Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Экономика

Өкмөт бааны ооздуктай алабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:48:41 0:00

Борбор Азиядагы башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанда азык-түлүк, күйүүчү май жана башка керектелчү товарлар кымбаттады. Буга кошумча энергетикалык кризис тооруп, учурда баалар дагы өсүшү мүмкүнбү деген чочулоо күч. Дал ушундай кырдаалда кыргыз өкмөтү экономикалык абалды туруктуу кармап, баалардын кескин көтөрүлбөшү үчүн кандай чараларды көрүп жатат? Алдыда эмне кылышы керек?

Акча алмаштыруучу жай. Стамбул шаары.
Акча алмаштыруучу жай. Стамбул шаары.

Соңку бир айдан бери Түркияда доллар 34% кымбаттап, азык-түлүккө, күйүүчү майга жана күнүмдүк керектелчү товарга да таасирин тийгизүүдө. Шейшембиде башкалаа Анкарада жана Стамбул шаарларында нааразылык акциялар өтүп, ага чыккандар камакка алынганы кабарланды.

Шейшембинин түнү Анкаранын Чанкая районунун тургундары нааразылык акциясына чыгышты. Анда тургундар түрк лирасынын куну түшүп кеткенин айтып, бийликтеги Ак партиянын отставкасын талап кылып чыгышты.

Ошол эле түнү социалдык тармактарда Стамбулдун Куртулуш районунда митингге чыккан жоон топту полиция токтотуп жатканы тартылган тасмалар тараган.

Шаршембиде нааразылыкка чыккан жети киши суракка чакырылып, камакка алынганы да кабарланды.

Түркияда доллар, евро менен кошо алтын да кымбаттады. Серепчилер лиранын куну түшүп кеткенин коронавирус пандемиясындагы экономикалык кризиске байланыштырууда.

22-ноябрда президент Режеп Тайып Эрдоган элге кайрылып жатып, өлкө "экономикалык согуш" менен күрөшүп жатканын айтты. Ал Түркия жеңип чыгат деген убада берген.

Эрдогандын сөзүн утурлай доллар менен евронун наркы кескин көтөрүлгөнү байкалды. Учурда Түркияда бир доллар 12.50 лирадан сатылууда.

Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Мындай абал азык-түлүк, ижара акысы, коммуналдык төлөмдөр жана жол киреге да таасирин тийгизип жатат. Анын кедергиси өзгөчө Түркияда иштеген чет өлкөлүк мигранттарга катуу сезиле баштады.

Анталияда көп жылдардан бери иштеген Бактыгүл тапкан акчасынын баарын Кыргызстандагы үй-бүлөсүнө салат.

"Лираны долларга которуп, аны Кыргызстанга жөнөткөндө айырма абдан чоң болуп атат. Түркияда иштеген кыргыздарды ойлонткон ушул эле маселе болып калды. Айла таппай турабыз. Биздин айлык болбогон эле сумма. Өзгөчө мага окшоп Кыргызстанда насыя төлөгөндөр эмне кылууну билбейбиз. Жаштар го Орусияга иштеп кетебиз деп турушат. Мага окшоп жашы өтүп калгандар айла жоктон кайыл болуп отурабыз. Мындан улам кан басым жогорулап, стресс да болуп жатабыз",- дейт Анталияда иштеген Бактыгүл.

Стамбул шаарындагы азык-түлүк базары.
Стамбул шаарындагы азык-түлүк базары.

Ушул эле шаарда оорулуу кишини баккан Гүлмира да аз айлыкка кайыл болуп иштөөгө мажбур экенин айтты.

"Кыргызстанда насыя төлөйм. Бала-бакырам баары Кыргызстанда. Бул жакка аларды багалы деп келгендиктен, айла жок иштеп жатабыз. Доллар кымбаттап азыр үйгө акча сала албай калган күндөр да болуп жатат. Кетип калайын десем, иштеп тапкан каражаттын баарын үйгө сала берип, өзүмдө такыр акча калбай калыптыр. Андыктан баарына кайыл болуп иштеп атам. Доллар дагы кымбаттай берсе жашоо кандай болоору белгисиз".

Ал эми Анкарада иштеген Айнагүл маянасы 280 долларга жетпей калганын айтып кейиди.

"Мен бир ай мурун Кыргызстандан алган насыямды төлөп бүттүм. Айына 8 миң сом төлөчүмүн. Азыр Бишкекте үч балам батирде турушат. Насыядан кутулуу үчүн Анкарага иштегени келгем. Эми ушул айлыгымды долларга которуп, үйгө жөнөтсөм 280 доллар эле болуп калат экен. Эмне кылабыз? Айла жок иштегенге мажбурмун",- дейт Айнагүл.

Түркиянын Эмгек жана коомдук коопсуздук министрлиги 2021-жылы минималдуу маянаны 2825 лира деп бекиткен. Бул сумма учурдагы доллардын курсу менен 226 доллар.

Түркиядагы кыргызстандык мигранттардын көбү кыз-келиндер, дээрлик көпчүлүгү минималдуу айлыкка иштейт.

Быйыл 1 миллион 200 миңден ашык чет өлкөлүк жаран Түркиянын Миграция департаментинен каттоодон өткөн. Алардын 25 миңге жакынын кыргызстандыктар түзөт. Арасында үч миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштейт. Дээрлик көпчүлүгү бир жылдык туристтик виза менен барып, Анкара, Стамбул, Анталия сыяктуу шаарларда эмгектенип жатышат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG