Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:07

Экономика

Кара-Кечедеги көмүр кризиси
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:09 0:00

Өлкөдө электр энергиясы чоң таңкыстыкка учурап, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы кескин көтөрүлүп, ортомчулар менен талаш-тартыштан улам ири Кара-Кече кенинен көмүр алып келүүдө кыйынчылыктар жаралган. Учурда "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы өлкөнү көмүр менен камсыз кылууга аракет кылып жатат. Кара-Кечедеги кечиккен камылгага ким жооп берет?

Азыркы казак лидери Касым-Жомарт Токаев (оңдо) жана анын мурдагы президент Нурсултан Назарбаев парламенттин палаталарынын биргелешкен жыйынында. 20-март, 2019-жыл
Азыркы казак лидери Касым-Жомарт Токаев (оңдо) жана анын мурдагы президент Нурсултан Назарбаев парламенттин палаталарынын биргелешкен жыйынында. 20-март, 2019-жыл

Эл башы, экс-президент Нурсултан Назарбаев «Нур Отан» партиясынын төрагалыгын президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрөрүн жарыялады.

Айрым серепчилер Назарбаев муну менен бийликти акырындап өткөрүп берип жатканын, башка бир талдоочулар анын колунда негизги бийлик көзүрлөрү сакталып калганын айтышууда. Мындай жагдайда өлкөдө дагы деле "кош бийлик" өкүм сүрүп, Токаев менен Назарбаевдин топторунун ортосундагы таасир талашууга байланышкан кызыкчылыктар кагылышына алып келери болжолдонууда.

Күтүлгөн "күтүүсүз" чечим

23-ноябрда Нур-Султан шаарында өткөн “Нур Отан” партиясынын саясий кеңешинин кеңейтилген жыйынында Нурсултан Назарбаев партия төрагалыгын президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берерин жарыялады. Ал өзүнүн кайрылуусунда буга эмне түрткү болгонун кыскача белгиледи:

"Мен биздин партияны түзүүнүн башында турдум. Дээрлик 27 жылдан бери аны башкарып келе жатам. Ошондуктан мен "Нур Отан" партиясын саясатты, стратегияны аныктаган президент жетектеши керек деп эсептейм. Бирок мен араңыздарда партиянын негиздөөчүсү, көрүнүктүү мүчөсү катары кала берем. Биз баары бир жашоонун мыйзамдарына баш ийишибиз керек”,- деди Нурсултан Назарбаев партиянын саясий кеңешинин онлайн жыйынында.

Назарбаев кайрылуу жасаганда башкаруучу партиянын төрагасынын орун басары Бауыржан Байбек менен президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Махмуд Касымбеков аны коштоп отурду.

Токаевдин президенттик бийлигинин алсыздыгы

Экс-президент дээрлик 20 мүнөттөй Казакстандын азыркы учурдагы социалдык-экономикалык абалына токтолду. Бул Назарбаевдин соңку мезгилдеги эң узак сүйлөгөн сөзү болду. Бул жагдай Казакстанда 2019-жылы башталган бийликти акырындан өткөзүүнүн бир бөлүгү катары каралууда.

Саясат таануучу Досым Сатпаев муну соңку кризис шартында президенттин позициясын чыңдоо далалаты деп жазды:

Казакстан, Досым Сатпаев.
Казакстан, Досым Сатпаев.

“Экс-президент Нурсултан Назарбаевдин бийликтеги башкаруучу “Нур Отан” партиясынын төрагалыгын Казакстандын президенти Касым - Жомарт Токаевге өткөрүп берүү чечими бир караганда 2019-жылдан бери өлкөдөгү №2 адам аталып келген экинчи президенттин позициясын күчөтө тургандай көрүнөт. Токаев бийлик транзитинин туткуну. Ал 2019-жылы президент болгондон берки аброюн көтөргүсү келет. Экинчиден, аны анчейин уга бербеген бюрократиялык аппаратка мыйзамдык күчүн көрсөтүп, аба ырайын жасаган саясий элита топторунун ортосундагы өз таасирин арттырууга киришти. “Нур Отан” партиясынын төрагалыгын тапшыруу тууралуу чечим мына ошол экинчисине көбүрөөк жакын”, - деп жазды саясат таануучу Досым Сатпаев.

"Назарбаев негизги көзүрдү колунан чыгара элек"

“Нур Отан” партиясынын саясий кеңешинин кеңейтилген жыйыны бир жума мурун жарыяланып, бирок ага журналисттер катышкан жок. Эл башынын басма сөз катчысы Айдос Укибай партиянын төрагасын шайлоо алдыдагы курултайда каралып, ага чейин Назарбаев төрага бойдон каларын билдирди. 2019-жылы мартта президенттиктен кеткен Нурсултан Назарбаев бийликтеги “Нур Отан” партиясынын төрагалыгын сактап калып, ага Коопсуздук кеңешти өмүр бою жетектөө укугу берилген. Анын партия төрагалыгын тапшырышын башка бир саясат талдоочу Санжар Бокаев төмөндөгүдөй сыпаттады:

“Мындан кандайдыр бир чоң өзгөрүүлөрдү күтүүнүн кереги жок. Анткени кайсы гана мамлекетти албайлы, көзөмөлдөөчү топтом күч түзүмдөрү менен куралдуу күчтөрдү ким башкарса, ошонун колунда болот дегенди түшүндүрөт. Коопсуздук кеңешин жетектеп турган эл башы мына ошол 51% көзөмөл топтомго ээ. Демек, ал дагы деле эл башынын колунда. Себеби азыр парламент менен өкмөттү эл башы көзөмөлдөп турган ”, - деди Санжар Бокаев.

"Кош бийликтин" тиреши

Муну менен Казакстанда “кош бийлик”, Назарбаев отурган “китепкана кеңсеси” менен “Ак Орда” ортосунда кызыкчылыктар кагылышы күчөйт деген божомолдор айтыла баштады.

Анткени президент Касым-Жомарт Токаевдин мамлекеттик маанилүү чечимдерди өз алдынча кабыл алып, жогорку кызмат орундарына тиешелүү кадрларды өз алдынча дайындай башташы эки топтун ортосундагы таасир талашка алып келери белгиленди. Өз алдынча саясат жүргүзгөн президент Токаев Назарбаевдин айланасындагы кландык топторго жана саясий элитага толук жакпашы мүмкүн.

Айрым талдоочулардын баамында, президент Касым-Жомарт Токаевдин бийлиги күчөп, Нурсултан Назарбаевдин таасири бир кыйла азаяры күтүлөт. Азыркы саясий системаны сындаган саясий ишмер Жанболат Мамай да Токаевдин бийлиги жакын арада бекемделе турганын боолгойт.

28-апрелде Нурсултан Назарбаев Казакстан эл ассамблеясынын төрагалыгын президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Нурсултан Назарбаев президент катары Казакстанды 30 жылга чукул башкарды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG