Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:42

Экономика

Сердар Бердимухамедов

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өзүнүн баласы Сердарды өзүнүн орун басарлыгына, ошондой эле, Түркмөнстандын Жогорку көзөмөл палатасынын төрагалыгына дайындады.

Сердар Бердымухамедовду Түркмөнстандын Жогорку көзөмөл палатасынын төрагалыгына дайындоо жөнүндө ушул аптанын башында "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын журналисттери кабарлаган, бирок анда ал маалымат тастыкталган эмес болчу. Эми Сердар Бердымухамедов Эсеп палатасын жетектей тургандыгын журналисттерге президенттин коопсуздук кызматкери билдирген.

Ал ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарларынын бири жана Түркмөнстандын Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин мүчөсү да болот.

Ал эми "Turkmenportal" сайты Бердымухамедов өзүнүн орун басарлык кызматы үчүн атайын буйрук чыгарганын жазды.

"Министрлер кабинетинин жана Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин ишин мындан ары өркүндөтүү, ошондой эле мамлекеттик менчикке көзөмөлдү күчөтүү, анын ичинде финансылык ресурстарды туура пайдалануу жана лицензиялык бүтүмдөрдү жүргүзүү максатында" чыгарылганы кабарланды.

Түркмөн лидери ошондой эле жаңы вице-премьер-министрдин милдетине "санариптештирүү, мамлекеттик жана коомдук тартип системасына, саламаттыкты сактоо, билим берүү, каржы жана экономика тармактарына инновациялык технологияларды киргизүү иштери кирерин" билдирди.

Сердар Бердымухамедов Татарстанда иш сапарында. 2017-жыл.
Сердар Бердымухамедов Татарстанда иш сапарында. 2017-жыл.

Ал арада жаңы дайындалган Сердар Бердымухамедов бул кызматка келерден мурун борбор калаа Ашхабаддагы Түркмөнстандын Жогорку көзөмөл палатасынын имаратында тез арада оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы ал имаратка 10-февралда барып, Сердар Бердымухамедовго атайын эс алуучу жай да курулганын кабарлады.

"Мамлекеттик имараттын жанында жайгашкан бардык турак үйлөрдүн сырты жаңыдан сырдалды. Ошондой эле жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочуларына короого жеке унааларын токтотууга тыюу салынды" дейт түркмөн кабарчы.

Түркмөн лидеринин 39 жаштагы уулу буга чейин өлкөнүн өнөр жай жана курулуш министри болуп иштеген. Ал бул кызматка былтыр 7-февралда дайындалган. Ага чейин Ахал облусун жетектеген.

Сердардын кызматтык тепкичке көтөрүлгөнү “мураскерди” таптоо аракети катары кабыл алынууда. Анын саясий карьерасы 2016-жылдын аягында өлкөнүн парламентине депутат болуп шайланганда башталган. Ошондон бери анын коомдук жана саясий активдүүлүгү байкалды.

Расмий басылмаларда Бердымухамедовду «элдин уулу» деп даңазалап жазышат. Атасы менен кошо эл алдына чыкканда ЖМКлар аны «муундардын мураскерлиги» катары сыпатташат.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов жана уулу Сердар үй-бүлөсү менен. 2017-жыл.
Президент Гурбангулы Бердымухамедов жана уулу Сердар үй-бүлөсү менен. 2017-жыл.

Буга чейин Сердар Бердымухамедов өлкө жетекчилери катыша турган эл аралык ар кандай иш чараларга Түркмөнстандын президентинин атынан барып жүргөнү маалым. Мисалы, 2018-жылы Борбор Азиядагы мамлекет башчыларынын жыйынына катышып, КМШнын министрлер жыйынына да барган. 2017-жылы бир катар чет өлкөлөрдө жумушчу, расмий сапар менен болгон.

Серепчилердин айтымында, президенттин уулун жаңы кызматка дайындоо бийлик сценарийинин бир бөлүгү. Ал эми Борбор Азия чөлкөмүндө президенттердин уул-кыздарынын, жакын туугандарынын мамлекеттик жооптуу кызматтарга дайындалышы, бийликтин атадан балага өтүү мүмкүндүгү тууралуу сөздөр кадыресе көрүнүшкө айланган.

Иллюстрациялык сүрөт

Соңку эсептерге ылайык Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард долларга жакындады. 2020-жылы мамлекеттин карызы 343 млн. долларга көбөйгөн. Серепчилер тыштан алынган карыздар майнаптуу пайдаланылбай жатат деген пикирде.

2020-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4 млрд. 928,67 млн. долларды түздү. Мунун ичинен 4 млрд. 220,31 млн. доллар (85,44%) тышкы карыз, 708,36 млн. доллар (14,4%) ички карыз.

Доллардын азыркы курсу менен сомго айлантканда жалпы сумма 407 млрд. 353,36 млн. cомду чапчыйт. Натыйжада бересенин 348 млрд. 807,69 млн. сом сырткы, 58 млрд. 545,66 млн. сом ички төлөмдөргө туура келет.

2020-жылы мамлекеттин карызы 343 миллион долларга көбөйгөн. Маалыматка ылайык эң көп карыз Кытайдан алынган. Ал тышкы карыздын 41,8% түзөт.

Ырасмий маалыматка ылайык коронавирус менен күрөшүүгө Кыргызстан былтыр чет элдик донорлордон 774 миллион долларлык жардам сураган. Мунун 343 миллион долларын алган. Карыздын көлөмү ушунун эсебинен арбыды.

Экономика жана финансы министрлигинин өкүлү Жантай Тентимишев 2020-жылы алынган тышкы карыздын айрымдарына токтолду.

“Кыргызстан коронавирус менен күрөшүүдө өзүнүн каражаты жетпей, Эл аралык валюта фондунан, донорлордон 240 миллион доллар карыз алынган. Ал дары-дармек жана медициналык каражаттарды алганга жумшалды. Мындан тышкары Орусиядан 100 млн. доллар карыз алуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Анткени, коронавирустун коркунучу жоюла элек. 100 миллион доллар бул жеңилдетилген кредит. Ал 15 жылга берилет. Алгачкы 10 жылда кредиттин негизги суммасы төлөнбөйт”.

Буга чейин өкмөт коронавирус пандемиясына байланыштуу пайда болгон экономикалык кризистен улам сырттан алган насыяларды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын кабарлаган.

Кыргызстан 2020-жылдагы карызды тейлөө боюнча төлөмдөрдү 3-4 жылга жылдырып туруу өтүнүчү менен Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фонду, Франция, Германия, Дания, Корея, Жапония мамлекеттерине кайрылган.

Тынчты алган тышкы карыз

Серепчилер кризистен улам өлкө 2020-жылы чет элдик институттардын алдында бир топ карызга батарын эскертишкен. Жогорку Кеңештин жыйынында карыздын, четтен келген жардамдын эсебинен элге пенсия, жөлөк пул төлөнүп жатканын айтышып, өкмөт сынга алынган.

Дегеле тышкы карызды алууга байланыштуу Кыргызстанда талаш пикирлер арбын. Көбүнчө адистер коңшу Кытай мамлекетинен насыя катары жардам алууга каршы чыгышат.

Экономика тармагы боюнча эксперт Эркин Абдразаков тыштан алынган карыздар эффективдүү пайдаланылбай жатат деген пикирде.

Эркин Абдразаков.
Эркин Абдразаков.

“Карызы жок жашаган мамлекеттер жок. Бирок экономика алсыз деп эсептелинген Кыргызстан үчүн бул коркунуч алып келет. Анткени элдин санына салыштырганда мамлекеттин карызы жалпы ички дүң продуктынын 60% жеткен. Бул банкроттук чекке барат. Дүйнөлүк практикада көрсөткүч 50% тегерегинде болушу керек. Кыргызстан алган ири өлчөмдөгү карыздын көбү өлкөдөгү инфратүзүмдөргө корогон. Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоого, түндүк-түштүк альтернативдик жолду салганга жана башка ушул сыяктуу долбоорлорго жумшалган. Булар Кыргызстанга пайда алып келген жок. Тескерисинче, коррупциялык иштерге жол ачты. Мына бир эле карызды айтсак, Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына эле (Эксимбанк) 1,7 миллиард доллардан ашык карызыбыз бар. Бир эле мамлекеттен мынчалык карыз албашыбыз керек эле”.

Тышкы карыздан, анын ичинен Кытайга болгон береседен чукул арада кутулуунун аргасы - коомчулукта кызуу талкууга алынган темалардын бири. Былтыр 5-6-октябрдагы тополоңдон кийин өлкөдө бийлик алмашкандан бери социалдык тармактарда тышкы карыздан кутулуш үчүн элден акча чогултуу боюнча демилге көтөрүлгөн. Анын аркасы менен Финансы министрлиги элден акча чогултуш үчүн эсеп ачып, элди мекенчилдикке үндөп жибергени да белгилүү.

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров карыздан чыгуунун жолдорун сунуш кылды:

Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

“Карыздын төлөө мөөнөтү бар да. Азыркы карыз 20-25 жылда жабылат. Жыл сайын орточо 350 миллиондой доллар төгүлөт. Жыл сайын тышкы карызды убагында төлөө үчүн бюджетти камсыздаш керек. Ал үчүн көмүскөдөгү экономиканы ачыкка чыгаруу абзел. Мындан тышкары инвестициялык климат түзүп ишкерлердин санын көбөйтүү керек. Эң негизгиси кадр маселесин жөнгө салмайын бул аракет ишке ашпайт. Бирок бул жаатта саясат анчейин жүрбөй жатканын көрүп турабыз. Ошентсе да азыркы бийлик жакшы жыйынтык көрсөтөт деп ишенип туралы”.


Ырасмий маалыматтарга ылайык мамлекеттик карыздарды төлөөнүн көлөмү 2023-жылдан баштап көбөйө баштайт. 2027-жылдары Кыргызстан бул үчүн жылына 400 миллиондой доллар бөлүп турушу керек болот. Бирок, бюджети 2 миллиарддан араң ашкан өлкөнүн бюджетинин чама-чаркы ал кезде кандай болору азырынча белгисиз.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери, тагыраагы, 1992-жылдан 2018-жылга чейин 10 млрд. 193 млн. доллар грант жана насыя алган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG