Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Экономика

Адилет Кубанычбеков.
Адилет Кубанычбеков.

Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков "Азаттык" радиосуна курган маегинде, тармактагы коррупцияны жок кылуу үчүн толук санариптештирүү жүрүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, системадагы жемкорлукка катышы бар 20 кызматкер жумуштан алынды.

- Адилет мырза, жаңы келген өкмөт бажы төлөмдөрүн көбөйтүүнү убада кылган. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сизге "быйыл планды 38 миллиард, кийинки жылы 105 миллиард сомго көтөрөсүң" деп милдеттенме коюлганын айткан. Азыр канчага көбөйдү?

- Бизге өтө амбициялуу пландар коюлду, ал чоң жоопкерчилик. Мен жумушка келген бир жарым айдан бери бажы тармагындагы потенциал өтө чоң экенин түшүндүм. Ошондуктан, бул жөн эле сөз эмес. Анын үстүнө бул тапшырманы берген Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тармакты жакшы билген, экономика илимдеринин доктору. Ал жөн эле тапшырма бербейт. Бизге план боюнча 48 миллиард сом төгүү милдети коюлган. Бүгүнкү күндө 46 миллиард сомун толтурдук. 10 айдан бери биздин план толбой келген. Катуу аракет кылып, Кытай жана башка импорттоочу өлкөлөр менен иштедик. Маселен, ноябрга бизге 4 миллиард 500 миллион сом план коюлса, аны толугу менен аткарып, кошумча 45 миллион сом төктүк. Декабрда 3 миллиард 700 миллион сом коюлган, азыр 500 миллион сом ашыкча келе жатабыз.

Буюрса, жыл аягына чейин бул коюлган тапшырмаларды аткарабыз. Ал эми 2022-жылы бажы төлөмдөрүн эки эсеге көтөрүү милдеттемеси бар. Аны да аткарууга аракет кылабыз.

- Бул ашыкча төлөмдөр эмненин эсебинен болгону жатат. Бажыдагы көмүскө коррупциялык схемаларды жоюнун эсебиненби же өлкөгө кирген жүк ташуунун агымы көбөйдүбү?

- Биздин адистердин анализи боюнча, негизинен көмүскө схемалар менен күрөшүүнүн эсебинен көбөйүүдө. Биз 2024-жылга чейин бажы тармагын өнүктүрүү боюнча концепция кабыл алдык. Ал жерде санариптештирүү жана автоматташтыруу иштери абдан активдүү өткөрүлүшү керек. Кытай менен чектешкен Торугарт, Эркечтам пункттарындагы товар тариздөөнү толук көрбөй иштеп жатабыз.

- Эмне себептен? Буга чейинки президент Сооронбай Жээнбеков аталган бекеттерге көзөмөл камералар орнотулуп, өз иш бөлмөсүндө туруп көрө аларын айтып келбеди беле? Алар иштебей калыптырбы?

- Алар иштеген, бирок буга чейин кирген жүктү килограмм менен гана эсептешкен. Канча машине киргенинин эсеби болгон эмес. Бүгүн биз канча машине кирип жатканын эсептеп, андан соң кандай жүк кирип жатканын онлайн карап тургудай схеманы киргизип жатабыз. Экинчиден, адистердин кесиптик деңгээлин көтөрүү боюнча иштеп жатабыз. Мунун алкагында январь айында өтө чоң аттестация жүргүзөбүз. Анын жыйынтыгында сынактан өтпөй калган бажычылардын ордуна конкурс менен жаңы адамдардын келишине кызыкдарбыз.

- Соңку жылдары бажы тармагындагы коррупциялык иштер боюнча абдан көп сөз болду. Өткөн апталардагы маалымат жыйында Раимбек Матраимов түздү деген схемага тиешеси бар 40 бажычы боюнча ички иликтөө жүрүп, бир канчасы жумуштан кеткенин айттыңыз. Чынында эле канча бажычы жумуштан кетип, жоопкерчиликке тартылды? Конкреттүү айта аласызбы?

- Биринчиден, бажыдагы коррупция менен күрөшүүдө "Азаттык" радиосунун салымы чоң болду. Чоң рахматымды айтам. Экинчиден, бажыны көзөмөлдөй албаган мамлекет алсыз мамлекет. Анткени, бажы тармагы өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздаган бир бөлүгү. Ошондуктан, буга өтө кылдаттык менен жоопкерчиликтүү мамиле кылыш керек. Сиз айтып жаткан коррупциялык схема боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы чыкты. Андагы 40 бажычынын 14ү кызматтан бошотулду. Алты адам резервге чыгарылган. Төрт айдан кийин бир кызмат берип көрөбүз, эгер макул болбосо толук бошотобуз. Мыйзамдын талабы ошондой. Калган 20 адам коррупциялык схемага тиешеси жок деп аныкталды. Бирок аларды жооптуу жерлерге койгон жокпуз.

- Албетте, бажыда коррупциялык схема түздү делген жетекчиликтин бир бөлүгү өз айыбын мойнуна алып, кызматтан кетти, айыппул төлөдү. Бирок алардын айрымдары кайрадан бийлик сересине келип, Жогорку Кеңештин депутаты болуп жатпайбы. Алардын таасири болбойбу?

- Бүгүн мен президент Садыр Нургожоевичке, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Үсөнбековичке рахмат айткым келет, анткени кадр маселе боюнча эч кийлигишкен жок. Бул жаатта бүткүл жоопкерчилик менде. Эч кандай сырттан, кайсы бир мекемелерден кийлигишүү болгон жок. Бирок бул мен үчүн, командам үчүн өтө чоң жоопкерчилик, мындай эч качан болгон эмес. Мындан ары бажы тармагы түп-тамырынан тазаланышы керек.

- Бүгүн бажыда коррупциялык схема жок деп кепилдик бере аласызбы?

- Жок, кепилдик бере албайм. Азыркы күн үчүн бере албайм. Бирок кийинки жылы санарипти киргизип, бажычылардын айлыгын Азербайжанга окшоп 500дөн 3000 долларга чейин көтөргөндөн кийин мен кепилдик беришим мүмкүн. Азырынча кадрларды ротация менен гана алек болуп жатабыз.

“Дордой” базарынын соодагерлери ККМге каршы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00

Жаңы салык кодексине ылайык колдонууга кирип жаткан көзөмөл касса машиналарына 24-декабрда "Дордой" базарынын ишкерлери каршы чыгышты. Алар пандемиянын шартында кризис күчөп турганда ККМди киргизүү туура эместигин, аны кийинкиге калтыруу керектигин айтышты. Ишкерлер менен Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жолукту.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG