Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

Экономика

Базарда автоунаа 2000 долларга чейин кымбаттады
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:42 0:00

Кыргызстанда соңку бир жылда автоунаалар кымбаттап, өлкө боюнча автоунаа тартыштыгы байкала баштады. Мисалы, бир жыл мурун 4,5 миң долларга бааланып жаткан "Хонда Фит" азыр 5 500 долларга сатылууда. Буга сырттан жаңы машинелердин келбей жатышы себеп болгону айтылып жатат. Мындан тышкары жакшы автоунааларды Казакстан жана Орусиянын жарандары сатып алууда.

Омск, Орусия. COVID-19дан каза болгондорду жерге берүү учуру. Октябрь, 2021-жыл.
Омск, Орусия. COVID-19дан каза болгондорду жерге берүү учуру. Октябрь, 2021-жыл.

Дүйнөдө коронавирустан көз жумгандар төрт жарым миллион кишиден ашты. Орусия менен Украина акыркы бир жумадан бери вирустан өлгөндөрдүн санын ооздуктай албай жатат. Эки мамлекетте тең акыркы суткадагы статистика өлүм саны жогору экенин көрсөтүүдө. Латвияда төрт жумалык толук локдаун жарыяланды.

Орусияда COVID-19га чалдыккан адамдардын саны бир жумадан бери эң жогорку чекти көрсөтүүдө. Соңку бир сутка ичинде өлкөдө 34 325 адамдан коронавирус табылса, 998 бейтап көз жумду.

Ушуну менен орус жергесинде коронавирусту жугузуп алган жарандардын расмий саны 8 миллиондон ашты. 220 миңден ашуун жаран өпкөнү сезгенткен илдеттен каза тапты.

Расмий маалыматтарга ылайык, Орусия коронавирус жуктуруп алгандардын саны боюнча дүйнөдө АКШ, Бразилия, Индия жана Мексикадан кийин бешинчи орунда турат.

Коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын маалыматына ылайык, бир күн ичинде вирусту жугузуп алгандардын көбү (6823 адам) Москвага туура келет. Бул орус баш калаасындагы июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч.

Кремл илдеттин күчөшүн Орусияда эмдөө жараяны солгун жүргөнү менен байланыштырып, жарандарды вакцина алууга чакырган. Адистер өлкөдө эмдөөнүн жай жүрүп жатканына эл арасында жайылган туура эмес маалымат, бийлик өкүлдөрүнө ишенимдин аздыгы жана жаңы медициналык препараттардан коркуу себеп болуп жатканын билдирип келишет.

Мамлекеттик Думанын вице-спикери Петр Толстой.
Мамлекеттик Думанын вице-спикери Петр Толстой.

Эмдөө жараяны ийгиликсиз болгонун алгач Мамлекеттик Думанын вице-спикери Петр Толстой айтып чыкты. Ал жекшембиде НТВ каналындагы теледебатта сүйлөп жатып, бийлик коронавируска каршы маалымат кампаниясын уттурганына токтолду.

"Өкмөт коронавирус менен күрөшүү жана элге эмдөөнүн зарылдыгын түшүндүрүү боюнча маалымат кампаниясын уттурду. Бул факт. Жарандар вакцинага ишенишпейт. Эч ким эмне үчүн таңкыстыктар бар, эмнеге эмделген адамдар баары бир ооруп калышы мүмкүн деген суроолорго жооп бере албайт",- дейт Толстой.

Ал эми Санкт-Петербург шаарынын губернаторунун орун басары Борис Пиотровский жергиликтүү бийлик коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында чектөөлөрдү катаалдатууга даяр экенин "Телеграм" каналында билдирди.

"1-ноябрдан тартып 40тан ашуун киши катышкан чоң спорттук же маданий иш-чараларга катышуу үчүн адамдар QR-штрих кодун көрсөтүшү керек. Толук эмдөөдөн өткөн же акыркы 72 саатта COVID-19 вирусу жоктугун тастыктаган тестти көргөзгөн адамдар QR-кодун алууга укуктуу болот. 15-ноябрдан тарта чектөөлөр бассейндерге, фитнес-борборлорго, театрларга, кинотеатрларга, музей жана цирктерге да колдонулат",- деп жазат Пиотревский.

5 миллионго жакын калкы бар шаарда чектөөлөр ресторандарга жана көпчүлүк дүкөндөргө 1-декабрдан тарта киргизилет. Станциялардагы жана аэропорттордогу кафелер, дарыканалар жана азык-түлүк саткан дүкөндөр чектөөлөрдөн бошотулат.

Санкт-Петербург коронавирус жукканы жаңы аныкталгандардын саны боюнча Москвадан кийинки экинчи орунда турат.

Рига шаары. 14-октябрь.
Рига шаары. 14-октябрь.

Ал арада Латвия 21-октябрдан баштап төрт жумага толук локдаун жарыялады. Мындай чечимди дүйшөмбүдө өлкөнүн премьер-министри Крисжанис Каринс жарыялады.

"Биздин саламаттыгыбыз коркунучта. Бул кризистен чыгуунун жалгыз жолу - эмдөө. Эгерде биз бир нерсени түп-тамыры менен өзгөртпөсөк, коронавируска чалдыккандарга эле эмес, башка оорулары күчөп кеткен бейтаптарга да жардам бере албай калабыз", - деди Латвиянын премьер-министри Каринс Крисжанис.

Соңку маалыматтарга караганда Латвиянын эки миллионго чукул калкынын жарымы гана толук эмделген. Эми 21-октябрдан тарта өлкөдөгү дүкөн, ресторан, мектеп жана көңүл ачуучу жайлар толугу менен жабылат. Азык-түлүк дүкөндөрү жана дарыканалар гана ачык бойдон калат.

Латвияда коронавирус менен ооругандардын саны көптүгүнөн, баш калаа Ригадагы эң ири ооруканалардын бири бейтаптарга сырттан атайын чатыр орнотууга аргасыз болгону айтылууда. Ошол эле учурда өлкөгө чет элдиктердин кирүүсүнө чектөө киргизилбейт.

Латвиянын президенти Эгилс Левитс.
Латвиянын президенти Эгилс Левитс.

Өткөн апта өлкөнүн президенти Эгилс Левитске коронавирус диагнозу коюлган. Ал бир күн мурун Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен жолугушкан. Ниинистё эки жумага өзүнчө обочолонууга мажбур болгону кабарланды.

Ал эми коңшу Казакстандын Коронавируска каршы күрөшүү боюнча мекемелер аралык комиссиясы 20-октябрдан тарта карантинди жеңилдетүү тууралуу чечим кабыл алды. Ага ылайык, коронавируска каршы толук эмделген же үч күнгө жарактуу тесттин негативдүү жыйынтыгын көрсөткөн жарандар медициналык, коомдук жайларга, карылар жана балдар үйлөрүнө бара алышат.

Ошондой эле түнкү клубдар да ачылат. Бирок ага "Ачык" тиркемесинде "жашыл" статусу бар жарандар гана кире алышат.

Казакстанда колдонулган "Ачык" тиркемеси.
Казакстанда колдонулган "Ачык" тиркемеси.

Ал ортодо Өзбекстанда өспүрүмдөргө өз эрки менен Pfizer вакцинасын сайдырууга уруксат берилди. 28-сентябрда Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги Pfizer вакцинасын сайдырган 12-15-жаштагы өспүрүмдөргө жасалган клиникалык сыноо жакшы натыйжа бергенин билдирди.

Түрк бийлиги болсо 6-сентябрдан баштап 12 жаштан тарта өспүрүмдөрдү коронавируска каршы эмдөө өнөктүгүн жүргүзүүдө.

Кубада дүйнөдө биринчи болуп, балдарды эки жаштан тарта эмдөө башталды. Бул үчүн жергиликтүү өңдүрүштөн чыккан Abdala жана Soberana препараттары колдонулат. Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эки вакцинаны тең расмий каттай элек.

Украинада да COVID-19дан көз жумгандардын бир күндүк көрсөткүчү эң жогорку чекти көрсөтүп жатат. Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги 19-октябрда билдиргендей, акыркы бир сутка ичинде өлкөдө вирустан 538 бейтап көз жумду.


Пандемия башталгандан бери Украинада бир күн ичинде COVID-19дан өлгөндөрдүн саны мынчалык жогору болгон эмес. Натыйжада өлкөдө коронавирустун расмий ырасталган курмандыктары 61 миң кишиден ашты.

Кыргызстанда болсо Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 19-октябрда ооруну жугузуп алган эки бейтап каза болду. 93 адамдан коронавирус инфекциясы жаңы аныкталды. Илдеттен каза болгондордун бардыгы вакцина албагандар. Ушуну менен былтыр марттан бери вирус жуктургандардын жалпы саны 180 006 адамга жетти. Жалпы 2 638 адам каза болду. Азыр 571 адам ооруканада, 527 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

Өлкөдө инфекцияга каршы эмделгендердин жалпы саны 1,6 миллиондон ашты. Алардын 914 миңге жакыны вакцинанын биринчи дозасын алган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG