Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Экономика

"Кумтөр" ишканасы өндүргөн алтын.
"Кумтөр" ишканасы өндүргөн алтын.

Мурдагы президент Аскар Акаевдин жакындарын “Кумтөрдөн” миллиондогон доллар пара алууга шек санаган чуулгандуу иштерди 2013-жылы ошондогу башкы прокурор Аида Салянова түзгөн тергөө тобу аныктаганы белгилүү. Бирок ал кызматтан кеткенден кийин аталган иштердин көбү соттон кыскарып кеткен.

Айдар Акаевге, экс-премьер-министр Николай Танаевге жана бир топ мурдагы кызмат адамдарына козголгон кылмыш иштери “Кумтөрдү” иликтеген мамлекеттик комиссиянын соңку корутундусунда белгиленди.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын чечими менен “Кумтөргө” жогорку кызмат адамдары аралашкан коррупциялык иштерди иликтөө үчүн 2013-жылы атайын тергөө тобу түзүлгөн. Анткени ага 2005-2010-жылдардагы иликтөө иштери натыйжа бербегени негиз болгон.

Тергөө тобу 2003-2004-жылдары кыргыз өкмөтү канадалык “Камеко Голд” менен “Кумтөр” боюнча жаңы макулдашуу түзүүдө мамлекеттин кызыкчылыгына каршы бир топ коррупциялык кыңыр иштерди таап чыккан.

"Эккердге" эгилген миллиондор, шектүү издер

Быйыл түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров тергөө материалдары боюнча “Кыргызалтын” ишканасынын ошондогу жетекчиси Камчыбек Кудайбергенов мурдагы президенттин уулу Айдар Акаевге караштуу компанияга 11 млн. доллар акчаны которгону аныкталганын айтты:

"2004-жылы 24-июнда «Камеко» корпорациясы жана «Центерра Голд» компаниясы «Кыргызалтын» акционердик коомунун эсебине 11 млн. доллар которгону далилденди. Мына ошондон төрт күн өткөндөн кийин «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын ошол кездеги жетекчиси Камчыбек Кудайбергенов ал акчаны Латвиянын борбору Рига шаарында жайгашкан Айзркрауклес банкындагы Айдар Акаев көзөмөлдөгөн «Эккерд» компаниясынын эсебине мыйзамсыз которгону аныкталган".

Тергөө материалында айтылгандай, 2004-жылы 28-июнда “Центерра” жаңы түзүлгөндө “Кыргызалтын” ишканасынын эсебине 11 млн. доллар түшүп, ал акча дароо эле андан ары Латвиянын банкына которулганы шек жараткан. Бул акча Кумтөр кениндеги кулаган карьер үчүн камсыздандыруучу кенемте төлөмү” деген негиздеме менен которулган.

Аскар Акаев ошол кездеги мамлекет башчысы катары чет өлкөлүк компаниянын банк эсебине которулуп кеткен 11 млн. доллардын дайынын билүүгө милдеттүү эмес экенин “Азаттыкка” курган маегинде белгилеген.

“Президент деген эсепчи эмес. Президент деген мамлекеттин саясий жетекчиси. Мен канча миллион кайсы жерден каякка которулуп жатканын билгидей эсепчи эмесмин. Мен финансы министри болуп дагы иштеген эмесмин. Мен мамлекеттин башчысы болгом. Таза иштеп бердим. Ошондой компания менен менин байланышым болсо, ошондой маалымат болсо, факты катары далилдеп, айтып берсин”.

Бирок тергөө кен казуу ишиндеги мындай чыгымды камсыздандыруучу компания төлөй турганын эске алуу менен ал төлөм келип түшүп, бирок бат эле кайра чет өлкөгө чыгарылганынан шек санаган.

11 млн. долларды "оодаруунун" күмөндүү схемасы

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова тергөөдө ошол маалда оор абалда ооруканада дарыланып жаткан “Кыргызалтындын” жетекчиси Камчыбек Кудайбергеновдун койгон колуна байланыштуу табышмактуу жагдайлар аныкталганын айтты:

“1 млн. доллар боюнча чынында эле коррупциялык иш болгон. Анткени бул жерде дагы бир табышмактуу жагдай – “Кыргызалтындын” ошол кездеги жетекчиси Кудайбергенов эс-учун жоготуп жаткан учурда, ага барып, колун койдуруп кетишкен. Анткени акчаны которуу боюнча документке коюлган кол ал адам оор абалда жаткандагы учурга туура келери биздин тергөө учурунда аныкталган. Ошол кездеги бийликтин адамдары ага барып, анын колун койдурган болушу мүмкүн деген негизде экспертиза да жүргөн. Чынында которулду деген негизде эсепте турган акча ошол жактан эле жоголуп кеткен. Тергөө "акчаны өздөрү эле алып койгон" деген тыянакка келген. Акчаны кимдер кантип, өз ара бөлүшүп алганы белгисиз”.

Башкы прокуратуранын бул иш боюнча айыптоо корутундусуна ылайык, мурдагы премьер-министр Николай Танаев, өкмөттүн башкы юристи Елена Белковская, мурдагы президенттин уулу Айдар Акаев, мурдагы финансы министри Болот Абилдаев, анын орун басары Эмирлан Төрөмырзаев, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев, мурдагы тышкы соода жана өнөр-жай министри Садриддин Жээнбеков сыяктуу кызмат адамдарына кылмыш иши козголгон.

Аида Салянова козголгон кылмыш иштери сотко өтүп, бирок эскирүү мөөнөтүнө байланыштуу кыскарып кеткен жагдайга токтолду.

“Абилдаев, Белковская, Акматалиев сыяктуу мурдагы жогорку кызмат адамдарын жоопко тартканбыз. Бирок кийин бул иштер сотко барганда коррупциялык ишти кароо боюнча эскирүү мөөнөтүнө байланыштуу соттон кыскарып кеткен. Биз тиешелүү экспертизалардын жыйынтыктары канчалык кечеңдебесин, бул иштерди мөөнөтү өтүп кеткенге чейин тергеп, сотко өз убагында өткөргөнгө үлгүргөнгө аракет жасаганбыз. Анткени ошол кезде мындай иштерди кароо мөөнөтү 10 жыл болчу. Кийин коррупциялык иштерди кароонун мөннөтү жоюлган. Ошол кезде 11 млн. жана кийин чыккан 4 млн. доллар төлөмдөр боюнча иликтеп-тергөө иштерин жүргүзгөнбүз. 4 млн. доллардын каякка жумшалганы да белгисиз болуп калган”.

Төркүнү белгисиз төрт миллион доллар

Мамлекеттик комиссиянын отчетуна 2013-жылы израилдик “Мушкат” юридикалык компаниясы “Кумтөрдүн” ишине укуктук-финансалык анализ жүргүзгөндө табылган башка бир да олуттуу факты кирбей калган.

“Мушкаттын” анализинде 2002-жылы “Камеко” кыргыз өкмөтү менен “Кумтөр” боюнча жаңы келишимди кайра кароо алдында “Кыргызалтынга” 4 млн. доллар которгон. Аталган акча мына ошондон ары дайыны билинбей, жок болуп кеткени иликтөөдө көрсөтүлгөн. Кийин “Камеко” акчаны алдын-ала төлөнгөн салык катары чечмелеген.

“Камеко” бул төлөмдү кыргыз өкмөтүнө “бюджетти колдоого” берилген карыз катары эсептеп, компаниянын мурдагы жетекчилиги “Мушкаттын” суроо-талаптары боюнча дооматтарды моюнга албай, четке каккан.

2003-жылы “Кыргызалтындын” ошондогу жетекчиси Камчыбек Кудайбергенов “Эккерд” офшордук компаниясынын директору Жесси Грант Хестер менен Лондондо “Атенеум” отелинде жолугуп, ал карызды жоюу боюнча бир бүтүмгө келгени анализде белгиленген. Анын шартына ылайык, “Эккерд” деп кийинки экинчи иште да көрсөтүлгөн Виргин аралдарында катталган бул компания 4 млн. доллар карыз милдеттемесин өзүнө алып, аны “Кумтөрдөгү” адам өлүмүнө алып келген кырсык үчүн төлөнчү камсыздандыруу төлөмүнө алмашылары көрсөтүлгөн.

“Мушкат” бул төлөм “Камеконун” жылдык каржылык отчетунда көрсөтүлбөгөнүн белгилеп, аны “Кумтөр” долбоорун кайра кароо үчүн Кыргызстандын жогорку кызмат адамдарын сатып алуу үчүн берилген пара деп шекшиген.

Акылбек Жапаров бул акча которууну бюджетке түшкөн башка 4 млн. доллар менен чаташтырбоо керектигин белгилеп, анын отчетке кирбей калган себебин түшүндүрдү.

Мушкаттын” изилдөөсүндө “Кыргызалтынга” которулуп, андан ары жоголгон акча тууралуу сөз болуп жатат. Ал эми Финансы министрлигине түшкөн 4 млн. доллар бөлөк. Бул ошол кезде Болот Абилдаев министр болуп турганда бюджетке которулган акча. Сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан кезде балыкка ыргытылган кайырмак сыяктуу бюджетке которулган акча болгон. Ал кезде бул аябай чоң акча болчу. Кийин сүйлөшүүлөр бүткөндө акча бюджетте калган. Акчаны кийин алар өз муктаждыктарына жумшап жиберген”.

Белекке берилген 44,6 млн. долларлык акция

Мамлекеттик комиссия өз корутундусунда белгилеген экинчи иш - канадалык "Камеко" 2003-жылы "Centerra Gold" компаниясын негиздөө үчүн Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө Торонто биржасында 44,6 млн. АКШ долларына сатылган 4% чукул акцияны белек кылганын аныктаган кылмыш иши.

Тергөө тобу "Centerra Gold" жаңы түзүлөрү менен эле 2004-жылы 12-майда 3 млн. 833 миң кошумча акция чыгарып, аларды эч кандай түшүндүрмөсү жок эле, Австралияда катталган "Central Asia Gold" деген компанияга ыйгарган фактынын бетин ачкан.

Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров ал компаниянын Акаевдин үй-бүлөсү менен байланышы болгонун жана анын андан ары да Кыргызстандагы бир катар алтын кендерине ээлик кылган жагдай тергөөдө аныкталганын белгиледи.

“Central Asia Gold" 2003-жылга чейин ишмердиги эч жакта белгисиз компания экен. “Центерра Голд” Торонтодо фондулук рынокко чыгып жаткан маалда ошол компанияга эч түшүндүрмөсү жок эле баштапкы наркы 3 млн. 800 миң долларга бааланган акциясын белекке берген. Анан көп өтпөй эле 44,6 млн. долларга сатып жиберген. Мунун бардыгы кылмыш ишинде изилденип, далилденген. "Мушкат" юридикалык компаниясы дагы бул ишти изилдеп чыгып, анда күмөндүү жагдайлар бар экенин айтып, Акаевдин үй-бүлөсүнө айып тагуу керек” деген тыянак чыгарышкан. Бирок анын бардыгы кала берген. Аталган компания акцияларын сатып жиберип, кайра Кыргызстанга келип, Ак жылга, Турук, Алтын жылга сыяктуу жалпысынан беш алтын кенинин лицензиясын алган. Анын арасында эң ири Талды-Булак-Сол жээк алтын кени да бар. Кийин ал 2005-жылдан соң аталган алтын кенин казакстандык инвесторго сатып жиберип, инвестор Казакстандын президентине жакын адам болгону үчүн ошол кездеги бийлик эки тараптуу мамилени бузбоо үчүн ишти андан ары иликтөөнү токтоткон”.

2005-жылы казакстандык инвестор Талды-Булак-Сол жээк алтын кенин Кытай компаниясына сатып, ал “Алтынкен” ЖЧК деген ат менен кенди иштете баштаган.

Майрам Акаева: Фактылар болсо, эбак жоопко тартышмак

Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссиянын тыянагында тергөө материалдары боюнча "Central Asia Gold" компаниясын негиздөөчүлөрдүн катарында мурдагы биринчи айым Майрам Акаеванын жээни бар экени айтылган.

Анда аталган компания катталган “Жамакеев” деген жаран мурдагы биринчи айымдын сиңдиси Санатгүл менен анын күйөөсү Марат Жамакеевдин уулу экени тергөө материалында көрсөтүлгөнү мамлекеттик комиссиянын иликтөө корутундусунда белгиленген.

Бирок Майрам Акаева аны негизсиз каралоо деп атап, дооматты четке какты.

“Мунун баары жөн эле жомок. Кудай турат. Мына орозо күнүндө айтып жатам. Кайсы сиңдим же болбосо анын кайсы баласы экенин тактап айтып беришпейби? Жүз Жамакеев бар. Бул жөн эле каралоо. Анткени ушул күнгө чейин биздин туугандарды канча ирет текшеришти. Ар кандай нерселерди жабыштырышты. Бирок эч нерсе тапкан эмес. Менин сиңдилерим карапайым эле адамдар. Андай болушу мүмкүн эмес. Мурда иликтешсе кабар берип, суракка чакырыш керек эле да. Бир дагы сиңдим бул боюнча чакырылган эмес. Алардын эч кандай байлыгы жок. Чын болсо ошол кезде эле доомат коюшат эле го. Менин бир туугандарым, Аскар Акаевичтин бир туугандары аман-эсен. Бардыгы тең ошол жакта турушат. Алардын бардыгын кезинде суракка алып, текшеришкен. Алардын бирөө дагы кайсы бир айыптоо боюнча жоопко тартылып, кандайдыр бир айып тагылган эмес".

2013-жылдагы тергөө "Central Asia Gold" компаниясы Айдар Акаев менен байланышы бар деген тыянакка келген. Анткени аталган беш кенди ага берүү боюнча лицензиялык макулдашуулар дагы “Кыргызалтындын” мурдагы жетекчиси Камчыбек Кудайбергеновдун учурунда түзүлгөн.

Ошентип, 2013-жылы бул эки кылмыш ишин иликтеген Башкы прокуратуранын тергөө тобу Cameco Gold менен Centerra Gold Кыргызстандын жогорку кызмат адамдарын сатып алуу үчүн башында 4 млн. доллар, анан экинчи ирет 11 млн. доллар жана кийин Торонто биржасында 44,6 млн. долларга сатылган акцияларды кошумча басып чыгарып, ошол кездеги президент Акаевдин үй-бүлөсүнө белекке берген деп жыйынтык чыгарган.

Мурдагы президент Аскар Акаев мындай айыптоолор 16 жыл мурунку иликтөө иштеринин жүрүшүндө далилденген эмес деп эсептейт.

“Мындай дооматтар бүгүн же кечээ эле айтыла калган жок. Мындан 16 жыл мурда, 2005-жылы ошол кездеги башкы прокурор Бекназаров көтөрүп чыккан. Ал Акаев “Кумтөрдөн” миллиарддаган доллар акча алган” деген айып коюп, кылмыш ишин дагы козгогон. Анан Бакиевдин биринчи буйругу менен Акаевдин байлыгын издөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүп, аны ошол кездеги вице-премьер-министр Данияр Үсөнов жетектеген. Бекназаров менен биргеликте бир жылдан ашуун изилдешип, Акаевдин миллиарддаган доллар байлыгын табышкан эмес. Мунун бардыгы курулай эле каралоо”.

Акаев: Кумтөрдүн "каймагын" кийинки бийлик калпыган
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:43 0:00

"Центерранын" жетекчилигин жоопко тартуунун жоболоңу

Кыргызстандын башкы прокуратурасы буга байланыштуу Cameco Gold менен Centerra Gold компанияларынын мурдагы президенти Леонард Хоменюкка кылмыш ишин козгоп, аны камоо тууралуу сыртынан бөгөт чарасы тандалып, ага эл аралык издөө жарыялаган. Ал 2015-жылы Болгариядан кармалып, бирок укуктук кызматташтык келишими жок болгондуктан болгар бийлиги аны Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тарткан.

Мурдагы башкы прокурор Салянова андан соң укуктук көмөк сурап, Канаданын укук коргоо органдарына кайрылган:

“Биз ошол кезде Канадага барып, ал жактагы жогорку кызматтагы прокурлор менен жолукканбыз. Ал жакка тиешелүү кылмыш иштеринин материалдарын ала барып, айтып түшүндүрүп, Канаданын мыйзамдарында каралган негизде далилдерди көрсөтүп, анын алкагында Леонард Хоменюк сыяктуу “Центерра Голд” менен мурдагы “Камеконун” жетекчилерин жоопко тартуу үчүн укуктук көмөк көрсөтүүнү сураганбыз. Ал жактан бул ишке аябай кызыгуу болуп, кызматташууга макул болушкан. Тиешелүү иштер жүрө баштаган мезгилде мени ошол кездеги бийлик кызматтан алып койду. Кийин мына ошол укуктук кызматташуу кантип улантылганын билбей калдым. Бул иштерге алар аябай эле кызыгып калышкан. Бирок аны таштабай иштеш керек болчу да. Менимче кийин биз тараптан ага кызыккан эч ким деле болбоду көрүнөт”.

Кайдыгерлик менен каралган иштер

Аида Салянова “Кумтөрдөгү” коррупция боюнча 2013-жылга чейин бир дагы терең иликтөө жүрбөгөнүн айтып, бирок ал баштаган коррупциялык иштерди аягына чыгарууга толук мүмкүнчүлүк берилбегенин кошумчалады.

Аида Салянова.
Аида Салянова.

“Кумтөр тууралуу көп сөздөр айтылганы менен 2005-жылдан бери кандайдыр бир олуттуу иликтөө иштери жүрүп, күрдөөлдүү кылмыш иштери козголуп, анын жыйынтыктары деле болбоптур. Болгону 2005-жылы Танаевге кызмат абалынан пайдалануу деген негизде кылмыш ишин козгоп, аны да аягына чыгарбай, токтотуп коюшкан. Биз 2013-жылы “Кумтөр” боюнча биринчи жолу коррупциялык байланыштарды иликтеген эң ири иликтөө жүргүзүп, “коррупция” беренесинин негизинде биринчи жолу тергөө амалдарын баштадык. Ошонун негизинде жогорудагыдай кылмыш фактылары аныкталган. Мындай масштабдагы иликтөө иштери бизге чейин дагы, бизден кийин дагы болбоду. Мен кызматтан кеткенден кийин ошол иштердин бардыгы токтотулган. 2005-жылы Бекназаровдун маалында болгону Танаевге “кызмат абалынан кыянаттык” деген берене менен иш козгоп, ага “коррупция” беренесин койгонго даай алышкан эмес. Анткени бул ишти ал жалгыз өзү жасай алмак эмес. Албетте, мында ири коррупциялык байланыштар болгон”.

Бекназаров: убакыт беришпеди

2005-жылы башкы прокурордун милдетин аткарып, Акаевдин байлыгын изилдеген комиссияда иштеген Азимбек Бекназаров “Азаттыктын” берүүсүндө анын дарегине айтылган дооматка макул эмес экенин айткан эле.

Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

“Менде биринчи ыңкылаптан кийин коррупция менен 5 ай 13 күн гана күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк болду. Ошол кезде 100 күндүк программанынын алкагында биз ага чейин тарыхта болуп көрбөгөндөй жыйынтык көргөздүк. Биз ага чейин уурдалып, таланып-тонолгон, мыйзамсыз менчиктештирилген, жалпы наркы миллиарддаган сомдук ондогон ишканаларды мамлекетке кайра кайтардык. Биз аз гана убакыт ичинде мына ошондой чоң натыйжа бердик. Бирок бизге андан ары мурдагы бийликтин коррупциялык иштерин толук ачып, иликтөө иштерин андан ары улантууга мүмкүнчүлүк берилген эмес. Беш айдан ашык иштей албадык. Анткени ошол кезде шайланып келген президентке жана анын жакын чөйрөсүнө биздин жасап жаткан кадамдарыбыз жакпады. Ошондуктан бизди кызматтан алганга шашышты”.

"Centerra Gold” 4% чукул акциясын кошумча басып чыгарып, аны алып-саткан көз боёмочулук жана ага чейин “Кыргызалтындан” чет элдик банк эсептерине которулган миллиондорго байланыштуу кылмыш иштери “Кумтөрдү” иликтеген соңку мамлекеттик комиссиянын тыянагында Кыргызстандын жогорку кызмат адамдарын сатып алуунун орчундуу учуру катары сыпатталган.

Кыргызстан “Кумтөр” алтын кен долбоорундагы көзөмөлдөөчү үлүшүнөн ажыраган кесепеттерге алып келген 2004-жылдагы макулдашуунун жыйынтыгы көрсөтүлүп, ага кайрадан укуктук баа берүү сунушу киргизилди.

Отуз жыл оюлган Кумтөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:38 0:00

Метин Кылыч.
Метин Кылыч.

Түркиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Метин Кылыч эки өлкөнүн алака-катышы, 30 жылдык мамиленин оош-кыйышы тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Метин мырза. 30 жыл мурда Түркия Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден болуп таанып, тилектештигин билдирген. Андан бери далай жардамын, колдоосун көрсөттү. Эки өлкөнүн учурдагы мамилесин кандай баалайсыз?

- Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстан Түркия менен мамилеси эң бекем өлкө. Себеби, Түркиянын Кыргызстан менен мамилеси - Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөй лидерлердин деңгээлиндеги же ири компаниялардын ортосундагы алака-катышта гана эмес, эки элдин түздөн-түз байланышы бардыгында.

Кыргыздар менен түрктөрдүн бул аймакта тыгыз мамиле байланыштырып турат. Эки элдин ымаласы бири-бирине ачык-айкын. Бул мамиле ишкердикте, илим-билимде, үй-бүлө курууда, достук жана тууганчылыкта көрүнүшү мүмкүн. Мунун айкын мисалы - мамлекет башындагы лидерлердин ортосундагы мамиле бузулган күндө да Атамбаевдин мезгилиндегидей), элдин мамилеси бузулган жок.

Mамлекет башындагы лидерлердин ортосундагы мамиле бузулган күндө дагы элдин мамилеси бузулган жок. 

Кыргызстан Борбор Азиядагы жападан жалгыз демократиялык мамлекет экендиги жана базар экономикасынын өнүгүшү алакаларды бекемдөөгө салым кошту.

Кыргызстан үчүн парламенттик демократиянын жана базар экономикасынын эбегейсиз артыкчылыгы бар. Мисалы, мен кызматта турган маалда Ош шаарында түркиялык ишкерлер курган заманбап батирлерди көрүп, электр энергиясын өзү өндүргөн, алтургай өзүнүн радиостанциясы бар кесиптик лицейге бардым.

Ошто италияндардын таанымал тамагын жеп, эспрессо кофемди ичип, дүкөндөн кадимки түрк нанын сатып алып, коңшу өлкөгө тоскоолдуксуз кирип бардым. Эртеден кечке ал өлкөнү кыдырып, бирок нан менен жер-жемиштен башка эч нерсе таба албай, кайра өзүм көнгөн, дүр-дүйнөгө толгон Ошко кайттым.

Парламенттик демократия жана базар экономикасы өлкөнүн эң алыскы аймагында жашагандар үчүн да дүйнөнүн алдыңкы жетишкендиктерин пайдаланууга жол ачты. Кыргыз эли демократия жана базар экономикасынын аркасы менен өз талабын коюу укугуна ээ болду.

- Сиз элчи болуп турган маалдагы жана учурдагы саясий, экономикалык жана маданий мамилелерде кандай өзгөрүүлөрдү байкалууда?

- Кыргызстан менен Түркиянын мамилеси эки элдин түздөн-түз байланышына жана кызматташтыгына негизделгени үчүн азыркы окуялар аларга таасирин тийгизбей койбойт. Албетте, мезгил-мезгили менен саясий мамилелер басаңдашы мүмкүн. Атамбаевдин бийликтеги мөөнөтүнүн аягында ошондой болду. Бирок бул эки элдин ортосундагы бекем алаканы буза албайт.

Мен кызматта турганда өкмөттөр аралык долбоорлорго, анын ичинде Кыргызстандагы мамлекеттик мекемелердин эффективдүүлүгүн жогорулатуу долбоорлору кирген. Аларга дал ушул саясий рецессия таасир эткен. Алардын бири заманбап оорукананын курулушу болду. Эми ал курулуш кайра жанданат деп ишенем. Мындан тышкары, Түркиядагы бардык мекемелер, мейли расмий, мейли жарандык коом болсун кыргыз өнөктөштөрү менен тыгыз байланышта эле. Бул мамилелер да үзгүлтүккө учурады. Аларды мурунку калыбына келтирүү өтө маанилүү.

- Май айында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу жаңжал болду. Эки коңшунун ортосундагы чырды чечүүгө кандай сунуштарыңыз бар?

- Совет мезгилинен калган көйгөйлөрдүн бири - анклав жана эксклав маселесин өкмөт аралык жумушчу топтор жана аймактагы жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүн киргизүү менен чечүү эң жакшы ыкма. Маселени эл аралык деңгээлге чыгарбастан, тиешелүү өлкөлөр өздөрү чечиши зарыл деп ойлойм. Түздөн-түз бул аймакка тиешеси жоктордун кийлигишкени көйгөйдү ого бетер курчутат. Бул үчүн эки өлкө чек араны чечүүгө даяр болушу керек. Эгерде тараптардын бири көбүрөөк жерге ээ болууну кааласа, анда эч натыйжа болбойт.

Экинчиден, аймактагы карама-каршылыктар, карапайым калкка кол салуу жана балдардын өмүрү кыйылганы оор кылмыш болуп саналат. Буга жол берген же аны токтотууга аракеттенбеген өлкөнүн өкмөтүнө эл аралык кылмыш жоопкерчилиги жүктөлөт.

- Түркия чек ара чатагында ортомчулук ролду аткара алабы?

Түркия чек ара көйгөйлөрүн чечүүдө тараптарга чек ара сызыгын аныктоо комиссияларына өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, заманбап жабдыктарды сунуш кыла алат.

- Мен кызматта турганда кыргыз-өзбек чек арасындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн кыргыз тарапка эксперттик колдоо көрсөттүк. Түркия чек ара көйгөйлөрүн чечүүдө чек ара сызыгын аныктаган комиссияларга өз тажрыйбасынан бөлүшүп, заманбап жабдыктарды сунуш кыла алат. Чек араны аныктоо боюнча комиссияны жетектей да алат. Ал аймакка эксперттерди жиберип, көйгөйдү чечүү жолдору жөнүндө нускамаларды даярдай алат.

Мындан тышкары, эл аралык өнүгүү агенттиктеринин колдоосу менен анклавдарда жана эксклавдарда жашаган калктын сугат суусун, турак жайын жана энергетикалык муктаждыктарын жакшыртууга салым кошо алат.

- 9-11-июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркияга расмий сапар менен келгени турат. Бул сапарда эки тараптуу келишимдерден тышкары дагы кандай маселелер талкууланат деген ойдосуз?

- Мен буга чейин айткандай, кыргыздар менен түрктөрдүн ортосундагы мамиле көп сыноого кабылып, эч нерсеге карабай уланып келген. Бирок лидерлер менен өкмөттөр ортосундагы мамиле 2016-жылдын ортосунан бери өйдө-ылдый болуп, институционалдык кызматташтыкка доо кетирди.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров шайлангандан кийин Түркияга жасаган биринчи расмий иш сапары эки мамлекеттин лидерлеринин жана өкмөттөрүнүн ортосундагы мамилелерди мурдагы жогорку деңгээлге жеткирүүгө жакшы өбөлгө түзмөкчү.

Элчилик кызматты аркалап жүргөн мезгилде кыргыз бийлиги Түркиядан барган жардамдарды максаттуу пайдаланбай, текке кетиргенин көп көрдүм. Бирок Түркиянын ресурстары да чектелүү. Кыргызстанга берилчү жардамдын туура жана натыйжалуу пайдаланылышы маанилүү. Ошондой эле түрк бийлиги дагы, кыргыз бийлиги дагы бири-бирине аткарылбай турган убадаларды бербеши керек. Өкмөттөр ортосунда ишенимди орнотуу үчүн куру сөз эмес, конкреттүү кызматташтыкты түзүү маанилүү.

Мамлекеттик институттар мыкты иштегенде Кыргызстан Борбор Азиянын Швейцариясы болот.

Мындан тышкары кызматташуу долбоорлору кыргыз элинин күнүмдүк жашоосуна оң таасирин тийгизе турган иштердин алкагында тандалышы керек.

- Кыргызстанга жакын адам катары дагы эмне кеңеш берет элеңиз?

- Кыргыздар Борбор Азиянын эң эркин жана эгемен калкы. Демократия - тез өнүгүүнү камсыз кылган модел эмес. Бирок ал туруктуу өнүгүүнү камсыз кылат. Эркиндик жана эгемендик - кыргыз элине мүнөздүү өзгөчөлүктөр. Мамлекеттик институттар мыкты иштегенде Кыргызстан Борбор Азиянын Швейцариясы болмок. Мен чөлкөмдөгү өлкөлөргө барган сайын, ал жактагылар байгер жашагандай көрүнгөнү менен кыргыздарга ар дайым көрө албастык менен карагандарына күбө болдум.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат, элчи мырза.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG