген.

Маектешибиз Айданбек Акмат уулу кайрадан кепке кошулуп, «Кумтөр Голд» бир унций алтынды казып алууга 551-553 доллар жумшай турганын, аны кайра үч эсе кымбат сатып жатканын кошумчалады.

«Ошондо жылына 20 тоннага чейин казган алтындан «Кумтөр Голд» бир жылда миллиард доллардай киреше табат. Кыргызстандын бюджетине жылына 80-90 млн. доллардай гана акча берет. Айлык акыга, соцфондго, башка фонддорго акча бердик, тигиге-буга кетти деп айтышат. Кечирип коёсуңар, маяна жана башка чыгымдарды бардык эле тармактагы компаниялар төлөйт. Ошонусун эске алганда деле, маянасы, соцфонду, өндүрүшкө кеткен чыгымы баары биригип ошо 550 доллардай болуп жатат. Бирок алар 2000 долларга сатып, 1500 доллар таза пайда көрүп жатпайбы. Муну менен булар Кыргызстанды көз көрүнөө, ири суммада алдап жатканы түшүнүктүү да. Ошондуктан биз бир миллиард доллардын жарымын алышыбыз керек», - деди Акмат уулу.

Жалпы Кыргызстанда былтыр 26 тонна таза алтын өндүрүлүп, өз тарыхында рекорд койгон. Ал эми жыйырма жылдан ашуун убакыт ичинде Кумтөр кенинде 400 тоннадай алтын өндүрүлгөнү белгилүү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG