Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:09

Экономика

Ысык-Көл: “Сары кыздын” тою башталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:46 0:00

Ысык-Көлдө “Сары кыздын” тою башталды. Адаттагыдан 10 күн эрте көл жээгиндеги айылдар өрүктүн түшүмүн терип, сатыкка чыгарып жатат. Багбандардын айтымында, аптаптуу ысыктан улам өрүк эрте бышып, жазында жааган мөндүр түшүмдүн 60-70% жок кылган. Азыр анын баасы килосуна 70 сомдон болуп жатат. Сугат суунун тартыштыгы улам түшүм майда болуп калган. Ысык-Көлдүн өрүгү Орусиянын ири шаарларына жана Казакстанга экспортко чыгат. Өрүк баккан Жеңиш айылына кабарчыбыз Кундуз Сырдыбаева барып келди.

Зангиата шаардык оорукана.
Зангиата шаардык оорукана.

Өзбекстанда соңку күндөрү жүздөгөн адамдан коронавирус аныкталууда. Башкалаа Ташкентте коронавируска чалдыккандарды дарылаган ооруканалар толуп, абалы оор бейтаптар гана кабыл алынып жатат.

Ташкентте COVID-19 вирусун жуктургандар үчүн ылайыкташтырылган оорукана өтө оор абалдагы бейтаптарды гана кабыл алууда. Бейтаптар атайын ооруканага “Тез жардам” унаасы менен гана жеткирилиши керек.

Ташкенттеги Вирусология илимий-иликтөө институнун клиникасы менен “Узэксподогу” COVID-борбору бейтаптарга толуп калды.

"Озодлик" радиосунун кабарчылары Зангиата шаардык оорукананын жетекчилиги менен байланышканда, алар ушул тапта “Тез жардам” унаасы менен келген оорулууларды гана кабыл алып жатканын билдирди.

"Бизге түшкөн бейтаптардын өпкөсүнүн 30 пайыздан ашыгы жабыркаганы тастыкталууга тийиш. Болбосо, алар Вирусология илимий-иликтөө институнун клиникасы менен “Узэксподогу” COVID-борборго барышы керек", - деди оорукананын дарыгери.

Өткөн аптада жеригликтүү маалымат каражаттары Зангиатадагы коронавирус менен ооруган бейтаптар үчүн берилген ооруканага бейтаптар толуп кеткенин билдирген. Бул оорукананын директорунун орун басары Алимжан Исаков "Өзбекстан 24" телеканалына берген маегинде 2000 орунга ылайыкталган оорукана 2550 бейтапты кабыл алгандыгын айтты.

"Коронавирус жугузуп келгендердин саны күндөн күнгө өсүп жатат. Өзгөчө кош бойлуу аялдар жана жаш балдар көп. Бейтаптардын саны көптүгүнөн айрымдарын коридорлорго жаткырып жатабыз. Эл вакцинациядан өтүш керек экенин түшүнгөн маал келди го деп ойлойм. Анткени оорукана азыр оозуна чейин толуп турат",-дейт Исаков.

Өзбекстан Саламаттык сактоо миинстрлиги 14-июлга карата коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 117 миң кишиге жеткенин маалымдады. 5-июлдан бери Өзбекстан биринчи жолу пневмонияга чалдыккандар боюнча статистиканы дагы жарыялай баштаган.

Саламаттык сактоо миинстрлиги июлдун башынан бери өлкөдө күн сайын вирус жуктурган 450-500, пневмонияга кабылган 200-300 учур катталып жатканын билдирди.

Коронавирус бейтаптарына ылайыкташтырылган оорукана. Ташкент шаары.
Коронавирус бейтаптарына ылайыкташтырылган оорукана. Ташкент шаары.

Анткен менен министрлик ооруканаларда коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын так санын билдире элек.

Өзбекстандык дарыгерлердин айтымында, учурда өкмөт кошумча оорукананы караштырууда. Бирок бул маселеде олуттуу көйгөй бар. Ташкенттеги үй-бүлөлүк эмканалардын биринин дарыгеринин айтымында, президент Шавкат Мирзиёевдин сынынан кийин коронавирус бейтаптарына бөлүнгөн ооруканалардын дээрлик көпчүлүгү оптимизацияланган.

"Буга чейин президент 17,500 орунга ылайыкталган ооруканада алты миң гана бейтап жатышы керектигин айткан. Ошондон кийин бардык дарыгерлерди текшере башташты. Көптөгөн дарыгерлер сурака чакырылды. Анткени керебеттер коюлуп, бюджеттен акча бөлүнүп, бирок бейтаптар келген эмес. Эми болсо керебеттерди бөлүп берүү көйгөйү бар. Бир жагынан буга акча жок. Бейтаптар жеке клиникаларга жөнөтүлөт, алар күнүнө 2 миллион сум (200 доллар) алышат",-деди үй-бүлөлүк клиниканын дарыгери.

Эске салсак, былтыр 17-ноябрда президент Шавкат Мирзиёев коронавирус менен ооруган бейтаптар жаткан ооруканалардын ишин сынга алып, аларды оптимизациялоону тапшырган.

Мирзиёев элге кайрылуусунда, Өзбекстан боюнча 89 ооруканада COVID-19 менен ооругандар үчүн 17,500 орун бөлүнгөнүн, бирок бул ооруканаларда 6570 бейтап гана дарылангандыгын айткан.

Ал ортодо 24-июнда Өзбекстандын Инновациялык өнүгүү министрлигинин алдындагы Өнүккөн технологиялар борбору өлкөдө Индияда пайда болгон вирустун дельта варианты пайда болгонун тастыктады. Бирок дельта штаммын жуктуруп алган өзбекстандыктардын так саны белгисиз.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Өзбекстанда коронавирус инфекциясына каршы 5 миллиондон ашуун адам эмделди. Алардын миллионго чукулу эмдөөнүн экинчи дозасын да алышты. Ал эми расмий Ташкент жыл аягына чейин жети миллион киши эмдөөдөн өтөт деп ишендирүүдө. Бул өлкө калкынын 20 пайызын түзөт.

Вакцина сайдырып жаткан жаран. Ташкент шаары. 1-апрель, 2021-жыл.
Вакцина сайдырып жаткан жаран. Ташкент шаары. 1-апрель, 2021-жыл.

Ошондой эле Өзбекстандын мусулмандар башкармалыгынын жетекчи орун басары Хомижон Ишматбеков мусулмандар вакцинаны "кудайдын ырайымы, өмүрдү коргой турган фактор катары кабыл алууга тийиш" экенин билдирди.

Ал ошондой эле, "вакцина ар кандай белгисиз заттардан жасалары тууралуу" арыздар түшүп жатканын белгилеп, андай болсо дагы "заттын курамы бир абалдан экинчисине өткөндө өзгөрөрүн" жүйө келтирди.

"Арам зат болсо дагы ал дарыга айланып жатканда курамы өзгөрөт. Ошондуктан буга көңүл буруунун кереги жок. Эгер адис аны дары катары жазып берсе, ал адал затка айланат деген бүтүмгө келдик", - деди Ишматбеков.

Ал эми Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алгандардын расмий саны 14-июлга карата 117 500гө жакындады. Алардын 780ден ашууну көз жумду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG