Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Экономика

"Эти Бакыр Терексай" Чаткалдагы Терек, Тереккан жана Перевальное кендерин казууга лицензия алган.
"Эти Бакыр Терексай" Чаткалдагы Терек, Тереккан жана Перевальное кендерин казууга лицензия алган.

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Терек-Сай айылында алтын казган кыргыз-түрк "Эти Бакыр Терексай" компаниясына байланыштуу дагы нааразылык чыкты.

12-13-декабрь күндөрү чогулгандар компанияны "айылды чаңдатып, жумушчуларды негизсиз иштен кетирип жатат" деп айыпташты жана боз үй тигип, жол тосушту. "Эти Бакыр Терексай" болсо мындай дооматты негизсиз деп билдирип келет.

"Азаттык" буга чейин"Эти Бакыр Терексайга" байланыштуу сын-дооматтын чоо-жайын иликтеген.

Терек-Сай айылынын тургуну Нуркалык Өмүрбековдун ырасташынча, нааразылык 12-декабрда башталган. Анын айтымында, каршылык акциясына алгач жүк ташыган унаанын үч айдоочусу иштен алынганы себеп болгон.

"Бул тополоң "Эти Бакыр Терексай" фирмасында "Хово" айдаган жумушчулардан улам башталган. Ага чейин деле айылды чаңдатып жатат, жаш балдар ооруп жатат деп эл каршы чыгып жүргөн. Түрктөр өзүм билемдик кылып, "биздин айтканыбызды аткарбай жатасыңар" деп үч адамды иштен алганы кечээки тополоңго түрткү болду. 12-декабрда жол тосуу болуп, боз үйлөр тигилип, 13-декабрга кечке чейин турдук. Кечинде Чаткалдын акиминин орун басары келип "биз сүйлөштүк, күтүп тургула, комиссия келип текшерет, жумушчуларды иштен айдабай турган болду" деген сөздөрдү айтты. Бирок эл "булар айтканынан кайта берет" деп кетпей чогулуп турушту. Эч кандай мыйзам бузуу болгон жок, жол ачык турду, машиналар ары-бери өтүп жатты. Кийин милициялар тарагыла деп баарын таратты".


Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев "Азаттыкка" чогулгандардын экология тууралуу талаптары боюнча тапшырмалар берилгенин билдирди.

"Чоң жүк ташуучу машиненин үч айдоочусун талаптагыдай иш алып барбаганы себептүү иштен алыныптыр. Ошонун негизинде жумушчулар нааразы болуп чыгышыптыр. Ал компаниянын ички иши. Андан сырткары тургундар экология боюнча нааразы болушкан. Белгилүү болгондой жолдогу чаң сапырылат. Талаптар угулду. Тийиштүү жерге тапшырма берилип, аткарыла турган мөөнөтү белгиленди. Чогулгандар тарап кетишти".

“Эти Бакыр Терексай” компаниясы соңку окуяга байланыштуу учкай билдирүү таратты. Анда үч айдоочуга жол эрежесин бузганы үчүн сөгүш берилгени айтылат. Ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жагдай талкууланганын белгилеген.

“Бул кызматкерлердин нааразычылыгын жаратып, жетекчилик компаниянын жол эрежесин бузган айдоочуларынан жүк ташуучу унаалардын ачкычын тапшырууну суранды. Эреже бузган жумушчулар башка тургундарды чогултушуп, ошол эле күнү саат 14:00дөн кийин “Эти Бакыр Терексай” ишканасына жана башкы кеңсеге баруучу жолду тосушту. 50гө жакын адам жол кыймылын токтотуп, компаниянын кызматкерлерин жумуш орундарына киргизбей коюшкан”.


Нааразылыктан улам Терек-Сайга Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү барды. Мекеменин Экологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Расулбек Жусупов буларды билдирди:

"Баягы эле дооматтар экен. Чаң басып жатат, ал-бул деген нааразылыктар экен. Биз эл менен жолуккан жокпуз, биз келгенде алар тарап кетишкен экен. Бул жер жакында ишке берилет, азыр бардык жерде курулуш болуп жатпайбы. Бүткөндөн кийин текшере баштайбыз. Буга чейин Экономика министрлигинен уруксат алып текшерип жатпадык беле. Азыр болсо андай уруксаты жок текшерүү боюнча долбоор даярдап жатабыз. Эгер ал кабыл алынып калса уруксаты жок келип текшерүүгө мүмкүнчүлүк болуп калат. "

"Эти Бакыр Терексай" буга чейин бир канча жолу экология, адамдардын саламаттыгына байланыштуу дооматтарды четке каккан. Компаниянын директорунун орун басары Алп Тогай айыл чаңдабай калды деп ишендиргенге аракет кылган.

"Беш чакырым алыс жерде чаңдап жатат. Казуу иштерин жүргүзгөндө чаң болот. Анткени ошол жерде экскаватор гана чыга алат. Бул тоо-кен тармагындагы иштин өзгөчөлүгү, андай чаңдаган учурларды болтурбай коюу мүмкүн эмес. Бирок мындай учурлар эми артта калды. Жолдор чаңдап жатат деп айтып жатышат. Буга чейин айылдын ички жолдору асфальтталган эмес эле. Биз 15 миллион сом соцпакетке төлөп туруу милдетибиз бар. Эгер толук иштей баштасак бул 20 миллион сом болот. Жол ошол соцпакеттен улам асфальтталган. Жол кирдеп калганда камаздарды жөнөтүп жуудуруп жатабыз. Ооба, маселелер болот, бирок компания аларга дароо реакция жасап, чечип жатат. Азыр асфальт таза".


Бул компанияга байланыштуу нааразылык ушул жылы жаздан тарта алар Тереккан кенин - Мырзабаев көчөсүнүн так маңдайындагы тоону каза баштагандан бери токтой элек. Июнь айында бул көчөдөгү 62 үйдү көчүрүү маселеси чыкканы белгилүү болгон.

Айрым тургундар компанияны көчүрүү тууралуу тургундар менен тил табышып, бир жактуу чечим чыкпай жатып тоону казып жатканын айыптап келет. Алар жаз айынан бери чаңдан арылбай, ары-бери тынбай каттаган оор жүк ташыган унаалардын ызы-чуусуна нааразы.

Мырзабаев көчөсүндө жашагандар буга чейин дагы бир канча жолу топтолгон жана бийлик башчыларына кайрылган. Азырынча аларды көчүрүү тууралуу бир ыктай чечим жок.

"Эти Бакыр Терексай" компаниясы Юстиция министрлигинен 2015-жылы каттоодон өткөн. Анын 75% үлүшү түркиялык "Эти Бакыр", калган 25%
"Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасына таандык. Компания 2015-жылы ноябрда Чаткалдагы Терек, Тереккан жана Перевальное кендерин аукциондо жеңип алган жана 20 млн. доллар төлөгөн.


Лицензия 2036-жылга чейин берилген, үч кендин жалпы аянты дээрлик 1,5 миң гектарды түзөт. "Эти Бакыр Терекcай" башында 180 млн. доллар инвестиция салынарын маалымдаган. Бирок коронавирус пандемиясынан улам чыгаша көбөйүп, инвестициянын көлөмү 200 млн. долларга чыккан. Компания "Кыргызалтындын" байытуучу фабрикасын оңдоп-түзөгөн.
Азыр алтын ылгаган фабрика куруп жатат жана ушул жылдын аягына чейин ишке берилет деп айтылган.

Ушул жылдын башында "Эти Бакыр Терексайга" таандык байытуучу фабриканын саркынды суу сакталган жайы ачылып кетип, саркынды суу сайга кошулган. Жергиликтүү тургундар "сууга цианид төгүлүп, уулуу калдык сактаган жайлар ачылып кетиши ыктымал" деп кооптонуп чыккан. Компания абал тез эле жөнгө салынганын билдирген.


Чаткалда "Эти Бакыр Терексайга" байланыштуу 2018-жылдын аягында да чыр чыккан жана ишин убактылуу токтоткон. Анда сурма казуудан тутанган жергиликтүү эл менен бул компаниянын тиреши Жогорку Кеңешке чейин жеткен. Кен казылган аймакка милициянын атайын багыттагы "Шумкар" полкунун аскерлери барган. Милиция менен жергиликтүү тургундар кагылышып, бир канча адам камалып, кылмыш иши козголгон.

Былтыр бийлик алмашуу менен аяктаган октябрь окуяларынын маалында жергиликтүү элдин талабы менен компания дагы ишин токтоткон. Садыр Жапаров премьер-министрдин, президенттин милдетин аткарганына бир ай толо электе Терек-Сайга барып, маселелерди атайын комиссиялар иликтейт деп убада берген.

Чаткалда жалпысынан кен казууга 150дөй лицензия берилген. Анын ичинде ушул тушта төрт ири компания, "Эти Бакыр Терексай", "Вертекс Голд Компани", "Кичи-Чаарат" менен "Чаарат Заав" иштеп жатат.

Чаткал: чачылган чачыранды алтын
please wait

No media source currently available

0:00 0:36:02 0:00

"Азаттык" Чаткалда чачыранды алтын казып жаткан компаниялардын дээрлик баары пайдасынан, кирешесинен жана сатуудан салык төлөбөй турганын иликтеп чыкты. Ошондой эле лицензиялар колдон колго өткөн, айрым учурда ээси ким экени белгисиз учурлар бар экени аныкталды. Токой, тал-терек кыйылып, дарыя-суулардын нугу бузулгандыктан жана айлана-чөйрө кайра калыбына келтирилбегендиктен чачыранды алтын казууга мораторий киргизүү талабы байма-бай көтөрүлүп келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG