Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 13:26

Экономика

Митингге чыккан дарыгерлер.

Кыргыз өкмөтү коронавирус жугузуп алган дарыгерлерге кенемте атайын комиссия иликтеп чыккандан кийин берилерин айтып жатат. Ага бюджеттен 200 миллион сом бөлүндү. Бирок өкмөттүн мындай жообу нааразы тарапты толук ынандырган жок жана медицина кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү маселеси да чечиле элек.

Өкмөт убада кылган кенемтени көбүнчө коронавирусту ооруканалардын “кызыл зонасында” эмес, Тез жардам кызматында, айыл-кыштактардын кире беришиндеги өткөрмө бекеттерде иштеп жүрүп жугузуп алган дарыгерлер ала албай жатат. Алардын бири - Нарын шаардык ооруканасынын медайымы Гүлжамал Дунканаева:

“Өткөн жылы 13-майдан 30-майга чейин Нарын шаарына кире беришиндеги блокпостто иштедим. 1-июнда ПЧР-тест тапшырып, коронавирус жугузуп алганым белгилүү болду. Бир апта катуу оорудум. Өзүмө келе албай жаттым. Айыгып, ишке чыкканда кенемте үчүн документ топтоп тапшырдым. Бирок кенемте “кызыл зонада” иштегендерге гана берилерин айтышты. Биз ооруну тойго же башка жакка барып жугузган жокпуз да. Иш маалында ооруп калдык”.

Кыргызстанда коронавирус 90 миңден ашык адамга жугуп, 1,5 миңден көп бейтап ажал тапты.
Кыргызстанда коронавирус 90 миңден ашык адамга жугуп, 1,5 миңден көп бейтап ажал тапты.

Жылдызгүл Тежибаева Тез жардам бөлүмүндө медайым болуп иштейт. Ал кенемте көйгөйүн көтөргөн медкызматкерлердин бири.

“Былтыр оору күчөп турган кезде Тез жардам кызматында, “кызыл зонадан” чыккан дарыгерлер үчүн уюштурулган обсервацияга барып иштедим. Ал жерден өзүм да ооруп калдым. Рентгенге түшсөм эки тараптуу пневмонияга чалдыккан экенмин. Бир айдан ашык ооруп жаттым. Андан кийин өкмөт убада кылган кенемтеге документ топтоп, тапшырайын десем, пневмония менен ооругандарга берилбейт деп башкы дарыгерлер кол коюп бербей коюшту”.

Тежибаевга окшоп иш учурунда COVID-19ду жугузуп алып, өкмөт убада кылган кенемтеден куру калган 100дөй медицина кызматкери 16-апрелде Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүштү.

Чогулгандар "Өкмөттүн компенсация төлөө убадасы аткарылган жок!", "Медайымдарга да 1-апрелден тартып 100% айлык!" деген жазууларды кармап турушту.

Нааразылар өкмөткө жана президентке кайрылуу жолдошту. Митингди уюштургандардын эсебинде, ушул тапта кенемте албай калган кеминде 200дөй медкызматкерлер бар.

Дарыгерлердин таламын талашып жүргөн юрист Нуралы Айдаров митингге чыккандар кенемтеден тышкары дагы үч талап койгонун билдирди.

“Айлыкты көбөйтүү маселеси да бар. Мындан тышкары саламаттык сактоо тармагындагы кесиптик кошуун уюмунун милдеттерин кайра карап чыгуу талабын койдук. Анткени медиктердин айлыгынан кесиптик кошуунга деп бир пайыз кармалат. Бирок анын дайыны жок. Ошондуктан Саламаттык сактоо министрлигинин өзүнүн кесиптик кошуун уюму болушу керек. Алар акчаны өздөрү көзөмөлдөп, эс алуу, үй салуу маселелерин чечиши абзел. Ошондой эле дарыгерлерге кол тийбестик, алардын жоопкерчиликтери да кайра каралышы керек деп жатабыз. Бул талаптарыбыздан жыйынтык чыкканга чейин күрөшүбүздү токтотпойбуз. Айтылган көйгөйлөр көп жылдардан бери топтолуп калгандыктан бардык дарыгерлер колдоп жатат”.

Вице-премьер-министр Артем Новиков 17-апрелде митингге чыккандар менен жолукту. Ал жумуштан коронавирус жугузуп алган дарыгерлерге кенемте төлөө маселесин атайын комиссия иликтеп чыгарын айтты. Өкмөт айлык акыны көбөйтүү жагын акча-каражатка карап чечерин белгиледи.

“Медицина кызматкерлерине кепилденген кенемте төлөнөт. Бул максатта бюджеттен 200 миллион сом каралган. Билдирмелерди караган комиссиянын курамы жаңыланат. Комиссия талаш жараткан учурларды кайрадан карап чыгып, кабыл алынган чечимдердин акыйкаттыгын иликтеп чыгат”, - деп айтылат өкмөт тараткан маалыматта.

Акыркы күндөрдө Кыргызстанда коронавирус жугузгандар, андан кайтыш болгондор көбөйүп жатат. Илдет аныкталган медицина кызматкерлери дагы азая элек.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда бул илдет 4341 медкызматкерге жугуп, анын 4285и айыгып чыкты. Вирустан кайтыш болгон дарыгерлердин саны 100дөн ашты.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ооруп айыккан 1500дөн ашуун медициналык кызматкерге 200 миң сомдон кенемте берилген. Ал эми каза болгон дарыгерлердин үй-бүлөсүнөн 60 арыз түшүп, 32 үй-бүлөгө бир миллион сомдон кенемте төлөндү. Жалпы кенемте төлөөгө 185 миллион сом жумшалды.

Министрлик кенемте төлөөнүн жол-жобосун Ушул жылдын башында өзгөрткөн. Анын негизинде, дарыгерлердин COVID-19 жугузуп алган жагдайын иликтеп, чечим чыгаруу милдети оорукананын жетекчилигине берилген. Коронавируска кабылгандарга кенемтенин көлөмү 75 миң сом болуп азайган.

Кыргызстанда коронавирус 90 миңден ашуун адамга жугуп, 1,5 миңден көп бейтап ажал тапты.

Кыргызстандагы заводдордун бири.

Кыргызстандын экономикасы жыл башынан бери 9,4% төмөндөдү. Мунун ичинде өндүрүш, курулуш, соода жана башка тармактар да ылдыйлап жатат.

Өкмөт экономиканы турукташтыруу үчүн реформаларды кабыл алып жатканын билдирүүдө. Эл аралык институттар болсо өлкөнүн көрсөткүчтөрү бир-эки жылда барып калыбына келерин болжоп жатышат.

Артка кеткен сандар

Жылдын алгачкы кварталынын жыйынтыгын адаттагыдай эле Улуттук статистика комитети чыгарды. Андагы сандар кубантарлык эмес.

Экономика биринчи айда 7,6% түшсө, экинчи айдын соңунда 8,9% артка кеткени белгилүү болгон. Үчүнчү айдын эсебинде төмөндөө 9,4% жетип жатат.

Комитеттин Улуттук эсептер тутуму жана экономикалык теңдемдер бөлүмүнүн башчысы Ырыскелди Өмүралиев толугураак маалымат берди:

Ырыскелди Өмүралиев.
Ырыскелди Өмүралиев.

«Баштапкы эсептер боюнча, ички дүң өнүм (ИДӨ) 2021-жылдын январь-март айларында 118 миллиард сомдон ашык сумманы түзүп, 2020-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 9,4% төмөндөдү. «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча ишканаларды эске албаганда, ИДӨнүн көлөмү болжол менен 106 миллиард сомду түзүп, 4,5% кыскарды».

ИДӨ - өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмү. Ал экономиканын эң негизги көрсөткүчү катары каралат. Ар бир завод-фабрика, ишкана, цех, ферма жа жеке жарандар чыгарган нерселердин баары мына ушуга кирет.

Демек, үч айдын жыйынтыгын деталдуу карасак, өнөр жай өндүрүшү 17,9%, кендерди казып алуу 18,1% артка кеткен. Курулушта да терс тенденциялар байкалган, анда көлөмдүн төмөндөшү 19,8% түзгөн. Дүң жана чекене соода жүгүртүү 11,4% ылдыйласа, айыл чарбасы гана 0,9% өсүш берген.

Өкмөт бул жагдайды түзөп кетүү үчүн болгон аракеттерин көрүп жатканын байма-бай кабарлоодо. Премьер-министр Улукбек Марипов бул үчүн ишкерлер күн алыс жолугушууларды өткөрүп жатат, 13-апрелде эле текстилчилер менен кездешкен.

14-апрелде болсо өкмөт башчы 2021-жылга Экономиканы турукташтыруу боюнча планды талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөттүн сайтында жазылгандай, анда Улукбек Марипов жагдайды оңдоо үчүн 100 иш-чарадан турган план кабыл алынганын айтты:

Улукбек Марипов.
Улукбек Марипов.

«Бизге жарандар үчүн реалдуу пайда алып келүүчү реформалар керек. Экономиканы турукташтыруу боюнча планда кооз сөздөргө жол берилбестен, ал иштиктүү жана реалдуу болушу керек. Өзгөчө басым бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө жасалышы тийиш. Мамлекеттик аппараттын ишине тоскоолдук келтирген бюрократиядан четтөө керек. Дүйнөлүк тажрыйбаны, демилгелүү топтордун идеясын пайдаланып, бизнес өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштургула. Биз биргеликте гана кагаз жүзүндө калбастан, иш жүзүнө ашырылуучу документти иштеп чыга алабыз», - деп айткан анда Марипов.

Өкмөт өзү алгачкы планында быйыл ИДӨнүн өсүү темпи 5% болот деп расмий болжол кылган. Ал тургай оптимисттик планда өсүү 10% чейин жетет деген да эсеп бар болчу. Биринчи кварталдын эсептери тескерисинче ушунча көлөмдө артка кеткенин көрсөтүүдө.

Түзөлүүнүн арты узак

Арийне, өкмөттө да, эл аралык институттарда да жарым жылдыктын же жылдын жыйынтыгында өсүш болот деген жоромол бар. Анткени былтыркы жылдын көрсөткүчү төмөн болгон, мындан кийинки жыйынтыктар так ошол аз сандарга салыштырыла баштайт.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хасан Накви мурдараак «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда мындай болжол берген эле:

Навид Хасан Накви
Навид Хасан Накви

«Болжолдорго караганда 2021-жылы реалдуу ИДП 3,8% жогорулайт, бул - кызмат көрсөтүү жана курулуш тармагындагы активдүүлүктүн эсебинен камсыз кылынат. Ал эми бюджетин таңкыстыгы ИДПга карата 3,9% кыскарат. 2022–2023-жылдары өнүгүү орточо эсеп менен 4–4.5% чыгышы болжолдонууда, бул эми апаат жок болуп, саясий туруктуулук орносо жана сырткы шарттар жакшырса ишке ашчу болжол. Сомдун алмашуу курсу турукташса, инфляция 5,4% түшүшү ыктымал, ал эми орточо жылдык перпективада бюджет таңкыстыгы ИДПга карата 3% түшөт. Экономика пандемияга чейинки өз калыбына 2023-жылга чейин жете албайт», - деген ал.

Улуттук статистика комитети кабарлагандай, 2020-жылы Кыргызстандын ички дүң өнүмү 598 миллиард сомду түзүп, 2019-жылдагы 619 млрд. сомдук көрсөткүчкө салыштырмалуу 8,6% артка кеткен.

Эсептер боюнча башкы мамлекеттик орган былтыркы жылкы тикелей инвестиция боюнча да соңку санагын жаңыдан чыгарды. Буга байланыштуу көрсөткүчтөр да кыйла кейиштүү болуп жатат.

Статком мекемесинин Инвестиция статистикасы бөлүмүнүн жетекчиси Виктория Бирюкова мындай сандарды келтирди:

Кыргызстандагы ишканалардын бири.
Кыргызстандагы ишканалардын бири.

«Баштапкы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанга келген тикелей инвестиция 477 млн. 625 миң долларды түздү. 2019-жылы бул көрсөткүч 1 млрд. 76 млн. доллар болгон, башкача айтканда былтыр сумма эки эседен көбүрөөк көлөмгө кыскарып жатат. Ал эми чыгып кеткен сумма 2019-жылы 603 млн. доллар болсо, 2020-жылы 808 млн. 104 миң доллар болуп жатат. Сыртка чыккан сумма 20,1% өстү десек болот. Ошондо 2020-жылдын жыйынтыгында тикелей инвестициянын терс сальдосу 331 млн. доллар болуп калды», - деди ал.

Жыл башынан берки инвестициянын эсеби чыга элек. Себеби экономиканын бул бөлүгү эки-үч ай кечигип эсептелет. Бирок башка көрсөткүчтөрдүн алгачкы санактары бар.

Маселен, өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү январь-февраль айларында 800 млн. долларды түзүп, өткөн жылдын ушул эки айына караганда 18,3% азайды. Анын ичинде экспорт 25,5%, импорт 15% төмөндөдү.

Экономист Айылчы Сарыбаев кепке кошулду:

Айылчы Сарыбаев.
Айылчы Сарыбаев.

«Негизи биздин экономикабыз ансыз да мурда алсыз болчу да. Аны COVID-19 вирусу биротоло силкип салды. Эми ошону кайра оңдоо кыйын да. Ошондуктан төмөндөөлөр дагы уланат. Бардыгы пандемиядан көз каранды. Билбейм эми, кандай кылат? Жаңы Конституция кабыл алдыңар, балким ошонуңар ондоп берер».

Ушул айдын башында Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ – МВФ) Кыргызстанды COVID-19 вирусуна каршы эмдөөнү тездетүүгө чакырган. Уюм эгер калкты вакцина менен камсыздоо кечеңдесе, экономиканын калыбына келиши дагы артка жыларын эскерткен.

Кыргызстанда Кытайдын «Sinopharm» вакцинасы эмдөө 29-мартта башталган. Бирок андан бери үч миңге жетпеген киши гана эмделди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG