Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

Экономика

Кыргызстандын энергетиктери. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын энергетиктери. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети күз-кыш мезгилине даярдык “критикалык чекте” экенин моюнга алды. Суу аздыгынан электр энергиясы тартыш болуп, керектөөчүлөргө коюлган лимиттен ашып жаткандыгы, көмүр жетишсиз экени айтылды.

Жогорку Кеңештин өкмөттүн кышкы сезонго карата даярдыгын караган жыйында депутаттар тарабынан сын-пикирлер болбой койгон жок. Бирок жыйын шашылыш жыйынтыкталды.

Энергетикадагы кризис

12 маселени камтыган 20-октябрдагы күн тартиби сунуш-пикирлерден улам 50гө чейин узарды. Кыргызстандын экономика тармактарын жана калкын 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Министрлер кабинетинин ишин кароо алгачкы тизмеден алып салынып, бир нече депутаттын талабынан кийин кайра кошулду.

Эл өкүлдөрү жети облустагы мамлекеттик органдардын жетекчилиги келип күтүп олтурганын айтып, шаштырууга аракет кылган менен аталган маселе кечке жуук гана каралды.

Жыйында алгач Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев кенен баяндама жасады.

Азиз Аалиев
Азиз Аалиев

“Жалпы энергетика сектору тууралуу айтсак, абалы критикалык оор деп айтып кетсек болот. Анткени анын негизин түзгөн гидробалансыбыз жакшы эмес. 2017-жылдан бери төртүнчү жыл кургакчылык болуп жатат. Суунун деңгээли орточо жылдык нормадан төмөн болуп, анын кесепетинен Токтогул суу сактагычыбыздын деңгээли 12 млрд. куб метрден ашып жатат. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2-3 млрд. кубга аз. Бул критикалык тобокелдик. Себеби, биз жылына 7-8 млрд. куб колдонобуз, эмки апрелге суу эң төмөнкү чекке түшүп калышы мүмкүн. Албетте, биз ага жол бербешибиз керек. Аны көзөмөлгө алып жатабыз”.

Кыргызстанда Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясында жетишсиздик былтыркы кыштан бери сезилүүдө. Буга байланыштуу жыл башынан бери Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясы импорттоло баштаган. Бишкек мындан сырткары Тажикстандан жана Түркмөнстан да электр кубатын алып жаткан, эми Орусиядан да сатып алуу маселесин караштырууда.

Буга кошумча Бишкек жылуулук электр борборундагы электр өндүрүү көбөйтүлүүдө. Мурда ЖЭБ жылына 1,2 млрд. кВт/саат электр өндүрсө, быйыл көлөм 2-3 млрдга чейин жетиши мүмкүн.

“Жыл башында бекитилген планга ылайык, ар бир облуска электр энергиясын пайдалануу боюнча лимит коюлган. Чек былтыркы жылкы керектөөлөрдүн деңгээлинде түзүлгөн болчу. Бирок лимиттерден өтө көп ашып кетип жатабыз. 1-октябрга карата эле 500 млн. кВт/саат электрди ашыкча пайдаландык. Ошондуктан элибизди электр энергиясын үнөмдөп пайдаланууга чакырып кетем”,-деди Азиз Аалиев.

Азыркы шартта Кыргызстан жылына орточо 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрөт. Бирок керектөө да ушунча болот, көбүнчө андан да ашып кетчү. Акыркы маалыматтарда быйылкы керектөө 17-20 млрд. кВт/сааттын тегерегинде болушу мүмкүн болжолдонгон.

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев депутаттардын суроосуна жооп берип жатып мындай деди:

Доскул Бекмурзаев
Доскул Бекмурзаев

“Биз эмне үчүн кезектешип өчүрүү болбойт деп жатабыз. Анткени биз Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн билебиз, Бишкек ЖЭБинде максималдуу түрдө канча өндүрө аларыбыз белгилүү. Башка өлкөлөрдөн ташып келүү тууралуу келишимдерибиз бар, алардын көлөмдөрү так. Ошол себептүү биз жеткирип чыгып кетебиз деп жатабыз. Ошого карабай үнөмдөгүлө дегенибиз, бизге кошумча жардам болуп калат. Анткени көп адамдар зарыл эмес учурда деле электр энергиясын өчүрбөйт, алар кырдаалды билишпейт. Биз сырттан кымбат тарифте алып, элге арзан сатып жатабыз. Ошол себептүү үнөмдөө баары бир керек. Ооба, көйгөйлөр бар. Бирок биз мындан чыгып кетебиз”.

Депутат Акылбек Кемелов “кезектешип өчүрүү жок” деген сөздөн күмөн санап, пландык өчүрүү болуп жатканын айтты. Башка бир эл өкүлү Аида Касымалиева дагы муну бышыктады.

“Өчүрүүлөр жок дегениңиздер менен жер-жерлерде электр жарыгы өчүп жатканы тууралуу кабарлар келип жатат. Ишканалар, тигүү цехтеринин иши үзгүлтүккө учурады. Көп эле күндөрү токтоп калды. Натыйжада ал өндүрүштүн азайышына таасир этүүдө, кызматкерлер жумушсуз калууда, айлык-маяналар берилбей калды”.

Көмүр тартыш

Кыргызстан боюнча жалпысынан 3 млн. ашык тонна көмүр керектелет. Анын ичинен калкка 1 млн. тоннадан ашуун, Бишкек ЖЭБине 1,5 млн. ашуун сарпталат. Ушул кезге чейин 500 миң тоннадай эле даяр болгон. Буга Кара-Кечедеги талаш-тартыштар себеп болууда.

Антимонополдук жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков көмүрдүн баасы туруктуу кармалып жатканына ишендирүүгө аракет кылды:

Кеңешбай Тайлаков
Кеңешбай Тайлаков

“Бүгүнкү күндө былтыркыга салыштырмалуу дүң баалар өзгөртүлгөн жок. 1250 сомдон 1350 сомго чейин, бардык 21 компанияга бааларды белгилеп бергенбиз. Аны мониторинг кылып жатабыз. Рынокто баалар көтөрүлүп жатат, бүгүндөн баштап аны да жөнгө салуу кирди. Жакынкы арада аны иретке келтиребиз. Бул боюнча үч механизм менен иш алып барабыз, чараларды көрө баштадык. Жер-жерлерде жумушчу топтор түзүлдү, алар тиешелүү иштерди жүргүзөт”.

Бирок мурдараак Улуттук статистика комитетинин 2020-жылдын октябрына салыштырмалуу Кыргызстанда быйыл бул айда көмүрдүн баасы орто эсеп менен 16,1% өскөнүн маалымдаган. Бишкек шаарында Кара-Кечеден ташылып келген көмүрдүн тоннасы 5 миң сомдун айланасында сатылып жатат, бул өткөн жылга салыштырганда 1400 сомго кымбат. Баткенде жана Ноокатта бир тонна көмүр 8 миң сомдон өйдө сатылууда.

Депутат Айнура Осмонова “Кыргызжылуулукэнерго” ишканасынын бюджети толук иштетилип бүткөнүнө көңүл бөлүп, мындай жагдайда көмүргө акча жетпей каларын эскертти:

Айнура Осмонова
Айнура Осмонова

“Эгер силер бардык акчаны эми эле иштетип, түгөтүп алсаңар күйүүчү майларды, көмүрдү, мазутту кайсы акча менен төлөйсүңөр? Алар жетишпегени, камсыздоодо көйгөйлөр болуп жатканын жакшы билебиз да. Менимче абоненттик топтомдоруңарды да жеткире албайсыңар. Жеткирүүчүлөр азыртан эле акчасын ала албай калганын даттанышууда. Мына кыш суук болот деген болжол болуп жатат. Мазутка, же көмүргө каражат төлөнбөй калса, бул өз убагында жылуулукту камсыздоону үзгүлтүккө учуратат. Анда эл кышында суукта калышы мүмкүн”.

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев бул маселе жөнүндө сөз алганда, аталган ишканага каражаттар жетпесе кошумча бөлүнөрүн билдирип, “элди үшүтпөй алып чыгып кетишерин” кошумчалады.

Күз ортологондогу даярдык

Министрлер кабинетинин күз-кыш мезгилине карата даярдыгы кечигип жатканын мурдагы жыйындарда депутаттар бир нече жолу эскертишкен. Адатта өткөн жылдары бул боюнча баяндама парламентте июнь-июль айларында, эң кечиккенде сентябрда каралчу.

Быйыл 12-октябрда маселе Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетте каралган учурда депутаттар өкмөттүн өкүлдөрүн маалыматты күз ортолоп калганда алып келгени үчүн сынга алышкан. Андан бери дагы бир апта өттү.

Депутат Өмүрбек Бакиров жыйында буларга токтолду:

Өмүрбек Бакиров
Өмүрбек Бакиров

“Биринчиден, күз-кыш мезгилине даярдык боюнча баяндаманы былтыркы жылга салыштырмалуу өтө кеч алып келдиңиздер. Экинчиден, ал үч негизги тармакты камтыйт: электр энергиясын, көмүр жана күйүүчү-майлоочу каражаттар. Энергетика тармагында, тогуз айда 10 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүрдүк деп жатасыздар. Мунун 10,5% эле жоготуу деп жатасыздар, ал жалган. Биз текшергенде жоготуу 20% кем эмес экенин аныктаганбыз. Кезектешип өчүрүү дегенди болгону лимит деп өзгөртүп алыпсыздар да, ошондон ашып кеттиң деп өчүрүп жатат экенсиздер. Азыр бардык жерде өчүрүү болуп жатат. Ал эми күйүүчү майдын баасы, A-98 үлгүсүндөгү бензин 70 сомго чейин чыкты, көмүр да кымбаттоодо”.

Кантсе да, өкмөт күйүүчү май боюнча көйгөй бар экенин мойнуна алууда. Муну Орусияда дүйнөлүк рынокто мунай кымбаттап кеткени, ошол себептүү Орусияда бензин менен дизел отуну кымбатыраак сатылып жатканын билдирүүдө.

Кайрадан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиевдин сөзүн берели:

Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу май саткан негизги компаниялардын бекеттериндеги 5-октябрдагы баалар.
Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу май саткан негизги компаниялардын бекеттериндеги 5-октябрдагы баалар.

“Мунайдын бир баррелинин баасы 40 доллардан 80 долларга чейин кымбаттады. Бул күйүүчү майлардын кымбаттаганынын биринчи себеби. Ал бизден көз каранды эмес. Экинчиден, Орусияда мунайды кайра иштетүүчүн заводдордо чыккан баа көтөрүлүп кеткен үчүн бизге да кымбат келүүдө. Ошол себептүү биз бааны кымбаттатпоо үчүн квоталык режимди кеңейтип, бажы төлөмүсүз кирген бензин жана дизелдик отунун 200 миң тоннага чейин көлөмүн көбөйткөнгө жетиштик. Жылдын аягына чейин кошумча, арзаныраак келет”.

Баса, Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы да мурдараак билдирүү жасап, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын кымбаттаган себебин мына ушул нерселер менен түшүндүргөн. Уюм октябрь ичинде эле бензин менен дизель 1,-1,5 сомго кымбаттай турганын эскерткен эле. Бирок нефтетрейдерлер бааны туруктуу кармоонун жолу бар экенин, ал үчүн өкмөттөн жардам болушу керектигин билдирген.

Ассоциациянын президенти Канат Эшатов бул боюнча сунушка өкмөт азырынча жооп бере электигин билдирүүдө:

Канат Эшатов
Канат Эшатов

“Бааны туруктуу кармоо үчүн мамлекеттин да жардамы керек болуп жатат. Ошол себептүү биз өкмөткө сунуш берип, бензинге акциздик салыктын ченин убактылуу төмөндөтүүнү жана дизелдик отунду импорттоону кошумча нарк салыгынан бошотууну суранып жатабыз. Эгерде бул чаралар кабыл алынса, бензиндин чекене баасын 3 сом 70 тыйынга, дизелдин чекене баасын 4 сом 8 тыйынга чейин төмөндөтүүгө болот. Азыр маселени тиешелүү министрлик карап жатат. Бирок азырынча жооп берише элек”.

Күз-кыш мезгилине карата даярдыкты талкуулоо парламенттин жыйынында өтө кеч башталгандыктан азыраак талкуудан кийин эле иш күнү жыйынтыкталып калды. Төрага Талантбек Мамытов кароону улантуу үчүн жумуш убактысын узартып алуу зарылдыгын айтканда, депутат Аманкул Токтомамбетов талкууну токтотууну сунуштады.

Ошо менен талкуу токтоп, өкмөттүн баяндамасы боюнча токтом долбоору добушка коюлду. Натыйжада депутаттар эки айдан бери талап кылып келген күз-кыш мезгилине карата даярдык шашылыш жактырылды.

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстандык ишкерлер инвесторлор үчүн атайын аянтча түзүп, алардын келишине шарт түзүү муктаждыгы бар экенин айтып чыгышты. Алардын мындай ою Казакстандагы “Астана” эл аралык финансылык борборуна барып келгенден кийин күчөгөн. Анткени аталган борбор 2018-жылы “ЭКСПО-2017” эл аралык көргөзмөсүнүн базасында түзүлүп, инвесторлор менен ишкерлердин ортосунда байланыш түзүүдө.

Кыргызстандагы ишкерлер бирлигинин төрагасы Аскар Сыдыков финансылык борбордун зарылдыгын мындай деп түшүндүрдү:

Аскар Сыдыков
Аскар Сыдыков

“Мындай аянтчалар түзүлсө биздин ишкерлер миллиондогон каражаттарды тарта алат. Кыргызстанга келем деген инвесторлордун саны арбымак. Финансылык борборго эл аралык банктар кирсе, анда жеңилдетилген насыяларды алса болот. Мындан башка да мүмкүнчүлүктөр пайда болот эле. Мисалы биздин таланттуу балдарга инфраструктура түзүлөт. Алар жакшы айлык төлөнгөн жумушта иштей баштайт. Сыртка чыгып кетип жаткан таланттуу балдардын саны азаймак. Албетте мындай борборду ачуу үчүн саясий эрк, мамлекеттин колдоосу керек”.

Казакстандын финансылык борбору азыркы учурда 1046 компания менен иштешип жатат. Расмий сайтында 2021-жылдын май айына карата “Астана” аянтчасы аркылуу 4,4 млрд. доллар инвестиция өткөнү жазылып турат. Финансылык борбордун соту дагы бар. Алар Казакстандын сот системасына көз каранды болбой, өзүнчө "Англия укугунун" негизинде иштейт.


Казакстанга барып келген топтун катарында инвестиция министринин орун басары Улан Асанов дагы бар. Анын айтымында, “Астана” Кыргызстан менен иштешүүгө даяр.

“Астана” финансылык борборунун кызматкерлери буга чейин Кыргызстанга да келип кетишкен. Алар тараптан биргеликте иштөө сунушу болуп, меморандумга кол коюлган. Бир пикирге келе турган болсок келишим даярдалат. Бишкекте дагы ушундай борбор ачалы деген ой бар. Бирок анын жол картасын, жол-жобосун иштеп чыгышыбыз керек. Анткени “Астана” финансылык борбору ишке кирсе, анда Англиянын сот системасы менен иштешибиз керек. Мындай борбор ачылса бизге пайда эле келет. Бул жаатта иштер жүрүүдө. Бирок азыр бир нерсе деп айтууга эрте”.

“Астана” финансылык борбору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн Инвестиция министрлиги Министрлер кабинетинин жаңы курамында жок. Азыр алардын кайсы мекемеге кошулары, статусу белгисиз болуп турат.

Namba Group “Астана” эл аралык финансылык борбору менен кызматташкан алгачкы кыргызстандык компания. Алар IT тармагына 1 миллион доллар өлчөмүндөгү инвестиция алып келди. Бул акчага бардык кызматтарды, төлөмдөрдү өзүнө камтыган бир онлайн тиркемени ишке киргизгени жатышат.

Namba Group компаниясынын негиздөөчүсү Аман Тентиев инвесторлор Кыргызстанга түз келгенден чочулап турганын айтып, анын себебин мындай деп түшүндүрдү:

Аман Тентиев
Аман Тентиев

“Биздин долбоорго кызыккан инвесторлор көп болду. Бирок алар Кыргызстанга түз акча салгандан чочулап, “кандай иштешсек болот” деп туруп алышты. Анткени биздеги инвестициялык климат жакшы эмес. Ар кандай жолдорду карай баштадык. Ошондо досторубуз Казакстандагы “Астана” финансылык борборун сунушташты. Алар инвесторлорго мыкты шарт түзүп, бир аянтчага банктарды, фонддорду чогултушкан экен. Алар “Англия укугунун” негизинде иштеп жатышат. Кандайдыр бир талаш-тартыш болсо ишти өзүлөрүнүн соту карайт. Бул көрүнүш инвестор үчүн ишеним пайда кылат”.

Бийликтин алмашуусуна алып келген октябрь окуяларынан кийин Кыргызстандагы инвестициялык климат солгундай түшкөн. Мисалы 2021-жылдын биринчи кварталында түз инвестициянын көлөмү 112 млн. долларды түзгөн. Ошол эле учурда Кыргызстандан чыгып кеткен капиталдын суммасы 480 млн. сомго жетип барган.

Буга чейин инвестиция министринин орун басары Нурадил Баясов жарым жыл ичинде инвестициялардын агымы 95,4% көбөйгөнүн билдирген. Бирок аталган сандар былтыркы жылга салыштыруудан улам пайда болгонун эске алуу керек. 2020-жылы Кыргызстанда коронавирус пандемиясынан улам чек аралар жабылып, ишкерлик толук кандуу жанданган эмес.

Ишкер Эмил Үмөталиев финансылык борбор ачуу үчүн саясий эрк керек экенин айтат.

Эмил Үмөталиев
Эмил Үмөталиев

“Казакстан демократия багытында бизге салыштырмалуу артта калган. Бирок анда “Астана” финансылык борбору ачылды. Ал жерде илимий англис тилинде сүйлөгөн адистер иштейт экен. Бизде бүгүн коркунучтуу абал болуп турат. Анткени өлкөдөн чыгып кеткен акчалардын суммасы көп. Кыргызстанда сот системасына ишенич жок болуп турганда Казакстанда Англиянын соттору иштеп жатат. Алар ушундай жол менен дүйнө жүзүндөгү ишкерлердин ишенимине киришти. Бизде мамлекеттик органдар ишкерликти колдоонун ордуна, алардын акчасын тартып алып бюджетти толтуруп жатышат”.

Кыргызстанда инвесторлордун укугун коргоп, таламын талашыш үчүн 2019-жылы Бизнес-омбудсмен институту түзүлгөн. Президент Садыр Жапаров инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзүү убадасын берип, аларды коргоого аларын айтып келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG