Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Экономика

Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Кумтөр кенинин айланасында кыргыз өкмөтү менен канадалык «Центерра Голд» компаниясы өткөн жума соңунда кайрадан кайым айтышты. Кыргыз тарап быйыл май айынан бери Кумтөргө сырттан башкаруу киргизип, иш жүзүндө көзөмөлдөп жатат.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 20-ноябрда билдирүү таратып, “Центерра Голд” Кумтөр кенин көзөмөлдөн чыгарганын моюнуна алууга аргасыз болгонун жарыялады:

"Мындан бир нече саат мурда, Канада убактысы боюнча 19-ноябрда, кечке маал биржалык соода жыйынтыкталгандан кийин Centerra Gold Inc. компаниясы аларга мындан ары кыргыз элинин улуттук мурасы – Кумтөр кени таандык эместигин тааныгандыгы тууралуу чечим кабыл алды. Centerra Gold Inc. өзүнүн баланстык наркынан 926 млн. долларды эсептен чыгарууга жана Кумтөр кенине көзөмөлдү жоготконун билдирүүгө аргасыз болду".

Өкмөт жетекчиси бул билдирүүнү «Центерра Голддун» расмий сайтында жарыялаган маалыматка таянып таратты. Компания мындай маалыматты Онтарио провинциясынын (Канада) Баалуу кагаздар боюнча комиссиясынын талабы менен кабыл алганын түшүндүргөн эле.

«Центерра» кыргыз өкмөтүнүн аракетинен улам Кумтөр кенин көзөмөлдөн чыгарганын белгилеген жана аны "басып алуу" деп сыпаттаган.

Акылбек Жапаров Кумтөрдө
Акылбек Жапаров Кумтөрдө

Акылбек Жапаровдун билдирүүсү Кыргызстанда кызуу талкууланып, айрымдар өкмөттүн канадалык компаниянын үстүнөн жеңиши катары деп чечмелеп жиберишкен. Өкмөт башчынын Канаданын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган катардагы ишти атайын билдирүү таратуу менен баса белгилеши дал ошондой маанайды жараткан.

Кыргыз коомчулугундагы мындай реакциядан кийин «Центерра Голд» Кумтөр үчүн күрөштү улантарын айтып, жооп иретинде маалымат таратты. Анда компания кенге байланыштуу Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди улантары жазылган.

"Буга чейинки чыгарган маалыматта ачык белгилегендей, "Кумтөр" мындан ары да толугу менен Centerra Gold Inc. компаниясына таандык туунду компания болуп саналат жана биз "Кумтөр" кенин мыйзамсыз басып алгандыгы үчүн Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди улантабыз. Биздин билдирүүбүздө жаңы эч нерсе жок. Болгону, 2021-жылдын 10-августунда кендеги биздин балансыбыздагы бизнес-операциянын токтогондугун билдирген кулактандырууну гана чагылдырат", - деп айтылат маалыматта.

Адистер «Центерранын» Канаданын Баалуу кагаздар боюнча комиссиясына Кумтөргө иш жүзүндө көзөмөлдү жоготкону боюнча отчет беришин мыйзам ченемдүү көрүнүш деп баалашууда.

Анткени, компания киреше-чыгаша боюнча маалыматында чыныгы абалды көрсөтүшү керек. Бул үчүн быйыл майдан бери кендеги башкарууну жоготконун белгилөөгө туура келет.

Бирок кыргыз өкмөтүнүн айрым өкүлдөрү «Центерра» буга чейин дал ушул нерсени да моюнуна алгысы келбегенин, бул жолу айла жоктон билдирүү таратууга аргасыз болду деп, өз позициясын коргоп жатат.

Маселен, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бул тууралуу пикирин Твиттердеги баракчасына бөлүштү.

Дал ушундай жол менен өлкөдөгү ири алтын кени боюнча соңку аракетти эки тарап өз пайдасына колдонуу айласын көрүштү.

Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмил Жороев учурда Кумтөрдүн айланасында маалыматтык согуш жүрүп жатканын белгилейт. Анын баамында, ар бир тарап өзү үчүн упай алууга алууга аракет кылууда:

Эмил Жураев
Эмил Жураев

«Өкмөт үчүн кыргыз элине, коомчулукка жана керек болсо жетекчиликке деле ар бир кадамдан утуш издеп, жакшы кабарды батыраак жеткирүүгө аракет болуп жатат. А чынында түшүнгөн кишилерге «Центерра Голд» жөн жерден кенден баш тартат дегенге ишениш кыйын болчу. Муну түшүнүп эле турушкан. Ал эми «Центерра Голддун» "биз Кумтөрдү көзөмөлдөбөйбүз" дегенинин аркасында "азыркы шартта кайсы бир тобокелчилик же кырсык болсо биз жоопкерчиликтүү эмеспиз" деген мааниде болуп жатат».

Учурда кыргыз өкмөтү жана «Центерра Голд» маалыматтык чөйрөдө эле тирешпей, Эл аралык соттордо да териштирүү жүрүп жатат. Кенге байланыштуу Стокгольм жана Нью-Йорктогу арбитраждарда сот жүрүүдө.

Кыргыз өкмөтү сырттан башкаруу киргизген "Кумтөр Голд компани" ишканасынын юрист-консульту Дмитрий Долматовдун «Азаттыкка» билдиришинче, Стокгольмдогу арбитр өз каалоосу менен ишти кароодон баш тарткан. Жаңы арбитр дайындала элек.

Ал эми «Центерра Голддун» арызы менен башталган Нью-Йорктогу арбритраждагы иш уланууда.

Дмитрий Долматовдун айтымында, буга чейин кыргыз өкмөтү аталган ишти Нью-Йоркто кароого болбой турганын айтып, ишти кыскартуу керек деген өтүнүч келтирген:

«Эл аралык адвокаттар дал ушундай өтүнүчтү беришкен. Башында бул өтүнүч ноябрдын аягы, декабрдын башында каралары пландалып жаткан. Бирок жакында эле судья Лиза Беккерман биздин ишти кийинки жылдын февраль айында карай турганы белгилүү болду».

Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү быйыл май айында өз карамагына алган. Андан бери кендеги талаш уланып келет.

«Центерра» утур-утур кен Кыргызстанга өткөндөн кийин алтын казуу азайып кеткенин билдирүүдө. Кыргыз тарап бул маалыматты четке каккан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Азаттыкка” “Кумтөр Голдду” башкарууну кыргыз тарап өз колуна алгандан бери төрт ай ичинде 4,1 тонна алтын өндүргөнүн, өлкө 62 миллион доллардай киреше алганын айткан.

Кымбатчылык коштогон шайлоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:07 0:00

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Бул саясий жарыш азык-түлүк жана күйүүчү май кыйла кымбаттаган учурга туш келди. Экономикада өсүш анча эмес, экспорт кыскарып, мамлекеттик карыз көбөйүүдө. “Азаттык” шайлоо кандай экономикалык жагдайда өтүп жатканы тууралуу видео түшүндүрмө жасады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG