Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:57

Экономика

Казакстандагы дүкөндөрдүн бири.
Казакстандагы дүкөндөрдүн бири.

Казакстанда күйүүчү май баасынын өсүшү азык-түлүктүн жана күндөлүк турмушка керектүү товарлардын кымбатташына алып келди.

Бул калктын аялуу катмары жашоо-шартына терс таасир этти. Жүк ташуучулар жана сатуучулар күйүүчү май менен кошо жол акы, керектүү товарлар кошо кымбаттап жатканын айтышууда.

Казак өкмөтү күйүүчү май баасы кошуналардан кирген автоунаалардын эсебинен өскөн суроо-талап менен байланыштырды.

“Азаттыктын” казак кызматынын кабарчылары Алматы шаарында жүргүзгөн сурамжылоодо айрым тургундар кымбатчылыктан кыйналганына даттанышкан.

Азык-түлүк бааларындагы "секирик"

Казакстан өзү өндүрүп жатса да ун жана ун азыктарынын, эттин, сүт жана сүт азыктарынын, кумшекердин жана өсүмдүк майынын баасы 25-30 пайызга өстү.

Элүү килограммдык 1-сорттогу бир кап ундун базардагы жана дүкөндөгү чекене баасы 7700 теңге же 1530 сом болсо, соңку бир жумада 9300-11300 теңгеге же 1880-2200 сомго чыкты.

Кумшекердин килограммы 260 теңге болсо, өткөн жумадан бери 320 теңгеге көтөрүлдү. Ошондо дагы дүкөндөрдө бир адамга 2 килограммдан ашык сатууга болбойт деген чектөөлөр киргизилген.

Казакстан. Алматыдагы ундун баалары. 2-ноябрь, 2021-жыл.
Казакстан. Алматыдагы ундун баалары. 2-ноябрь, 2021-жыл.

Эттин баасы өткөн айда 1800-1900 теңге болсо, бир жумадан бери 2200-2300 теңгеге сатылууда. Эт кымбаттап кеткендиктен тооктун арзан этине муктаждык өскөн.

Алматы шаарындагы азык-түлүк дүкөнүн иштеткен Касен Баймуратов муну жол акынын жогорулашы менен түшүндүрдү:

“Бардыгы жол акынын жогорулашына байланыштуу. Азыр азык-түлүктөн баштап, бардык товарлар бир шаардан экинчи шаарга ташылып келип, бизге сатылганда жол акынын кымбаттаган наркы дүң баага кошулуп анан сатылууда. Мурда биз сатып алып келген азык-түлүктүн дүң бааларына орточо 180-230 теңгеден кошулуп келип жатат”, - деди дүкөнчү Касен.

Жол акысын жогорулаткан күйүүчү май баасы

Ошол эле кезде күйүүчү май баасы шаар ичиндеги жана шаар аралык жүргүнчүлөрдү ташыган такси кызматынын акысынын өсүшүнө алып келди. Жүк жана жүргүнчү ташуучулардын айтымында, дизел менен бензин баасы кымбаттап, үстөк баа жол акысына кошулган.

Жүк ташуучу Надиржан Эргашев бардыгы бири-бирине көз каранды дейт:

“Мисалы дизелдин литрин 370 теңгеден куюп жатабыз. Нур-Султанга баруу үчүн 50-60 миң теңгеге солярка куйсак, 90 миңден ашуун акча коротобуз. Айырма аябай чоң. Жол кире ошон үчүн дагы кымбаттап жатат. Жүк ээлери жол акыны көтөрө албай жатат. Аларга деле жеңил болгон жок”.

Ошол эле кезде азык-түлүк менен күндөлүк керектөөчү товарлардын кымбатташы жасалма дүрбөлөңдөн улам бааны көтөргөн кызыл кулактарга да байланыштуу экени айтылды.

Өкмөт: кошуналардын суроо-талабы өстү

Казакстандын өкмөтү күйүүчү май баасынын кымбатташын өлкө аймагынан транзит менен өткөн кошуналардын суроо-талабына байланыштырууда.

Казакстан. Май куючу жайлардын бириндеги кезек.
Казакстан. Май куючу жайлардын бириндеги кезек.

“Биз азыркы сезондо керектөөнүн кескин көбөйгөнүн көрүп жатабыз. Казакстанга сырттан келген же транзит аркылуу кирип-чыгып жаткан автоунаалардын бардыгы бул жактан май куюп жатат. Мына ушундай жагдайда Казакстандын кошуналар менен чек аралаш облустарында күйүүчү майга керектөө өсүп кетти”, - деди Казакстандын энергетика министринин орун басары Асет Магауов.

Казакстан күйүүчү май өндүрүүдө КМШда Орусия менен Азербайжандан кийинки үчүнчү орунда турат. Соңку жылдары Казакстан мунай өндүрүп, аны кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүп, экспорт эки эсе өскөнүн жарыялаган.

Иллюстрация.
Иллюстрация.

1-ноябрдан тарта Казакстанда республикалык маанидеги трассаларга жол акысы киргизилди. Эң кымбат тарифти оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары төлөйт. Эми Казакстанда автоунаалар өтчү акысыз, алтернативдүү жолдор такыр калган жок.

Казакстандык айдоочу Сундет Мусылманулы алты жылдан бери оор жүк ташуучу унаа айдайт. Ал ар бир каттамдан кийин темир тулпарын сөзсүз оңдоп түзөөгө аргасыз экенин, эми жол акыны кошкондо чыгашасы кыйла көбөйөрүн айтууда.

"Эгер жолдор сапаттуу болсо, анда мен акча төлөгөнгө каршы эмесмин. Бирок алар бузулуп, ажатканалар менен катардагы унаа токтотуучу жайлары жок болсо, анда эмне үчүн төлөшүбүз керек?", - дейт казакстандык айдоочу.

Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү вице-министри Берик Камалиев жана "Казавтожол" компаниясынын төрагасы Аскар Муратулы айдоочулар менен сүйлөшүп жатышат. Нур-Султан айланма жолу. 30-май, 2021-жыл.
Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү вице-министри Берик Камалиев жана "Казавтожол" компаниясынын төрагасы Аскар Муратулы айдоочулар менен сүйлөшүп жатышат. Нур-Султан айланма жолу. 30-май, 2021-жыл.

Казак бийлиги быйыл июнь айынан баштап өлкөдөгү жолдордун 18 бөлүгүнө акы төлөнөрүн билдирген эле. Анын курамына Актөбө-Орол (Уральск), Актөбө-Оренбург жолунун (чек арага чейинки) бөлүктөрү кирген. Жайында өлкөнүн айрым аймактарында жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары буга байланыштуу нааразылык билдирип, жолдордун сапаты жана жолдорду бойлой токтоо жайларынын абалы начар экенин айтып чыгышкан.

Алардын үнү Акордого да жетип, президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө транзит өткөн автоунаалардан киреше табарын кыйыткан.

"Дүйнөлүк практикага ылайык, акы төлөнүүчү жолдорду киргизүү туура чечим. Мындай эбегейсиз мамлекетте бюджеттин эсебинен гана жол салуу мүмкүн эмес. Мындан тышкары, Казакстан транзит өткөн автоунаалардан акча табышы керек",- деди Токаев.

Жаңы коюлган тарифке ылайык, жеңил автоунаанын айдоочусу Нур-Султандан Павлодарга чейин дээрлик бир доллар төлөйт. Ал эми оор жүк ташуучу унаалардан ушул эле жолдо 20 эсе көп төлөм алынат. Коңшу казак бийлиги айдоочуларга акысыз, алтернативдүү жол калтырган жок. Ал эми жергиликтүү айдоочулар алардан алынган акы салыштырмалуу кыйла арзан болушу керек экенин айтышат.

"Бизге, казакстандыктарга төлөмдөр арзан болушу керек. Кыргызстандык, өзбекстандык айдоочулардан акы дагы көбүрөк алынышы керек деп ойлойм. Анткени алар деле биздин жолдорду колдонуп жатышат да",- дейт казакстандык айдоочу Нурлан Шакиров.

Эксперттер учурда Казакстанда жүктөрдүн 80 пайызы дал ушул автоунаалар аркылуу ташыларын белгилейт. Ал эми аймактар арасы аралыктын узундугу соода-логистиканын чыгымын көбөйтүүдө. Казакстандык экономист Айдар Алибаев өлкөдө жолдорго киргизилген төлөмдөр азык-түлүк жана башка товарлардын кымбатташына алып келет деген пикирде.

"Премьер-министр Аскар Мамин өкмөттүк жыйын өткөрүп, анда негизги маселе катары өзгөчө азык-түлүккө болгон баанын өсүшүн кантип токтотууну талкуулайт. Бирок ушул эле өкмөт жолго төлөмдөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Бул күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасына өтө чоң таасир этет",- деди Алибаев.

Айдар Алибаев.
Айдар Алибаев.

Мамлекеттик "Казавтожол" компаниясына бул жаңы эреже канча киреше алып келери азырынча белгисиз. Деген менен дүйшөмбүдө айрым трассаларда акча төлөй турган терминалдар орнотула элек экени белгилүү болду. Андыктан жолдорго акы киргизүү эки аптага жылдырылды.

Ал эми Кыргызстандыктар Орусияга кара жол менен Казакстан аркылуу каттаса, бир катар өлкөлөрдүн визасын алуу үчүн Алматы жана Нурсултанга барууга да аргасыз. Казакстандыктар болсо, жайында Ысык-Көлгө миңдеп агылат жана чек аралаш Кордай районунун тургундарынын көбү Бишкекте окуйт же иштейт.

Кыргызстандан Казакстанга жеңил машинелер менен оор жүк ташыган автоунаалардын өтүшүнө утур-утур кыйынчылыктар жаралып келет. Айрыкча, 2017-жылы "Ак-Жол" өткөрмө бекетинде узун кезек болуп, адамдар бир нече сааттап жөө жана автоунаа менен өтө албай кыйналган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG