Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:09

Экономика

«Күнүнө 500 сом тапсак сүйүнөбүз...»
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:06 0:00

Кыргызстанда жумушсуздар көбөйдү. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча 2020-жылы жумушсуздардын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу 4 пайызга өскөн жана аталган министрликтен жумушсуз катары 98 700 киши расмий каттоодон өткөн. Ал эми Улуттук статистика комитетинин маалыматынан 2020-жылы пандемиядан улам Кыргызстанда ар бир үй-бүлөнүн эч болбогондо бир мүчөсү жумушсуз калганын көрүүгө болот.

Кыргызстандагы ишканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылга карата экономикалык-финансылык айрым көрсөткүчтөрдүн жаңы эсеби чыкты. Маселен, тышкы соода төмөндөгөнү жана мигранттар которгон акча кыскарганы маалым болду.

Мурдараак ички дүң өнүм артка кеткени такталган. 2021-жылдын алгачкы айында да экономиканын өсүү темпи терс көрсөткүчтөр менен башталды.

«Элдик экономика» түрмөгүндө ушул тема талданды.

Калган-каткан жыйынтыктар

Алгач узаган жылдын эсептерин бир сыйра тактап алалы. Анда кепти Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү менен баштайлы.

Демек, Улуттук статистика комитетинин жаңы эсептеринде бул жааттагы көрсөткүчтөр кескин кыскарганы белгилүү болду. Мунун ичинде экспорт да, импорт азайып отурат.

Мекеменин Тышкы соода статистикасы бөлүмүнүн башкы адиси Айжара Мамоева бул жөнүндө мындайча маалымат берди:

Айжара Мамоева.
Айжара Мамоева.

«Баштапкы маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2020-жылдын январь-декабрь айларында 5,6 млрд. долларды түзүп, 2019-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 19,0% төмөндөдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 1,9 млрд. долларды түзүп 1,1% төмөндөсө, импорттук келип түшүүлөр 3,6 млрд. долларды түзүп, 26,2% кыскарды», - деди ал.

Эгер деталдаштырып айтканда, экспорт Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигиндеги (КМШ) өлкөлөргө 12,3% жана Евразия Экономика Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерге 14,9% кыскарган.

Жалпы экспорттун көлөмүндө алтындын үлүшү өскөн. Башкача айтканда, 2019-жылы сыртка сатылган товарлардын 41,9% алтын түзсө, 2020-жылы ал 51,2% түзүп калган. Бул былтыр Кыргызстан башка өлкөлөргө негизинен алтын саткан дегенди түшүндүрөт.

Тышкы сооданын төмөндөшүнүн өзү коронавирус пандемиясы, анын айынан кирген чектөөлөр жана жабылган чек аралар менен байланыштырылып келди.

Экономика жана финансы министрлигинин Макроэкономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Насирдин Шамшиев кепке кошулду:

Насирдин Шамшиев.
Насирдин Шамшиев.

«Тышкы соода жүгүртүү 2019-жылы 6 млрд. 975 млн. сом, дээрлик 7 млрд. сомго жакын болгонун билесиңер. Бул өзү мурдагы жылга салыштырмалуу 3,6% кыскаруу. Ал эми 2020-жылкы көрсөткүч 5 млрд. 600 млн. доллар болуп жатат. Ошондо 1,3 млрд. сомдой суммага кыскаруу болуп жатат. Кыргызстан үчүн сезилерлик эле сумма. Экспорт көп азайган жок, номиналдуу алып келгенде бирдей эле болду. Негизинен импорт гана кыскарып жатат. Биздин негизги соода өнөктөштүк Кытайга туура келет да. Алар менен чек ара канча ай жабык турду. Алардан жана башка өлкөлөрдөн товарлардын азыраак келгени ушул кыскарууга алып келди», - деди ал.

Пандемияга байланыштуу көйгөй жараткан дагы бир көрүнүш бул сырттан которулган акчанын азайышы. Мында биринчиден, соода үчүн жөнөтүлгөн акча, экинчиден, мигранттар которгон акча кыскарууда.

Улуттук банк билдиргендей, 2020-жылы Кыргызстанга чет жактан жалпы 2 млрд. 377 млн. доллар жөнөтүлгөн. Бул сумма 2019-жылы которулган каражаттарга салыштырмалуу 29 млн. долларга аздык кылат.

Экономиканын эң башкы көрсөткүчү болгон ички дүң өнүм (ИДӨ) боюнча да 2020-жылкы жыйынтык бир айдай мурдараак чыккан.

Ага ылайык, былтыр өлкөнүн ички дүң өнүмү 598 миллиард сомду түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 8,6% артка кеткен. Буга кезинде коронавирус пандемиясы себеп катары көрсөтүлгөн.

2021-жыл оор башталды

Ошентип, Улуттук статистика комитети ички дүң өнүмдүн быйыл январдагы эсебин да тактады. Көрсөткүчтөр Кыргызстандын экономикасы 2021-жылды да төмөндөө менен баштаганын айгинелеп турат. Бул өнөр жай өндүрүшү, курулуш тармагы, дүң жана чекене соода тармагында сандар кыскарганы менен байланыштуу.

Комитеттин Улуттук эсептер тутуму жана экономикалык теңдемдер бөлүмүнүн башчысы Ырыскелди Өмүралиев биринчи айдын жыйынтыктары тууралуу буларды кабарлады.

Ырыскелди Өмүралиев.
Ырыскелди Өмүралиев.

«2021-жылдын январь айында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 33 миллиард сомдон ашып, 2020-жылдын январь айына салыштырмалуу 7,6% төмөндөдү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, январь айында дүң жыйым 30 миллиард сомго жакындап, 4,5% азайды».

Арийне, өкмөт быйыл ИДӨнүн өсүү темпи 5% болот деп расмий болжол кылган. Ал тургай оптимисттик планда өсүү 10% чейин жетет деген да эсеп бар болчу. Жылдын алгачкы айынын жыйынтыгы мунун тескерисинче чыкты.

Өкмөт бул көрсөткүчтөр кийинки айлардын эсептери менен түзөлүп кетерине ишендирүүдө.

Кепти кайрадан Экономика жана финансы министрлигинин өкүлү Насирдин Шамшиевге берели:

Кыргызстандагы ишканалардын бири.
Кыргызстандагы ишканалардын бири.

«Негизи былтыр январь-февраль-мартта биздин ички дүң өнүмдө оң өсүү темпи болгон. Башкача айтканда, базалык көрсөткүч жакшы эле болчу. Ошонун эсебинен быйыл январь айындагы жыйынтык кыйла азайгандай чыгып жатат. Бирок кийинки айлардан баштап түзөлүү башталат жана жогорураак болушу күтүлөт».

Быйылкы жыл деле жеңил болбойт...

Кыргыз өкмөтү 2021-жылы коронавирус инфекциясынан улам түзүлгөн кырдаал жөнгө салынып, турукташтырылгандан кийин экономика калыбына келет деп пландоодо.

Ага ылайык, ички дүң өнүмдүн көлөмү 635 млрд. сомдун тегерегинде болот деп болжолдонгон.

Жогорку Кеңеште жаңы өкмөттү бекитүү учурунда премьер-министр Улукбек Марипов экономикалык өсүш жөнүндө буларды билдирген.

Улукбек Марипов.
Улукбек Марипов.

«Акыркы он жылдыкта Кыргызстандын экономикасы жылына 3,5 пайыздан 4 пайызга чейинки өсүштү көрсөтүп жатты. Бул албетте кыйла төмөн көрсөткүч деп айтар элем. Ал эми 2020-жылы биздин экономиканын төмөндөшү 8,1-8,6 пайызды түздү. Бул да жакынкы региондогу эң олуттуу төмөндөө болду деп айтсак болот. Мындай сандар жалаң эле пандемиянын кесепети эмес, биздеги экономикалык моделдин, башкаруу системасынын эффективдүү эмес экендигинен кабар берет. Жакынкы беш жылда бир топ өкмөттүк программалардын негизинде өлчөсө сезиле турган жыйынтыктарды камсыздашыбыз керек. Буга чейин бир топ өкмөттөрдүн программалары бекитилип, тилекке каршы, өкмөт тез алмашып, программалар тез өзгөрүп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө кедергисин тийгизип келди. Ошондуктан референдум өткөндөн кийин Садыр Нургожоевич өзү аткаруу бийлигинин башына келсе, буюрса ушул программа толукталып, узак мөөнөттүү, беш жылдык программа кабыл алынат деп ойлойбуз. Ошонун ичинде оболу ички дүң өнүмүбүздүн көлөмүн кескин көбөйтүшүбүз зарыл».

Мындай караганда экономикадагы жалпы жагдай мамлекет башчы Садыр Жапаровдун саясатынан көз каранды экени көрүнүп калды. Тагыраагы анын кийинки кадамдарынан жана келерки шайлоолор менен байланыштуу. Алдыда парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт, Баш мыйзамды реформалоо боюнча референдум бар.

Экономист Кайрат Итибаев жагдайга мындайча баа берүүдө:

Кайрат Итибаев.
Кайрат Итибаев.

«Быйылкы жылы да плюска чыгышыбыз күмөн. Эң оптимисттик божомолумда 2% гана өсүш алабыз, былтыркы жыл менен нөлмө-нөл чыксак чоң иш. Болбосо менимче дагы 5% артка кетебиз. Анткени дагы азык-түлүк кризиси күтүлүүдө. Сомдун куну дагы түшүшү ыктымал жана жазга карата күйүүчү-майлоочу майлар кымбатташы мүмкүн. Мындан сырткары энергетикалык кризис бизди такымдап турат. Инфляция 10-15% болот, тилекке каршы жакырчылык 15-20% көбөйүшү мүмкүн. Азыркы күндө парламентке шайлоо болот, конституциялык реформа бар. Бул саясий процесстер да биздин экономикага түздөн-түз терс таасир этет».

ИДӨ же ички дүң өнүм, бул – өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн жалпы көлөмү. Ар бир завод-фабрика, ишкана, цех, ферма жа жеке жарандар чыгарган нерселердин баары мына ушуга кирет.

Ошол себептүү өндүрүүчүлөрдүн да ойлорун сурап коёлу. Атамекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев «Азаттыкка» мындай пикирин билдирди:

Бакыт Дегенбаев.
Бакыт Дегенбаев.

«Өсүү темпи деген бул бир эле ишкерлерден көз каранды нерсе эмес. Бул саясаттан, өлкөнү башкаруудан, жетекчилер кабыл алган чаралардан да көз каранды. Азыр жаңы өкмөттүн түзүмү өзгөрүп, оптимизациялоо, кыскаруулар бизге үмүт берип турат. Жаңы бийликтин тушунда «мамлекеттик машине» жакшы иштеп кетет, ишкерлерге колдоону көбөйтөт деп күтөбүз. Алгачкы жыйынтыктар болуп жатат десек да болот, анткени Кытайдан бизге чийки заттарды алып келүү жанданды. Бирок ошол эле кезде өзүбүздүн өткөрмө пункттар иштебей турат. Авиакаттамдар аксап турат. Мына ушундай жана башка көйгөйлөр дале чечиле элек. Биз, ишкерлер жумушубузду илгерилетсек дегенде көзүбүз төрт, бирок баары мына ушундай жагдайлардан көз каранды. Ошондуктан быйыл өсүүнү камсыз кылып беребизби, жокпу, так айта албайм», - деди ал.

Аз күн алдын белгилүү болгондой, жаңы өкмөт экономиканы колдоо максатында комплекстүү антикризистик планын кабыл алууну мерчемдеп жатат. Анда ишкерлерге көмөк көрсөтүү, атамекендик жана чет элдик бизнесмендерди коргоо, ишкерчиликке карата бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу сыяктуу чаралар камтылары күтүлүүдө.

Деген менен 2020-жылы да өкмөт кризиске каршы беш-алты программа кабыл алган. Кезинде көп ишкерлер мунун пайдасын көрө албаганын даттанышкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG