Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:02

Экономика

ишемби 27 Февраль 2021

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан Орусиядан учкучсуз учактарды жана С-300 үлгүсүндөгү зениттик ракеталык комплексти алат. Мындай документке президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапарында кол коюлду.

24-25-февралдагы Москвадагы иш сапарда эки өлкөнүн коргоо мекемелери 2025-жылга чейин аскердик стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнү макулдашты.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Галина Байтерек маалымдады.

«Аскердик-коргонуу кызматташтыгын улантуу жөнүндө тараптардын макулдашуусу маанилүү маселелерден болду. Тактап айтканда, жакынкы мезгилде С-300 зениттик-ракеталык системаны, чабуулчу учкучсуз учактарды жеткирүү жөнүндө келишим. Бул Орусиянын, Кыргызстандын жана Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы чек арасынын коопсуздугун коргоого кошкон чоң салымы болот».

Садыр Жапаров Орусиядагы иш сапарында "Российская газета" басылмасы менен болгон маегинде Кыргызстан геосаясий жактан өтө ыңгайлуу болгондуктан, ага көзөмөл кылууга кайсы бир кызыкдар тышкы күчтөр бар экенин белгилеген.

"Андай күчтөр туруксуздук жаратып, мамлекет ичинде чагымчылдык уюштурууда маанилүү роль ойнойт" деген Жапаров алар кайсы күчтөр экенин ачык айткан эмес.

Кыргызстан Орусия менен чогуу бир катар эл аралык жана аймактык уюмдарга мүчө. Алар Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ), Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ). Мындан сырткары Орусия Кыргызстандын аскердик тармактагы башкы өнөктөшү.

Ошентсе да Бишкектин Орусиядан учкучсуз учактарды, С-300 үлгүсүндөгү зениттик ракеталарды алышын эксперттер ар башкача кабыл алды.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Москва мындай аскердик кубаттуу системаны ириде Кантта авиабазасы турганы үчүн берди деген ойдо.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

«Кыргызстан стратегиялык жактан ыңгайлуу жер деген талаштуу маселе. Геостратегиялык маанилүү жагыбыз бар экени чын, бирок биз кичинекей эле мамлекетпиз. Кыргызстан аркылуу өткөн маанилүү өтмөк деле жок. Маселен, Казакстан, Орусия, Ыраакы Чыгыш азыр Тажикстан аркылуу автоунаа жол салдырып алышты. Ошондуктан Кыргызстан аркылуу Кытай менен байланышканга геостратегиялык маанилүү трасса деле жок. Бирок, маанилүү иш сапарларда мындай сөздөр айтыла берет. Ал эми Орусия Кыргызстанга берген аскердик техника өздөрүнө керек. Алар Канттагы аскер базасын коргошу зарыл. С-300 үлгүсүндөгү зениттик ракетасы эскирип, азыр С-400 чыккан. Ошентсе да С-300 колдонуудан чыга элек».

Ал эми Ооганстан жана Борбор Азия боюнча адис Таалатбек Масадыков Кремль чөлкөмдө таасирин сактап калуу аракетин көрүп жатканын айтты:

Таалатбек Масадыков.
Таалатбек Масадыков.

«Жалгыз эле Кыргызстан эмес, Борбор Азиядагы беш мамлекет ири державалардын кызыкчылыгына кирет. Ага Орусия эле эмес, Кытай жана Батыш мамлекеттери көбүрөөк көңүл буруп турат. Борбор Азия мамлекеттери союз тараса деле Орусия менен мамилесин үзбөй келет. Батыш өлкөлөрү, айрыкча АКШнын Ооганстанга келгенине 20 жыл болуп калды. Эми ага Борбор Азияны бириктирип, чоң долбоорлорду ишке ашыруу менен бул аймактагы Орусиянын таасирин жоготуу аракетин көрүп жатышат. Ал эми Орусиянын Кыргызстанга аскер техникасынын бериши – бул сигнал. Демек, дестаблизация аракеттери жакындап жатат».

Аркадий Дубнов.
Аркадий Дубнов.

Орусиялык эксперт Аркадий Дубнов мындан бир нече ай мурда "Азаттыкка" курган маегинде Кыргызстан жакынкы жылдары Москванын саясий, экономикалык жана идеологиялык таасиринен чыга албасын айткан эле.

«Кыргызстан геосаясатта толугу менен өз алдынча фигура боло албайт. Чоң регионалдык контекстте саясаттын өз алдынча субъектиси болушу кыйын. Мындан улам Орусиянын таасири болбой койбойт. Себеби, Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскердик объектиси жайгашкан. Алардын кырдаалды туруктуу кармап туруу үчүн өз ролу бар экенин да четке кага албайбыз. Кыргызстан Орусия, Кытай сыяктуу гиганттардын, Иран, Түркия өңдүү регионалдык күчтөрдүн чордонунда жана эң башкысы туруксуз Ооганстандын жанында жайгашканын билебиз. Андыктан реалдуулукту да эске алуу керек», - деген Дубнов.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев өткөн жылдын 23-октябрында Москвага иш сапары менен барган учурда Кыргызстандын жаңы бийлиги Канттагы орус аскердик аба базасын кеңейтүүгө даяр экенин айтканы сынга кабылган.

Министр мындан кийин "Азаттыкка" Кант авиабазасы тууралуу эки тараптын ортосунда расмий сүйлөшүү болбогонун, сынга кабылган билдирүү анын жеке пикири экенин айтып тактоо киргизген.

Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскердик объектиси бар. Алардын эң чоңу - Канттагы аскердик аба базасы. Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы аскер объектилери бирдиктүү аскердик аба базасына бириктирилген. Анын курамына Канттагы аскер-аба майданы, Ысык-Көлдөгү Кой-Сары жана Кара-Булуң торпеда сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор кирет.

Орусия Борбор Азия өлкөлөрүнөн Тажикстанга да кайтарымсыз түрдө 5 млн. долларга бааланган аскер техникаларын жана курал-жарактарын бергени кабарланган.

Жапаровду сынаган Москва сапары
please wait

No media source currently available

0:00 0:38:45 0:00

"Вотсап" менен сүт саткан жеңелер
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:45 0:00

Чаткал районундагы жубайлар Талантбек Боталиев менен Айзат Бегалиева насыя алып, сүт заводун ачкан. Былтыр дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясынан улам иши аксаган ишкана жакындан бери кайра жанданды. Учурда ишкерлер сүттү элден сатып алат. Айдоочулар ким уй саарын WhatsApp мессенжери аркылуу алдын ала билип анан алып кетишет. Күнүнө эки тоннадай сүт иштеткен заводдун продукциялары райондогу дүкөндөрдө сатылууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG