Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:45

Экономика

"Центерра Голд" компаниясынын президенти Скотт Перри жана Кыргызстандын делегациясынын мүчөлөрү Акылбек Жапаров, Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Тенгиз Бөлтүрүк.

Кыргызстандын расмий делегациясы менен "Центерра Голд" компаниясынын жетекчилеринин Женева шаарындагы сүйлөшүүсүнүн биринчи этабы аяктады. Анын жыйынтыктары ийгиликтүү болгону маалымдалды. Бирок сүйлөшүүлөрдүн мазмуну, корутундусу тууралуу толук маалымат жок.

"Центерра" иштеткен Кумтөр кенин коррупцияга барган жана экологияга зыян келтирген деген негизде кыргыз өкмөтү быйыл майда өзүнө алган. Канадалык компания мындан кийин сотко кайрылган.

Сүйлөшүүлөрдүн учкай мазмуну

Швейцариянын Женева шаарында өтүп жаткан сүйлөшүүгө "Центерра Голд" компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри баштаган топ, ал эми Кыргызстандын атынан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров жетектеген топ катышууда.

Кыргызстандын делегациясында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Кумтөр кенине тыштан башкаруучу болуп бекиген Тенгиз Бөлтүрүк, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана башка адистер бар.

Сүйлөшүүлөр эки күн, 29-30-сентябрь күндөрү жүрдү.

Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Кумтөр маселеси боюнча Швейцариянын Женева шаарында өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн 1-раундунун жыйынтыгына кыргыз тарап канааттанганын маалымдады.

"Кыргыз тарапка Канаданын "Центерра" компаниясынын жетекчиси Скот Перри түзүлгөн кырдаалды чечүү боюнча мүмкүн болгон бардык жолдорду, анын ичинде Кыргызстандын "Кумтөр Голд Компани" ишканасына ээлик кылуусун карап көрүү үчүн нейтралдуу аймакта сүйлөшүү сунушу менен кайрылган. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен сүйлөшүүгө Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, "Кумтөр голд компанинин" тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк жана укук тармагындагы адистер барган. Тараптар бири-биринин пикирлерин угушту", - деп жазылган маалыматта.

“Азаттык” буга чейин ушул эле сүйлөшүүгө катышкан ишенимдүү булактан маалымат алган. Ал жыйынтык тууралуу учкай гана кабар берген.

"Биздин "Центерра Голд" компаниясы менен сүйлөшүүлөрүбүздүн биринчи раунду ийгиликтүү аяктады. Эки тарап сүйлөшүү столуна отуруп, бири-бирине нааразылыктарын ачык айтышты. Тараптар сүйлөшүүнүн маңызын, деталдарын позицияларын ачыктай албагандыктан, сүйлөшүүнүн жыйынтыгына канааттангандыгыбызды гана билдире алабыз. Кыргызстандын мамлекеттик делегациясы улуттук кызыкчылыкты коргоодо өз позициясында бекем турду. Сүйлөшүү дагы уланат", - деди өздүк булак.

Жапаров менен Ташиев баштаган делегация Кумтөр маселесине байланыштуу Женевага учуп кеткени тууралуу маалымат 27-сентябрда тараган. Анда “бул тагдыр чечүүчү сүйлөшүү болору” кабарланган.

"Азаттык" "Центерра Голд" компаниясынын маалымат кызматы менен байланышкан учурда мекеме азырынча сүйлөшүү боюнча комментарий бере албай турганын билдирди.

Президент Садыр Жапаров жана Теңгиз Бөлтүрүк Кумтөр кенинде. 15-июнь, 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров жана Теңгиз Бөлтүрүк Кумтөр кенинде. 15-июнь, 2021-жыл.

Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия "Центерра Голд" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда Жогорку Кеңеш “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизген. Ошондон бери өлкөдөгү эң ири алтын кенди кыргыз бийлиги өзү иштетип келет.

Мамлекеттик комиссия койгон доодон сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

“Кумтөр Голд” ишканасына ээлик кылган канадалык “Центерра Голд" компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, кыргыз өкмөтүн Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Андагы соттук териштирүүлөр ушул тапта да уланууда.

Эки тараптын соңку диалогу так ошол соттук талашты тынчтык жолу менен чечүү аргасы болуп жатат. Анткени “Центерра” чыр башталгандан бери эле “кепке келүүгө даяр экенин, бирок Кыргызстандын бийлиги эшик ачпай” жатканын билдирип келген.

Быйыл 10-августта телефон аркылуу конференцияда “Центерра Голд” компаниясынын президенти Скотт Перри мындай деген болчу.

Скотт Перри.
Скотт Перри.

“Биз мурда жасап келгендей эле кыргыз бийлиги менен конструктивдүү диалогго барууну туура көрөбүз. Бирок кыргыз бийлиги байланышуудан баш тарта берсе, биз мүлкүбүздү жана акционерлерибиздин кызыкчылыктарын коргоо үчүн мыйзамдык чараларды көрүүнү улантабыз. Анын ичинде биз баштаган эл аралык арбитраж жана Торонто менен Нью-Йорктогу соттук териштирүүлөр бар. Мурда айткандай, Кумтөрдү баалуу мүлк деп эсептесек да, ал болсо да, болбосо да биздин компания финансылык жактан күчтүү, колубузда орчундуу деңгээлде каражат бар, олуттуу карыз жок. Канада жана Түркиядагы уланып жаткан ишмердигибизге ишеним бекем”, - деген анда Перри.

Тараптар сүйлөшүүнү “Центерра Голд” жайгашкан Канадада же, Кумтөр кени турган Кыргызстанда эмес, Швейцарияда өткөрүп жатышкан себеби да белгисиз. Женева нейтралдуу аймак катары тандалган сыяктуу.

Эмнелер жетишилген болушу мүмкүн?

Кыргызстан Кумтөрдү өзүнө алгандан кийин кенге байланыштуу иликтөөлөрдү да баштаган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кен жаңы уюшулган учурда түзүлгөн келишимдерден тартып, соңку келишим-макулдашууларга чейин бардыгын изилдеп жатат.

Анын ичинде 1992-, 1994-жылдардагы жана 2003-жылкы келишимдер боюнча алгачкы президент Аскар Акаев баштаган топко айып тагылса, 2009-жылкы келишим боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев алдында турган узун тизмедеги саясатчыларга сыртынан айып тагылып, издөө жарыяланган. Жай айларында Акаев Орусиядан келип, сурак берип кайра кеткен.

2012-жылкы чечимдер боюнча ошол учурдагы спикер, азыркы депутат Асылбек Жээнбековго, депутат Төрөбай Зулпукаровго, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановго жана башкаларга кине тагылды. Жээнбеков менен Зулпукаров камакта, Бабанов бошотулган.

Башка аракеттерден 2013-жылдагылар боюнча экс-премьер-министр Темир Сариев, 2014-жылдагылар боюнча мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев, 2017-жылдагылар боюнча экс-биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, 2019-жылдагылар боюнча экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге айып тагылган. Мындагылардан Сарпашевден башкасы камакта.

Кумтөр боюнча айып тагылгандардын бир бөлүгү.
Кумтөр боюнча айып тагылгандардын бир бөлүгү.

Башка чечимдер боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен экс-премьер-министр Сапар Исаковдон куралган топко айып коюлары айтылган. Атамбаев башка иш боюнча камакта, Исаков чет өлкөгө качып кеткен.

Атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев бул аныкталган коррупциялык фактылардын негизинде Кумтөр боюнча бардык келишимдерди денонсациялоо жараяны башталганын жарыялаган.

Аналитик жана публицист Рыскелди Сатке Кыргызстан тарап так ушул кылмыш иштериндеги фактыларды “Центерра” менен сүйлөшүүлөрдө бетке кармады деп эсептейт.

Рыскелди Сатке.
Рыскелди Сатке.

“Сүйлөшүүлөргө комментарий бериш үчүн анын мазмунун билүү зарыл. Азыр жалпы маалыматтар чыгып жатат, бирок ичинде эмне болуп жатканын эч ким билбейт. Ошого азыр булар жарыялагандан кийин же “Центерра” өзү маалымат бергенден кийин баа бериш керек. Компания баары бир акционерлерине айтат да. Эгер сүйлөшүү жакшы болду деп жатса, ошого негиз бар го дейм. Менимче, Кыргызстандын өкүлдөрү коррупциялык фактыларды айтып, ошого басым жасашса керек. Ар бир апта сайын эле Кумтөр боюнча коррупцияга айыптап бирден-экиден кишини кармап атышпайбы, муну ошого даярдап жатышса керек”.

Арийне, “Кумтөр ишине” байланыштуу кылмыш иши, анын алкагында жаңырган чоң билдирүүлөр жана андагы жогорку аткаминерлердин ири тобуна коюлган айыптар эл аралык соттошууларда далилдик база катары колдонулары айтылып жаткан. Кыргызстандын бийлиги өзү деле “кен мамлекетке биротоло алынганын, аны эми өзү иштетерин” ачык айтып, бир позицияда тургандай болгон. Бирок кайра сүйлөшүүлөргө барганы түрдүү жоромолдорду жаратты.

Депутат Рыскелди Момбековдун пикирине орун берели:

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

“Негизи бул делегациянын жашыруун, расмий жарыялабай кетип калганынын өзүндө бир мандем бардай сезилет. Мендеги маалыматтар боюнча сүйлөшүүгө демилге кыргыз тараптан болгон. Алар бизге келген жок, биз алардын алдына бардык. Бул деген биздин бийлик артка чегинип жатканынан кабар берет. Булар кайсы бир нерседен кооптонууда, ошону үчүн ушундай кадамга барышты. “Силер деле туура эмес кылдыңар, биз деле туура эмес кылдык” деп, балким биргелешкен ишкана түзүп, ошо менен иш алып барышы мүмкүн. Анда жаңы келишимдерге барышы ыктымал. Мүмкүн кенди кайра аларга берип, өндүрүлгөн алтындын көбүрөөк бөлүгүн өзүбүзгө алганы жатышат. Бул “Центерранын” пайдасына туура келсе, алар дагы соттон арызын алып, тынчтык сүйлөшүүгө келет деген сөз. Бирок азыркы процесстер элге ачык жарыяланышы керек. Кыскасы, жооптуу адамдар кооптуу кадамдарга барып жиберишинин алдын алып турушубуз шарт. Эң өкүнүчтүүсү мунун баары “Кумтөр кенин өзүбүзгө алдык, өзүбүз иштетебиз, мынча киреше таап жатабыз” деген куру кыйкырыктардын бардыгы токтоду дегенди түшүндүрөт. “Кааласа сотко берсин, бизде экологиялык зыяндар тууралуу фактылар бар, утулсак дагы, утсак дагы Кумтөр бизде калды, элдики” деп айтып жатышпады беле? Элден эч нерсе сурабай, элге эч кандай отчёт бербей эле башкарып турушкан, анан эми эч кимге айтпай эле сүйлөшүү баштап жиберишти”.

Кен тармагындагы адистер Кумтөргө байланыштуу талашты чечүүнүн эки сценарий менен уланарын боолголоп жатышкан. Анын биринчиси “сүйлөшүү”, экинчиси “соттошуу” болчу. Үчүнчү жол кенди биротоло “улутташтыруу” же “келишимдердин баарын жокко чыгаруу” эле, бирок анын аягы да соттошуу менен бүтмөк.

Мурдараак Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров 22-сентябрда “Азаттыкка” берген комментарийинде Кыргызстан “Кумтөр Голдду” башкарууну өз колуна алгандан берки төрт ай ичинде 4,1 тонна алтын өндүргөнүн айтып берген. Ал мындан өлкө 62 млн. доллардай киреше алганын тактаган.

Бирок 25-сентябрда УКМКнын мекеменин Алай райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачуу учурунда мекеменин төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр алтын кенинен Кыргызстан 90 млн. доллар тапканын айткан. Ачакей маалыматтардын фонунда бир катар депутаттар өкмөттөн Кумтөр боюнча кенен отчёт берүүнү талап кылган.

Отуз жыл оюлган Кумтөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:38 0:00

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кийинки жылдан тарта элдин күнүмдүк жашоосун өзгөртө турганы айтылган Салык кодексин киргизүү пландалууда. Бийлик элге мамлекеттик органдардын кийлигишүүсү болушунча азаят дегени менен Салык кызматына дээрлик чексиз укуктарды берип жатат.

Боло турчу өзгөрүүгө биринчилерден болуп бизнес коомчулугу пикирин билдирип чыкты. Алар жаңы кодекстин артыкчылыктарына караганда тобокелдиктери көп экенин белгилеп, реформага ашыкпай турууну суранышты.

Эки режим

Көп нерсе өзгөрүшү мүмкүн. Акылбек Жапаров жетектеген Экономика министрлиги азыр иштеп жаткан кодекске өзүнчө толуктоолорду киргизбестен жаңы Салык кодексин сунуштап жатат.

Демилгечилер мыйзамдарды учурдагы экономиканын шарттарына шайкеш келтирүүгө, салык процедураларын толугу менен санариптештирүүгө, ишкерлерге бирдей шарт түзүп, көмүскө экономиканы азайтууга аракет кылып жатканын айтууда.

Башаламан системаны ирээттештирип, болгону эки гана салык режимин киргизүү сунушталууда: жеңилдетилген - чакан жана орто бизнес үчүн жана жалпы - ири ишканалар үчүн.

  • Чакан бизнес - кирешеси жылына 8 млн. сомго чейин;
  • Орто бизнес - 8 миллиондон 30 миллион сомго чейин;
  • Ири бизнес - 30 млн. сомдон жогору.

Чакан жана орто бизнес киреше салыгынан, сатуудан алынуучу салыктан жана жеткирүүдөгү кошумча нарк салыгынан бошотулат. Анын ордуна алар бирдиктүү салык төлөйт, ишмердигинин түрүнө жана төлөө формасына жараша коюму 3 пайыздан 6% чейин болот. Тактап айтканда, бирдиктүү салык айыл чарба продукциясын кайра иштеткен, өнөр жай, соода тармагындагы ишкерлер электрондук түрдө төлөсө 3%, ал эми накталай төлөсө 4% болот. Калган башка тармактар үчүн төлөм 5% жана 6% түзөт.

Ири бизнестер киреше салыгы, сатуудан алынуучу салык жана кошумча нарк салыгы каралган жалпы режим менен иштейт. Башкача айтканда, жылдык кирешеси 30 млн. сомдон жогору болгон жалпы режимдин бардык субъектилери кошумча нарк салыгын (КНС) төлөйт. Азыр ишкерлердин жүгүрткөн акчасы 8 млн. сомдөн ашканда КНС төлөп баштайт.

“Мен сатуудан алынуучу салыкты дагы кыскартууну сунуштагам, анткени ал экономикалык салык эмес. Болгону ал даяр продукциянын наркын кымбаттатат. Ал чоң киреше деле алып келбейт, баарын чаташтырат. Бул compliance costs деп аталат - жалпы эрежелерди сактоо боюнча чыгымдар. Сатуудан алынуучу салыкты таптакыр эле алып салыш керек эле. Мен кошумча нарк салыгын колдойм, бирок анын тескелиши болушунча жеңилдетилиши керек”, - деди экономист Кайрат Итибаев.

Жаңы режимдердин дагы бир өзгөчөлүгү салык келишимдери менен милдеттүү патенттердин жок болушу. Дал ушул документтер менен бүгүнкү күнү бир топ тармак иштейт. Алар: сауна, бильярд, акча алмаштыруу жайлары, түнкү клубдар, автоунаа токтотуучу жайлар, күрөөканалар, чач тарачтар, стоматология, автоунаа жуучу жайлар жана айыл чарба продукцияларын экспорттогондор. Ошол эле кезде ыктыярдуу патент калат.

“Ыктыярдуу патентти котормочу же консультанттар сыяктуу майда ишкерлик менен алектенгендер алат, алардан мамлекетке кошумча киреше түшөт. Ал эми милдеттүү патент менен коомдук тамактануу жайлары же сулуулук салондору иштейт, башкача айтканда ири ишкерлик кирет. Алардан мамлекет жакшы эле киреше алышы керек”, - деген пикирин “Азаттыкка” Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков билдирди.

Карыздарды чогултуу

Азыр салык кызматы карызды салык төлөөчүнүн мүлкүнөн сот аркылуу өндүрүп алышы мүмкүн, бирок иш жүзүндө аны аткаруу оор. Мисалы, ишкер минималдык уставдык капитал менен компания түптөйт, кирешесин негиздөөчүлөр бөлүп алат, бирок юридикалык жактын жарыбаган капиталынан башка эч кандай активи болбойт, анан банкрот болушат.

Жаңы кодексте 100 миң сомдон көп салык карызы бар компаниянын жетекчилерине чет жакка чыгууга тыюу салуу сунушталган. Ушундай эле тыюу жеке жактарга дагы тиешелүү болот.

“Биздин милдет - карызды төлөтүү. Бул боюнча такай иштеп жатабыз”, - деди Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Илияз Иманбетов. Анын айтымында, ишкерлер менен жарандардын салык карызы 24 млрд. сомду түзөт. Карызын 165 миң киши төлөй элек.

Эл аралык ишкерлер кеңеши ишкер-чөйрөнүн атынан жаңы кодексти коомдук талкуулоодо жигердүү катышууда. Алар карызы барлардын чет жакка чыгуусуна тыюу салууну Конституцияга каршы келет деп эсептейт.

“Конституцияда адамдын укугу жана эркиндиги улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, элдин саламаттыгын жана адеп-ахлагын, башкалардын укугун жана эркиндигин сактоо максатында чектелиши мүмкүн деп жазылып турат. Салык төлөбөгөндөрдүн чет жакка чыгуусун чектөөнү Конституцияда жана “Улуттук коопсуздук жөнүндө” мыйзамда көрсөтүлгөн башка объектилерге киргизүүгө таптакыр болбойт ", - деп белгилейт уюм.

Экономика министрлиги мындай ыкма бир катар мамлекеттерде ийгиликтүү иштеп жатканын салык кодексинин жаңы долбоорунда белгилеген. Бирок Эл аралык ишкерлер кеңеши бул нерсе бюджетке болгон карызы үчүн эмес, соттун чечиминин негизинде өндүрүлгөн милдеттенмелерди төлөөдөн качкан учурда иштей турганын айтууда. Бул юридикалык жактын милдеттенмелери боюнча эмес, жеке милдеттенмелери боюнча карызга тиешелүү.

Онлайн көзөмөл

Дистанттык салык көзөмөл системасын киргизүү пландалууда. Бизнеске бул системага ыктыярдуу түрдө катталып, салык кызматынын өкүлүнө өзүнүн бухгалтериясына кирүүгө мүмкүндүк берүү сунушталат. Ишкер өз кезегинде салыкка байланыштуу текшерүүлөрдөн кутулат. Бул нерсе Мамлекеттик салык кызматынын ишкерлердин ишине кийлигишүүсүн болушунча азайтышы керек. Бирок ишкерлер бул система тескерисинче массалык текшерүү дегенди түшүндүрөрүн белгилешет.

Ошондой эле, банктар Мамлекеттик салык кызматынын суроо-талабы боюнча үч күн аралыгында салык төлөөчүнүн эсеби жана операциялары боюнча маалымат бериши керек. Азыр иштеп жаткан Салык кодекси боюнча банктар мындай маалыматты Салык кызматынын суроо-талабы жана/же соттун актысынын негизинде гана берет. Дал ушул түшүнүктүн так чечмеленбегени бир топ талкууларды жаратат. Эмненин негизинде маалымат берүү керек - Салык кызматынын суроо-талабы жана соттун күчүнө кирген актысы чогуу келгендеби же бир органдын суроо-талабы болсо эле берилеби?

Эл аралык ишкерлер кеңеши өз кезегинде, банктар мындай маалыматтарды соттун уруксаты менен гана бериши керек деген ойду бекем карманат. Андай болбогон учурда банк купуялуулугунун мааниси жоголот.

"Мындай мыйзам демилгелери банк ишмердигинин негизине доо кетирет деп эсептейбиз. Кардарлардын банкка болгон ишениминин көрсөткүчү банктык купуялуулуктун сакталышына байланыштуу. Анан калса, мындай өзгөртүү киргизүү банк купуялуулугу деген түшүнүктүн жоголушуна алып келет. Өз кезегинде мунун бардыгы банк купуялуулугу деп эсептелген маалыматтардын абийирсиз кишилер тарабынан башка максаттарга колдонулушуна алып келиши ыктымал", - деп Эл аралык ишкерлер кеңеши эсептейт.

Укурукту узартуу аракети

Жаңы кодекс боюнча Салык кызматы тергөө органынын функциялары менен сотко чейинки өндүрүштү өз алдынча жүргүзө алат. Мекеме укук коргоо органдарынын макамын алат.

Мамлекеттик Салык кызматы эбегейсиз укуктарды алып, дээрлик кол тийгиз органга айланат. Жергиликтүү бийликке баш ийбейт, ал эми мамлекеттик түзүмдөр алардын ишине кийлигише албайт, тыюу салынат. Салык кызматы каржылык эркиндикти дагы каалайт - чогултулган салыктын 3% алат.

Эксперттер укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктарын салыкчыларга бербөө керектигин айтышууда. Себеби, укук коргоо органдарынын милдети салык төлөмдөрүнүн мыйзамдуулугун аныктоо жана ишти чечим кабыл алуу үчүн сотко өткөрүү. Эгерде фискалдык органдарга ушундай укук берилсе, көз карандысыздык принциби жоголот.

Кешбэк

Бийлик ишкерлерди көзөмөл-кассалык машиналарды колдонгула деп көп жылдан бери мажбурлап келген, бирок ал ийгиликке алып келген жок. Андыктан эми фискалдаштырууну сатып алуучулар аркылуу киргизүүгө аракет кылышууда.

Бул үчүн cashback системасы сунушталууда. Соода кылган киши чекти алып, аны атайын порталга каттайт жана өзүнүн эсебине соода кылган суммасынын белгилүү пайызын алат.

“Мисалы, сиз 100 сомго соода кылдыңыз дейли, мамлекет ошол сумманын кайсы бир бөлүгүн сиздин банк эсебиңизге которуп берет. Биз азырынча кардарга канча сумма кайтарыларын билбейбиз, балким бир же эки пайыз болушу мүмкүн. Механизмин иштеп жатабыз”, - деген пикирин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев “Биринчи радиого” курган маегинде билдирген.

Бул жерде негизги басым кардарды шыктандырууга жасалган, себеби ал сатуучудан кассалык чекти талап кыла баштайт. Салык кызматы “кассага киргизбей” иштеп көнгөндөр укуктук талаага кайтып, салык төлөп жаткандар менен бирдей шартта атаандашып иштейт деп үмүт кылат.

Google салыгы

Электрондук соода жаатындагы ишкердикке дагы салык салынат, ага ылайык Google же Facebook сыяктуу интернет-гиганттар Кыргызстанда тапкан кирешесинен салык төлөйт. Салык коюму 2%, ал киреше салыгынын, сатуудан алынган салык жана кошумча нарк салыгынын ордуна төлөнөт.

КМШ өлкөлөрүндө салыктын мындай түрү “Google салыгы” деп аталат. Өзбекстанда 2020-жылдын биринчи кварталында эле Apple бюджетке 60 миң доллар, Google 85 миң доллар төлөгөн. Коңшу мамлекетте ондон ашык ири компаниялар кошумча нарк салыгын төлөгөн жак катары катталган.

Жаңы салык кодекси боюнча электрондук соода - бул маалыматтык-коммуникациялык технологияларды сунуштоо, ошондой эле, Интернет аркылуу техникалык, уюштуруучулук жана маалыматтык мүмкүнчүлүктөрдү берүү. Буга Интернетте киреше тапкан дээрлик бардык ишкердик кирет.

Жаңы жылда жаңы кодекс

Жаңы салык кодексинде ондогон жаңычылдыктар бар. Уюлдук операторлор үчүн сатуудан алынуучу салыкты 5 пайыздан 6 пайызга чейин жогорулатуу каралган. Бала бакчалар үчүн жеңилдетилген салыкты алып салуу, таксилерге 2% салык киргизүү пландалууда.

“Мен энергетикалык жана көп өлчөмдөгү шекер кошулган суусундуктарга 15% ашык салык киргизмекмин. Мындай нерсе колдонулуп жүрөт, ал газдалган таттуу суусундуктарга салынган акциздик салык деп аталат. Ал эми энергетикалык суусундуктар элдин саламаттыгын бузуп жатат, андыктан мындай салыкты киргизүү абзел. Бул кошумча булак. Спирт ичимдиктери менен тамекиге дагы акырындык менен көбөйтүү керек”, - деди экономист Кайрат Итибаев.

Экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиев жаңы салык кодекси бизнес үчүн процедураларды жеңилдетип, мамлекетке пайда алып келет деп ишенет. Салык кызматынын жетекчиси Илияз Иманбетов жаңы нормалар 2022-жылдын 1-январынан тартып иштеп башташы керектигин билдирди. Анын айтымында, президент “бизнес үчүн шартты жакшырткыла” деп тапшырма берген.

Өз кезегинде бизнес коомчулугу реформаны кийинкиге жылдырууну суранууда. Эл аралык ишкерлер кеңешине 120 барактай сунуш-пикирлер келип түшкөн. Аларды анализдеп чыгып, уюм жаңы салык кодексинде артыкчылыктарга караганда тобокелдиктер көп деген бүтүм чыгарган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG