Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:46

Экономика

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европарламент орус армиясы Украинага кирсе, Москвага санкцияларды күчөтөрүн билдирди.

SWIFT төлөмдөрүн өчүрүп, Орусиядан мунай менен газ сатып алууга эмбарго жарыялап, Евробиримдикке мүчө мамлекеттерге орусиялык олигархтар менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүн киргизүүгө чектөө коюлат.

Бейшембиде Европарламент Орусия Украинанын аймагына куралдуу аскер күчтөрүн киргизсе, Москвага каршы катаал санкцияларды жарыялоону сунуштаган резолюциянын долбоорун жактырды.

Резолюцияда абактагы орус оппозициясынын лидери Алексей Навальныйдын укугунун бузулушуна, Орусиянын аскер күчтөрүнүн Украинанын чек арасына жакын жерлерге топтолушуна жана Чехия менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык жаңжалга байланыштуу чектөөлөр белгиленген.

Pезолюцияны Европарламенттин 569 депутаты колдоп, 67си каршы болду.

Документте орус армиясы Украинанын аймагына кирсе, Москвага катаал сакцияларды салуу тууралуу сунуштар жазылган.

"Эгерде мындан кийин Орусиянын аскер күчтөрү Украинанын аймагына басып кирсе, Евробиримдик эл аралык мыйзамды бузуунун кесепети өтө чоң болорун ачык айтышы керек. Алардын арасында Орусияны эл аралык SWIFT системасынан өчүрүү, Орусиядан мунай жана газ сатып алууга эмбарго киргизүү, орусиялык олигархтар менен алардын мүчөлөрүнүн Евробиримдиктин аймагына киришине тыюу салуу, алардын активдерин камакка алуу, "Түндүк агым 2" газ кууру долбоорун токтотуу, Навальныйды куугунтуктоого катышкан адамдарды "кара тизмеге" киргизүү, Евробиримдиктеги орус дипломаттарына Чехияга тилектештик максатында чектөө киргизүү жана коррупцияга байланышкан кылмыштарды жасагандар үчүн "Магнитский мыйзамынын" европалык аналогун түзүү сунуштары бар", - деп жазылат резолюцияда.

Европарламент. Страсбург шаары.
Европарламент. Страсбург шаары.

Ошондой эле Европарламент Орусияны Донбасстагы аскерлерин чыгарып кетүүгө жана аннексияланган Крымды Украинага кайтарып берүүгө, Керч кысыгы аркылуу Азов деңизинин портторуна ээн-эркин өтүүгө кепилдик берүүгө жана Минск келишимдеринин жоболорун аткарууга үндөдү.

Ал арада Орусияны SWIFT системасынан өчүрүү жана бул өлкөдөн газ менен мунай сатып алууну токтотуу сунуштары буга чейин да бир нече жолу айтылган. Европарламенттин депутаттары мындай чаралар Орусияны Украинага карата агрессивдүү пландарынан баш тартууга мажбурлайт деп билдиришкен.

Адатта резолюция сунуш берүү гана мүнөзүнө ээ. Европарламент январда Алексей Навальный камакка алынгандан кийин да "Түндүк агым 2" долбоорун токтотуу же орус олигархтарына каршы санкция киргизүү сыяктуу сунуштарды берген. Бирок Евробиримдик анда Орусиянын айрым күч түзүмдөрүнүн башчыларына гана санкция киргизген.

Бейшембидеги чечимде Еврошаркетке мүчө мамлекеттердин Орусиянын энергия ресурстарына болгон көз карандылыгын азайтуу талабы да айтылды. Мындан улам "Газпромдун" долбооруна ылайык, Балтика деңизинин түбү менен газды Орусиядан Германияга жеткирчү "Түндүк агым 2" газ куурун салууну тезинен токтотулушу керек экени каралган.

Ал ортодо орус президенти Владимир Путиндин киберкоопсуздук боюнча атайын өкүлү Андрей Крутских Брюсселдин резолюциясына Кремлдин «жообу даяр турганын» эскертти.

"Алар аракет кылып көрүшсүн. Ал эми технологиялык жана аскердик-саясий камсыздандыруу жаатында, бул тармактагы конкреттүү адистерден сураш керек. Бирок биздин "чопкутталган поезд" жолдо даяр турат. Албетте, биз тараптан күчтүү жана таасирдүү жооп болот", - деди Крутских.

Буга чейин Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Батышты Орусияны эл аралык банк системасындагы SWIFT төлөмдөрүнөн ажыратуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырган.

Дмитрий Кулеба.
Дмитрий Кулеба.

SWIFT - глобалдык системасы дүйнөдөгү банктар ортосунда төлөмдөрдү жүргүзүүгө жана маалымат алмашууга мүмкүнчүлүк берет. Бул системага Орусия кошулганда 200дөй мамлекеттен 11 миңден ашуун каржы уюмдарына да жол ачылган.

Орусияны системадан ажыратуу маселеси Кремлге каршы санкцияларды күчөтүүнүн алкагында көтөрүлүп жатат.

Бишкекте электромобилдердин жүрүшү өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:33 0:00

Бишкекте биринчи жолу электробайктардын жана электромобилдердин жүрүшү өттү. 28-апрелде электр менен жүрүүчү 40ка жакын унаанын айдоочулары шаардын көчөлөрүн “Тез жардамдын" жана милициянын коштоосунда аралап өтүштү. Жүрүшкө "Tesla" автомобилинен баштап кыргызстандык окуучулар ойлоп тапкан электровелосипеддер катышты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG